Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2023-жылдын 11-октябрындагы  

№ 2023-П-14/64-1-(ПС) 

Токтому 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 2-сентябрындагы  

№ 2019-П-14/46-1-(ПС) «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун  

ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»  

токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 2-сентябрындагы № 2019-П-14/46-1-(ПС) «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) киргизилсин. 

2. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15 (он беш) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.  

3. Юридика башкармалыгы: 

- тиешелүү документтерди алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтына жарыяласын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

4. Төлөм системалары башкармалыгы токтом расмий жарыялангандан кийин 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен «Төлөм системаларынын операторлорунун ассоциациясы KG» юридикалык жактар бирикмесин, төлөм уюмдарын жана төлөм системаларынын операторлорун тааныштырсын

5. «Башкарманын катчылыгы» бөлүмү 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төлөм системалары башкармалыгын, Юридика башкармалыгын, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.  

6. Токтомдун аткарылышын контролдоо Төлөм системалары башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

Төраганын милдетин аткаруучу                                                                                                                                                                                                              К. Куленбеков 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2023-жылдын 11-октябрындагы 

№ 2023-П-14/64-1-(ПС) 

токтомуна карата тиркеме 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 2-сентябрындагы  

№ 2019-П-14/46-1-(ПС) «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын 

операторлорунун ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»  

токтомуна өзгөртүүлөр 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 2-сентябрындагы № 2019-П-14/46-1-(ПС) «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин лицензиялоо жөнүндө» жобонун: 

- 7-пунктунун төртүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Кызмат адамдары - башкаруунун байкоо органынын (директорлор кеңешинин - болгон учурда), башкаруунун аткаруу органынын мүчөлөрү жана/же төлөм уюмунун жана/же төлөм системасынын операторунун күндөлүк ишин жетектеген, өз функционалдык милдеттери боюнча аларга теңдештирилген адамдар.»; 

- 13-1-пунктунун:  

биринчи абзацындагы «өзгөртүү» деген сөз «көбөйтүү» деген сөзгө алмаштырылсын;  

2-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2) уюштуруучулардын (акционерлердин/катышуучулардын) юридикалык жактардын уставдык капиталды көбөйтүүгө багытталган акча каражаттарынын келип чыгуу булактарын аныктоого мүмкүндүк берген маалыматтарды, мында юридикалык жактын/ыйгарым укуктуу органдын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн тастыктоочу документтердин көчүрмөлөрү кошо тиркелет. Маалыматты тастыктоо үчүн төмөнкү документтер сунушталышы мүмкүн: 

- юридикалык жактын акыркы 3 (үч) жыл үчүн салык декларациясы (болгон болсо); 

- акыркы жыл үчүн аудитордук корутунду; 

- акыркы 3 (үч) жыл үчүн финансылык отчету (болгон болсо); 

- эгер дивиденддер юридикалык жактын банктык эсебине которулган болсо, дивиденддерди бөлүштүрүү, дивиденддерди төлөө жөнүндө чечим, ошондой эле келип чыгуу булагы катары алынган дивиденддер пайдаланылган учурда, капиталдагы үлүшкө менчик укукту тастыктаган документтер; 

- юридикалык жактын акча каражаттарды туунду уюмдун уставдык капиталын түзүүгө багыттоо жөнүндө чечими, мында юридикалык жактын акча каражаттарынын келип чыгуу булактарынын мыйзамдуулугун тастыктаган документтер кошо тиркелет; 

- уставдык капиталды көбөйтүүгө багытталган акча каражаттардын келип чыгуу булактарын тастыктаган башка документтердин көчүрмөлөрү;»; 

- төмөнкү мазмундагы 3-пунктча менен толукталсын:  

«3) уюштуруучунун (акционердин/катышуучунун) - резиденттин/резидент эместин жеке адамынын уставдык капиталды көбөйтүүгө багытталган акча каражаттарынын келип чыгуу булактарын аныктоого мүмкүндүк берген маалыматтарды, мында тастыктоочу документтердин юридикалык жактын/ыйгарым укуктуу органдын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү тиркелүүгө тийиш. Кирешелердин (мүлктүн) көрсөтүлгөн түрүнө жараша төмөнкү документтер берилиши мүмкүн: 

