Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2023-жылдын 13-декабрындагы 

№ 2023-П-12/77-1-(НПА) 

токтому 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 12-августундагы  

№ 2020-П-12/45-3-(НПА) «Атайын жөнгө салуу режими жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»  

токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:  

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 12-августундагы № 2020-П-12/45-3-(НПА) «Атайын жөнгө салуу режими жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр киргизилсин (кошо тиркелет). 

 

2. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

 

3. Юридика башкармалыгы: 

- тиешелүү документтерди алгандан тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде токтомдун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтына жарыяланышын камсыз кылсын; 

расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн

 

4. Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгы 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен коммерциялык банктарды, «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин, «Микрофинансылык уюмдардын ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин, «Кыргызстан кредиттик союздарынын жана кооперативдеринин улуттук ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин, «KG төлөм системаларынын операторлору ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин, микрофинансылык компанияларды, микрокредиттик компанияларды, микрокредиттик агенттиктерди, кредиттик союздарды, кепилдик фондуларды, кредиттик бюролорду, «Кредиттик союздардын каржы компаниясы» ААКты, төлөм системаларынын операторлорун жана төлөм уюмдарын тааныштырсын. 

 

5. «Башкарманын катчылыгы» бөлүмү 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

 

6. Токтомдун аткарылышын контролдоо Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

Төрага                                                                                                                                                                                                                                                                                        К. Боконтаев  

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 

2023-жылдын 13-декабрындагы 

№ 2023-П-12/77-1-(НПА) 

токтомуна карата тиркеме  

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2020-жылдын 12-августундагы № 2020-П-12/45-3-(НПА) «Атайын жөнгө салуу  

режими жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна  

өзгөртүүлөр  

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 12-августундагы № 2020-П-12/45-3-(НПА) «Атайын жөнгө салуу режими жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Атайын жөнгө салуу режими жөнүндө» жобонун:  

- 1-пунктунун: 

үчүнчү абзацындагы «принципиалдуу» деген сөз алынып салынсын; 

төртүнчү абзацы күчүн жоготкон катары таанылсын. 

- 2-пункт төмөнкү редакциядагы абзац менен толукталсын: 

«- атаандаштыкты өнүктүрүү.»; 

-6-пункттун 10-абзацынан кийин төмөнкү редакциядагы абзац менен толукталсын: 

«Атайын жөнгө салуу режимин узартуу жөнүндө чечим кабыл алынган учурда техникалык тапшырманын мазмуну зарыл учурларда Арыз ээсинин (Кошо арыз ээсинин) тиешелүү арызынын негизинде Улуттук банктын Комитетинин чечими боюнча өзгөртүлүшү мүмкүн.» 

- 7-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«7. Атайын жөнгө салуу режимин түзүү жөнүндө билдирме (мындан ары - билдирме) Арыз ээси жана Кошо арыз ээси тарабынан Улуттук банкка берилет. 

Атайын жөнгө салуу режиминде операцияларды жүргүзүүдө жана кызматтарды көрсөтүүдө ушул сыяктуу операцияларды жана кызматтарды же колдонулуп жаткан технологияларды тесттен өткөрүү үчүн катышуучулардын Жобонун 14-1-пунктун эске алуу менен бир эле учурда катышуусуна жол берилет.»; 

- 8-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«8. Билдирменин курамына төмөнкүлөр кирет:  

- ушул Жобого карата 1-тиркеменин формасы боюнча даярдалган, Арыз ээсинин бланкында таризделген арыз ушул Жобого ылайык атайын жөнгө салуу режимин түзүү жөнүндө өтүнүч менен бирге берилет, анда арызга тиркелген документтердин тизмеги камтылууга, ошондой эле жетекчинин колу коюлууга жана Арыз ээси менен Кошо арыз ээсинин (эгер болсо) мөөрү менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш же болбосо Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык таризделген электрондук түрдө аналогу болууга тийиш;  

- ушул Жобого карата 2-тиркеменин формасы боюнча Арыз ээси жана Кошо Арыз ээси (эгер болсо) жөнүндө маалымат жана Кошо арыз ээсинин жазуу жүзүндөгү макулдугу;  

