Кайта келүү

  

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2023-жылдын 20-декабрындагы 

№ 2023-П-10/80-7-(НПА) токтому 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2023-жылдын 19-июлундагы № 2023-П-10/43-5-(НПА)  

«Регулятивдик банктык отчет жөнүндө»  

жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө  

  

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 9, 40 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

  

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2023-жылдын 19-июлундагы № 2023-П-10/43-5-(НПА) «Регулятивдик банктык отчет жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин: 

- 2-пунктундагы «2024-жылдын 1-январынан тартып» деген сөздөр жана сандар «2024-жылдын 1-апрелинен тартып» деген сөздөргө жана сандарга алмаштырылсын. 

2. Токтом расмий жарыялангандан 7 (жети) жумуш күнү өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

3. Юридика башкармалыгы:  

- тиешелүү документтерди алган күндөн тартып 1 (бир) жумуш күнү ичинде ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет сайтына жарыяласын; 

- расмий жарыяланган күнү токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

4. Финансы статистикасы жана маалымдоо башкармалыгы токтом расмий жарыялангандан кийин 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарын жана «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин тааныштырсын. 

5. Токтомдун аткарылышын контролдоо Финансы статистикасы жана маалымдоо башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

   

                        Төрага                                                                                                                                                                                                                                                К. Боконтаев