- иштеген жеринен маалым кат - кирешеси жөнүндө

- уставдык капиталды көбөйтүү учурунда акча каражаттарынын бар экендигин тастыктаган, финансы-кредит мекемелерден топтолгон каражаттары жөнүндө маалым кат, мында акча каражаттарынын келип чыгуу булактарынын мыйзамдуулугун тастыктаган документтер кошо тиркелет; 

- акча каражаттары келип түшкөндүгүн тастыктаган келишимдердин (сатып алуу-сатуу, жалдоо, иштерди аткарууга же кызмат көрсөтүүгө) жана башка келишимдердин (эгерде жеке адамдын өздүк каражаттарынын (мүлкүнүн) булагы катары ушул келишимдер боюнча алынган киреше (мүлк) саналса), мүлккө менчик укугу жөнүндө документтердин, жеке адам маалыматта көрсөткөн каражаттар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке адамга төлөнгөндүгү жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү

- жеке адамдын өздүк каражаттарынын (кирешелеринин, мүлкүнүн) келип чыгуу булактарын тастыктаган башка документтердин талаптагыдай күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү

- жеке адамдын чыгашаларын, анын ичинде акцияларды (үлүштөрдү), кыймылсыз/кыймылдуу мүлктү жана анын кирешесин азайтуучу башка мүлктү сатып алууга кеткен чыгашаларын тастыктаган документтердин жана акцияларды (үлүштөрдү) сатып алууга багытталган бүтүмгөүтүмдөргө) келишүү фактысын тастыктаган документтердин талаптагыдай күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү. Чыгашалар тууралуу маалыматтар пайда алынган мезгил (финансылык жыл/мезгилдер (финансылык жылдар) үчүн берилүүгө тийиш.»; 

төмөнкү мазмундагы абзацтар менен толукталсын:  

«Төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун уюштуруучусу болуп саналган Кыргыз Республикасынын резидент эмес - жеке адамы ал резидент болуп саналган тиешелүү документтерге карата мыйзам талаптарынын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен Кыргыз Республикасынын резиденти - жеке адам үчүн талап кылынган документтер сыяктуу эле, акча каражаттарынын келип чыгуу булактарын тастыктаган документтерди берүүгө тийиш.»; 

- 15-1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«15-1. Төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун уюштуруучуларынын (акционерлеринин/катышуучуларынын) курамы өзгөргөн учурда, ушул Жобонун 19 жана 19-1-пункттарына ылайык, акча каражаттарынын келип чыгуу булактарын аныктоого мүмкүндүк берген маалыматтар, ошондой эле ушул Жобого карата 3 жана 4-тиркемелердеги форма боюнча анкеталар уюштуруучулар (акционерлер/катышуучулар) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тиешелүү чечимдерди кабыл алган/келишимдерди/макулдашууларды түзгөн күндөн тартып жана башка негиздер боюнча 15 (он беш) жумуш күнү ичинде Улуттук банкка сунушталууга тийиш.»; 

- Жобо төмөнкү мазмундагы 15-2-пункт менен толукталсын:  

«15-2. Акча каражаттарынын келип чыгуу булактарынын мыйзамдуулугу жөнүндө маалыматтар жана документтер берилбеген же толук эмес/анык эмес берилген шартта, төлөм системасынын операторунун жана/же төлөм уюмунун лицензиялары акча каражаттарынын келип чыгуу булактары тастыкталганга чейин жана/же башка уюштуруучулардын (акционерлердин/катышуучулардын), анын ичинде акча каражаттарынын келип чыгуу булактары Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына жооп берген жаңы уюштуруучулардын (акционерлердин/катышуучулардын) пайдасына ээликтен ажыратылганга чейин Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык убактылуу токтотулушу мүмкүн.»; 

- 19-пунктунун:  

4-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«4) уюштуруучулардын (акционерлердин/катышуучулардын) юридикалык жактардын уставдык капиталды түзүүгө багытталган акча каражаттарынын келип чыгуу булактарын аныктоого мүмкүндүк берген маалыматтарды, мында юридикалык жактын/ыйгарым укуктуу органдын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн тастыктоочу документтердин көчүрмөлөрү кошо тиркелет. Маалыматты тастыктоо үчүн төмөнкү документтер сунушталышы мүмкүн:  

