Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2023-жылдын 27-декабрындагы 

№2023-П-12/82-7-(НПА) токтому 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө  

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) киргизилсин: 

- 2012-жылдын 31-октябрындагы № 41/12 «Банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу боюнча нускоону бекитүү тууралуу»

- 2019-жылдын 13-июнундагы № 2019-П-12/31-2-(НПА) «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык ачылган банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу жөнүндө нускоону бекитүү тууралуу»; 

2019-жылдын 14-августундагы № 2019-П-12/42-1-(НПА) «Террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү максатында коммерциялык банктарда ички контролдукту уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону, «Кыргыз Республикасында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобону бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына террористтик иш-аракетти каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү маселеси боюнча тиешелүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу»

- 2019-жылдын 21-августундагы № 2019-П-33/43-6-(НФКУ) «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында Кыргыз Республикасынын микрофинансылык уюмдарында, кредиттик союздарында жана адистештирилген финансы мекемелеринде ички контролду уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»

- 2019-жылдын 21-августундагы № 2019-П-33/43-7-(НФКУ) «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында Кыргыз Республикасындагы алмашуу бюролорунда ички контролду уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»

- 2021-жылдын 15-декабрындагы № 2021-П-12/70-3-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө»;  

- 2022-жылдын 17-августундагы № 2022-П-33/52-2-(НФКУ) «Банк эмес финансы-кредит уюмдарынын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлдүгүнө алынган башка юридикалык жактардын ишине инспектордук текшерүү жүргүзүү жөнүндө нускоону бекитүү тууралуу»;  

- 2022-жылдын 12-октябрындагы № 2022-П-12/63-1-(НПА) «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын жетиштүүлүгү (шайкештиги) стандарттарын аныктоо боюнча нускоону бекитүү жөнүндө».  

2. Токтом расмий жарыялангандан 15 (он беш) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.  

3. Юридика башкармалыгы: 

- тиешелүү документтерди алгандан кийинки 3 (үч) жумуш күнү ичинде токтомдун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;  

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

4. Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгы токтом расмий жарыялангандан кийинки 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен коммерциялык банктарды, «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин, «Микрофинансы уюмдарынын ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин, «Кредиттик союздардын жана кооперативдердин улуттук ассоциациясы» юридикалык жактардын бирикмесин, банк эмес жана адистештирилген финансы-кредит уюмдарын, «Элдик турак-жай компаниясы» турак жай-сактык кредиттик компаниясы» ачык акционердик коомун, алмашуу бюролорун, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматын, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.  

5. Токтомдун аткарылышын контролдоо Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

Төраганын милдетин аткаруучу                                                                                                                                                                                                                            К. Куленбеков 

 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 

2023-жылдын «27» декабрындагы 

№2023-П-12/82-7-(НПА)  

токтомуна карата тиркеме 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча өзгөртүүлөр 

 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 31-октябрындагы № 41/12 «Банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу боюнча нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу боюнча нускоонун: 

- 11-пункту: 

төмөнкү мазмундагы он биринчи абзац менен толукталсын: 

«Нотариустун депозити бул нотариус тарабынан Кыргыз Республикасынын нотариат жөнүндө мыйзам талаптарына ылайык банкта ачылган атайын эсеп.»; 

төмөнкү мазмундагы жыйырма төртүнчү жана жыйырма бешинчи абзацтар менен толукталсын: 

«Максаттуу рекультивациялык эсеп деп Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 517 токтому менен бекитилген «Жер казынасын пайдалануу процессинде бузулган жерлерди рекультивациялоо жөнүндө» жободо көрсөтүлгөн мааниде түшүнүү зарыл. 

