Кайта келүү

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2023-жылдын 23-августундагы  

№ 2023-П-14/53-5-(ПС) 

Токтому 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 

айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна өзгөртүүлөр киргизилсин (кошо тиркелет):  

- 2015-жылдын 9-декабрындагы № 76/8 «Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу; 

- 2019-жылдын 2-сентябрындагы № 2019-П-14/46-1-(ПС) «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу; 

- 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 2019-П-14/50-2-(ПС) «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин жөнгө салуу жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу; 

- 2022-жылдын 20-апрелиндеги № 2022-П-14/25-3-(ПС) «Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу; 

- 2022-жылдын 14-сентябрындагы № 2022-П-14/57-1-(ПС) «Төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө» нускоону бекитүү тууралуу. 

 

2. Токтом расмий жарыялангандан 15 (он беш) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

 

3. Юридика башкармалыгы:  

- тиешелүү документтерди алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтына жарыяласын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

 

4. Төлөм системалары башкармалыгы расмий жарыялангандан күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен коммерциялык банктарды, төлөм системаларынын операторлорун жана төлөм уюмдарын тааныштырсын. 

 

5. «Башкарманын катчылыгы» бөлүмү 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.  

 

6. Токтомдун аткарылышын контролдоо Төлөм системалары башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.  

 

 

Төраганын милдетин аткаруучу                                                                                                                                                                                                                                К. Куленбеков 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 

2023-жылдын 23-августундагы  

№ 2023-П-14/53-5-(ПС)  

токтомуна карата тиркеме 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын  

айрым ченемдик укуктук актыларына   

өзгөртүүлөр   

  

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын  

9-декабрындагы № 76/8 «Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттар жөнүндө» жобонун:  

- 54-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

«54. Соода-тейлөө ишканасы менен келишим түзүүдө банк бир операция суммасынын лимитин белгилөөгө тийиш, андан ашкан учурда соода-тейлөө ишканасы карта ээсин тастыктаган документти (Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, паспортунун түп нускасы/инсандыгын тастыктаган башка документтин түп нускасын кагаз жүзүндө же Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы же «Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу алынган санарип форматта) талап кылуусу зарыл. Инсандыгын тастыктаган документтеги маалыматтар милдеттүү түрдө чекте чагылдырылат. 

Соода-тейлөө ишканасы менен келишимге банк карта ээлери тарабынан ишке ашырылган шектүү аракеттердин белгилери жана/же тизмелери менен картаны сүрөттөгөн жана төлөм системасынан тиешелүү билдирүүлөрдү алган учурда соода-тейлөө ишканалары кабыл ала турган зарыл чаралар камтылган нускоону (эрежелерди) киргизүүгө тийиш. Мында банк керектөөчүлөрдүн укугун коргоо маселелерин жөнгө салган мыйзамдарга, ошондой эле башка ченемдик укуктук актыларга жана төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылууга байланыштуу төлөм системаларынын операторлорунун сунуш-көрсөтмөлөрүнө таянуусу зарыл.».   

  

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын  

2-сентябрындагы № 2019-П-14/46-1-(ПС) «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин лицензиялоо жөнүндө» жобонун:  

- 19-пунктунун 13-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«13) Кыргыз Республикасынын резиденти/резидент эмеси жеке адамдын - өтүнүч ээсинин уюштуруучусунун (акционердин/катышуучунун) төмөнкү документтеринин көчүрмөлөрү:  

- паспортунун көчүрмөсү (резидент үчүн ID-паспортунун кагаз жүзүндө көчүрмөсүн же Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы же «Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу алынган санарип форматтагы паспортун, резидент эмес үчүн - чет мамлекеттин жараны паспортунун көчүрмөсүн);  

