Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2023-жылдын 30-августундагы  

№ 2023-П-12/55-1-(НПА) 

Токтому 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын  

айрым ченемдик укуктук актыларына кредиттик маалымат  

алмашуу жана кыймылсыз мүлк маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна өзгөртүүлөр киргизилсин: 

- 2009-жылдын 23-декабрындагы № 50/7 «Кредиттик союздардагы кредиттик тобокелдикти башкаруу боюнча минималдык талаптар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2010-жылдын 30-июнундагы № 52/4 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө»; 

- 2012-жылдын 29-августундагы № 36/2 «Кыргыз Республикасындагы коммерциялык банктардын жана микрофинансылык компаниялардын кыймылсыз мүлк менен айрым бүтүмдөрү/операциялары жөнүндө» жобосун бекитүү жөнүндө»; 

- 2013-жылдын 25-сентябрындагы № 35/14 «Аманаттарды (депозиттерди) тартпаган микрофинансылык уюмдарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2016-жылдын 28-сентябрындагы № 40/5 «Кыргыз Республикасынын аймагында насыялык бюролордун ишин жөнгө салуу эрежелерин» бекитүү тууралуу»; 

- 2019-жылдын 9-сентябрындагы № 2019-П-33/47-3-(НФКУ) «Кепилдик фонддордун ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү тууралуу»; 

- 2019-жылдын 1-ноябрындагы № 2019-П-33/55-2-(НФКУ) «Турак жай-сактык кредиттик компаниялардын ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү жөнүндө»; 

- 2022-жылдын 18-майындагы № 2022-П-12/31-1-(БС) «Кыргыз Республикасында синдикатталган кредиттөөнү ишке ашыруу тартиби жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу». 

2. Коммерциялык банктар жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлүнө алынган башка жактар 2023-жылдын 29-сентябрына чейинки мөөнөттө өз ишин ушул токтомдун талаптарына ылайык келтирүү үчүн зарыл болгон иш-чараларды жүргүзүшсүн. 

3. Юридика башкармалыгы: 

- тиешелүү документтерди алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде токтомдун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

4. Токтом расмий жарыялангандан 15 (он беш) күн өткөндөн кийин, ал эми токтомдун 1-пункту 2023-жылдын 29-сентябрынан тартып күчүнө кирет. 

5. Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгы токтом расмий жарыялангандан кийинки 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен коммерциялык банктарды, «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин, «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы» ААКты, «Кредиттик союздардын каржы компаниясы» ААКты, «Микрофинансылык уюмдардын ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин, «Кыргызстандын кредиттик союздарынын жана кооперативдеринин улуттук ассоциациясы» юридикалык жактардын бирикмесин, микрофинансылык уюмдарды, кредиттик союздарды, турак жай-сактык кредиттик компанияларды, гарантиялык фонддорду жана кредиттик бюролорду тааныштырсын. 

6. «Башкарманын катчылыгы» бөлүмү 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен  Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

7. Токтомдун аткарылышын контролдоо Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

Төраганын милдетин аткаруучу                                                                                                                                                                                                              К. Куленбеков 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 

2023-жылдын 30-августундагы  

№ 2023-П-12/55-1-(НПА)  

токтомуна карата тиркеме 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына  

кредиттик маалымат алмашуу жана кыймылсыз мүлк маселелери боюнча өзгөртүүлөр 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 23-декабрындагы № 50/7 «Кредиттик союздардагы кредиттик тобокелдикти башкаруу боюнча минималдык талаптар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кредиттик союздардагы кредиттик тобокелдикти башкаруу боюнча минималдык талаптар жөнүндө» жобонун: 

- 3.2.2-пунктунун: 

жетинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

« Кредиттик союз, кредиттик бүтүмдөрдү түзүүдө, өзгөртүүдө жана аткарылышына мониторинг жүргүзүүдө тобокелдикке баа берүү боюнча ишин уюштуруу максатында, иштеп жаткан кредиттик бюролор менен кредиттик маалыматтарды алмашуу жөнүндө келишимдерин түзүүгө, ошондой эле түзүлгөн келишимдерге ылайык аларга кредиттик союзда болгон кредиттик маалыматты берүүгө милдеттүү.»;  

жетинчи абзацтан кийин төмөнкү мазмундагы сегизинчи жана тогузунчу абзацтар менен толукталсын: 

«Терс кредиттик маалымат берүү учурларын кошпогондо, кредиттик союз кардардын макулдугу боюнча кредиттик бюролорго кредиттик маалыматтарды берет. Мында өзгөчө кырдаалдын жана (же) өзгөчө абалдын кесепетинен келишимдик милдеттенмелер (мөөнөтү өткөн карыз) токсон календардык күндөн ашык убакыт бою аткарылбагандыгы жана (же) башка милдеттүү төлөмдөр жүргүзүлбөгөндүгү тууралуу маалыматтар кардар тарабынан арыз берилген шартта терс кредиттик маалыматка киргизилбейт, мындай арызда милдеттенмелерди талаптагыдай аткарууга таасирин тийгизген өзгөчө кырдаалды жана (же) өзгөчө абалды киргизүүгө байланыштуу жагдайлар көрсөтүлүүгө тийиш. 

Эгерде мөөнөтү өтүп кеткен карыз өзгөчө кырдаалдан жана (же) өзгөчө абалдан улам келип чыккан болсо, кредиттик союз кредиттик бюролорго мөөнөтү өтүп кеткен кредиттер жөнүндө маалымат берүүдө кредиттер боюнча төлөмдөрдүн кечиктирилиши өзгөчө кырдаалдын жана (же) өзгөчө абалдын киргизилишине байланыштуу экендигин көрсөтүшү зарыл.»;  

- 5.1.3-пунктунун үчүнчү абзацынын жетинчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Ошондой эле, карыз алуучуга жана кредиттик союздун каалоосу боюнча карыз алуучу менен байланыштуу жактарга (мыйзам талаптарына ылайык алар болсо) тиешелүү маалыматты (кредиттик отчет) иштеп жаткан кредиттик бюролордон талап кылууга тийиш.»; 

- 5.2.6-пунктунун сегизинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- кредиттик бюролорго карыз алуучу жөнүндө маалымат берүү шарттары;»; 

- 1-тиркеменин I бөлүгүнүн 2-1-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2-1. Кредиттик бюродон (бюролордон) карыз алуучу боюнча кредиттик отчет.». 

 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 30-июнундагы № 52/4 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит уюмдарында кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун: 

- 30-пунктунун 2-пунктчасынын алтынчы сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Мындан тышкары, карыз алуучу жөнүндө жана банктын каалоосу боюнча карыз алуучу менен байланыштуу жактар жөнүндө маалыматты (кредиттик отчетту) алардын макулдугунун негизинде мыйзам талаптарына ылайык иштеп жаткан кредиттик бюролордон талап кылуу зарыл.»; 

- 30-1-пунктунун: 

биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«30-1. Банк кредиттик бүтүмдөрдү түзүүдө, өзгөртүүдө жана аткарылышына мониторинг жүргүзүүдө тобокелдикке баа берүү боюнча ишти уюштуруу максатында иштеп жаткан кредиттик бюролор менен кредиттик маалыматтарды алмашуу жөнүндө келишимдерди түзүүгө, ошондой эле түзүлгөн келишимдерге ылайык Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга ылайык аларга кредиттик маалыматтарды берүүгө милдеттүү.»; 

биринчи абзацтан кийин төмөнкү мазмундагы экинчи жана үчүнчү абзацтар менен толукталсын: 

