Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2023-жылдын 8-декабрындагы  

№ 2023-П-12/76-1-(БС) 

токтому 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө  

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) киргизилсин: 

- 2003-жылдын 19-февралындагы № 4/2 «Кыргыз Республикасынын аймагында микрофинансылык уюмдарынын ишин жөнгө салуунун эрежелери жөнүндө»

- 2006-жылдын 28-июнундагы № 19/4 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик актылары жөнүндө»; 

- 2009-жылдын 10-июнундагы № 26/3 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын туунду же көз каранды компанияларды түзүү жана/же сатылып алуу эрежелерин бекитүү тууралуу»; 

- 2009-жылдын 23-декабрындагы № 50/7 «Кредиттик союздардагы кредиттик тобокелдикти башкаруу боюнча минималдык талаптар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2010-жылдын 30-июнундагы № 52/4 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө»; 

- 2012-жылдын 12-сентябрындагы № 37/2 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары тарабынан баалуулуктарды сактоо үчүн банктык өздүк сейфтердин кардарларга берилиши боюнча нускоону бекитүү тууралуу»; 

- 2012-жылдын 12-сентябрындагы № 37/3 «Кредиттик союздардын финансылык компаниясы» ААКсы ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү жөнүндө»; 

- 2012-жылдын 31-октябрындагы № 41/12 «Банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу боюнча нускоону бекитүү тууралуу»; 

- 2013-жылдын 25-сентябрындагы № 35/14 «Аманаттарды (депозиттерди) тартпаган микрофинансылык уюмдарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2019-жылдын 14-августундагы № 2019-П-12/42-1-(НПА) «Террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү максатында коммерциялык банктарда ички контролдукту уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону, «Кыргыз Республикасында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобону бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына террористтик иш-аракетти каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү маселеси боюнча тиешелүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу»; 

- 2019-жылдын 1-ноябрындагы № 2019-П-33/55-2-(НФКУ) «Турак жай-сактык кредиттик компаниялардын ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү жөнүндө»; 

- 2020-жылдын 13-майындагы № 2020-П-12/27-1-(НПА) «Кардарларды аралыктан тейлөө режиминде идентификациялоо жана верификациялоо тартиби жөнүндө»; 

- 2020-жылдын 30-сентябрындагы № 2020-П-33/54-3-(НФКУ) «Микрофинансы уюмдарынын кардарларын аралыктан тейлөө режиминде идентификациялоо жана верификациялоо тартиби жөнүндө»; 

- 2020-жылдын 23-декабрындагы № 2020-П-33/73-12-(НФКУ) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлүнө алынган банк эмес финансы-кредит уюмдарына жана башка юридикалык жактарга карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2022-жылдын 18-майындагы № 2022-П-12/31-1-(БС) «Кыргыз Республикасында синдикатталган кредиттөөнү ишке ашыруу тартиби жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2022-жылдын 2-июнундагы № 2022-П-12/35-1-(НПА) «Банктын, турак жай-сактык кредиттик компаниясынын, депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компаниянын аманатчылар алдындагы милдеттенмелери жөнүндө маалымат базасын жүргүзүү боюнча нускоону бекитүү тууралуу»; 

- 2022-жылдын 14-декабрындагы № 2022-П-12/78-7-(НПА) «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу». 

 

2. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15 (он беш) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.  

 

3. Юридика башкармалыгы: 

- тиешелүү документтерди алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтына жарыяласын;  

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

 

4. Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгы токтом расмий жарыялангандан кийин 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен коммерциялык банктарды, «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин, «Микрофинансы уюмдарынын ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин, «Кредиттик союздардын жана кооперативдердин улуттук ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин, банк эмес жана адистештирилген финансы-кредит уюмдарын, кредиттик бюролорду, алмашуу бюролорун, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

 

5. Токтомдун аткарылышын контролдоо Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

Төраганын милдетин аткаруучу                                                                                                                                                                                                  К. Куленбеков 

 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 

2023-жылдын 8-декабрындагы  

№ 2023-П-12/76-1-(БС)  

токтомуна карата тиркеме 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр 

 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2003-жылдын 19-февралындагы № 4/2 «Кыргыз Республикасынын аймагында микрофинансылык уюмдарынын ишин жөнгө салуунун эрежелери жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында микрофинансылык уюмдарынын ишин жөнгө салуунун эрежелеринин: 

