Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2023-жылдын 13-декабрындагы 

№ 2023-П-33/77-2-(НФКУ) 

токтому 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2021-жылдын 22-декабрындагы № 2021-П-33/72-12-(НФКУ) «Микрокаржылоо секторун 

2022-2025-жылдары өнүктүрүүнүн негизги багыттарын бекитүү жөнүндө» токтомуна 

өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «2021-жылдын 22-декабрындагы № 2021-П-33/72-12-(НФКУ) «Микрокаржылоо секторун 2022-2025-жылдары өнүктүрүүнүн негизги багыттарын бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөр киргизилсин (кошо тиркелет). 

2. Юридика башкармалыгы:  

- токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтына жарыяласын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

3. Токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет. 

4. Банк эмес уюмдарды көзөмөлдөө башкармалыгы ушул токтом менен банк эмес жана адистештирилген финансы-кредит уюмдарын, «Микрофинансы уюмдарынын ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин, «Кыргызстандын кредиттик союздарынын жана кооперативдеринин улуттук ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин, «Кредиттик союздардын каржы компаниясы» ААКты тааныштырсын. 

5. «Башкарманын катчылыгы» бөлүмү 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

6. Токтомдун аткарылышын контролдоо Банк эмес уюмдарды көзөмөлдөө башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

Төрага                                                                                                                                                                                                                                                     К. Боконтаев 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2023-жылдын 13-декабрындагы 

№ 2023-П-33/77-2-(НФКУ) 

токтомуна карата тиркеме  

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2021-жылдын 22-декабрындагы № 2021-П-33/72-12-(НФКУ)  

«Микрокаржылоо секторун 2022-2025-жылдары өнүктүрүүнүн негизги багыттарын бекитүү жөнүндө» 

токтомуна өзгөртүүлөр 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 22-декабрындагы № 2021-П-33/72-12-(НФКУ) «Микрокаржылоо секторун 2022-2025-жылдары өнүктүрүүнүн негизги багыттарын бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында микрокаржылоо секторун 2022-2025-жылдары өнүктүрүүнүн негизги багыттарынын:  

 

- 1-главасынын алтынчы абзацында: 

а) 5-пунктунда «өзүн-өзү жөнгө салуучу уюмдарды жана» деген сөздөр алып салынсын; 

б) 6-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«6) микрофинансылык кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн финансылык сабаттуулугун жогорулатуу, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга финансылык кызматтарды көрсөтүүдө банктык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу;»;  

в) төмөнкү мазмундагы 7-пункт менен толукталсын: 

«7) ишкер аялдардын финансылык ресурстарды пайдалануу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү.»; 

 

- 3-главасынын 3.2.-параграфынын 1-пунктунун сегизинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Кыргыз Республикасынын микрокаржылоо секторунда ислам банк иши жана каржылоо принциптерин андан ары өнүктүрүү үчүн мыкты эл аралык тажрыйбаны изилдөө жана ишке киргизүү, аларды өркүндөтүү максатында колдонуудагы ченемдик укуктук актыларды талдоо, ошондой эле каржылоонун ислам принциптери боюнча операцияларды натыйжалуу колдонуу үчүн талдоо жүргүзүү жана иликтөө иштерин улантуу зарыл. Аткарылган иштердин алкагында борбордук Шариат кеңеши институтун түзүүнүн шарттарын да изилдөө зарыл.»; 

 

- 3-главасынын 3.2.-параграфынын 2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2. Микрокаржылоо секторун бекемдөө жана өркүндөтүү үчүн шарттарды түзүү 

Микрокаржылоо секторун андан ары акырындап өнүктүрүү жана потенциалын күчөтүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүнүн маанилүү шарты болуп, капиталы азыраак БФКУнун ресурстук базасын камсыз кылууга байланыштуу маселелерди чечүү башкы шарт болуп эсептелет. Бул максатта апекс институттарын ишке киргизүү үчүн шарттарды түзүү сунушталууда. Эл аралык практикада апекс институттары уюмдардан каражаттарды тартуу жана ФКУга дүң кредиттерди берүү түрүндөгү негизги функцияларды аткаруудан тышкары, валюта тобокелдиктерин хеджирлөөнү жүзөгө ашырып, консультациялык жана техникалык жардам көрсөтөт ж.б.»; 

