Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2023-жылдын 26-июлундагы  

№ 2023-П-14/45-4-(ПС) 

Токтому 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2009-жылдын 15-июлундагы № 30/6 «Кыргыз Республикасында акча которуулар  

системасы боюнча которууларды жүзөгө ашыруу эрежелерин бекитүү тууралуу»  

токтомунун айрым ченемдерин убактылуу токтотуу жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасында акча которуу системалары аркылуу чет өлкө валютасы менен алып-сатарлык операциялардын жүргүзүлүшүн алдын алуу максатында, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы тарабынан тиешелүү чечим кабыл алынганга чейин Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 15-июлундагы № 30/6 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында акча которуулар системасы боюнча которууларды жүзөгө ашыруу эрежелеринин 1.2-пунктунун үчүнчү жана төртүнчү абзацтарын колдонуу убактылуу токтотулсун. 

 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы тарабынан тиешелүү чечим кабыл алынганга чейин Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 15-июлундагы № 30/6 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында акча которуулар системасы боюнча которууларды жүзөгө ашыруу эрежелеринин 1.2-пунктунун үчүнчү жана төртүнчү абзацтарын колдонуу убактылуу токтотулган мезгил аралыгына төмөнкүлөр белгиленсин: 

- Кыргыз Республикасынын аймагында эл аралык акча которуу системасы аркылуу акча которуу алуучуга жөнөтүүчү жөнөткөн жана Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы сомдон айырмаланган валютада берилет; 

- Кыргыз Республикасынын аймагынан эл аралык акча которуу системасы аркылуу акча которууну кайтарып алуу/жокко чыгаруу акча которуу жөнөтүлгөн валютада жүзөгө ашырылат. 

 

3. Токтом расмий жарыялангандан 15 (он беш) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы тарабынан тиешелүү чечим кабыл алынганга чейин колдонулат.  

 

4. Юридика башкармалыгы: 

- тиешелүү документтерди алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтына жарыяласын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

 

5. Төлөм системалары башкармалыгы токтом расмий жарыялангандан кийин 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен коммерциялык банктарды жана акча которуу системаларынын операторлорун тааныштырсын. 

 

6. «Башкарманын катчылыгы» бөлүмү 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Банктык көзөмөл башкармалыгын, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.  

 

7. Токтомдун аткарылышын контролдоо Төлөм системалары башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

Төрага                                                                                                                                                                                                                                                                       К. Боконтаев