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган формада документтерди сунуштоо күнүнө карата кирешелер, социалдык чегерүүлөр жөнүндө декларациянын көчүрмөсү; резидент эмес-жеке адам үчүн ал жараны болуп саналган өлкөнүн мыйзамдарына ылайык ушул сыяктуу документтерди, ошондой эле салык боюнча карызы жок экендигин тастыктаган документти сунуштоосу зарыл; 

- тастыктоочу документтерди жана кредиттик карызы жок экендиги жөнүндө документтерди кошо тиркөө менен уставдык капитал түзүүгө багытталган уюштуруучунун (акционердин/катышуучунун) акча каражаттарынын келип чыгуу булактарын аныктоого мүмкүндүк берген маалыматтар (топтогон каражаттары жөнүндө банктан маалым кат, иштеген жеринен - кирешелери жөнүндө маалым кат; дивиденддер жөнүндө маалым кат же киреше алуусун жана уставдык капиталды түзүүгөөбөйтүүгө, акцияларды сатып алууга же үлүшкө катышууга багытталуучу каражаттар бар экендигин тастыктаган башка документтер);»; 

- 19-1-пунктунун 19-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин:  

«19) резидент/резидент эмес жеке адамдын - уюштуруучунун (акционердин/катышуучунун) төмөнкү документтеринин көчүрмөлөрү:  

- паспортунун көчүрмөсү (резидент үчүн ID-паспортунун кагаз жүзүндө көчүрмөсүн же Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы же «Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу алынган санарип форматтагы паспортун, резидент эмес үчүн - чет мамлекеттин жараны паспортунун көчүрмөсүн);  

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган формада документтерди сунуштоо күнүнө карата кирешелер, социалдык чегерүүлөр жөнүндө декларациянын көчүрмөсү; резидент эмес-жеке адам үчүн ал жараны болуп саналган өлкөнүн мыйзамдарына ылайык ушул сыяктуу документтерди, ошондой эле салык боюнча карызы жок экендигин тастыктаган документти сунуштоосу зарыл; 

- тастыктоочу документтерди жана кредиттик карызы жок экендиги жөнүндө документтерди кошо тиркөө менен уставдык капитал түзүүгө багытталган уюштуруучунун (акционердин/катышуучунун) акча каражаттарынын келип чыгуу булактарын аныктоого мүмкүндүк берген маалыматтар (топтогон каражаттары жөнүндө банктан маалым кат, иштеген жеринен - кирешелери жөнүндө маалым кат; дивиденддер жөнүндө маалым кат же киреше алуусун жана уставдык капиталды түзүүгөөбөйтүүгө, акцияларды сатып алууга же үлүшкө катышууга багытталуучу каражаттар бар экендигин тастыктаган башка документтер). 

Эгерде Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун акционерлеринин (уюштуруучуларынын)/катышуучуларынын бири катары иш алып барса, ушул пунктунун  

2, 3, 4, 5, 6, 19-пунктчаларынын талаптары ага карата жайылтылбайт.»; 

- 28-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

«28. Лицензия ыйгарым укуктуу адамга ишеним катты жана анын инсандыгын тастыктаган документтин түп нускасы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, кагаз жүзүндө же Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы же «Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу алынган санарип форматта, ошондой эле лицензия берүүдө төлөнүүчү мамлекеттик алым төлөнгөндүгүн тастыктаган документ көрсөтүлгөндөн кийин берилет. Ыйгарым укуктуу адамдан лицензия алуу үчүн сунушталган ишеним кат Улуттук банкта сакталат.»; 

- 40-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«40. Төлөм уюму/төлөм системасынын оператору Улуттук банкка лицензия алуу үчүн ушул Жобонун 19 жана 19-1-пунктуларында көрсөтүлгөн документтер менен бирге башкарууну аткаруу органынын мүчөлөрүнүн, анын ичинде башкарууну аткаруу органынын жаңы кабыл алынган жана/же алмаштырылган мүчөлөрүнүн төмөнкү документтерин сунуштоого тийиш:  

1) орто/жогорку билими тууралуу дипломдун көчүрмөсүн;  

