Кайта келүү

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2023-жылдын 13-сентябрындагы 

№ 2023-П-07/58-1-(ДКП) токтому 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 13-мартындагы 

№ 2019-П-07/10-2-(ДКП) «Банктар үчүн милдеттүү камдык талаптардын ченемдери тууралуу»  

токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу»  

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 13-мартындагы № 2019-П-07/10-1-(ДКП) токтому менен бекитилген «Милдеттүү камдар жөнүндө» жобого ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 13-мартындагы № 2019-П-07/10-2-(ДКП) «Банктар үчүн милдеттүү камдык талаптардын ченемдери тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:  

1-пунктунун 3-пунктчасындагы «14,00» деген сан «15,00» деген санга алмаштырылсын. 

2. Токтом 2023-жылдын 9-октябрынан тартып күчүнө кирет.  

3. Юридика башкармалыгы: 

- тиешелүү документтерди алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде токтомдун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;  

расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн

4. Экономика башкармалыгы токтом расмий жарыялангандан кийинки 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен коммерциялык банктарды, «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

5. Токтомдун аткарылышын контролдоо Экономика башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

Төрага                                                                                                                                                                                                                                                                    К. Боконтаев