Эскроу-эсеп бул кыймылдуу/кыймылсыз мүлктү сатып алуу/сатуу келишимин каттоодон кийин сатуучуга улуттук валютада акча каражаттарын которуу максатында кыймылдуу/кыймылсыз мүлктү сатуучу, сатып алуучу жана банк ортосунда түзүлгөн үч тараптуу келишимдин негизинде ачылган атайын эсеп.»; 

- 15-1-пункт төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: 

«Атайын эсептерге эскроу эсеби, максаттуу рекультивациялык эсеп, нотариустун депозити кириши мүмкүн.»; 

- 22-1-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«22-1. Эгерде эсеп ачууда же эсеп боюнча операцияларды ишке ашырууда банкта операциялар (бүтүмдөр) террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) тиешеси бар катары шектенүүлөр пайда болсо, банк төмөнкү чараларды колдонууга тийиш: 

- кандай гана артыкчылыктар болбосун же чектүү маанилер белгиленбесин кардарды жана бенефициардык менчик ээсин идентификациялоо жана верификациялоо жүргүзүлсүн; 

- ишкердик мамилелерге же операцияга (бүтүмгө) ар тараптуу талдоо жүргүзүлсүн жана ишкердик мамилени же операцияны (бүтүмдү) шектүү катары таануу жөнүндө чечим кабыл алынсын; 

- шектүү операция (бүтүм) 5 (беш) жумуш күнгө чейин токтотулсун жана операция (бүтүм) белгиленген тартипте шектүү катары таанылган учурдан тартып 5 (беш) сааттын ичинде финансылык чалгындоо органына шектүү операция (бүтүм) жөнүндө билдирүү жөнөтүлсүн. Финансылык чалгындоо органы 5 (беш) жумуш күнү ичинде шектүү операцияны (бүтүмдү) талдоонун жыйынтыгы боюнча чечим кабыл алып, ал тууралуу банкка маалымдайт; 

- кардар менен ишкердик мамиле убактылуу же толугу менен токтотулсун.»; 

- Нускоого карата 1-тиркеменин: 

5-пунктунун 1-пунктчасы төмөнкү мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын: 

«- Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспорту (Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашаган жана Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту жок Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн), анда Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн же консулдук мекемесинин консулдук эсепке катталгандыгы жөнүндө белги коюлса;»; 

- Нускоого карата 3-тиркеменин: 

3-пунктунун биринчи абзацындагы «(оффшордук аймактарда)» деген сөздөр «(оффшордук аймактарды кошо алганда)» дегенге алмаштырылсын; 

7-пунктунун тогузунчу абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- банк-корреспонденттин башка мамлекеттерде жөн гана катталган банктары, жогору тобокелдүү өлкөлөрдө, анын ичинде оффшордук аймактарда катталган банктары сыяктуу кардарлары бар экендиги тууралуу маалыматтарды талап кылуу;». 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 13-июнундагы № 2019-П-12/31-2-(НПА) «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык ачылган банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу жөнүндө нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык ачылган банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу жөнүндө нускоонун: 

- 9-пункту: 

төмөнкү мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын: 

«Нотариустун депозити бул нотариус тарабынан Кыргыз Республикасынын нотариат жөнүндө мыйзамдарынын талаптарына ылайык банкта ачылган атайын эсеп.»; 

төмөнкү мазмундагы сегизинчи жана тогузунчу абзацтар менен толукталсын: 

«Максаттуу рекультивациялык эсеп деп Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 517 токтому менен бекитилген «Жер казынасын пайдалануу процессинде бузулган жерлерди рекультивациялоо жөнүндө» жободо көрсөтүлгөн мааниде түшүнүү зарыл. 

Эскроу-эсеп бул кыймылдуу/кыймылсыз мүлктү сатып алуу/сатуу келишимин каттоодон кийин сатуучуга улуттук валютада акча каражаттарын которуу максатында кыймылдуу/кыймылсыз мүлктү сатуучу, сатып алуучу жана банк ортосунда түзүлгөн үч тараптуу келишимдин негизинде ачылган атайын эсеп.»; 

- 13-пункту төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:  

«Атайын эсептерге эскроу эсеби, максаттуу рекультивациялык эсеп, нотариустун депозитти кириши мүмкүн.»; 