- юридикалык жактын акыркы 3 (үч) жыл үчүн салык декларациясы (болгон болсо); 

- акыркы жыл үчүн аудитордук корутунду; 

- акыркы 3 (үч) жыл үчүн финансылык отчету (болгон болсо); 

- эгер дивиденддер юридикалык жактын банктык эсебине которулган болсо, дивиденддерди бөлүштүрүү, дивиденддерди төлөө жөнүндө чечим, ошондой эле келип чыгуу булагы катары алынган дивиденддер пайдаланылган учурда, капиталдагы үлүшкө менчик укукту тастыктаган документтер; 

- юридикалык жактын акча каражаттарды туунду уюмдун уставдык капиталын түзүүгө багыттоо жөнүндө чечими, мында юридикалык жактын акча каражаттарынын келип чыгуу булактарынын мыйзамдуулугун тастыктаган документтер кошо тиркелет; 

- уставдык капиталды түзүүгө багытталган акча каражаттарынын келип чыгуу булактарын тастыктаган башка документтердин талаптагыдай күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;»; 

6-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«6) өтүнүч ээсинин аффилирленген жана байланыштуу жактары жөнүндө маалымат (жеке адамдар үчүн: толук аты-жөнү, туулган жылы, жашаган жери, иштеген жери, жарандык; юридикалык жактар үчүн: юридикалык жактын аталышы жана дареги, жетекчисинин аты-жөнү, уюштуруучулук жана башка тастыктоочу документтери, эгерде болгон болсо);»; 

13-пунктчасынын биринчи абзацындагы «төмөнкү документтеринин көчүрмөлөрү» деген сөзгө чейин «талаптагыдай күбөлөндүрүлгөн» деген сөздөр менен толукталсын;  

13-пунктчасынын экинчи абзацындагы «паспортунун көчүрмөсү» деген сөзгө чейин «талаптагыдай күбөлөндүрүлгөн» деген сөздөр менен толукталсын. 

13-пунктчасынын үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган формада жана берилген датасын көрсөтүү менен анын катталгандыгы жөнүндө салык органынын белгиси камтылган документтер (электрондук түрдө берилген жана акабыл алынгандыгы тууралуу электрондук белги коюлган) берилген күнгө карата кирешелер, социалдык чегерүүлөр жөнүндө декларациянын талаптагыдай күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү, эгерде бар болсо; резидент эмес-жеке адам ал резидент болуп саналган мамлекетте салык төлөө боюнча карызы жок экендигин тастыктаган документти сунуштоосу зарыл;»; 

13-пунктчанын төртүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- уюштуруучунун (акционердин/катышуучунун) уставдык капиталды түзүүгө багытталган акча каражаттарынын келип чыгуу булактарын аныктоого мүмкүндүк берген маалыматтар, мында тастыктоочу документтер жана кредитордук карызынын жоктугу тууралуу документтер кошо тиркелет. Көрсөтүлгөн каражаттардын (мүлктүн) келип чыгуу булактарын тастыктаган маалыматтарда жеке адам тарабынан көрсөтүлгөн маалыматтарды тастыктоо үчүн киршелердин (мүлктүн) берилген түрлөрүнө жараша төмөнкү документтер берилиши мүмкүн:»; 

13-пунктча төмөнкү мазмундагы абзацтар менен толукталсын: 

«- иштеген жеринен маалым кат - кирешеси жөнүндө

- уставдык капиталды көбөйтүү учурунда акча каражаттарынын бар экендигин тастыктаган финансы-кредит мекемелеринен топтолгон каражаттары жөнүндө маалым кат, мында акча каражаттарынын келип чыгуу булактарынын мыйзамдуулугун тастыктаган документтер кошо тиркелет; 

- акча каражаттарынын келип түшкөндүгүн тастыктаган келишимдердин (сатып алуу-сатуу, жалдоо, иштерди аткарууга же кызмат көрсөтүүгө, тартуулоо) жана башка келишимдердин (эгерде жеке адамдын өздүк каражаттарынын (мүлкүнүн) келип чыгуу булагы катары ушул келишимдер боюнча алынган киреше (мүлк) саналса), мүлккө менчик укугу жөнүндө документтердин, жеке адам маалыматта көрсөткөн каражаттардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке адамга төлөнгөндүгү жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү. Зайым же тартуулоо келишимдеринин көчүрмөлөрү берилгенде тиешелүүлүгүнө жараша, зайым берүүчүнүн жана тартуулоочунун акча каражаттарынын келип чыгуу булактарын тастыктаган документтер да берилет; 

