Кайта келүү

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2023-жылдын 13-сентябрындагы 

№ 2023-П-12/58-3-(НПА) токтому 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын «Кыргыз Республикасынын  

Мамлекеттик өнүктүрүү банкы» ААКтын ишин жөнгө салуу боюнча  

убактылуу чечимдери жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 5-сентябрындагы № 217 «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы» ачык акционердик коому жөнүндө» Жарлыгын аткаруу максатында жана Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине жана Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» Мыйзамынын 14-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын тиешелүү чечими кабыл алынганга чейин «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы» ААКка карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдорунун аракети убактылуу токтотулсун: 

1) 2012-жылдын 16-ноябрындагы № 43/1 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө»; 

2) 2017-жылдын 17-майындагы № 19/12 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында корпоративдик башкаруу жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

3) 2017-жылдын 17-майындагы № 19/13 «Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен коммерциялык банктар, банктык операциялардын айрым түрлөрүн жүзөгө ашырган уюмдар жана алардын уюштуруучулары (катышуучулары), юридикалык жактар жана жеке адамдар ортосунда келип чыккан талаш маселелерди сотко чейин жөнгө салуу жөнүндө» жобосун бекитүү тууралуу»; 

4) 2017-жылдын 31-майындагы № 21/5 «Банктын аффилирленген жана байланыштуу жактар менен операцияларына карата талаптар жөнүндө» нускоону бекитүү тууралуу»; 

5) 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-12/23-1-(НПА) «Банк ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу», «Банктын кызмат адамдарын макулдашуу тартиби» деген IV бөлүгүнөн тышкары; 

6) 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-12/23-6-(НПА) «Консолидацияланган көзөмөл жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

7) 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-12/23-8-(НПА) «Убактылуу администрация жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

8) 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-2-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын тышкы аудитине карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

9) 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-4-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктарга карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобо тууралуу»; 

10) 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-8-(НПА) «Кыргыз Республикасынын банктарында тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

11) 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-8-(НПА) «Кыргыз Республикасынын банктарынын убактылуу администрация режимин киргизүү же жоюу жол-жобосун баштоо учурунда айрым банктык операцияларды жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

12) 2018-жылдын 20-июнундагы № 2018-П-12/24-2-(НПА) «Банктык көзөмөлдүктү жүзөгө ашыруу жөнүндө нускоону бекитүү тууралуу»; 

13) 2019-жылдын 13-мартындагы № 2019-П-07/10-1-(ДКП) «Милдеттүү камдар жөнүндө» жобо тууралуу»; 

14) 2019-жылдын 28-июнундагы № 2019-П-12/34-4-(НПА) «Консолидацияланган көзөмөл жөнүндө» жобону жана «Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик консолидацияланган отчет жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

15) 2019-жылдын 14-августундагы № 2019-П-12/42-1-(НПА) «Террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү максатында коммерциялык банктарда ички контролдукту уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону, «Кыргыз Республикасында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобону бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына террористтик иш-аракетти каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү маселеси боюнча тиешелүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу»; 

16) 2021-жылдын 22-декабрындагы № 2021-П-20/72-8-(НПА) «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»;  

17) 2022-жылдын 12-октябрындагы № 2022-П-12/63-1-(НПА) «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын жетиштүүлүгү (шайкештиги) стандарттарын аныктоо боюнча нускоону бекитүү жөнүндө»; 

18) 2022-жылдын 14-декабрындагы № 2022-П-12/78-7-(НПА) «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

19) 2023-жылдын 12-апрелиндеги № 2023-П-12/23-5-(НПА) «Кредиттөөдөгү чектөөлөр жөнүндө» нускоону бекитүү тууралуу». 

 

2. «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы» ААКтын (мындан ары Мамлекеттик өнүктүрүү банкы) ишинин туруктуулугун камсыз кылуу, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган функцияларын натыйжалуу ишке ашыруу максатында, Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын Директорлор кеңеши: 

1) Мамлекеттик өнүктүрүү банкында тобокелдиктерди тескөө жана ички контролдоо боюнча шайкеш жана натыйжалуу системанын уюштурулушун жана анын талаптагыдай иштешин камсыз кылсын; 

2) Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын операциялык жана инвестициялык ишине байланыштуу тобокелдиктердин чектүү деңгээлдерин, ошондой эле Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын ички ченемдерин жана жүргүзүлүп жаткан операциялардын көлөмү боюнча чектөөлөрдү белгилесин; 

3) Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын операциялык жана инвестициялык ишине байланыштуу тобокелдиктерди төмөндөтүү жана Мамлекеттик өнүктүрүү банкы тарабынан ушул тобокелдиктер боюнча белгиленген чектүү деңгээлдер, ошондой эле Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын ички ченемдери жана жүргүзүлүп жаткан операциялардын көлөмү боюнча чектөөлөрдүн сакталышын контролдоону күчөтсүн;  

4) Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын ишине мүнөздүү тобокелдиктерге ылайык капиталдын тиешелүү деңгээлин колдоо максатында, Мамлекеттик өнүктүрүү банкында натыйжалуу баалоо, мониторинг жүргүзүү жана контролдоо системасын түзсүн; 

5) мезгил-мезгили менен Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын учурдагы ишине жана Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын бизнес-пландарында каралган стратегиялык максаттарга жана болжолдуу көрсөткүчтөргө жетүү жагынан финансылык натыйжаларга баа берип турсун. 

 

3. Мамлекеттик өнүктүрүү банкы ай сайын отчеттук мезгил аяктагандан кийинки 5 (беш) жумуш күнү ичинде ушул токтомдун 2-пунктунун аткарылышы жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Банктык көзөмөл башкармалыгына берип турсун. 

 

4. Токтом расмий жарыялангандан 7 (жети) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы тиешелүү чечим кабыл алганга чейин колдонулат. 

 

5. Юридика башкармалыгы: 

- тиешелүү документтерди алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтына жарыяласын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

 

6. Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгы токтом расмий жарыялангандан кийинки 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы» ачык акционердик коомун, Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

 

7. Токтомдун аткарылышын контролдоо Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

Төрага                                                                                                                                                                                                                                                                               К. Боконтаев