- 3-главанын 3.2-параграфынын 3-пунктунда: а) биринчи, тогузунчу, он экинчи абзацтар күчүн жоготту деп таанылсын; 

б) төмөнкүдөй мазмундагы он бешинчи абзац менен толукталсын: 

«Микрофинансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү үчүн шарттарды түзүү максатында, микрокаржылоо сектору тарабынан берилген кредиттер боюнча пайыздык чендерди төмөндөтүүгө өбөлгө түзүү сунушталууда.»; 

 

- 3-главасынын 3.2-параграфынын 4-пункту төмөнкү мазмундагы алтынчы жана жетинчи абзацтар менен толукталсын: 

«Майыптыгы бар адамдарды жана калктын башка аз мобилдүү топторун колдоо максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы №69 токтому менен 2022-2030-жылдарга Кыргыз Республикасындагы майыптыгы бар адамдар жана калктын башка аз мобилдүү топтору үчүн «Жеткиликтүү өлкө» мамлекеттик программасы бекитилген. 

Ушуга байланыштуу, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укугун жана кызыкчылыгын коргоону күчөтүү, ошондой эле аларга колдоо көрсөтүү максатында, имараттарга жана жайларга кирүүсү жана микрофинансылык кызматтардан тоскоолдуксуз пайдалануусу үчүн шарттарды түзүү, персоналды майыптыгы бар адамдар менен өз ара иш алып барууда этика нормаларын сактоо боюнча окутуу, тиешелүү маалыматты пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу жолу менен микрофинансылык кызмат көрсөтүүнү ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын муктаждыктарына ыңгайлаштыруу боюнча иш-чараларды жүргүзүү зарыл.»; 

 

- 3-главанын 3.2-параграфы төмөнкү мазмундагы 5-пункт менен толукталсын: 

«5. Аялдардын ишкердигине өбөлгө түзүү жана колдоо 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-ноябрындагы №270 токтому менен «2022-2026-жылдарга Кыргыз Республикасында аялдар ишкердигин колдоо жана өнүктүрүү боюнча программа» бекитилген.  

Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасында аялдардын ишкердигин колдоо үчүн көптөгөн долбоорлор жана демилгелер ишке ашырылууда. Эл аралык финансы корпорациясы (IFC), Дүйнөлүк Банк тобунун мүчөсү тарабынан Кыргыз Республикасындагы ишкер аялдарды колдоо жана жеткиликтүү турак-жай менен камсыз кылуу үчүн 15 миллион АКШ доллары өлчөмүндөгү инвестиция бөлүнгөн.  

USAID «Агросоода» долбоорунун колдоосу менен «Аялдар арасындагы ишкердүүлүктү өнүктүрүү фонду» коомдук бирикмеси тарабынан «Агро Айым Агро Жаштар» долбоорунун алкагында, айыл чарбасында бизнес менен алектенип жаткан аялдардын жана жаш ишкерлердин ишкердик жана санариптик сабаттуулук боюнча потенциалын жана көндүмдөрүн бекемдөө максатында, «Мастерская Навыков» иш-чарасы уюштурулган.  

Аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу жана алардын экономикага толук катышуусуна дем берүү максатында, финансылык кызматтардын ыңгайлуулугун жогорулатуу жана ишкер аялдар үчүн финансылык ресурстардын жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү зарыл. Бул иш-чара тиешелүү финансылык продуктуларды түзүүнү жана ишкердикти жүргүзүү маселелери боюнча консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү өзүнө камтыйт.». 

