Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2023-жылдын 25-октябрындагы  

№ 2023-П-12/67-3-(НПА) 

Токтому 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жана күчүн жоготкон катары  

таануу жөнүндө  

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) киргизилсин: 

2019-жылдын 30-октябрындагы № 2019-П-12/54-4-(НПА) «Коммерциялык банктын ишине тиешелүү маалыматтарды чечмелөөгө карата талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2019-жылдын 27-декабрындагы № 2019-П-12/68-2-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө»; 

- 2019-жылдын 27-декабрындагы № 2019-П-12/68-4-(НПА) «Коммерциялык банктардын ликвиддүүлүгүнүн ордун жабуу коэффициентин эсептөө жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»

 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 24-мартындагы № 2020-П-12/15-7-(НПА) «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары жана банк эмес финансы-кредит уюмдары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдерди жана талаптарды белгилөө маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым убактылуу чечимдери жөнүндө» токтому күчүн жоготкон катары таанылсын. 

 

3. Коммерциялык банктар чет өлкө валютасындагы ликвиддүүлүк көрсөткүчтөрүн эсептөө жана банктын тобокелдик жагдайлары жөнүндө маалыматтарды 2025-жылдын 1-мартынан тартып сунушташсын.  

 

4. Токтом 2023-жылдын 31-декабрынан тартып күчүнө кирет.  

 

5. Юридика башкармалыгы: 

- тиешелүү документтерди алгандан кийинки 3 (үч) жумуш күнү ичинде токтомдун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;  

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

 

6. Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгы токтом расмий жарыялангандан кийинки 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен коммерциялык банктарды, «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

 

7. Токтомдун аткарылышын контролдоо Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

Төрага                                                                                                                                                                                                                                                                                 К. Боконтаев  

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 

2023-жылдын 25-октябрындагы  

№ 2023-П-12/67-3-(НПА)  

токтомуна карата тиркеме 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым  

ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр 

 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 30-октябрындагы № 2019-П-12/54-4-(НПА) «Коммерциялык банктын ишине тиешелүү маалыматтарды чечмелөөгө карата талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин: 

- 3-пунктундагы «2020-жылдын 1-январы» деген сөздөр «2025-жылдын 1-январы» дегенге алмаштырылсын; 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Коммерциялык банктын ишине тиешелүү маалыматтарды чечмелөөгө карата талаптар жөнүндө» жобонун: 

- 1-пунктунун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:  

«Жобонун аракети Кыргыз Республикасынын Улуттук банк (мындан ары Улуттук банк) Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-12/23-9-(НПА) токтому менен бекитилген «Коммерциялык банктардын жана банктык эмес финансы-кредит уюмдарынын системалуу маанилүүлүгүн аныктоо критерийлери жөнүндө» жобого ылайык сандык көрсөткүчтөр боюнча аныкталуучу системалуу мааниге ээ банктарга (мындан ары банктар) таркатылат.»; 

- 2-пунктундагы «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» деген сөздөр «Банктар жана банк иштери жөнүндө» дегенге алмаштырылсын; 

- 3-пунктунун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:  

«Банктык сыр - Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» Мыйзамына ылайык аныкталуучу маалымат.»;  

- 13-пунктунун 3-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин:  

«3) Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 12-октябрындагы № 2022-П-12/63-1-(НПА) токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын жетиштүүлүгү (шайкештиги) стандарттарын аныктоо боюнча нускоонун тиркемесине ылайык капиталдын түзүмү;». 

 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 27-декабрындагы № 2019-П-12/68-2-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин: 

- 2-пунктундагы «2020-жылдын 1-апрели» деген сөздөр «2023-жылдын 31-декабры» дегенге алмаштырылсын. 

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 27-декабрындагы № 2019-П-12/68-4-(НПА) «Коммерциялык банктардын ликвиддүүлүгүнүн ордун жабуу коэффициентин эсептөө жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

- 2-пунктунун: 

экинчи абзацындагы «2020-жылдын 1-апрели» деген сөздөр «2025-жылдын 1-январы» дегенге алмаштырылсын; 

үчүнчү абзацындагы «2020-жылдын 1-октябры» деген сөздөр «2025-жылдын 1-марты» дегенге алмаштырылсын; 

- 3-пунктундагы «2020-жылдын 1-апрели» деген сөздөр «2023-жылдын 31-декабры» дегенге алмаштырылсын.