- ушул Жобого карата 3-тиркеменин формасы боюнча аны тестирлөө Арыз ээси тарабынан сунушталган операция, кызмат көрсөтүү/технология жөнүндө маалымат;  

- жарыяланган уставдык капиталдын суммасын көрсөтүү менен тиешелүү мамлекеттик органдардан тастыктама алуу үчүн реквизиттери менен Арыз ээсинин/Кошо арыз ээсинин (эгер болсо) уюштуруу документтеринин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү же электрондук формалары;  

- Арыз ээсинин акыркы отчеттук финансылык жыл үчүн тиешелүү түрдө күбөлөндүрүлгөн бухгалтердик/финансылык отчету;  

- лицензия үчүн төлөмдү тастыктаган документ. Лицензия үчүн мамлекеттик алымдын өлчөмү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталат; 

- лицензия алууга ишеним каттын түп нускасы; 

- эгерде Арыз ээси жана Кошо арыз ээси Улуттук банк тарабынан көзөмөлгө алынуучу юридикалык жак болуп эсептелбесе, Улуттук банк тарабынан атайын жөнгө салуу режиминин алкагында план чегинде/пландан тышкары жерлерде инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүүгө Арыз ээсинин жана Кошо арыз ээсинин жазуу жүзүндөгү макулдугу (1-1-тиркеме); 

- сунушталган операцияны жана кызмат көрсөтүүнү жүргүзүүдөн күтүлүүчү натыйжаларды болжолдуу экономикалык эсептөөлөр.  

Уюштуруу документтерин жана бухгалтердик/финансылык отчет берүү талабы Улуттук банктын көзөмөлүнө алынган Арыз ээси жана Кошо арыз ээси (эгер болсо) катары иш алып барган жактарга таркатылбайт.»; 

- 14-пунктунун бешинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сунушталган же пайдаланылган ушул сыяктуу банктык иш жүргүзүлгөн учурда;»; 

- төмөнкү редакциядагы 14-1-пункт менен толукталсын: 

«14-1. Атайын жөнгө салуу режиминин алкагында учурда башка субъект/субъекттер тарабынан сунушталып жаткан банктык операцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү тесттен өткөрүү үчүн атайын жөнгө салуу режимин түзүүгө арыздар төмөнкү маалыматтар кошо берилген учурда кабыл алынат: 

а) ушул сыяктуу операцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү учурда тесттен өткөрүп жаткан атайын жөнгө салуу режимдерге салыштырганда тесттен өткөрүү үчүн сунушталган операциянын жана кызмат көрсөтүүнүн факторлорун комплекстүү баалоо (SWOT-анализи). Факторлорду комплекстүү баалоо (SWOT-анализинин) компоненттерин минималдуу ачып көрсөтүү талап кылынат: 

- S күчтүү жактары, мында башка субъект (субъекттер) тарабынан атайын жөнгө салуу режиминин алкагында кошо тесттен өткөрүлүп жаткан операциялардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн артыкчылыктары чагылдырылат; 

- W чабал жактары, мында башка субъект (субъекттер) тарабынан атайын жөнгө салуу режиминин алкагында кошо тесттен өткөрүлүп жаткан операциялардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн кыйынчылыктары чагылдырылат; 

- О тышкы чөйрөнүн мүмкүнчүлүктөрү, мында банктык жана төлөм кызмат көрсөтүүлөр рыногуна инновациялык кызмат көрсөтүүлөрдү/технологияларды колдонууга киргизүүнүн натыйжасы чагылдырылат; 

- Т тышкы чөйрө коркунучтары, мында башка субъект (субъекттер) тарабынан атайын жөнгө салуу режиминин алкагында сунушталуучу операцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү кошо тесттен өткөрүүдө келип чыгышы мүмкүн болгон тобокелдиктер чагылдырылат. 