Нускоо төмөнкү мазмундагы 21-1, 21-2, 21-3, 21-4-пункттары менен толукталсын:  

«21-1. Эгерде эсеп ачууда же эсеп боюнча операцияларды ишке ашырууда банкта операциялар (бүтүмдөр) террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) тиешеси бар катары шектенүүлөр пайда болсо, банк төмөнкү чараларды колдонууга тийиш: 

- кандай гана артыкчылыктар болбосун же чектүү маанилер белгиленбесин кардарды жана бенефициардык менчик ээсин идентификациялоо жана верификациялоо жүргүзүлсүн; 

- ишкердик мамилелерге же операцияга (бүтүмгө) ар тараптуу талдоо жүргүзүлсүн жана ишкердик мамилени же операцияны (бүтүмдү) шектүү катары таануу жөнүндө чечим кабыл алынсын; 

- шектүү операция (бүтүм) 5 (беш) жумуш күнгө чейин токтотулсун жана операция (бүтүм) белгиленген тартипте шектүү катары таанылган учурдан тартып 5 (беш) сааттын ичинде финансылык чалгындоо органына шектүү операция (бүтүм) жөнүндө билдирүү жөнөтүлсүн. Финансылык чалгындоо органы 5 (беш) жумуш күнү ичинде шектүү операцияны (бүтүмдү) талдоонун жыйынтыгы боюнча чечим кабыл алып, ал тууралуу банкка маалымдайт; 

- кардар менен ишкердик мамиле убактылуу же толугу менен токтотулсун. 

21-2. Эгерде банк кардарды талаптагыдай текшерүү келип чыккан шектенүүлөр тууралуу маалыматтын таркатылып кетишине алып келе тургандыгына ынанса, банк кардарды талаптагыдай текшерүү боюнча чараларды жүргүзбөй туруп, финансылык чалгындоо органына шектүү операция (бүтүм) жөнүндө билдирүү жөнөтөт. 

21-3. Эгерде кардарга же бенефициардык ээсине карата анын террористтик же экстремисттик иш-аракеттерге жана массалык кырып жок кылуучу куралдарды таркатууга катыштыгы бар экендиги тууралуу Кыргыз Республикасынын мыйзам ченемдерине ылайык алынган маалымат болсо, банк кардарга алдын ала билдирүүсүз эле, Санкциялык тизмеге киргизилген кардардын операциясына (бүтүмүнө) жана/же каражаттарына дароо бөгөт коюуга жана бөгөт коюлгандан кийинки 3 (үч) саат ичинде ал тууралуу финансылык чалгындоо органына билдирүү жөнөтүүгө тийиш. 

Операцияга (бүтүмгө) жана (же) каражаттарга бөгөт коюу жана андан чыгаруу тартиби, ошондой эле бөгөт коюлган каражаттардан пайдалануу мүмкүнчүлүгүн берүү жана мындай каражаттарды тескөөгө алуу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет. 

21-4. Банк кардарды, кардардын ыйгарым укуктуу өкүлүн, бенефициар ээсин жана кардардын контрагентин идентификациялоо маалыматтарын кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) катыштыгы бар адамдардын, топтордун жана уюмдардын тизмегинде алар тууралуу маалыматтар бар же жок экендигин текшерүүгө милдеттүү. Мындай текшерүү кардар менен ишкердик мамилелерди белгилөөгө чейин жана аны жүзөгө ашыруунун жүрүшүндө жана (же) кардардын кайсы болбосун операциясын (бүтүмүн) жүзөгө ашырууга чейин жүргүзүлөт.  

Эгерде кардар же бенефициар ээси кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууда (адалдоодо) катышкандыгы жөнүндө маалымат бар болсо, банк кардар жүргүзүп жаткан операцияны (бүтүмдү) дароо токтотуп, операция (бүтүм) токтотулган учурдан тартып 3 (үч) саат ичинде бул тууралуу финансылык чалгындоо органына билдирүүгө милдеттүү.  