- 2.6-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2.6. МФК иш кагаздарын мамлекеттик тилде, ал эми зарыл болгон учурда расмий тилде жүргүзүүгө тийиш. Бардык ички документтерди, анын ичинде контрагенттер менен түзүлгөн келишимдерди, контракттарды, макулдашууларды мамлекеттик тилде, ал эми зарыл болгон учурда расмий тилде тариздетүү зарыл. Мында, контрагенттер менен мамлекеттик тилде жана расмий жана чет тилде бирдей юридикалык күчкө ээ болгон келишимдерди тариздетүүгө жол берилет. Келишимдерди чет тилде тариздетүүгө белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн мамлекеттик же расмий тилдеги котормосу болгон шартта гана жол берилет.»; 

- 7.9-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«7.9. МКК/МКА иш кагаздарын мамлекеттик тилде, ал эми зарыл болгон учурда расмий тилде жүргүзүүгө тийиш. Бардык ички документтерди, анын ичинде контрагенттер менен түзүлгөн келишимдерди, контракттарды, макулдашууларды мамлекеттик тилде, ал эми зарыл болгон учурда расмий тилде тариздетүү зарыл. Мында, контрагенттер менен мамлекеттик тилде жана расмий жана чет тилде бирдей юридикалык күчкө ээ болгон келишимдерди тариздетүүгө жол берилет. Келишимдерди чет тилде тариздетүүгө мамлекеттик же расмий тилдеги котормосу болгон шартта гана жол берилет.». 

 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 28-июнундагы № 19/4 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик актылары жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдарда тышкы аудитти жүргүзүүгө карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун: 

- 3.6-пунктунун бешинчи абзацындагы «Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө башкармалыгы» деген сөздөр «Борбордук аппаратка» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

- 3.11-пунктундагы «Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө башкармалыгына» деген сөздөр «Борбордук аппаратка» деген сөздөргө алмаштырылсын. 

 

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 10-июнундагы № 26/3 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын туунду же көз каранды компанияларды түзүү жана/же сатылып алуу эрежелерин бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын туунду же көз каранды компанияларды түзүү жана/же сатып алуу эрежелеринин: 

- 2.1-пункту: 

төмөнкү мазмундагы 16-пунктча менен толукталсын: 

«16) банктык кызмат көрсөтүүлөрдү ишке ашыруу үчүн финансылык технологияларды иштеп чыгуу боюнча кызматтарды көрсөтүү.»; 

- төмөнкү мазмундагы жыйырма үчүнчү абзац менен толукталсын: 

«Финансылык технологияларды иштеп чыгуу боюнча кызмат көрсөткөн туунду жана көз каранды компаниялар башка иштерди жүргүзүүгө укугу жок.». 

 

4. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 23-декабрындагы № 50/7 «Кредиттик союздардагы кредиттик тобокелдикти башкаруу боюнча минималдык талаптар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кредиттик союздарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун: 

- 5.2.1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«5.2.1. Кредиттик союз менен катышуучу ортосунда түзүлүүчү кредиттик келишим, ага карата бардык тиркемелер жана башка келишимдер/макулдашуулар мамлекеттик тилде, ал эми зарыл болгон учурда расмий тилде түзүлөт. Кредиттик келишимдин түп нускаларынын саны келишим түзгөн тараптардын санынан кем болбоого тийиш. Кредиттик союз Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, кредиттик келишимдин түп нускаларынын сакталышын камсыз кылуусу зарыл. 

Кредиттик келишимдин тексти карыз алуучу кабыл алууга түшүнүктүү жана жеткиликтүү болууга тийиш. Катышуучунун кредиттик келишимдин шарттарынан келип чыккан укуктары жана милдеттери кредиттик келишимдин өзүнчө бөлүгүндө чагылдырылууга тийиш. Кредиттик келишимдин бүтүндөй тексти жана ага карата бардык тиркемелери бирдей шрифтте жана ал кеминде 12 өлчөмдө берилүүгө тийиш (талап коюлган учурда көрүүсү начар кардар үчүн 16дан кем эмес). 

Көрүүсү же угуусу бузулган кардарды тейлөөдө кредиттик союз кардардын каалоосу боюнча кредиттик келишимдин жана кардар кол коюучу башка документтердин текстинин үн коштоосун/сурдокотормосун камсыз кылуусу зарыл. 

Бар болгон бузулуулардан улам өз алдынча кол коё албаган кардар, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын эске алуу менен кредиттик келишимде жана башка документтерде факсимилдик кол тамганы колдоно алат»; 

Жобого карата 1-тиркеменин: 

- 9-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«9. Мамлекеттик тилде жана зарыл болгон учурда расмий тилде түзүлгөн кредиттик келишим, ага карата тиркемелер, ошондой эле реструктуризациялоодо же пролонгациялоодо, талап кылуу укугун өткөрүп берүүдө катышуучу менен кошумча түзүлгөн макулдашуулар.». 