«Терс кредиттик маалымат берүү учурларын кошпогондо, кредиттик бюро кардардын макулдугу боюнча кредиттик бюролорго кредиттик маалыматтарды берет. Мында өзгөчө кырдаалдын жана (же) өзгөчө абалдын кесепетинен келишимдик милдеттенмелер (мөөнөтү өткөн карыз) токсон календардык күндөн ашык убакыт бою аткарылбагандыгы жана (же) башка милдеттүү төлөмдөр жүргүзүлбөгөндүгү тууралуу маалыматтар кардар тарабынан арыз берилген шартта терс кредиттик маалыматка киргизилбейт, мындай арызда милдеттенмелерди талаптагыдай аткарууга таасирин тийгизген өзгөчө кырдаалды жана (же) өзгөчө абалды киргизүүгө байланыштуу жагдайлар көрсөтүлүүгө тийиш. 

Эгерде мөөнөтү өтүп кеткен карыз өзгөчө кырдаалдан жана (же) өзгөчө абалдан улам келип чыккан болсо, банк кредиттик бюролорго мөөнөтү өтүп кеткен кредиттер жөнүндө маалыматты берүүдө кредиттер боюнча төлөмдөрдүн кечиктирилиши өзгөчө кырдаалдын жана (же) өзгөчө абалдын киргизилишине байланыштуу экендигин көрсөтүшү зарыл.»; 

жетинчи абзацтан кийин төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: 

«- Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык кредиттик маалымат субъекти жөнүндө маалыматтарды терс кредиттик маалыматка киргизбөө негиздери;»; 

- 41-пунктунун сегизинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- кардар жөнүндө маалыматты кредиттик бюролорго берүү шарттары, ошондой эле мыйзамдарга ылайык кардар жөнүндө маалыматтарды пайдалануунун башка учурлары;»; 

- 1-тиркеменин I бөлүгүнүн 2-1-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2-1. Кредиттик бюродон (бюролордон) карыз алуучу боюнча кредиттик отчет.». 

 

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 29-августундагы № 36/2 «Кыргыз Республикасындагы коммерциялык банктардын жана микрофинансылык компаниялардын кыймылсыз мүлк менен айрым бүтүмдөрү/операциялары жөнүндө» жобосун бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасындагы коммерциялык банктардын жана микрофинансылык компаниялардын кыймылсыз мүлк менен айрым бүтүмдөрү/операциялары жөнүндө» жобонун: 

- 5-пунктунун биринчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин:  

«5. Банк, колдонуу мөөнөтү жана өзгөчөлүктөрү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген айыл чарба багытындагы жерлерди, рекреация объектилерди, туризм инфратүзүмдөрдү эске албаганда, башка кыймылсыз мүлктү менчикке укук келип чыккандан кийинки үч жылдан ашык мөөнөткө кармап тура албайт.». 

 

4. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 25-сентябрындагы № 35/14 «Аманаттарды (депозиттерди) тартпаган микрофинансылык уюмдарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Аманаттарды (депозиттерди) тартуу менен иш алып барбаган микрофинансылык уюмдарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун: 

- 13-пунктунун: 

3-пунктчасынын бешинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- кредиттерди классификациялоо системасын аныктоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга карата резервдерди (РППУ) түзүүгө чегерүүлөрдүн маанисин белгилөө, мында Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 28-декабрындагы № 2020-П-33/75-4-(НФКУ) токтому менен бекитилген «Банк эмес финансы-кредит уюмдары тарабынан активдерди классификациялоо, потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга кам түзүү жөнүндө» жободо, ошондой эле Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 2-мартындагы № 5/6 токтому менен бекитилген «Белгилүү бир критерийлерге жооп берген кредиттердин атайын классификациясын колдонуунун тартибинде» белгиленген РППУну түзүүгө чегерүүлөрдүн мааниси сакталууга тийиш;»; 

5-пунктчасынын биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«5) МФУ кредиттик бүтүмдөрдү түзүүдө, өзгөртүүдө жана аткарылышына мониторинг жүргүзүүдө тобокелдиктерге баа берүү ишин уюштуруу максатында, иштеп жаткан кредиттик бюролор менен кредиттик маалыматтарды алмашуу жөнүндө келишимдерди түзүүгө, ошондой эле түзүлгөн келишимдерге ылайык аларга МФУда болгон кредиттик маалыматтарды берүүгө милдеттүү.»; 