- жеке адамдын өздүк каражаттарынын (кирешелеринин, мүлкүнүн) келип чыгуу булактарын тастыктаган башка документтердин талаптагыдай күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү

- жеке адамдын чыгашаларын, анын ичинде акцияларды (үлүштөрдү), кыймылсыз/кыймылдуу мүлктү жана анын кирешесин азайтуучу башка мүлктү сатып алууга кеткен чыгашаларын тастыктаган документтердин жана акцияларды (үлүштөрдү) сатып алууга багытталган бүтүмгөүтүмдөргө) келишүү фактысын тастыктаган документтердин талаптагыдай күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү. Чыгашалар тууралуу маалыматтар пайда алынган мезгил (финансылык жыл/мезгилдер (финансылык жылдар) үчүн берилүүгө тийиш. 

Түзүлүп жаткан төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун уюштуруучусу болуп саналган Кыргыз Республикасынын резидент эмес - жеке адамы ал резидент болуп саналган тиешелүү документтерге карата мыйзам талаптарынын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен Кыргыз Республикасынын резиденти - жеке адам үчүн талап кылынган документтер сыяктуу эле, акча каражаттарынын келип чыгуу булактарын тастыктаган документтерди берүүгө тийиш.»; 

- 19-1-пунктунун:  

4-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«4) уюштуруучулардын (акционерлердин/катышуучулардын) юридикалык жактардын уставдык капиталды түзүүгө багытталган акча каражаттарынын келип чыгуу булактарын аныктоого мүмкүндүк берген маалыматтарды, мында юридикалык жактын/ыйгарым укуктуу органдын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн тастыктоочу документтердин көчүрмөлөрү кошо тиркелет. Маалыматты тастыктоо үчүн төмөнкү документтер сунушталышы мүмкүн: 

- юридикалык жактын акыркы 3 (үч) жыл үчүн салык декларациясы (болгон болсо); 

- акыркы жыл үчүн аудитордук корутунду; 

- акыркы 3 (үч) жыл үчүн финансылык отчету (болгон болсо); 

- эгер дивиденддер юридикалык жактын банктык эсебине которулган болсо, дивиденддерди бөлүштүрүү, дивиденддерди төлөө жөнүндө чечим, ошондой эле келип чыгуу булагы катары алынган дивиденддер пайдаланылган учурда, капиталдагы үлүшкө менчик укукту тастыктаган документтер; 

- юридикалык жактын акча каражаттарды туунду уюмдун уставдык капиталын түзүүгө багыттоо жөнүндө чечими, мында юридикалык жактын акча каражаттарынын келип чыгуу булактарынын мыйзамдуулугун тастыктаган документтер кошо тиркелет; 

- уставдык капиталды түзүүгө багытталган акча каражаттарынын келип чыгуу булактарын тастыктаган башка документтердин талаптагыдай күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;»; 

6-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«6) өтүнүч ээсинин аффилирленген жана байланыштуу жактары жөнүндө маалымат (жеке адамдар үчүн: толук аты-жөнү, туулган жылы, жашаган жери, иштеген жери, жарандык; юридикалык жактар үчүн: юридикалык жактын аталышы жана дареги, жетекчисинин аты-жөнү, уюштуруучулук жана башка тастыктоочу документтери, эгерде болгон болсо);»; 

19-пунктчасынын үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган формада жана берилген датасын көрсөтүү менен анын катталгандыгы жөнүндө салык органынын белгиси камтылган документтер (электрондук түрдө берилген жана кабыл алынгандыгы тууралуу электрондук белги коюлган) берилген күнгө карата кирешелер, социалдык чегерүүлөр жөнүндө декларациянын көчүрмөсү, эгерде декларация (көчүрмөсү) болгон болсо; резидент эмес-жеке адам ал резидент болуп саналган мамлекетте салык төлөө боюнча карызы жок экендигин тастыктаган документти сунуштоосу зарыл;»; 

