Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2023-жылдын 22-ноябрындагы  

№ 2023-П-13/72-2-(НПА) 

токтому 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 21-декабрындагы  

№ 55/3 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында коммерциялык банктарды жана  

финансы-кредит уюмдарын кассалык тейлөө жөнүндө» нускоону бекитүү тууралуу»  

токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө  

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 64-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 21-декабрындагы № 55/3 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында коммерциялык банктарды жана финансы-кредит уюмдарын кассалык тейлөө жөнүндө» нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) киргизилсин.  

 

2. Юридика башкармалыгы: 

- тиешелүү документтерди алгандан күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде токтомдун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтына жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

 

3. Токтом расмий жарыялангандан 15 (он беш) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

 

4. «Башкарманын катчылыгы» бөлүмү 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

 

5. Нак акча менен иш алып баруу башкармалыгы токтом расмий жарыялангандан кийинки 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен коммерциялык банктарды, банк эмес финансы-кредит уюмдарын тааныштырсын. 

 

6. Токтомдун аткарылышын контролдоо Нак акча менен иш алып баруу башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.  

 

Төрага                                                                                                                                                                                                                                             К. Боконтаев  

 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 

2023-жылдын 22-ноябрындагы  

№ 2023-П-13/72-2-(НПА)  

токтомуна карата тиркеме 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 21-декабрындагы  

№ 55/3 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында коммерциялык банктарды жана  

финансы-кредит уюмдарын кассалык тейлөө жөнүндө» нускоону бекитүү тууралуу»  

токтомуна өзгөртүүлөр 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 21-декабрындагы № 55/3 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында коммерциялык банктарды жана финансы-кредит уюмдарын кассалык тейлөө жөнүндө» нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында коммерциялык банктарды жана финансы-кредит уюмдарын кассалык тейлөө жөнүндө» нускоонун: 

- 2.2-пунктунун жетинчи абзацы күчүн жоготкон катары таанылсын

- 3.4-пунктунун: 

- бешинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:  

«Чекте көрсөтүлгөн сумманы алып жаткан кардар, монета салынган мүшөктөрдүн тууралыгын жана толуктугун, таңгактардын бүтүндүгүн, ар бир таңычактагы корешоктордун санын, накладкаларда, ярлыктарда көрсөтүлгөн суммалардын тууралыгын, алардагы мөөрлөрдүн оттискинин жана пломбалардын же банк клишесинин бүтүн жана толук экендигин кылдат текшерүүсү зарыл. Андан кийин кардар тарабынан алынган сумма кайра эсептеп чыгуу кассасында Улуттук банктын өкүлдөрүнүн көз алдында бирден саналып чыгат. Эгерде, Улуттук банктын операторлору же кассирлери тарабынан даярдалган таңычактарда акча жетишсиз болуп калса, кем чыккан сумманын орду кардарга жүгүртүү кассасынын эсебинен кайтарылат, мында кассир үч нускада акт түзөт. Актыга кардар, кассир жана жүгүртүү кассасынын башчысы кол коюшат. Накталай акчалар банкка инкассаторлор тарабынан жеткирилген шартта, бул акчаларды банк-алуучу алардын көз алдында бирден санап чыгууга тийиш. Алынган таңычактарда же корешоктордо акча кем чыккан шартта, 3 нускадан турган акт түзүлөт, анын бири таңычагынан, же корешоктон кем чыккандыгы аныкталган касса кызматкери тарабынан акчанын ордун толтуруу үчүн Улуттук банкка берилсе, экинчиси кардарда (банк-алуучу) калат, үчүнчүсү инкассаторлорго берилет. Бул актыга акчаны ташып жеткирүүчү инкассаторлордун, ошондой эле акчаны алып жаткан кардардын колу коюлат.»; 

- Алтынчы абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Эгерде, алынган сумма кардар же акча ташып жеткирүүчү инкассаторлор тарабынан өз убагында кайра эсептеп чыгуу кассасында саналбаса, анда Улуттук банк, таңычакта кем чыккан акча үчүн жоопкерчиликтүү болбойт.»