5-пунктчасынын биринчи абзацынан кийин төмөнкү мазмундагы экинчи жана үчүнчү абзацтар менен толукталсын: 

«Терс кредиттик маалымат берилген учурларды кошпогондо, МФУ кардардын макулдугу боюнча кредиттик бюролорго кредиттик маалыматтарды берет. Мында өзгөчө кырдаалдын жана (же) өзгөчө абалдын кесепетинен келишимдик милдеттенмелер (мөөнөтү өткөн карыз) токсон календардык күндөн ашык убакыт бою аткарылбагандыгы жана (же) башка милдеттүү төлөмдөр жүргүзүлбөгөндүгү тууралуу маалыматтар кардар тарабынан арыз берилген шартта терс кредиттик маалыматка киргизилбейт, мындай арызда милдеттенмелерди талаптагыдай аткарууга таасирин тийгизген өзгөчө кырдаалды жана (же) өзгөчө абалды киргизүүгө байланыштуу жагдайлар көрсөтүлүүгө тийиш. 

Эгерде мөөнөтү өтүп кеткен карыз өзгөчө кырдаалдардан жана (же) өзгөчө абалдан улам келип чыккан болсо, МФУ кредиттик бюролорго мөөнөтү өтүп кеткен кредиттер жөнүндө маалыматты берүүдө кредиттер боюнча төлөмдөрдүн кечиктирилиши өзгөчө кырдаалдын жана (же) өзгөчө абалдын киргизилишине байланыштуу экендигин көрсөтүүгө тийиш.»; 

- 20-пунктунун 2-1-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2-1) карыз алуучуга жана МФУ каалоосу боюнча карыз алуучу менен байланыштуу жактарга (мыйзам талаптарына ылайык алар болсо) тиешелүү маалыматты (кредиттик отчет) иштеп жаткан кредиттик бюролордон талап кылууга тийиш.»; 

- 34-пункттун 7-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«7) кредиттик бюролорго кардар жөнүндө маалымат берүү шарттары;»; 

- 1-тиркеменин 1-бөлүгүндө

1-пунктунун 3-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«3) кредиттик бюродон (бюролордон) карыз алуучу боюнча кредиттик отчет;»; 

13-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«13. Кредиттик бюродон (бюролордон) кепилдик берүүчү тууралуу алынган кредиттик отчет.». 

 

5. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 28-сентябрындагы № 40/5 «Кыргыз Республикасынын аймагында насыялык бюролордун ишин жөнгө салуу эрежелерин» бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында насыялык бюролордун ишин жөнгө салуу эрежелеринин: 

- 29-пунктунун: 

бешинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Насыялык таржымалдарды архивдик сактоо мөөнөтү кредиттик таржымалда камтылган дебитордун милдеттенмелери жөнүндө маалымат акыркы өзгөртүлгөн күндөн тартып (кредитти төлөө/эсептен алып салуу күнүнөн тартып) алгылыктуу кредиттик маалымат үчүн жети жылды жана терс кредиттик маалымат үчүн беш жылды түзүүгө тийиш.»; 

төмөнкү мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын: 

«Өзгөчө кырдаалдын жана (же) өзгөчө абалдын кесепетинен келишимдик милдеттенмелердин (мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыздын) жана (же) башка милдеттүү төлөмдөр аткарылбагандыгы жөнүндө кредиттик маалыматтын үч жыл бою сакталышын камсыз кылууга.»; 

- 35-пунктунун 4-пунктчасынан кийин төмөнкү мазмундагы 4-1-пунктча менен толукталсын: 

«4-1) Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык кредиттик маалымат субъекти жөнүндө маалыматтарды терс кредиттик маалыматка киргизбөө негиздери;»; 

- 38-пунктунун сегизинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Насыялык таржымалга аткаруу күнүнөн бери терс кредиттик маалымат үчүн беш жылдан көбүрөөк жана алгылыктуу кредиттик маалымат үчүн жети жылдан көбүрөөк убакыт өткөн насыялык маалымат субъектисинин акчалай сумманы төлөө милдеттенмелери тууралуу маалыматтар камтылбайт.». 