Операциялар (бүтүмдөр) Кыргыз Республикасынын жазык-процессуалдык мыйзамдарга ылайык кабыл алынган мүлккө арест коюу жөнүндө чечим кабыл алынганга чейин токтотулат.  

Мүлккө арест коюу жөнүндө чечим кабыл алынбаган учурда, токтотулган операция (бүтүм) белгиленген тартипте жана финансылык чалгындоо органынын буйруусунун негизинде жүргүзүлөт.»; 

- Нускоого карата 1-тиркеменин: 

- 5-пунктунун 1-пунктчасынын үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспорту (Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашаган жана Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту жок Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн), анда Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн же консулдук мекемесинин консулдук эсепке катталгандыгы жөнүндө белги коюлса;»; 

- Нускоого карата 3-тиркеменин: 

8-пунктунун тогузунчу абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- банк-корреспонденттин башка мамлекеттерде жөн гана катталган банктары, жогору тобокелдүү өлкөлөрдө, анын ичинде оффшордук аймактарда катталган банктары сыяктуу кардарлары бар экендиги тууралуу маалыматтарды талап кылуу;». 

 

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 14-августундагы № 2019-П-12/42-1-(НПА) «Террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү максатында коммерциялык банктарда ички контролдукту уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону, «Кыргыз Республикасында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобону бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына террористтик иш-аракетти каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү маселеси боюнча тиешелүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү максатында коммерциялык банктарда ички контролдукту уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун: 

- 3-пунктунун: 

үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Жакын туугандары (коомчулукка таанымал кызмат адамы алардын жашоосу, билим алуусу, ден соолугун чыңдоосу жана башка зарыл чыгашаларынын ордун жабуу үчүн финансылык сарптоолорду жумшаган ата-энеси, асырап алган, асырап алынган балдары, аталаш (энелеш) ага-инилери, эже-карындаштары, чоң ата, чоң апасы/таята, таенеси, неберелери).»; 

төмөнкү мазмундагы онунчу абзац менен толукталсын: 

«Кардар банктын тейлөөсүнө алынган же тейлөөсүндө турган, же болбосо банк алар менен ишкердик мамиле түзүп жаткан же түзгөн жеке адам же юридикалык жак (уюм), чет өлкөлүк траст же юридикалык түзүм.»; 

- 8-пунктунун: 

3-пунктчасынын төртүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- бенефициардык менчик ээсин идентификациялоо жана кардарлардын, анын ичинде юридикалык түзүм (чет элдик траст ж.б.) болуп саналган бенефициардык ээсин верификациялоо үчүн жеткиликтүү жана негиздүү чараларды көрүү;»; 

төмөнкү мазмундагы 14-1-пунктча менен толукталсын: 

«14-1) ПФТД/ЛПД чөйрөсүндө банктын ички контролдук программасы жана ички документтер колдонулгандыгына мониторинг жүргүзүү жана зарыл учурда аларды өркүндөтүү;»; 

- 27-пунктунун 1-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1) ресурстарды бөлүштүрүү жана тобокелдиктерди азайтуу үчүн, анын ичинде улуттук тобокелдиктерге баа берүүнүн натыйжаларын, ошондой эле жогору жана төмөн тобокелдиктин типтүү критерийлерин эске алуу менен кардарлар, өлкөлөр, өнүмдөр, кызматтар, операциялар (бүтүмдөр) жана жеткирүү каналдары боюнча өз тобокелдиктерин баалоого, аныктоого, документте каттоого жана туруктуу негизде жаңыртып турууга милдеттүү;»; 

- 32-пунктунун 5-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«5) тобокелдикти аныктоого багытталган ыкманы колдонуу менен кардарды жана бенефициардык менчик ээсин идентификациялоо маалыматтарын утурумдук негизде, бирок жыл ичинде кеминде бир жолу жаңылап туруу;»; 

- 33-пунктунун 4-пунктчасы төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: 