 

- 4-глава төмөнкү мазмундагы он үчүнчү жана он төртүнчү абзацтар менен толукталсын: 

«- микрофинансылык кызмат көрсөтүүлөрдү ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын керектөөсүнө ылайыкташтыруу; 

- аялдардын ишкердигине өбөлгө түзүү жана колдоо.». 

 

- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 22-декабрындагы № 2021-П-33/72-12-(НФКУ) токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын микрокаржылоо секторун 2022-2025-жылдары өнүктүрүүнүн негизги багыттарына 1-тиркеме төмөнкү редакцияда берилсин: 

 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2021-жылдын «___» __________  

№_____________________ токтому 

менен бекитилген Кыргыз  

Республикасында микрокаржылоо 

секторун 2022-2025-жылдары 

өнүктүрүүнүн негизги багыттарына  

карата  

1-тиркеме 

  

Кыргыз Республикасында микрокаржылоо секторун 2022-2025-жылдары өнүктүрүүнүн   

негизги багыттарын жүзөгө ашыруу боюнча  

ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ  

 

№ п/п 

Тапшырма 

Иш-чара/иш-аракет 

Күтүлүүчү натыйжалар 

Ишке ашыруу мөөнөттөрү 

Жооптуу аткаруучулар 

 

1. Микрокаржылоо секторун бекемдөө жана өркүндөтүү үчүн шарттарды түзүү 

1.1. 

Апекс институтун (мындан ары - АИ) ишке киргизүү үчүн шарттарды түзүү

1)АИ концепциясын даярдоо;  

2) АИни түзүү жана ишке ашыруу үчүн мыйзамдык жана ченемдик укуктук базаны иштеп чыгуу. 

-Ресурстарды бириктирүү аркылуу МФУнун потенциалын жогорулатуу; 

-МФУда процесстерди жана кардарлар менен иштөөнү жакшыртуу; 

-Каржылоонун жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу. 

2022-2025-ж.ж. 

«Микрофинансы уюмдарынын ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмеси (мындан ары МФУА). 

1.2. 

Эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен кредиттик союздар (мындан ары КС) жана адистештирилген финансы-кредит уюмдары (мындан ары АФКУ) жаатындагы мыйзамдарды жана жөнгө салуу жана көзөмөлдөө системасын өркүндөтүү

1) Мыйзамдарды инвентаризациялоо жана эл аралык тажрыйбаны үйрөнүү

2) Сектор тарабынан сунуштарды даярдоо;  

3) КС системасынын андан ары талаптагыдай жана туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу үчүн мыйзамдарга жана ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду иштеп чыгуу; 

4) КС системасын мындан ары сапаттуу жана туруктуу өнүктүрүүнү камсыз кылуу үчүн Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду иштеп чыгуу. 

-Мыкты эл аралык тажрыйбаларды үйрөнүү жана мыйзамдарды жана жөнгө салууну өркүндөтүү боюнча концепцияны даярдоо; 

-Региондорду өнүктүрүү, инвестициялык нукка жыйымдарды мобилизациялоо үчүн кредиттик кооперациянын потенциалын натыйжалуу пайдалануу; 

- КС системасынын туруктуу иш алып баруусу; 

- КС инфраструктура системасын түзүү (ИКТ, аудит, камсыздандыруу). 

2022-2025-ж.ж. 

1) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары Улуттук банк), «Кыргызстандын кредиттик союздарынын жана кооперативдеринин улуттук ассоциациясы» юридикалык жактардын бирикмеси (мындан ары ККСКА); 

2-3) КС, ККСКА, АФКУ; 

4) Улуттук банк, АФКУ, КС. 

1.3. 

Банк эмес финансы-кредит уюмдарынын (мындан ары БФКУ) 

капиталына карата талаптарды өркүндөтүү

1) БФКУлардын уставдык капиталын көбөйтүү боюнча сунуштарды изилдөө, талдоо жана даярдоо; 

2) Эки деңгээлдүү капиталга бөлүү боюнча сунуштарды изилдөө, талдоо жүргүзүү жана даярдоо;  

3) Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду иштеп чыгуу. 