б) банктык жана төлөм кызмат көрсөтүүлөр рыногуна инновациялык кызмат көрсөтүүлөрдү/технологияларды колдонууга киргизүүгө өбөлгө түзүүчү Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын өркүндөтүү боюнча сунуштар.»; 

- 20-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«20. Атайын жөнгө салуу режиминин алкагында Комитет атайын жөнгө салуу режиминин катышуучусуна карата төмөнкү милдеттенмелерди белгилеши мүмкүн:  

- тесттен өткөрүлүүчү банктык операцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоого байланыштуу кошумча отчеттор;  

- Улуттук банктын өкүлдөрүнө мезгил-мезгили менен жер-жерлерде текшерүү иштерин, максаттуу текшерүү иштерин жүргүзүүгө жол берүү, ошондой эле Улуттук банктын көзөмөлүнө алынбаган катышуучуну кошо алганда, тесттен өткөрүлүп жаткан банктык операцияны жана кызмат көрсөтүүнү сунуштоого байланыштуу маалымат алуу үчүн атайын жөнгө салуу режиминин катышуучусунун маалымат системаларынан пайдалануу мүмкүнчүлүгүн берүү;  

- керектөөчүлөргө банктык операция жана кызмат көрсөтүү тесттик режимде сунушталып жаткандыгы жана Улуттук банк лицензияны колдонууну токтоткон жана катышуучуга маалымдаган учурдан тартып 1 (бир) жумуш күнү ичинде тест режими токтотулушу мүмкүндүгү жөнүндө билдирүү;  

- банктык операциялар жана кызмат көрсөтүүлөр боюнча бардык финансылык милдеттенмелердин ордун милдеттүү түрдө жабуу;  

- инновациялык банктык операцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо өзгөчөлүгүн эске алуу менен башка милдеттенмелер.»; 

- төмөнкү редакциядагы 22-1-пункт менен толукталсын: 

«22-1. Улуттук банк атайын жөнгө салуу режиминин алкагында, Улуттук банктын көзөмөлүнө алынбаган, атайын жөнгө салуу режиминин алкагында банктык операцияларды жүргүзүүгө лицензия алган жана ушул Жобонун 1-1-тиркемесине ылайык макулдук берген жакты кошо алганда, Улуттук банктын инспектордук текшерүүлөр боюнча ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте жана мөөнөттө план чегинде/пландан тышкары инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укуктуу.»; 

- 24-пунктунун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Тестирлөөнүн мөөнөтү узартылган учурда тестирлөөнү аяктоо күнүн кайрадан белгилөө менен Комитеттин кошумча чечими чыгарылат. Комитеттин тестирлөө мөөнөтүн узартуу жөнүндө кошумча чечими 1 (бир) гана жолу кабыл алынат жана 6 (алты) айдан ашпаган мөөнөткө гана узартылышы мүмкүн. Комитеттин чечиминде көрсөтүлгөн тестирлөө мөөнөтүн узартуу шарттары ушул Жобонун талаптарына ылайык келүүгө тийиш.»; 

- 34-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«34. Эгерде атайын жөнгө салуу режиминин катышуучусу, анын ичинде бир эле учурда тестирлөөнүн катышуучулары тестирлөөнүн натыйжасында аталган режимдин шарттарында көрсөтүлгөн сандык жана сапаттык критерийлерге жетишсе, ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмдүн корутундусунун негизинде Комитет тестирлөөнү ийгиликтүү катары тааныйт.»; 

- 35-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«35. Тестирлөө ийгиликсиз катары таанылган учурда, атайын жөнгө салуу режиминин катышуучусуна, анын ичинде бир эле учурда тестирлөөнүн катышуучуларына аталган режимдин алкагында тестирлөөдөн өткөн инновациялык банктык операцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү андан ары сунуштоого тыюу салынат. Атайын жөнгө салуу режимине катышууга лицензияны колдонуу токтотулат.»; 

- төмөнкү редакциядагы 35-1 жана 35-2-пункттар менен толукталсын: 

«35-1. Лицензияны колдонуу токтотулган учурда катышуучу, анын ичинде бир эле учурда тестирлөөнүн катышуучулары төмөнкүлөргө милдеттүү

1) 1 (бир) жумуш күнү ичинде товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөрдүн катышуучуларына/пайдалануучуларына атайын жөнгө салуу режиминин алкагында операцияларды/кызматтарды көрсөтүү токтотулгандыгы жөнүндө билдирүүгө

2) Комитет белгилеген мөөнөттө катышуучулар/керектөөчүлөр жана товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөр (үчүнчү жактар) алдында төлөмдөрдү/милдеттенмелерди аткарууну аягына чыгарууга жана лицензиялануучу иштин түрүн дароо токтотууга; 

3) лицензияны колдонуу токтотулгандыгы жөнүндө билдирүүнү алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде лицензияны Улуттук банкка өткөрүп берүүгө

Улуттук банк лицензияны колдонуу токтотулгандыгы тууралуу маалыматты Улуттук банктын расмий сайтына жарыялайт. 

