Кайта келүү

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2023-жылдын 27-декабрындагы 

№2023-П-14/82-8-(ПС) токтому 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2013-жылдын 27-мартындагы № 9/10 «Кыргыз Республикасынын 

коммерциялык банктарында жана банктык эмес финансы-кредит уюмдарында 

кассалык операцияларды ишке ашыруу боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» 

жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 27-мартындагы № 9/10 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында жана банктык эмес финансы-кредит уюмдарында кассалык операцияларды ишке ашыруу боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) киргизилсин. 

 

2. Юридика башкармалыгы:  

- тиешелүү документтер алынган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтына жарыяласын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

 

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясынын негизинде иштеп жаткан коммерциялык банктар, төлөм уюмдары жана алардын агенттери ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып 6 (алты) айдан кечиктирилбеген мөөнөттө төлөм терминалдарын жана банкоматтарын улуттук валютанын жүгүртүүдөгү банкнотторун кабыл алууга ыңгайлаштырсын. 

 

4. Тиешелүү лицензияларды алуу процессинде турган коммерциялык банктар жана төлөм уюмдары төлөм терминалдарын жана банкоматтарын улуттук валютанын жүгүртүүдөгү банкнотторун кабыл алууну камсыз кылууга милдеттүү

 

5. Төлөм системалары башкармалыгы токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан лицензияланган жана жөнгө салынган коммерциялык банктарды, банк эмес финансы-кредит уюмдарын жана төлөм уюмдарын тааныштырсын.  

 

6. «Башкарманын катчылыгы» бөлүмү 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

 

7. Токтом расмий жарыялангандан 15 (он беш) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.  

 

8. Токтомдун аткарылышын контролдоо Төлөм системалары башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

Төраганын милдетин аткаруучу                                                                                                                                                                                                                     К. Куленбеков 

 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2023-жылдын «27» декабрындагы 

№2023-П-14/82-8-(ПС)  

токтомуна карата тиркеме 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2013-жылдын 27-мартындагы № 9/10 «Кыргыз Республикасынын  

коммерциялык банктарында жана банктык эмес финансы-кредит уюмдарында кассалык операцияларды ишке ашыруу боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 27-мартындагы № 9/10 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында жана банктык эмес финансы-кредит уюмдарында кассалык операцияларды ишке ашыруу боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында жана банктык эмес финансы-кредит уюмдарында кассалык операциялардын аткарылышы боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобо: 

- төмөнкү мазмундагы 53-1-пункт менен толукталсын: 

«53-1. ФКУ, алардын агенттерин кошо алганда, Улуттук банк жаңы банкнотторду жүгүртүүгө чыгаруу жөнүндө жарыялаган күндөн тартып 6 (алты) айдан кечиктирилбеген мөөнөттө төлөм терминалдарын жана банкоматтарын жүгүртүүгө киргизилген жаңы банкнотторду кабыл алууга ыңгайлаштырууга милдеттүү.».