19-пунктчанын төртүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- уюштуруучунун (акционердин)/катышуучунун уставдык капитал түзүүгө багытталган акча каражаттарынын келип чыгуу булактарын аныктоого мүмкүндүк берген, тастыктоочу документтер жана кредитордук карызы жоктугу жөнүндө документтер тиркелген маалыматтар. Көрсөтүлгөн каражаттардын (мүлктүн) келип чыгуу булактарын ырастоочу маалыматтарда жеке жак көрсөткөн маалыматтарды тастыктоо үчүн кирешелердин (мүлктүн) көрсөтүлгөн түрлөрүнө жараша төмөнкүдөй документтер берилиши мүмкүн:»; 

19-пунктчасы төртүнчү абзацтан кийин төмөнкү мазмундагы абзацтар менен толукталсын: 

«- иштеген жеринен маалым кат - кирешеси жөнүндө

- уставдык капиталды көбөйтүү учурунда акча каражаттарынын бар экендигин тастыктаган финансы-кредиттик мекемелерден топтолгон каражаттары жөнүндө маалым кат, акча каражаттардын келип чыгуу булактарынын мыйзамдуулугун тастыктаган башка документтер тиркелет; 

- акча каражаттары түшкөндүгүн тастыктаган келишимдердин (сатып алуу-сатуу, жалдоо, иштерди аткарууга же кызмат көрсөтүүгө) жана башка келишимдердин (эгерде жеке адамдын өздүк каражаттарынын (мүлкүнүн) келип чыгуу булагы катары ушул келишимдер боюнча алынган (алынган) киреше (мүлк) саналса), мүлккө менчик укугу жөнүндө документтердин, жеке адам маалыматта көрсөткөн каражаттар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төлөнгөндүгү жөнүндө документтердин талаптагыдай күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү. Зайым же татуулоо келишимдеринин көчүрмөсүн берүүдө, тиешелүүлүгүнө жараша зайым берүүчүнүн жана тартуулоочунун акча каражаттарынын келип чыгуу булактарын тастыктаган документтер да берилет; 

- жеке адамдын өздүк каражаттарынын (кирешелеринин, мүлкүнүн) келип чыгуу булактарын тастыктаган башка документтердин талаптагыдай күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү

- жеке адамдын чыгашаларын, анын ичинде акцияларды (үлүштөрдү), кыймылсыз/кыймылдуу мүлктү жана анын кирешесин азайтуучу башка мүлктү сатып алууга кеткен чыгашаларын тастыктаган документтердин жана акцияларды (үлүштөрдү) сатып алууга багытталган бүтүмгөүтүмдөргө) келишүү фактысын тастыктаган документтердин талаптагыдай күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү. Чыгашалар тууралуу маалыматтар пайда алынган мезгил (финансылык жыл/мезгилдер (финансылык жылдар) үчүн берилүүгө тийиш. 

Түзүлүп жаткан төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун уюштуруучусу болуп саналган Кыргыз Республикасынын резидент эмес - жеке адамы ал резидент болуп саналган тиешелүү документтерге карата мыйзам талаптарынын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен Кыргыз Республикасынын резиденти - жеке адам үчүн талап кылынган документтер сыяктуу эле, акча каражаттарынын келип чыгуу булактарын тастыктаган документтерди берүүгө тийиш.»; 

- 32-пунктунун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Башкарманын курамына кеминде жетекчинин (башкы директор/президент/төрага), техникалык директордун, башкы бухгалтердин/финансылык директордун жана/же өз функционалдык милдеттери боюнча аларга теңештирилген, төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун күндөлүк ишин жетектеген адамдардын штаттык кызмат орундары кирүүгө тийиш. Өлкөдө өзгөчө абал киргизилгенде башкарма (директорлор кеңеши жок болсо) төлөм системасынын натыйжалуу жана үзгүлтүксүз ишин камсыз кылуучу чаралардын комплексин кароого милдеттүү жана көрүлгөн чаралар жөнүндө Улуттук банкка маалымдайт.»; 