 

5. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 30-июнундагы № 52/4 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит уюмдарында кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун: 

- расмий тилдеги 12-пунктунун отузунчу абзацындагы «во внесудебном порядке» деген сөздөр алынып салынсын. 

- 39-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«39. Банк менен кардар ортосунда түзүлүүчү кредиттик келишим жана ага кошо тиркелүүчү банк кардарынын чыгашалар (төлөмдөр) тизмеги, ошондой эле банк менен кардар ортосунда макулдашуу боюнча түзүлүүчү башка макулдашуулар мамлекеттик тилде жана зарыл учурда расмий тилде (зарылдыгына жараша, келишимдин тексти башка тилге которулушу мүмкүн) түзүлөт. Бул макулдук кардардын кредиттик таржымалына көктөлөт/сакталат. Кредиттик келишимдин тексти карыз алуучу кабыл алууга түшүнүктүү жана жеткиликтүү болууга тийиш. Кредиттик келишимдин шарттарынан келип чыккан кардардын укуктары жана милдеттери өзүнчө бөлүктө чагылдырылууга тийиш. Кредиттик келишимде жана ага карата бардык тиркемелерде колдонулуучу шрифт бүтүндөй текст боюнча бирдей болууга тийиш. Шрифттин өлчөмү кеминде 12 менен берилүүгө тийиш (көрүүсү начар кардар үчүн 16 шрифтен кем эмес). 

Мында обочо туруп/аралыктан тейлөө каналы аркылуу Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген суммада берилүүчү кредиттер боюнча келишимдерге кол тамга келишим түзгөн тарапка таандык экендигин тастыктоого мүмкүндүк берген электрондук кол тамга коюу аркылуу кол коюлушу мүмкүн. 

Көрүүсү же угуусу бузулган кардарды тейлөөдө банк кардардын каалоосу боюнча кредиттик келишимдин жана кардар кол коюучу башка документтердин текстинин үн коштоосун/сурдокотормосун камсыз кылуусу зарыл. 

Бар болгон бузулуулардан улам өз алдынча кол коё албаган кардар, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын эске алуу менен кредиттик келишимде жана башка документтерде факсимилдик кол тамганы колдоно алат.»; 

- 41-пунктунун жетинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- кардардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык кандайдыр бир комиссиялык төлөмдөрдү, айыптык санкцияларды жана башка төлөмдөрдү албастан, кредитти (лизингди) каалаган убакта толугу менен же бөлүп төлөө аркылуу мөөнөтүнөн мурда төлөөгө укугу. Кошо жоопкерчиликтүү топтун катышуучусунун бири кредитти мөөнөтүнөн мурда төлөгөн шартта, банк кошо жоопкерчиликтүү топтун мүчөлөрүнүн кат жүзүндө макулдугун сурашы мүмкүн;»; 

- 54-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«54. Күрөө жөнүндө келишим мамлекеттик тилде жана зарыл болгон учурда расмий тилде түзүлөт. Мында күрөө келишиминин тексти карыз алуучу/күрөө коюучу кабыл алууга түшүнүктүү жана жеткиликтүү болууга тийиш.»; 

Жобого карата 1-тиркеменин: 

- 5-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«5. Кредиттик келишим мамлекеттик тилде жана зарыл болгон учурда расмий тилде.»; 

- 17-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«17. Күрөө жөнүндө келишим мамлекеттик тилде жана зарыл болгон учурда расмий тилде түзүлөт.»; 

Жобого карата 2-тиркеменин: 

- 3-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«3. Гарантиялык каттын түп нускасы мамлекеттик тилде жана зарыл болгон учурда расмий тилде таризделүүгө тийиш. Ошондой эле гарантиялык кат ушул пункттун биринчи сүйлөмүндө көрсөтүлгөн шарттар сакталган учурда, чет тилде да кошумча таризделиши мүмкүн.». 