 

6. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 9-сентябрындагы № 2019-П-33/47-3-(НФКУ) «Кепилдик фонддордун ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кепилдик фонддордун ишин жөнгө салуу  жөнүндө эрежелеринин: 

- 2-главанын 5-пунктунан кийин төмөнкү мазмундагы 5-1 жана 5-2-пункттар менен толукталсын: 

«5-1. Кепилдик фонд гарантия келишимдерин түзүүдө, өзгөртүүдө жана анын аткарылышына мониторинг жүргүзүүдө тобокелдикке баа берүү ишин уюштуруу максатында кредиттик бюро менен кредиттик маалымат алмашуу жөнүндө келишим түзүүгө укуктуу жана ошол келишимге ылайык кредиттик бюрого Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга ылайык кредиттик маалыматты берүүгө тийиш. 

Терс кредиттик маалымат берүү учурларын кошпогондо, кепилдик фонд кардардын макулдугу боюнча кредиттик бюрого (портфелдик гарантиялар боюнча маалыматтан тышкары) кредиттик маалыматтарды берүүгө тийиш. 

5-2. Кепилдик фонд кредиттик бюро менен кредиттик маалымат алмашуу келишимин түзгөн учурда анын кепилдик ишти башкаруу боюнча ички документтеринде кредиттик маалымат алмашуу боюнча ишти уюштуруу жагында тартип жана талаптар, ошондой эле кредиттик бюро менен кредиттик маалымат алмашуу келишимин түзүүдө кепилдик фонддун негизги шарттары, укуктары жана милдеттери, анын ичинде: 

- кредиттик маалыматты санкциясыз кирүүдөн, жок кылуудан, өзгөртүүдөн, пайдалануудан же ачыкка чыгаруудан сактоону жана коргоону камсыз кылуу жөнүндө

- кредиттик маалымат алмашуу процессинде кепилдик фондго жана анын кызматкерлерине маалым болгон маалыматтарды алар менен эмгек келишими (контракт) токтотулгандан кийин да ачыкка чыгарууга тыюу салуу жөнүндө

- кепилдик фонд алар үчүн жоопкерчиликтүү болгон кредиттик маалыматтагы өзгөрүүлөр жана жаңыртуулар тууралуу кредиттик бюрого өз убагында билдирүү жөнүндө

- туура эмес маалымат берилген учурда, анын ичинде кредиттик маалымат субъектисинин талабы боюнча да кредиттик бюрого берилген кредиттик маалыматка өзгөртүү киргизүү жөнүндө

- кредиттик маалымат субъекти жөнүндө маалыматтарды Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык терс кредиттик маалыматка киргизбөө негиздери; 

- кредиттик маалымат алмашуу жөнүндө келишимге ылайык кредиттик бюрого маалыматтарды берүү системасынын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу жөнүндө

Кепилдик фонд кредиттик бюрого берилип жаткан кредиттик маалыматтын бурмаланышы, бардык кардарлар жөнүндө берилип жаткан маалыматтын толуктугу, анын өз убагында берилиши, анын ичинде техникалык каталарга байланыштуу берилген маалыматты корректировкалоо үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык жоопкерчилик тартат. 

Кепилдик берүү жөнүндө маселени кароодо кепилдик фонд зарыл болгон учурда кардар жөнүндө маалыматты (кредиттик отчетту) жана кепилдик фонддун каалоосу боюнча кардар менен байланыштуу жактар жөнүндө маалыматты (мыйзамдарга ылайык алардын макулдугу болгон учурда) иштеп жаткан кредиттик бюролордон талап кылышы мүмкүн.  