- 33-пунктунун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун башкаруунун аткаруу органынын түзүмү аткаруу органынын жетекчиси же анын башка мүчөлөрү убактылуу жок болгон мезгилде башкарманын мүчөлөрү өз ара милдеттердин аткарылышын камсыз кылууга тийиш. Милдеттерди бөлүштүрүү төлөм уюмунун/төлөм системасынын операторунун ички документтеринде белгиленүүгө тийиш.»; 

- 34-пунктунун:  

үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- акыркы 5 (беш) жыл ичиндеги иш стажы/иш тажрыйбасы, бир же бир нече чөйрөдө төлөм системасы, банк жана/же финансы системасы, маалымат технологиялары (системалары)/маалымат коопсуздугу, телекоммуникация/байланыш чөйрөсүндө 3 (үч) жылдан кем эмес, анын ичинен кеминде 2 (эки) жыл жетекчи кызматтарда;»; 

пункт төмөнкү мазмундагы абзацтар менен толукталсын: 

«Ушул пункттун максаттарында жетекчи кызмат орду деген, уюмдардын бириндеги түзүмдүк бөлүмдүн жетекчисинен/жетекчисинин орун басарынан төмөн эмес кызмат ордун түшүндүрөт: 

- төлөм уюму жана/же төлөм системасынын оператору; 

- иши финансылык ишке жана Улуттук банктын банктардын ишин лицензиялоо боюнча ченемдик укуктук актыларында көрсөтүлгөн банктык жана/же финансылык ишке тиешелүү болгон уюм; 

- банктык, финансылык ишти, телекоммуникациялык кызмат көрсөтүү жана/же байланыш кызмат көрсөтүү ишин жүзөгө ашырган уюмдарды лицензиялоого жана/же алардын ишине көзөмөл жүргүзүүгө жооптуу мамлекеттик органдар;  

- маалымат технологиялары (системалары)/маалымат коопсуздугу чөйрөсүндө адистешкен уюм; 

- телекоммуникациялык кызмат көрсөтүүлөрдү жана байланыш кызматтарын көрсөткөн уюм. 

Мында иш стажына чарба ишин, персоналды башкаруу, иш кагаздарын жүргүзүү, жеке коопсуздукту камсыз кылуу (күзөт кызматы) багытында ишти жүзөгө ашырууга байланыштуу жогоруда аталган уюмдардын/компаниялардын түзүмдүк бөлүмдөрүндө иши кирбейт.»; 

- Жобо төмөнкү мазмундагы 34-1-пункт менен толукталсын: 

«34-1. Эгерде штаттык тизимде башкаруунун аткаруу органынын жетекчисинин орун басарынын туруктуу кызмат орду бар болсо, орун басары аткаруу органынын курамына кирүүгө, ошондой эле жетекчиге коюлган талаптарга да жооп берүүгө тийиш.»; 

- 35-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«35. Техникалык директор жана/же башкаруунун аткаруу органынын курамына кирген, өзүнүн функционалдык милдеттери боюнча ага теңдештирилген адам төмөнкү талаптарга жооп берүүгө тийиш: 

- орто кесиптик/жогорку техникалык билимге же CISA/CISM/CISSP/ITIL/COBIT сертификаттарынын бирине ээ болууга; же башка чөйрөдө жогорку билими болсо Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органынын лицензиясына ээ болгон билим берүү уюмдарында же чет өлкөдөгү билим берүү уюмдарында маалымат технологиялары жана/же маалымат коопсуздугу чөйрөсүндө билим алгандыгын тастыктаган башка документтерге ээ болууга; 

- эгерде ушул Жободо башкасы каралбаса, акыркы 5 (беш) жыл ичиндеги иш стажынын/иш тажрыйбасынын кеминде 3 (үч) жыл маалымат технологиялары (системалары)/маалымат коопсуздугу жаатында, жетекчи кызматында кеминде 1 (бир) жыл иш стажына/иш тажрыйбасына ээ болууга. 

Буларга кошумча, эгерде Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органынын лицензиясына ээ болгон билим берүү уюмдарында же чет өлкөдөгү билим берүү уюмдарында маалымат технологиялары (системалары)/маалымат коопсуздугу чөйрөсүндө билим алгандыгы жөнүндө сертификаттары бар болсо, сунуштоого болот.  

