Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2023-жылдын 12-июлундагы 

№ 2023-П-14/42-4-(ПС) токтому 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2007-жылдын 30-ноябрындагы №51/4 «Төлөм жүгүртүлүшүнүн мамлекеттик 

классификаторун бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 30-ноябрындагы № 51/4 «Төлөм жүгүртүлүшүнүн мамлекеттик классификаторун бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр киргизилсин (кошо тиркелет). 

 

2. Юридика башкармалыгы: 

- тиешелүү документтерди алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде токтомду Улуттук банктын расмий интернет-сайтына жарыяласын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

 

3. Төлөм системалары башкармалыгы тиешелүү документтерди алган күндөн тартып 5 (беш) жумуш күнү ичинде ушул токтомду белгиленген тартипте андан ары мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борборуна жөнөтсүн.  

 

4. Токтом расмий жарыялангандан 15 (он беш) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.  

 

5. Бухгалтердик эсепке алуу жана отчеттуулук башкармалыгы жана Банктык эсептешүүлөр башкармалыгы Улуттук банктын «Башкы китеп» банктык маалымат системасындагы, Пакеттик клиринг системасындагы жана Айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасындагы төлөм коддорунун маалымдамасына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.  

 

6. Төлөм системалары башкармалыгы 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигин жана коммерциялык банктарын тааныштырсын.  

7. Токтомдун аткарылышын контролдоо Төлөм системалары башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

Төрага                                                                                                                                                                                                                                                                                  К. Боконтаев 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2023-жылдын 12-июлундагы 

№ 2023-П-14/42-4-(ПС)  

токтомуна карата тиркеме 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2007-жылдын 30-ноябрындагы № 51/4 «Төлөм жүгүртүлүшүнүн мамлекеттик 

классификаторун бекитүү тууралуу» токтомуна 

өзгөртүүлөр  

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 30-ноябрындагы № 51/4 «Төлөм жүгүртүлүшүнүн мамлекеттик классификаторун бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Төлөм жүгүртүлүшүнүн мамлекеттик классификаторунун:  

- 42100000 «Кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөр» тобу төмөнкү мазмундагы 42160000 «Виртуалдык активдерге байланышкан кызмат көрсөтүүлөр» чакан тобу менен толукталсын: 

« 

42160000 

Виртуалдык активдерге байланышкан кызмат көрсөтүүлөр 

42161000 

Виртуалдык активдерди сатып алуу жана сатуу (алмаштыруу) боюнча кызмат көрсөтүүлөр 

42162000 

Виртуалдык активдерди алмашуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр  

42163000 

Виртуалдык активдерди которуу кызмат көрсөтүүлөрү 

42164000 

Виртуалдык активдерди сактоо, башкаруу жана контролдоо кызмат көрсөтүүлөрү 

42165000 

Эмитенттин виртуалдык активдерин баштапкы жайгаштырууга жана (же) сатууга байланышкан финансылык кызмат көрсөтүүлөр 

» ; 

- 43500000 «Материалдык эмес активдерди сатып алуу боюнча төлөмдөр» тобу төмөнкү мазмундагы 43550000 «Виртуалдык активдерди сатып алуу-сатуу боюнча төлөмдөр» чакан тобу менен толукталсын: 

« 

43550000 

Виртуалдык активдерди сатып алуу-сатуу боюнча төлөмдөр 

43551000 

Стейблкоиндерди сатып алуу-сатуу 

43552000 

Санарип токендерди сатып алуу-сатуу 

43559000 

Башка виртуалдык активдерди сатып алуу-сатуу 

»; 

 

В тиркемеси (маалымат): 

- тиркеме төмөнкү мазмундагы жыйырма экинчи абзац менен толукталсын: 

«42160000 Виртуалдык активдерге байланышкан кызмат көрсөтүүлөр»;