2) ушул Жобого ылайык талапкерди кызматка тандоо/дайындоо тууралуу чечим кабыл алган башкаруунун ыйгарым укуктуу органынын тиешелүү чечиминин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн (же мындай чечимден алынган көчүрмөнүн түп нускасын), ошондой эле кызматтык нускоого ылайык талапкердин функционалдык милдеттерин көрсөтүү менен эмгек келишиминин көчүрмөсүн;  

3) башкарууну аткаруу органынын жетекчиси үчүн - террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү тууралуу курстан өткөндүгү жөнүндө тиешелүү документ (күбөлүк) (көчүрмөсүн). Улуттук банкка документтерди тапшыруу учуруна карата документ (күбөлүк) алынган мөөнөт аны алган күндөн тартп 2 (эки) жылдан ашпоого тийиш;  

4) талапкер менен мурда иштеген же болбосо аны менен ишкердик мамилеси болгон адамдардан ушул Жобонун 5-тиркемесинин формасы боюнча кеминде бир сунуш-көрсөтмө. Мында, Улуттук банктын кызматчылары/кызматкерлери; жакын туугандар; алгылыксыз жана кооптуу банктык тажрыйбага кирген ишкердикти жүзөгө ашырган катары таанылган адамдар сунуштаган сунуш-көрсөтмөлөрдү тапшырууга жол берилбейт;  

5) эмгек китепчесинин көчүрмөсүн;  

6) ID-паспортунун кагаз жүзүндө көчүрмөсүн же Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы же «Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу алынган санарип форматтагы паспортун.». 

 

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын  

30-сентябрындагы № 2019-П-14/50-2-(ПС) «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин жөнгө салуу жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин жөнгө салуу жөнүндө» жобонун:  

- 2-тиркемесинин 26-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«26. Аралыктан алуу ыкмасында алынган агенттин мобилдик тиркемесин пайдалануучунун идентификациялык маалыматтарын верификациялоо максатында, төлөм уюму жана/же агент ушул параграфтын алкагында идентификациялоо процессинде кардардын жүзүнүн сүрөтүн (видеожазуусун), кардардын инсандыгын тастыктаган документинин алдыңкы жана арткы бетинин сүрөтүн, кардардын инсандыгын тастыктаган документи менен бирге бир кадрда сүрөтүн (видеожазуусун) агенттин мобилдик тиркемеси аркылуу өз ара иш алып баруунун электрондук каналдары боюнча алууга тийиш.  

Кардардын сүрөтүндө (видеожазуусунда) анын жүзү жана ийиндери так көрүнүп тургудай, кардар жарык жакшы тийген жерде турууга тийиш. Кардардын жүзү толугу менен көрүнүп турууга тийиш, күндөн коргоочу көз айнек же жүзүн жапкан башка аксессуарларды тагынууга болбойт, ошондой эле кардардын бетине көлөкө түшпөөгө, сүрөттө башка адамдар болбоого тийиш.  

Эгерде кардар Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы же «Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу алынган санарип форматтагы инсандыгын тастыктаган документти көрсөтсө, кардардын инсандыгын тастыктоочу документи менен бирге бир кадрдагы сүрөтү (видеожазуу) талап кылынбайт.». 

- 2-тиркеменин 35-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«35. Видеобайланыш сеансынын жүрүшүндө кардардын жүзүнүн сүрөтүн өзүнчө кадрда, кардардын инсандыгын тастыктаган документтин алдыңкы жана арткы бети өзүнчө кадрда сүрөткө тартылып, ошондой эле кардардын инсандыгын тастыктаган документи менен бирге сүрөтү бир кадрда болууга тийиш. Бул сүрөттөр видеожазуу менен чогуу сакталууга тийиш.  

Кардардын жана анын инсандыгын тастыктаган документтин сүрөттөрүн мурда макулдашылган ыкмада белгиленген байланыш каналдары боюнча агенттин мобилдик тиркемеси аркылуу алууга жол берилет.  