 

6. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 12-сентябрындагы № 37/2 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары тарабынан баалуулуктарды сактоо үчүн банктык өздүк сейфтердин кардарларга берилиши боюнча нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

- расмий тилдеги 1-пунктундагы «депозитных» деген сөз «банковских» деген сөзгө алмаштырылсын; 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары тарабынан банктык жеке сейфтердин кардарларга баалуулуктарды сактоо үчүн берилиши боюнча нускоонун: 

- мамлекеттик тилдеги аталышы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары тарабынан баалуулуктарды сактоо үчүн банктык өздүк сейфтердин кардарларга берилиши боюнча нускоону бекитүү тууралуу»; 

- төмөнкү мазмундагы 5-1-пункту менен толукталсын: 

«5-1. Банкка ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген кардарларга сейф берүүдө алар менен өз ара иш алып баруу жана жардам көрсөтүү маселелерине өзгөчө көңүл буруу сунушталат, анын ичинде төмөнкүлөргө байланыштуу: 

- кардар менен баарлашууда этикет эрежелери; 

- банктын кызматкери жана кардар кызмат көрсөтүүнүн алкагында зарыл операцияларды ишке ашырган учурда кардарды коштоп жүрүү эрежелери; 

- кыйла ыңгайлуу тейлөө үчүн жеткиликтүү чараларды колдонуу; 

- эгерде кардар башка байланыш ыкмасын тандабаса, аны коштоп жүргөн адам менен эмес, кардар менен сүйлөшүү

- процессте стресс жаратуучу факторлорду азайтуу жана кардарларды тейлөө боюнча банктык жол-жоболорду толук (кеңири) түшүндүрүү.»; 

- 6-пунктундагы отуз экинчи абзацтан кийин төмөнкү мазмундагы отуз үчүнчү абзац менен толукталсын: 

«Көрүүсү же угуусу бузулган кардарды тейлөөдө банк кардардын каалоосу боюнча баалуулуктарды жеке банктык сейфте сактоо келишиминин жана кардар кол коюучу башка документтердин текстинин үн коштоосун/сурдокотормосун камсыз кылуусу зарыл. Бар болгон бузулуулардан улам өз алдынча кол коё албаган кардар, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын эске алуу менен баалуулуктарды банктык жеке сейфте сактоо келишимине келишимде жана башка документтерде факсимилдик кол тамганы колдоно алат.»;  

- 13-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«13. Сактоо келишими кеминде эки нускада мамлекеттик тилде жана зарыл болгон учурда расмий тилде түзүлөт. Сактоо келишиминин бир нускасы банкта калат, экинчиси кардарга берилет.». 

 

7. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 12-сентябрындагы № 37/3 «Кредиттик союздардын финансылык компаниясы» ААКсы ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кредиттик союздардын финансылык компаниясы» ААКсы ишин жөнгө салуу эрежелеринин: 

- 44-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«44. Экономикалык ченемдердин аткарылгандыгы тууралуу отчет республикалык маанидеги жалпыга маалымдоо каражаттарында ушул Эрежелерге карата 2-тиркемеде келтирилген форма боюнча мамлекеттик тилде жана зарыл болгон учурда расмий тилде жарыяланып турууга тийиш.». 

 

8. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 31-октябрындагы № 41/12 «Банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу боюнча нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

- мамлекеттик тилдеги 1-пунктунда «жөнүндө» деген сөз «боюнча» деген сөзгө алмаштырылсын; 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу жөнүндө нускоонун: 

- мамлекеттик тилдеги аталышы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу боюнча нускоо»; 

- 6-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«6. Банкка ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген кардарларга эсеп ачууда алар менен өз ара иш алып баруу жана жардам көрсөтүү маселелерине өзгөчө көңүл буруу сунушталат, анын ичинде төмөнкүлөргө байланыштуу: 

- кардар менен баарлашууда этикет эрежелери; 

- банктын кызматкери жана кардар кызмат көрсөтүүнүн алкагында зарыл операцияларды ишке ашырган учурда кардарды коштоп жүрүү эрежелери; 

- кыйла ыңгайлуу тейлөө үчүн жеткиликтүү чараларды колдонуу; 

- эгерде кардар башка байланыш ыкмасын тандабаса, аны коштоп жүргөн адам менен эмес, кардар менен сүйлөшүү

- процессте стресс жаратуучу факторлорду азайтуу жана кардарларды тейлөө боюнча банктык жол-жоболорду толук (кеңири) түшүндүрүү.»; 

- 15-пунктунун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«15. Эсептешүүүндөлүк) эсеби - бул, акча каражаттарын сактоо жана банктардан тышкары, юридикалык жактар тарабынан чыгарылган жана жеке ишкерлер тарабынан банктык төлөм карталарды колдонуу менен ишке ашырылган эсептешүүлөрдү (акчалай түшүүлөр, төлөөлөр, башка жеке адамдар же юридикалык жактар менен өз ара эсептешүүлөр, башка финансы-кредит уюмдарына которуулар) кошо алганда, күндөлүк эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн каралган эсеп.»; 