Кепилдик фонд кредиттик бюродон алынган кредиттик отчеттун купуялуулугун жана сакталышын камсыз кылууга, анда камтылган кредиттик маалыматты үчүнчү жактарга ачыкка чыгарбоого жана кредиттик отчетту кредиттик маалымат алмашуу жөнүндө мыйзамдарда белгиленген максаттарда гана пайдаланууга тийиш.». 

 

7. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 1-ноябрындагы № 2019-П-33/55-2-(НФКУ) «Турак жай-сактык кредиттик компаниялардын ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Турак жай-сактык кредиттик компаниялардын ишин жөнгө салуу жөнүндө эрежелеринин: 

- 40-пунктунун 7-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«7) кредиттик бюролорго кардар/катышуучу жөнүндө маалымат берүү шарттары;»; 

- 56-пунктунун төртүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- иштеп жаткан кредиттик бюролордон катышуучу жөнүндө (кредиттик отчет) жана ТСККнын каалоосу боюнча - катышуучу менен байланышкан жактар жөнүндө маалыматты (Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алардын макулдугу болсо) талап кылуу.»; 

- 58-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«58. ТСКК кредиттик отчетто камтылган маалыматтын бурмаланышы үчүн жоопкерчилик тартат. Кредиттик бүтүмдөрдү түзүүдө, өзгөртүүдө жана аткарылышына мониторинг жүргүзүүдө тобокелдиктерге баа берүү ишин уюштуруу максатында, ТСКК иштеп жаткан кредиттик бюролор менен кредиттик маалымат алмашуу жөнүндө келишимдерди түзүүгө, ошондой эле түзүлгөн келишимдерге ылайык Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга ылайык аларга кредиттик маалыматты берүүгө милдеттүү

ТСКК, терс кредиттик маалымат берилген учурларды эске албаганда, кардардын макулдугу менен кредиттик бюролорго кредиттик маалыматтарды берет. Мында өзгөчө кырдаалдын жана (же) өзгөчө абалдын кесепетинен улам келишимдик милдеттенмелер (мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыз) токсон календардык күндөн ашык аткарылбагандыгы жана (же) башка милдеттүү төлөмдөр жүргүзүлбөгөндүгү тууралуу маалыматтар кредиттик маалымат субъекти тарабынан арыз берилген шартта терс кредиттик маалыматка киргизилбейт, анда милдеттенмелерди талаптагыдай аткарууга таасирин тийгизген өзгөчө кырдаалды жана (же) өзгөчө абалды киргизүүгө байланыштуу жагдайлар көрсөтүлүүгө тийиш. 

Эгерде мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыз өзгөчө кырдаалдан жана (же) өзгөчө абалдан улам келип чыккан болсо, ТСКК кредиттик бюролорго мөөнөтүндө төлөнбөгөн кредиттер жөнүндө маалымат берүүдө кредиттер боюнча төлөмдөр өзгөчө кырдаал жана (же) өзгөчө абал киргизилгендигине байланыштуу кечиктирилгендигин көрсөтүүсү зарыл.»; 

- 2-тиркеменин 1-бөлүгүнүн 3-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«3. Кредиттик бюродон (бюролордон) катышуучу боюнча кредиттик отчет.». 

 

8. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 18-майындагы № 2022-П-12/31-1-(БС) «Кыргыз Республикасында синдикатталган кредиттөөнү ишке ашыруу тартиби жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасында синдикатталган кредиттөөнү ишке ашыруу тартиби жөнүндө» жобонун: 

- 14-пунктунун он биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- банк үчүн, анын ичинде карыз алуучунун төлөө жөндөмдүүлүгүн баалоо үчүн зарыл болгон башка документтер (контракттар, макулдашуулар, сунуш каттары, мамлекеттик реестрден көчүрмөлөр, кредиттик бюродон (бюролордон) маалымат ж.б.), алар электрондук документ же кагаз түрүндө берилиши мүмкүн.».