- Банк эмес секторунун туруктуулугун жогорулатуу; 

- Микрокредиттин минималдуу өлчөмүн көбөйтүү, ал ошондой эле БФКУлардын уставдык капиталынын минималдуу өлчөмүнө байланышкан. 

1) 2022-2025-ж.ж. 

2) 2024-ж. 

3) 2025-ж. 

Улуттук банк. 

 

2. Санариптештирүүнү өнүктүрүү 

2.1. 

БФКУда банк операцияларын санариптештирүү

Улуттук банктын учурдагы ченемдик укуктук актыларын өркүндөтүү боюнча сунуштарды даярдоо. 

Санариптик сатуу каналдарын өркүндөтүүнүн эсебинен калктын каржылоодон пайдалануу мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу. 

2022-2025-ж.ж. 

МФУА, Улуттук банк. 

 

3. «Жашыл каржылоону» өнүктүрүү 

3.1. 

Туруктуу каржылоону өнүктүрүү (жашыл каржылоо). 

1) Изилдөө, талдоо жана сунуштарды даярдоо; 

2) БФКУда жашыл каржылоонун принциптерин өнүктүрүү

3) Микрокаржылоо секторуна туруктуу каржылоону практикалык түрдө киргизүү

- Финансы секторунун ишинин ESG принциптерине шайкештиги;  

- Туруктуу каржылоо механизмин киргизүү

- Милдеттенмелерди жүзөгө ашырууга көмөктөшүү үчүн глобалдык климаттык фонддордон Кыргыз Республикасынын БФКУ жашыл каржылоо боюнча жашыл инвестицияларды тартуу мүмкүнчүлүгүн алуусу;  

- Гүлдөп-өнүгүүнүн өбөлгөсү болгон экологиялык абалды жакшыртууга көмөктөшүү

1) 2022-2025-ж.ж. 

2-3) 2024-2025-ж.ж. 

1-2) МФУА, ККСКА, БФКУ. 

 

4. Микрокаржылоо секторун анын туруктуулугун жана натыйжалуулугун камсыз кылуу үчүн институционалдык өнүктүрүү, алар көрсөткөн кызматтардын спектрин кеңейтүү, ошондой эле алардын баа жана географиялык жактан жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу 

4.1. 

Микрокамсыздандыруу боюнча агенттик кызматтарды көрсөтүү боюнча мүмкүнчүлүктөрдү кароо.  

1)Микрокамсыздандыруу кызмат көрсөтүүлөрүнө суроо-талапты жана сунушту изилдөө;  

2)Камсыздандыруу компаниясынын агенти катары иш алып барууга БФКУга уруксат берүү үчүн укуктук тоскоолдуктарга баа берүү жана ченемдик укуктук актыларга сунуштарды иштеп чыгуу;  

3)БФКУга микрокамсыздандыруу боюнча кызматтарды сунуштоого мүмкүндүк берген мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү

- БФКУнун ишин диверсификациялоо, алардын ишинде орун алган тобокелдиктерди азайтуу; 

- Финансылык мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү.  

1) 2022-2025-ж.ж. 

2) 2024-ж. 

3) 2025-ж. 

МФУА, Улуттук банк. 

4.2. 

Башка БФКУга кыска мөөнөттүү зайымдарды берүү мүмкүнчүлүктөрүн кароо (капиталына жараша). 

1) Талдоо жана сунуштарды даярдоо; 

2) Ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү

- БФКУга башка БФКУдан зайым алуу мүмкүнчүлүгүн берүү

- Ликвиддүүлүктү пайдалануу мүмкүнчүлүгү

1) 2022-2024-ж.ж. 

2) 2025-ж. 

1) МФУА; 

2) Улуттук банк. 

4.3. 

Микрокаржылоо сектору тарабынан берилген кредиттер боюнча пайыздык чендерди төмөндөтүү үчүн шарттарды түзүү

Микрокаржылоо сектору тарабынан берилген кредиттер боюнча пайыздык чендерди төмөндөтүү боюнча сунуштарды даярдоо жана талдоо жүргүзүү

Микрокаржылоо сектору тарабынан берилген кредиттер боюнча пайыздык чендерди төмөндөтүүгө өбөлгө түзүү

2024-2025-ж.ж. 