- 24-пунктунун биринчи абзацынан кийин төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: 

«Көрүүсү же угуусу бузулган кардарды тейлөөдө банк кардардын каалоосу боюнча банктык эсеп келишиминин жана кардар кол коюучу башка документтердин текстинин үн коштоосун/сурдокотормосун камсыз кылуусу зарыл.»; 

- 28-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«28. Ушул Нускоонун талаптарына ылайык банкка бериле турган документтин түп нускасы чет тилде аткарылган болсо, банкка документтердин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилине жана зарыл болгон учурда расмий тилине которулган, котормо мекемеси тарабынан күбөлөндүрүлгөн котормосу берилүүгө тийиш.»; 

- 37-пунктунун он экинчи абзацынын биринчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Келишим мамлекеттик тилде жана зарыл болгон учурда расмий тилде, тараптардын ар бири үчүн бирден, кеминде эки нускада жазуу жүзүндө же документ келишим түзгөн тарапка таандык экендигин ишенимдүү белгилөөгө мүмкүндүк берген электрондук кол тамга коюлган электрондук документ формасында түзүлүүгө тийиш.»; 

- 41-пунктунун 2-пунктчасы күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 43-пунктунун: 

1-пунктчасынын төртүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- мамлекеттик органдарды жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын кошпогондо, мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө маалымат: күнү, номери, каттоодон өткөргөн органдын аталышы, катталган жери;  

3-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«3) мамлекеттик органдарды жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын кошпогондо, юридикалык жактын Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде мамлекеттик каттоодон (кайра каттоодон) өткөндүгү жөнүндө күбөлүк. Эркин экономикалык аймакта (мындан ары - ЭЭА) катталган юридикалык жактар үчүн юридикалык жактын ЭЭАнын субъекти катары эсептик каттоодон өткөндүгүн тастыктаган күбөлүктү кошумча берүү зарыл. Резидент эместер үчүн: юридикалык жак түзүлгөн өлкөнүн соода реестринен фирманын юридикалык жак катары каттоодон өткөндүгү жөнүндө көчүрмө же чыккан өлкөнүн мыйзам талаптарына ылайык, кардардын юридикалык жак катары каттоодон өткөндүгүн тастыктаган башка документ;»; 

- мамлекеттик тилдеги 3-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«3) юридикалык жактын Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде мамлекеттик каттоодон (кайра каттоодон) өткөндүгү жөнүндө күбөлүк. Эркин экономикалык аймакта (мындан ары - ЭЭА) каттоодон өткөн юридикалык жактар үчүн юридикалык жактын ЭЭАнын субъекти катары каттоодон өткөндүгүн тастыктаган күбөлүктү кошумча берүү зарыл. Резидент эместер үчүн: юридикалык жак түзүлгөн өлкөнүн соода реестринен фирманын юридикалык жак катары каттоодон өткөндүгү жөнүндө көчүрмө же чыккан өлкөнүн мыйзам талаптарына ылайык, кардардын юридикалык жак катары каттоодон өткөндүгүн тастыктаган башка документ;». 

 

9. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 25-сентябрындагы № 35/14 «Аманаттарды (депозиттерди) тартпаган микрофинансылык уюмдарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Аманаттарды (депозиттерди) тартуу менен иш алып барбаган микрофинансылык уюмдарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун: 

- 22-пунктунун 2-пунктчасынын үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- мамлекеттик тилде жана зарыл болгон учурда расмий тилде, кредиттик продукттун толук наркы жөнүндө маалыматты кошо алганда, кредиттерди берүү шарттары жөнүндө;»; 

- 29-пунктунун: 

биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«29. МФУ менен кардардын ортосунда, анын ичинде электрондук формада түзүлүүчү, келишим түзгөн тарапка таандык экендигин тастыктоого мүмкүндүк берген электрондук кол тамга коюу аркылуу кол коюлган кредиттик келишим, ага карата бардык тиркемелер жана башка келишимдер/макулдашуулар мамлекеттик тилде жана зарыл болгон учурда расмий тилде түзүлөт.»; 

- төмөнкү мазмундагы бешинчи, алтынчы жана жетинчи абзацтар менен толукталсын: 

«Кредиттик келишимдин тексти карыз алуучу кабыл алууга түшүнүктүү жана жеткиликтүү болууга тийиш. Катышуучунун кредиттик келишимдин шарттарынан келип чыккан укуктары жана милдеттери кредиттик келишимдин өзүнчө бөлүгүндө чагылдырылууга тийиш. Кредиттик келишимдин бүтүндөй тексти жана ага карата бардык тиркемелери бирдей шрифтте жана ал кеминде 12 өлчөмдө берилүүгө тийиш (талап коюлган учурда көрүүсү начар кардар үчүн 16дан кем эмес). 