Эгерде кардар Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы же «Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу алынган санарип форматтагы инсандыгын тастыктаган документти көрсөтсө, кардардын инсандыгын тастыктоочу документи менен бирге бир кадрдагы сүрөтү (видеожазуу) талап кылынбайт.». 

 

4. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын  

20-апрелиндеги № 2022-П-14/25-3-(ПС) «Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө» жобонун: 

- 83-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

«83. Талап кылынбаган электрондук акча электрондук капчыктардын идентификацияланган ээлерине инсандыгын тастыктаган документтин түп нускасын кагаз жүзүндө же Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы же «Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу алынган санарип форматта көрсөткөн учурда банктын кассасы аркылуу накталай түрдө берүү же болбосо кардардын арызы боюнча анын эсептешүү/банктык эсебине которуу аркылуу кайтарылып берилет.  

Идентификацияланбаган электрондук капчыктардан талап кылынбаган электрондук акчаны кайтаруу кардар инсандыгын тастыктаган документтин түп нускасын кагаз жүзүндө же Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы же «Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу алынган санарип форматта жана кардар менен уюлдук байланыш оператору ортосунда түзүлгөн уюлдук байланыш кызматын көрсөтүүгө келишимди көрсөткөн учурда, капчык ачылган номерге которуу аркылуу кайтарылып берилет. Мында уюлдук байланыш кызматтарын көрсөтүү келишими кардар электрондук капчыкты ачканга чейин түзүлүшү керек.  

Уюлдук байланыш кызматын көрсөтүүгө келишим жок болсо, талап кылынбаган электрондук акча идентификацияланбаган электрондук капчык ээси электрондук акча системасынын операторунан алынган электрондук капчык ээсин тастыктаган расмий катты көрсөткөндөн кийин кайтарылып берилет. Банк ички ченемдик документтеринде, ошондой эле системанын эрежелеринде талап кылынбаган электрондук акчаны кайтаруу тартибин чагылдырууга тийиш.».  

 

5. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын  

14-сентябрындагы № 2022-П-14/57-1-(ПС) «Төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө» нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө» нускоонун: 

-50-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«50. Инспектордук текшерүү жөнүндө отчет, коштомо кат менен бирге текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча жыйынтыктоочу жолугушуу өткөрүлгөн күндөн тартып 15 (он беш) жумуш күнүнөн кечиктирилбестен, көзөмөлгө алынган уюмдун жетекчисинин же башка ыйгарым укуктуу адамынын колуна берилет. Отчетту алууда көзөмөлгө алынган уюмдун өкүлү инсандыгын тастыктаган документтин түп нускасын кагаз жүзүндө же Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы же «Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу алынган санарип форматта көрсөтөт, инспектордук текшерүү жөнүндө отчетту алууга ыйгарым укуктуу документтин түп нускасын же күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн берет (жетекчиден башка өкүлдөр үчүн) жана отчетту өз колу менен алгандыгы жөнүндө белги коюу менен отчетторду берүү журналына кол коёт.  

Өзгөчө учурларда (көзөмөлгө алынган уюмдун жетекчиси/башка ыйгарым укуктуу адамдары Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары болгондугуна, медициналык көрсөткүчтөрү боюнча убактылуу эмгекке жарамсыздыгына байланыштуу жана башка себептер боюнча отчетту өз колуна тапшыруу мүмкүн эмес болгон учурда) инспектордук текшерүү жөнүндө отчет коштомо кат менен кошо көзөмөлгө алынган уюмдун айкын жайгашкан дарегине почта аркылуу жөнөтүлөт. Бул учурда отчетту алган адамдын аты-жөнүн жана жеткирүү күнүн камтыган кайра билдирүү менен почта жеткирилгендиги жөнүндө тастыктоо милдеттүү түрдө алынууга тийиш.».