Ушул пункттун максаттарында жетекчи кызмат орду деген, уюмдардын бириндеги маалымат технологиялары (системалары)/маалымат коопсуздугу чөйрөсүндөгү профилдик түзүмдүк бөлүмдүн жетекчисинен/жетекчисинин орун басарынан төмөн эмес кызмат ордун түшүндүрөт: 

- төлөм уюму жана/же төлөм системасынын оператору; 

- иши финансылык ишке жана Улуттук банктын банктардын ишин лицензиялоо боюнча ченемдик укуктук актыларында көрсөтүлгөн банктык жана/же финансылык ишке тиешелүү болгон уюм;  

- банктык, финансылык ишти, телекоммуникациялык кызмат көрсөтүү жана/же байланыш кызмат көрсөтүү ишин жүзөгө ашырган уюмдарды лицензиялоого жана/же алардын ишине көзөмөл жүргүзүүгө жооптуу мамлекеттик органдар; 

- маалымат технологиялары (системалары)/маалымат коопсуздугу чөйрөсүндөгү адистешкен уюм; 

- телекоммуникациялык кызмат көрсөтүүлөрдү жана байланыш кызматтарын көрсөткөн уюм. 

Жетекчи кызматтарда иш стажы/иш тажрыйбасы жок учурда, Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органынын лицензиясына ээ болгон билим берүү уюмдарында же чет өлкөдөгү билим берүү уюмдарында маалымат технологиялары (системалары)/маалымат коопсуздугу чөйрөсүндө билим алгандыгы жөнүндө сертификаттар милдеттүү түрдө болууга тийиш.»; 

- 36-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«36. Башкы бухгалтер/финансылык директор жана/же башкаруунун аткаруу органынын курамына кирген, өзүнүн функционалдык милдеттери боюнча ага теңдештирилген адам төмөнкү талаптарга жооп берүүгө тийиш: 

- жогорку экономикалык/финансылык билими же бухгалтердик эсеп жана аудит чөйрөсүндө билими болууга; 

- эгерде ушул Жободо башкасы каралбаса, акыркы 5 (беш) жыл ичинде бухгалтер/бухгалтердик/финансылык же башкаруу эсеби боюнча адис кызмат ордунда 3 (үч) жылдан кем эмес иш стажы/иш тажрыйбасы болууга же бухгалтердик эсепти жана финансылык отчеттуулукту уюштуруу жана камсыз кылуу жагында жетекчи кызмат ордунда 1 (бир) жылдан кем эмес иш стажы/иш тажрыйбасы болууга тийиш; 

- сертификаттын көчүрмөсүн сунуштоо менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын уруксатына/лицензиясына ээ билим берүү мекемелеринен алынган бухгалтердик эсепке алуу жана финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттары боюнча билим алгандыгын тастыктаган сертификатка же башка документке ээ болууга (бухгалтердик эсепке алуу жана финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттары боюнча билим алгандыгы жөнүндө маалыматтарды камтыган бухгалтердик эсеп боюнча жогорку билими жөнүндө диплому бар болгон учурда сертификаты сунуштоо зарыл эмес).  

Ушул пункттун максаттарында жетекчи кызмат орду деген, бухгалтердик эсепке алуу жана финансылык отчеттуулук системасын уюштуруу жана камсыздоо чөйрөсүндө профилдик түзүмдүк бөлүмдүн жетекчисинен/жетекчисинин орун басарынан төмөн эмес кызмат ордун түшүндүрөт. 

Жетекчи кызматта иш стажы/иш тажрыйбасы жок учурда, милдеттүү түрдө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тиешелүү уруксатына/лицензиясына ээ болгон билим берүү мекемелеринен алынган, бухгалтердик эсепти жана башкаруу эсебин жүргүзүү чөйрөсүндө билим алгандыгын тастыктаган кошумча сертификаттары же башка документтери болууга тийиш.»; 

- 37-пунктунун: 

1-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1) бул адамдарга карата соттун чечими боюнча аларга төлөм, банк, финансы системаларында жана/же маалымат технологиялары (системалары)/маалымат коопсуздугу жана/же телекоммуникация/байланыш чөйрөсүндө иштөөгө тыюу салган айыптоо өкүмү чыгарылса;»; 