Көрүүсү же угуусу бузулган кардарды тейлөөдө МФУ кардардын каалоосу боюнча кредиттик келишимдин жана кардар кол коюучу башка документтердин текстинин үн коштоосун/сурдокотормосун камсыз кылуусу зарыл. 

Бар болгон бузулуулардан улам, өз алдынча кол коеё албаган кардар, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын эске алуу менен кредиттик келишимде жана башка документтерде факсимилдик кол тамганы колдоно алат.»; 

Жобого карата 1-тиркеменин: 

- 6-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«6. Мамлекеттик тилде жана зарыл болгон учурда расмий тилде түзүлгөн кредиттик келишим, ага карата тиркемелер, ошондой эле реструктуризациялоодо же пролонгациялоодо, талап кылуу укугун өткөрүп берүүдө кардар менен кошумча түзүлгөн макулдашуулар.»; 

- 14-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«14. Күрөө жөнүндө келишим/Кепилдик берүү келишими мамлекеттик тилде жана зарыл болгон учурда расмий тилде.». 

 

10. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 14-августундагы № 2019-П-12/42-1-(НПА) «Террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү максатында коммерциялык банктарда ички контролдукту уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону, «Кыргыз Республикасында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобону бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына террористтик иш-аракетти каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү маселеси боюнча тиешелүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобонун: 

Жобого карата 5-тиркеменин тогузунчу абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Чет тилде сунушталуучу документтер же алардын көчүрмөлөрү мамлекеттик тилге жана зарыл болгон учурда расмий тилге которулууга жана белгиленген тартипте күбөлөндүрүлүүгө тийиш.». 

 

11. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 1-ноябрындагы № 2019-П-33/55-2-(НФКУ) «Турак жай-сактык кредиттик компаниялардын ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Турак жай-сактык кредиттик компаниялардын ишин жөнгө салуу эрежелеринин: 

- 35-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«35. ТСКК менен катышуучу ортосунда түзүлүүчү кредиттик келишим, ага карата бардык тиркемелер жана башка келишимдер/макулдашуулар мамлекеттик тилде жана зарыл болгон учурда расмий тилде түзүлөт. Кредит боюнча келишимдин түп нускаларынын саны келишим түзгөн тараптардын санынан кем болбоого тийиш. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ТСКК кредиттик келишимге карата бардык документтердин түп нускаларынын сакталышын камсыз кылууга тийиш.»; 

- 36-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«36. Кредиттик келишимдин тексти катышуучу кабыл алууга жеткиликтүү жана түшүнүктүү болууга тийиш. Кардардын кредиттик келишимдин шарттарынан улам келип чыккан укуктары жана милдеттери кредиттик келишимдин өзүнчө бөлүгүндө чагылдырылууга тийиш. Кредиттик келишимдин бүтүндөй тексти жана ага карата бардык нын тиркемелери бирдей шрифтте жана ал кеминде 12 өлчөмдө берилүүгө тийиш (талап коюлган учурда көрүүсү начар кардар үчүн 16дан кем эмес). 

Көрүүсү же угуусу бузулган кардарды тейлөөдө ТСКК кардардын каалоосу боюнча кредиттик келишимдин жана кардар кол коюучу башка документтердин текстинин үн коштоосун/сурдокотормосун камсыз кылуусу зарыл. 

Бар болгон бузулуулардан улам, өз алдынча кол коеё албаган кардар, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын эске алуу менен кредиттик келишимде жана башка документтерде факсимилдик кол тамганы колдоно алат..»; 

- 44-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«44. ТСКК жана катышуучу ортосунда түзүлүүчү турак жай-сактык аманат (депозит) келишими, ага карата бардык тиркемелер жана башка келишимдер/макулдашуулар мамлекеттик тилде жана зарыл болгон учурда расмий тилде түзүлөт. Турак жай-сактык аманат (депозит) келишиминин түп нускаларынын саны келишим түзгөн тараптардын санынан кем болбоого тийиш. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ТСКК турак жай-сактык аманат (депозит) келишимине карата бардык документтердин түп нускаларынын сакталышын камсыз кылууга тийиш.»; 

- 45-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«45. Турак жай-сактык аманат (депозит) келишиминин тексти катышуучу кабыл алууга жеткиликтүү жана түшүнүктүү болууга тийиш. Кардардын турак жай-сактык аманат (депозит) келишиминин шарттарынан улам келип чыккан укуктары жана милдеттери анын өзүнчө бөлүгүндө чагылдырылууга тийиш. Турак жай-сактык аманат (депозит) келишиминин бүтүндөй тексти жана ага карата бардык тиркемелери бирдей шрифтте жана ал кеминде 12 өлчөмдө берилүүгө тийиш (талап коюлган учурда көрүүсү начар кардар үчүн 16дан кем эмес). 