«Кардар террористтик ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (изин жашырууга) ишин жүзөгө ашыргандыгы боюнча шектенүүлөр бар болсо, тобокелдиктерди башкаруу жана азайтуу боюнча жөнөкөйлөштүрүлгөн чараларды колдонууга жол берилбейт.»; 

- 39-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«39. Банк террористтик ишти каржылоо жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (изин жашырууга) тобокелдигин талаптагыдай контролдоо максатында, жаңы технологияларды, продукттарды, кызмат көрсөтүүлөрдү, ошондой эле жаңы механизмдерди же өнүгүп жаткан технологияларды колдонуу менен учурда колдонулуп жаткан же жаңы банктык продукттар, анын ичинде операцияларды (бүтүмдөрдү) кардар менен түздөн-түз байланышуусуз ишке ашыруу болжолдонгон жаңы ишкердик тажрыйбасын колдонууга жана ишке киргизүүгө байланыштуу иштелип чыккан бардык жол-жоболордун сакталышын камсыз кылууга тийиш.»; 

- 43-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«43. Кызмат көрсөтүүлөрдүн, операциялардын, технологиялардын жаңы түрлөрүн, ошондой эле учурда колдонулуп жаткан же жаңы продукттар үчүн ишкердик тажрыйбаны колдонууга киргизүү алдында банк террористтик ишти каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү максатында мындай кызмат көрсөтүүгө, операцияга, технологияга жана ишкердик тажрыйбага тиешелүү бардык тобокелдиктерди аныктоого жана баалоого милдеттүү.». 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобонун: 

- 8-пунктунун: 

24-пунктчасындагы «70000» саны «100000» дегенге алмаштырылсын; 

27-пунктунун 1-пунктчасындагы «70000» саны «100000» дегенге алмаштырылсын; 

- 30-пунктунун: 

1-пунктчасындагы «70000» саны «100000» дегенге алмаштырылсын; 

2-пунктчасынын төртүнчү абзацындагы «70000» саны «100000» дегенге алмаштырылсын. 

4. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 21-августундагы № 2019-П-33/43-6-(НФКУ) «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында Кыргыз Республикасынын микрофинансылык уюмдарында, кредиттик союздарында жана адистештирилген финансы мекемелеринде ички контролду уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында Кыргыз Республикасынын микрофинансылык уюмдарында, кредиттик союздарында жана адистештирилген финансы мекемелеринде ички контролду уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун: 

- 3-пунктунун он биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Жакын туугандары (коомчулукка таанымал кызмат адамы алардын жашоосу, билим алуусу, ден соолугун чыңдоосу жана башка зарыл чыгашаларынын ордун жабуу үчүн финансылык сарптоолорду жумшаган ата-энеси, асырап алган, асырап алынган балдары, аталаш (энелеш) ага-инилери, эже-карындаштары, чоң ата, чоң апасы/таята, таенеси, неберелери).»; 

- 5-пункту төмөнкү мазмундагы 7-1-пунктча менен толукталсын: 

«7-1) Микрофинансылык уюмдар, кредиттик союздар жана адистештирилген финансылык мекемелер ПФТД/ЛПД чөйрөсүндө ички контролдук программасын жана ички документтерди колдонуусуна мониторинг жүргүзүү жана зарыл учурда аларды өркүндөтүүгө жана кеңейтүүгө;»; 

- Жобо төмөнкү мазмундагы: 

5-1-пункт менен толукталсын: 

«5-1. Микрофинансылык уюмдар, кредиттик союздар жана адистештирилген финансылык мекемелер ички контролдук программаларын иштеп чыгууга жана филиалдары жана өкүлчүлүктөрү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жана чет мамлекеттин аймагында ишкердигин жүргүзгөн туунду жана караштуу коомдору аларды ишке ашыруусун камсыз кылууга милдеттүү

Эгерде чет мамлекеттин мыйзамдарына ылайык ПФТД/ЛПД чөйрөсүндө ички контролдук программасын жана Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын колдонууга жол берилбесе, микрофинансылык уюмдардын, кредиттик союздардын жана адистештирилген финансылык мекемелердин филиалдары жана өкүлчүлүктөрү, ошондой эле туунду жана караштуу коомдору тобокелдиктерди тескөө боюнча зарыл чараларды көрүшөт жана бул тууралуу Улуттук банкка билдиришет.»; 