2-пунктчасынын экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«а) анын натыйжасында уюмга (төлөм уюмуна жана/же төлөм системасынын операторуна; финансы-кредит уюмуна; башка финансылык уюмга) карата Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык операцияларды жүргүзүүгө чектөө жана/же атайы режим киргизилген аракеттерге (аракеттенбей коюуларга) катыштыгы бар;»; 

- Жобо төмөнкү мазмундагы 39-1-пункт менен толукталсын: 

«39-1. Башкаруунун аткаруу органынын мүчөлөрү ушул Жобонун талаптарына дал келбеген учурда, акционерлер (уюштуруучулар)/катышуучулар 30 календардык күн ичинде аныкталган кемчиликтерди четтетүү боюнча чараларды көрүүгө же ушул Жобонун талаптарына дал келген кызмат адамдарынын башка талапкерлерин сунуштоого тийиш.»; 

- 40-пунктунун:  

3-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«3) башкаруунун аткаруу органынын жетекчиси үчүн - террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча курстан өткөндүгү жөнүндө тиешелүү документтин (күбөлүктүн) (көчүрмөсүн). Улуттук банкка документтерди тапшыруу учуруна карата документ (күбөлүк) алынган мөөнөт аны алган күндөн тарта 2 (эки) жылдан ашпоого тийиш. Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча курстан өткөндүгү жөнүндө документ (сертификат) жок учурда, Улуттук банкка жетекчи кызмат ордуна дайындалган күндөн тартып 6 (алты) ай ичинде тиешелүү окуудан өтүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү милдеттенме берилүүгө тийиш. Жетекчи кызмат ордуна дайындалган күндөн тартып 6 (алты) ай ичинде террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча курстан өткөндүгү жөнүндө тиешелүү документ Улуттук банкка берилбеген учурда кызмат адамы кызматтан бошотулууга тийиш;»; 

5-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«5) эмгек китепчесинин көчүрмөсү. Аткаруу органынын мүчөлөрү-резидент эместер талаптагыдай күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсүн (бар болсо) же эмгек тажрыйбасын тастыктаган башка документтердин же маалыматтардын көчүрмөлөрүн берүүгө тийиш;»; 

- Жобо төмөнкү мазмундагы 40-1-пункт менен толукталсын: 

«40-1. Эгерде ошол эле төлөм уюму башкаруунун аткаруу органынын ошол эле кызмат адамын мүчөсүн акыркы 12 (он эки) ай ичинде ага теңдештирилген же андан жогору кызмат ордуна дайындагандыгына байланыштуу мурда Улуттук банкка документтерди тапшырган болсо, ушул Жободо көрсөтүлгөн документтердин топтомун кайрадан тапшыруу талап кылынбайт, мында белгиленген форма боюнча анкета тапшыруу менен гана чектелет.»; 

- 47-пункту төмөнкү мазмундагы абзацтар менен толукталсын: 

«Ушул пункттун максаттарында жетекчи кызмат орду деген, уюмдардын бириндеги түзүмдүк бөлүмдүн жетекчисинен/жетекчисинин орун басарынан төмөн эмес кызмат ордун түшүндүрөт: 

- төлөм уюму жана/же төлөм системасынын оператору; 

- иши финансылык ишке жана Улуттук банктын банктардын ишин лицензиялоо боюнча ченемдик укуктук актыларында көрсөтүлгөн банктык жана/же финансылык ишке тиешелүү болгон уюм; 

- банктык, финансылык ишти, телекоммуникациялык кызмат көрсөтүү жана/же байланыш кызмат көрсөтүү ишин жүзөгө ашырган уюмдарды лицензиялоого жана/же алардын ишине көзөмөл жүргүзүүгө жооптуу мамлекеттик органдар; 

- маалымат технологиялары (системалары)/маалымат коопсуздугу чөйрөсүндө адистешкен уюм; 

- телекоммуникациялык кызмат көрсөтүүлөрдү жана байланыш кызматтарын көрсөткөн уюм. 

Мында иш стажына чарба ишин, персоналды башкаруу, иш кагаздарын жүргүзүү, жеке коопсуздукту камсыз кылуу (күзөт кызматы) багытында ишти жүзөгө ашырууга байланыштуу жогоруда аталган уюмдардын/компаниялардын түзүмдүк бөлүмдөрүндө иши кирбейт.».