Көрүүсү же угуусу бузулган кардарды тейлөөдө ТСКК кардардын каалоосу боюнча кардар колу коюучу турак жай-сактык аманат (депозит) келишиминин текстинин үн коштоосун/сурдокотормосун камсыз кылуусу зарыл. 

Бар болгон бузулуулардан улам өз алдынча кол коё албаган кардар, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын эске алуу менен турак жай-сактык аманат (депозит) келишимде факсимилдик кол тамганы колдоно алат.»; 

Жобого карата 2-тиркеменин: 

- 5-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«5. Кредиттик келишим мамлекеттик тилде жана зарыл болгон учурда расмий тилде түзүлүүгө тийиш.»; 

- 11-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«11. Күрөө жөнүндө келишим мамлекеттик тилде жана зарыл болгон учурда расмий тилде.». 

 

12. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 13-майындагы № 2020-П-12/27-1-(НПА) «Кардарларды аралыктан тейлөө режиминде идентификациялоо жана верификациялоо тартиби жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кардарларды аралыктан тейлөө режиминде идентификациялоо жана верификациялоо» тартиби: 

- төмөнкү мазмундагы 5-2-пункту менен толукталсын: 

«Бардык кардарлар үчүн, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн жеткиликтүүлүктү жана бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу максатында, банктын веб-сайты, мобилдик тиркемеси же атайын программалык камсыздоосу кардарлардын көрсөтүлгөн категориясын аралыктан идентификациялоого жана верификациялоого мүмкүндүк берүүчү функцияларга ээ болушу зарыл. 

Функциялар колдонуудагы мыйзам актыларына жана ченемдерге ылайык келүүгө тийиш, жогорку коопсуздук деңгээлине кепилдик берүүгө, ошондой эле идентификациялоо процесси ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген колдонуучулар үчүн жөнөкөй жана түшүнүктүү болушун камсыз кылууга тийиш. Банк колдонуучулар үчүн тиешелүү нускоолорду жана колдонмолорду берүүгө, ошондой эле көрсөтүлүүчү кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жана ыңгайлуулугун үзгүлтүксүз жакшыртуу максатында, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген кардарлар менен кайтарым байланыш түзүүнү эске алуу менен аралыктан идентификациялоо системасына дайыма мониторинг жүргүзүүгө жана аны жаңыртып турууга милдеттүү.». 

 

13. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 30-сентябрындагы № 2020-П-33/54-3-(НФКУ) «Микрофинансы уюмдарынын кардарларын аралыктан тейлөө режиминде идентификациялоо жана верификациялоо тартиби жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Микрофинансы уюмдарынын кардарларын аралыктан тейлөө режиминде идентификациялоо жана верификациялоо» тартиби: 

- төмөнкү мазмундагы 5-1-пункту менен толукталсын: 

«Бардык кардарлар үчүн, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн жеткиликтүүлүктү жана бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу максатында, МФУнун веб-сайты, мобилдик тиркемеси же атайын программалык камсыздоосу кардарлардын көрсөтүлгөн категориясын аралыктан идентификациялоого жана верификациялоого мүмкүндүк берүүчү функцияларга ээ болушу зарыл. 

Функциялар колдонуудагы мыйзам актыларына жана ченемдерге ылайык келүүгө тийиш, жогорку коопсуздук деңгээлине кепилдик берүүгө, ошондой эле идентификациялоо процесси ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген колдонуучулар үчүн жөнөкөй жана түшүнүктүү болушун камсыз кылууга тийиш. МФУ колдонуучулар үчүн тиешелүү нускоолорду жана колдонмолорду берүүгө, ошондой эле көрсөтүлүүчү кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жана ыңгайлуулугун үзгүлтүксүз жакшыртуу максатында, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген кардарлар менен кайтарым байланыш түзүүнү эске алуу менен аралыктан идентификациялоо системасына дайыма мониторинг жүргүзүүгө жана аны жаңыртып турууга милдеттүү.». 