35-2. Катышуучу тиешелүү лицензияны Улуттук банкка тапшырганга чейин катышуучулар/керектөөчүлөр жана товарларды/кызматтарды көрсөтүүчүлөр (үчүнчү жактар) алдында келишимдин/келишимдердин шарттарын аткарууга, төлөмдөрдү төлөп берүүгө жана финансылык милдеттенмелерди аткарууга, ошондой эле лицензиялануучу иштин түрүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык токтотууга. 

Улуттук банкка лицензияны өткөрүп берүүдө катышуучу үчүнчү жактар алдында эсептешүүлөр аяктагандыгы жөнүндө салыштыруу актыларынын көчүрмөлөрүн, тиешелүү кызматтарды көрсөтүү үчүн башка катышуучулар менен өз ара эсептешүүлөр аяктагандыгын тастыктаган документтердин көчүрмөлөрүн кагаз түрүндө берүүгө тийиш.»; 

- 36-пунктунун үчүнчү сүйлөмүндө «шарттарында» деген сөз «шарттарында/чектөөлөрүндө» дегенге алмаштырылсын; 

- 38-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«38. Атайын жөнгө салуу режимдеринин реестринде аталган режимдин катышуучулары тууралуу төмөнкү маалымат камтылат:  

- атайын жөнгө салуу режиминин катышуучусунун/катышуучуларынын аталышы;  

- атайын жөнгө салуу режиминин алкагында лицензия берилген, жүзөгө ашырылып жаткан банк операцияларынын тизмеги; 

- атайын жөнгө салуу режиминин катышуучусунун каттоо номери жана лицензиясынын реквизиттери;  

- атайын жөнгө салуу режиминин катышуучусунун/катышуучуларынын интернет-сайты (эгер болсо) жана аны менен байланышуу үчүн маалыматтар (анын ичинде электрондук дареги);  

- атайын жөнгө салуу режими бекитилген күн;  

- атайын жөнгө салуу режиминде көрсөтүлгөн тестирлөө башталган күнү;  

- атайын жөнгө салуу режиминде көрсөтүлгөн тестирлөө аяктаган күн (ошондой эле тестирлөө узартылган учурда, тестирлөө мезгили узартылган мөөнөт көрсөтүлөт).»; 

- төмөнкү редакциядагы 1-1-тиркеме менен толукталсын: 

 

«Атайын жөнгө салуу режими 

жөнүндө» жобого карата 

1-1-тиркеме  

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банкы  

_________________ (кимден) 

№________________________ 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан атайын жөнгө салуу 

режиминин алкагында план чегинде/пландан тышкары жерлерде инспектордук  

текшерүүлөрдү жүргүзүүгө  

ЖАЗУУ ЖҮЗҮНДӨ МАКУЛДУГУ 

 

 

_______________________ (юридикалык жактын аталышы) атынан иш алып барган, ___________________ жетекчиси (башкарманын төрагасы) болуп саналган, _______________ уставынын же жетекчиликтин (башкарманын/директорлор кеңешинин) чечиминин негизинде ыйгарым укук берилген ________________ (аты-жөнү, паспортунун №, ким тарабынан берилген), Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында атайын жөнгө салуу режимин түзүү жөнүндө арыздын алкагында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан атайын жөнгө салуу режиминин алкагында план чегинде/пландан тышкары жерлерде инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүүгө жана Улуттук банктын талабы боюнча документтерди жана маалыматтарды белгиленген мөөнөттө берүүгө макулдугун билдирет. 

 

Аты-жөнү 

Уюмдун жетекчисинин кол тамгасы жана мөөрү  

20___-ж. «_____» ______________________».