Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2023-жылдын 18-октябрындагы  

№ 2023-П-09/65-2-(НПА) 

Токтому  

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2015-жылдын 19-августундагы №45/1 «Кыргыз Республикасы тарабынан башка  

мамлекеттер менен биргеликте түзүлгөн эл аралык уюмдарга Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банкынын кредит берүүсү жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна 

өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 19-августундагы №45/1 «Кыргыз Республикасы тарабынан башка мамлекеттер менен биргеликте түзүлгөн эл аралык уюмдарга Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кредит берүүсү жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасы тарабынан башка мамлекеттер менен биргеликте түзүлгөн эл аралык уюмдарга Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кредит берүүсү жөнүндө» жобонун:  

- 40-пункту төмөнкү редакцияда берилсин

«Уюм негизги карызды жана пайыздарды Улуттук банкка бул тууралуу алдын ала жазуу түрүндө билдирүү жөнөтүү менен Башкы келишимде жана Кредиттик келишимде каралган шартта мөөнөтүнөн мурда толук төлөөгө укуктуу. Мында тараптар кредиттин жана ал боюнча чегерилген пайыздардын ордун пландуу жабуу датасын аныкташат.». 

жогорудагы Жобого карата 1-тиркеменин:  

- 4.4-пункту төмөнкү редакцияда берилсин

«Уюм негизги карызды жана пайыздарды Улуттук банкка бул тууралуу алдын ала жазуу түрүндө билдирүү жөнөтүү менен Башкы келишимде жана Кредиттик келишимде каралган шартта мөөнөтүнөн мурда толук төлөөгө укуктуу. Мында тараптар кредиттин жана ал боюнча чегерилген пайыздардын ордун пландуу жабуу датасын аныкташат.». 

 

2. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.  

 

              3. Юридика башкармалыгы: 

- тиешелүү документтерди алган күндөн тартып 1 (бир) жумуш күнү ичинде токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтына жарыяласын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

 

4. Акча-кредиттик операциялар башкармалыгы 1 (бир) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондун тааныштырсын жана 2015-жылдын 25-августундагы №Д-0-1-6/0978 Евразия экономикалык бирлигинин алкагында Кыргыз Республикасы тарабынан башка мамлекеттер менен биргеликте түзүлгөн эл аралык уюмдарга кредит берүү жөнүндө Башкы келишимге карата Кошумча макулдашуу түзүү боюнча тиешелүү иш-чараларды жүргүзсүн.  

 

5. «Башкарманын катчылыгы» бөлүмү 1 (бир) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Акча-кредиттик операциялар башкармалыгын, Экономика башкармалыгын, Бухгалтердик эсепке алуу жана отчеттуулук башкармалыгын, Банктык эсептешүүлөр башкармалыгын жана Юридика башкармалыгын тааныштырсын. 

 

6. Токтомдун аткарылышын контролдоо Акча-кредиттик операциялар башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

Төраганын милдетин аткаруучу                                                                                                                                                                                                 К. Куленбеков