Улуттук банк, МФУА, ККСКА, БФКУ. 

 

5. Микрофинансылык кызматтарды керектөөчүлөрдүн укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо 

5.1.  

БФКУнун социалдык миссиясын маалыматтык коштоп жүрүү

БФКУнун өлкөнүн социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүнө тийгизген таасири жөнүндө жылдык отчет. 

БФКУнун маалыматтык аброюн жакшыртуу. 

2022-2025-ж.ж. 

МФУА. 

5.2. 

Финансылык ортомчунун схемасын (мындан ары Финансылык ортомчу кызматы) киргизүү үчүн шарттарды түзүү

1)Эл аралык тажрыйбаны үйрөнүү жана Финансылык ортомчу кызматынын моделин макулдашуу (укуктук статусун, мамлекеттик жана башка органдар менен иштөө, түзүү жана өз ара аракеттенүү тартибин, түзүмүн жана ыйгарым укуктарын); 

2) Финансылык ортомчу кызматынын ишин киргизүү жана уюштуруу үчүн ченемдик укуктук базаны иштеп чыгуу. 

Улуттук банк тарабынан банктык кызмат көрсөтүүчүлөр менен бул кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн ортосундагы талаш-тартыштарды соттон тышкары жөнгө салуу органы катары Финансылык ортомчу кызматын түзүү

1) 2022-2024-ж.ж. 

2) 2025-ж. 

Улуттук банк, МФУА. 

5.3.  

Кардарлардын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу. 

Кардарлардын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу чаралары боюнча БФКУ арасында жыл сайын сынак өткөрүү

- БФКУнун маалыматтык аброюн жакшыртуу; 

- БФКУга калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча активдүү иш-аракеттерге дем берүү

2022-2025-ж.ж. 

МФУА. 

5.4. 

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга финансылык кызматтарды көрсөтүүдө банктык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу. 

1) Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү

2) персоналды ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар менен өз ара аракеттенүү боюнча окутуу жана алар менен иштөөдө этикалык ченемдерди сактоо; 

3) Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын банктык кызмат көрсөтүүлөр жана аларды пайдаланууда келип чыгуучу тобокелдиктер жөнүндө маалыматты пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу; 

4) ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды алардын өзгөчө муктаждыктарын эске алуу менен талаптагыдай тейлөөнү уюштуруу. 

- Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктарын коргоону күчөтүү жана сактоону камсыз кылуу үчүн Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын өркүндөтүү жана актуалдаштыруу; 

- Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын банктык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалыматты пайдалануусу үчүн шарттарды түзүү

- Микрофинансылык кызмат көрсөтүүлөрдү ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын керектөөлөрүнө ылайыкташтыруу. 

2024-2025-ж.ж. 

1)Улуттук банк; 

2)-4) МФУА, ККСКА, БФКУ.  

5.5. 

БФКУнун кардарларды тейлөө стандарттарын унификациялоо. 

БФКУ этика кодексин иштеп чыгуу жана кабыл алуу. 

БФКУнун кардарларды тейлөөнүн бирдиктүү стандарттарын колдонуу. 

2024-2025-ж.ж. 

МФУА, ККСКА, БФКУ. 

6. Аялдардын ишкердигине өбөлгө түзүү жана колдоо 

6.1. 

Финансылык ресурстардын ишкер аялдарга жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу. 

Ишкер аялдар үчүн тиешелүү финансылык продуктуларды жана ишкердик маселелери боюнча консультациялык кызматтарды түзүү

- Ишкер аялдардын каржылоо үлүшүн көбөйтүү

- аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу жана алардын экономикага толук катышуусуна өбөлгө түзүү

2024-2025-ж.ж. 

МФУА, ККСКА, БФКУ.