 

14. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 23-декабрындагы № 2020-П-33/73-12-(НФКУ) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлүнө алынган банк эмес финансы-кредит уюмдарына жана башка юридикалык жактарга карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлүнө алынган банк эмес финансы-кредит уюмдарына жана башка юридикалык жактарга карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобонун: 

- 6-пунктунун 4-пунктчасындагы «талаптарды» деген сөздөн кийин «жана чектөөлөрдү» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 50-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«50. Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген экономикалык ченемдерди жана талаптарды бузууга жол бергендиги үчүн, ошондой эле банк эмес финансы-кредит уюмунун ишинде финансылык абалынын начарлоо тенденциясы байкалган шартта, бирок ошол эле учурда, банк эмес финансы-кредит уюму тарабынан Улуттук банктын минималдуу экономикалык ченемдери жана талаптары сакталган болсо, Улуттук банк банк эмес финансы-кредит уюмуна карата жаңы жана/же кыйла күчөтүлгөн экономикалык ченемдерди, талаптарды жана чектөөлөрдү белгилеши мүмкүн.»; 

- 56-пунктунун 2-пунктчасындагы «ченемдери,» деген сөздөн кийин «талаптары жана чектөөлөрү,» деген сөздөр менен толукталсын; 

Жобого карата 2-тиркеменин: 

- 2-бөлүктүн 2-пунктунун экинчи абзацындагы «талаптарынын» деген сөздөн кийин «жана чектөөлөрүнүн» деген сөздөр менен толукталсын. 

 

15. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 18-майындагы № 2022-П-12/31-1-(БС) «Кыргыз Республикасында синдикатталган кредиттөөнү ишке ашыруу тартиби жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасында синдикатталган кредиттөөнү ишке ашыруу тартиби жөнүндө» жобонун: 

- 11-пунктунун жыйырма алтынчы абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Катышуучулар түзүүчү синдикатталган кредит берүү жөнүндө макулдашуу, ошондой эле, мисалы банк жана эл аралык уюм тарабынан түзүлүүчү башка макулдашуулар мамлекеттик тилде жана зарыл учурда расмий тилде түзүлүүгө тийиш (зарылдыгына жараша макулдашуунун тексти башка тилге которулушу мүмкүн).»; 

- 19-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«19. Кредиттик келишим жана күрөө жөнүндө келишим мамлекеттик тилде жана зарыл учурда расмий тилде түзүлүшү мүмкүн. Ошол эле учурда, бул келишимдердин тексти карыз алуучу кабыл алууга түшүнүктүү жана жеткиликтүү болууга тийиш.  

Кредиттик таржымал уюштуруучу банкта түзүлөт жана сакталат. Кредиттик таржымалдын көчүрмөлөрү ар бир катышуучуда сакталышы мүмкүн.»; 

- 20-пунктунун он бешинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Банк (банктар) менен карыз алуучунун ортосунда түзүлүүчү кредиттик келишим, ошондой эле, мисалы банк (банктар) менен эл аралык уюм ортосунда түзүлүүчү башка макулдашуулар мамлекеттик тилде жана зарыл болгон учурда расмий тилде түзүлүүгө тийиш (зарылдыгына жараша келишимдин тексти башка тилге да которулушу мүмкүн).». 

 

16. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 2-июнундагы № 2022-П-12/35-1-(НПА) «Банктын, турак жай-сактык кредиттик компаниясынын, депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компаниянын аманатчылар алдындагы милдеттенмелери жөнүндө маалымат базасын жүргүзүү боюнча нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Банктын, турак жай-сактык кредиттик компаниясынын, депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компаниянын аманатчылар алдындагы милдеттенмелери жөнүндө маалымат базасын жүргүзүү боюнча нускоонун: 

- Нускоого карата 1-тиркеменин «Аманатчыга төлөнүүгө тийиш болгон, бирок аманатчынын жана банктын мөөнөтү өтүп кеткен утурлама талаптарынын өз ара чегеришүүсүнүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» мыйзамында белгиленген суммадан ашык эмес компенсациянын суммасы» деп аталган 26-тилкеде «200000» деген сан «1000000» деген санга алмаштырылсын. 

 

17. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 14-декабрындагы № 2022-П-12/78-7-(НПА) «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө» жобонун: 

- 7-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«7. Банк менен байланыштуу болбогон бир карыз алуучуга же байланыштуу карыз алуучулар тобуна карата тобокелдиктин максималдуу өлчөмүн эсептөө тартиби «Кредиттөөдөгү чектөөлөр жөнүндө» нускоого ылайык аныкталат.».