төмөнкү мазмундагы 16-1-пункт менен толукталсын: 

«16-1. Микрофинансылык уюмдар, кредиттик союздар жана адистештирилген финансылык мекемелер ресурстарды бөлүштүрүү жана тобокелдиктерди азайтуу максатында кардарлар, өлкөлөр, продукттар, кызмат көрсөтүүлөр, операциялар (бүтүмдөр) жана жеткирүү каналдары боюнча өз тобокелдиктерин баалоого, аныктоого, документте каттоого жана туруктуу негизде жаңыртып турууга милдеттүү.»; 

- 26-пунктунун 5-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«5) тобокелдикти аныктоого багытталган ыкманы колдонуу менен кардарды жана бенефициардык менчик ээсин идентификациялоо маалыматтарын утурумдук негизде, бирок жыл ичинде кеминде бир жолу жаңылап туруу;»; 

- 27-пунктунун 4-пунктчасы төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: 

«Кардар террористтик ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоого) ишин жүзөгө ашыргандыгы боюнча шектенүүлөр бар болсо, тобокелдиктерди башкаруу жана азайтуу боюнча жөнөкөйлөштүрүлгөн чараларды колдонууга жол берилбейт.»; 

- Жобо төмөнкү мазмундагы 28-1-пункт менен толукталсын: 

«28-1. Микрофинансылык уюмдар, кредиттик союздар жана адистештирилген финансылык мекемелер жаңы финансылык продукттарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана технологияларды, ошондой эле жаңы механизмдерди же өнүгүп жаткан технологияларды колдонуу менен учурда колдонулуп жаткан же жаңы финансылык продукттар үчүн жаңы ишкердик тажрыйбаны иштеп чыгуудан жана колдонууга киргизүүдөн улам келип чыгышы мүмкүн болгон тобокелдиктерди аныктоого жана баалоого милдеттүү. Мындай баалоо жогоруда аталган продукттар, кызмат көрсөтүүлөр, технологиялар жана ишкердик тажрыйба ишке киргизилгенге чейин же колдонууга чейин жүргүзүлүүгө тийиш.». 

5. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 21-августундагы № 2019-П-33/43-7-(НФКУ) «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында Кыргыз Республикасындагы алмашуу бюролорунда ички контролду уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында Кыргыз Республикасындагы алмашуу бюролорунда ички контролду уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун: 

- 6-пунктунун 1-пунктчасындагы «70000» саны «100000» дегенге алмаштырылсын. 

6. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 15-декабрындагы № 2021-П-12/70-3-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин: 

- 7-пунктундагы «2024-жылдын январына чейин» деген сөздөр «2026-жылдын 1- январына чейин» дегенге алмаштырылсын. 

7. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 17-августундагы № 2022-П-33/52-2-(НФКУ) «Банк эмес финансы-кредит уюмдарынын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлдүгүнө алынган башка юридикалык жактардын ишине инспектордук текшерүү жүргүзүү жөнүндө нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Банк эмес финансы-кредит уюмдарынын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлдүгүнө алынган башка юридикалык жактардын ишине инспектордук текшерүү жүргүзүү жөнүндө нускоонун: 

- 31-пункту төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: 

«Текшерүү жөнүндө отчетто ошондой эле тобокелдикти аныктоого багытталган ыкманын негизинде банк эмес уюмдардын ишинде тобокелдиктерге баа берүү натыйжалары камтылат.». 

8. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 12-октябрындагы № 2022-П-12/63-1-(НПА) «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын жетиштүүлүгү (шайкештиги) стандарттарын аныктоо боюнча нускоону бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин: 

- 4-пунктундагы «2024-жылдын 1-январы» деген сөздөр «2026-жылдын 1-январы» дегенге алмаштырылсын.