Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2024-жылдын 17-январындагы  

№ 2024-П-09/1-2-(НФКУ) 

токтому 

 

 

«Депозиттерди тартуу менен иш алып барган банк эмес  

финансы-кредит уюмдарына акыркы инстанция кредити жөнүндө»  

жобону бекитүү тууралуу 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. «Депозиттерди тартуу менен иш алып барган банк эмес финансы-кредит уюмдарына акыркы инстанция кредити жөнүндө» жобо (кошо тиркелет) бекитилсин. 

2. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15 (он беш) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

3. Юридика башкармалыгы: 

- тиешелүү документтерди алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтына жарыяласын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

4. Акча-кредиттик операциялар башкармалыгы тиешелүү документтерди алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен депозиттерди тартуу менен иш алып барган банк эмес финансы-кредит уюмдарын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн тааныштырсын. 

5. Токтомдун аткарылышын контролдоо Акча-кредиттик операциялар башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

Төрага                                                                                                                                                                                                                                                                                К. Боконтаев 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 

2024-жылдын 17-январындагы 

№ 2024-П-09/1-2-(НФКУ) 

токтомуна карата тиркеме 

 

«Депозиттерди тартуу менен иш алып барган банк эмес финансы-кредит уюмдарына акыркы инстанция кредити жөнүндө» 

ЖОБО  

 

1-глава. Жалпы жоболор 

1. «Депозиттерди тартуу менен иш алып барган банк эмес финансы-кредит уюмдарына акыркы инстанция кредити жөнүндө» ушул жободо (мындан ары Жобо) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан (мындан ары Улуттук банк) ликвиддүүлүк боюнча проблемаларга дуушарланган, депозиттерди тартуу менен иш алып барган банк эмес финансы-кредит уюмдарына (мындан ары БФКУ) акыркы инстанция кредитин берүүнүн жалпы шарттары жана тартиби аныкталган.  

2. Акыркы инстанция кредити (мындан ары кредит) Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 6 жана 17-беренелерине жана ушул Жобого ылайык депозиттерди тартуу менен иш алып барган БФКУга берилет.  

3. Системалык тобокелдикке бөгөт коюу, финансы системасынын бүтүндүгүн камсыз кылуу жана туруктуулугун сактоо максатында Улуттук банк ликвиддүүлүк менен убактылуу көйгөйлөргө дуушар болгон айрым БФКУларга акыркы инстанциядагы кредитти берүүгө укуктуу. Ошол эле учурда БФКУ төлөөгө жөндөмдүү болуп саналат. овердрафт кредиттерин берүүгө тыюу салынат.  

4. Бул кредитти берүү менен Улуттук банк БФКУга убактылуу колдоо көрсөтүү менен акыркы инстанция кредитору катары өз функциясын жүзөгө ашырат. Кредит БФКУга төлөөгө жөндөмсүздүк тобокелдигин алдын алуу жана жеке адамдардын улуттук валютадагы аманаттарын коргоо максатында берилет.  

5. Кредит ликвиддүүлүк боюнча проблемага дуушарланган жана финансылык жактан чыңдоо иш-чараларын жүзөгө ашырган БФКУга берилет. Мында, ушул Жобону жүзөгө ашыруу максатында, ликвиддүүлүк боюнча проблемага дуушарланган БФКУ катары аларга карата төмөнкүлөр белгиленген БФКУну түшүнүүгө болот:  

- БФКУлардын аманатчылар алдындагы милдеттенмелерин аткарууга жөндөмсүздүгүнө алып келген, анын ичинде форс-мажордук жагдайларга байланыштуу БФКУлардын ишинде фактылар жана жагдайлар; 

- аманатчылардын алдында милдеттенмелерди аткарбоо тобокелдиктери. 

6. Кредит берүү, анын ичинде кредит берүү шарттары, мөөнөтү жана көлөмү жөнүндө чечим Улуттук банк Башкармасы тарабынан кабыл алынат. Кредит боюнча пайыздык чен Улуттук банк Башкармасы тарабынан белгиленет.  

7. Улуттук банк Башкармасы кредит берүү жөнүндө маселени кароо алдында БФКУ аткарууга тийиш болгон айрым бир талаптарды белгилөөгө укуктуу.  

8. Кредит мөөнөтүүлүк, төлөөгө жөндөмдүүлүк, кайтарымдуулук жана камсыздоо сыяктуу жалпы принциптерди сактоо менен улуттук валютада берилет. 

9. Кредитти кайтарып берүү боюнча милдеттенме күрөө менен камсыздалат. Күрөөгө, анын жетиштүүлүк көлөмүнө (пайыздык туюндурууда), түрүнө жана күрөөлүк камсыздоонун башка параметрлерине карата талаптар Улуттук банк Башкармасы тарабынан белгиленет.  

2-глава. Кредит берүү шарттары 

10. Кредит алууга Улуттук банкка кайрылгандан кийин БФКУ кредит толук төлөнгөнгө чейин Улуттук банктын макулдугусуз жаңы милдеттенмелерди (депозиттер жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык милдеттенмелердин башка түрлөрүн) кабыл ала албайт. 

11. Улуттук банк Башкармасы кредит толугу менен төлөнгөнгө чейинки мезгилге БФКУ үчүн башка талаптарды белгилөөгө укуктуу. 

12. Кредитти колдонуу мезгили ичинде БФКУ кредитти МБК (МКВ, МКО) жана Улуттук банктын ноталарын коммерциялык банктар аркылуу сатып алууга укуксуз.  

13. БФКУ кредитти кызмат адамдарына жана БФКУ менен байланыштуу же аффилирленген жактарга депозиттерди (аманаттарды) төлөө үчүн пайдаланууга укугу жок. Улуттук банк БФКУ менен байланыштуу же аффилирленген жактар менен жүргүзүлгөн операцияларга кошумча чектөөлөрдү белгилей алат.  

14. БФКУ кредитти БФКУнун кызмат адамдарына жана кызматкерлерине сый акылардын бардык түрүн жана шыктандыруучу башка төлөмдөрдү кошо алганда, административдик чыгашаларды төлөө үчүн пайдаланууга укугу жок. Мындан тышкары, Улуттук банк БФКУнун административдик чыгашаларын кыскартуусу жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу. Ошондой эле БФКУ пайданы бөлүштүрүү, дивиденддерди төлөө (анын ичинде буга чейин чыгарылган чечимдер боюнча), акционерлер (катышуучулар) алдындагы финансылык милдеттенмелерди жана төлөмдөрдү аткарууда, ошондой эле БФКУнун кызмат адамдарына жана кызматкерлерине эмгек акысын кошпогондо, кайсы болбосун сый акыларды төлөө жөнүндө чечимдерди кабыл алууга укугу жок.  

15. Улуттук банк Башкармасы БФКУга кредит берүүдөн баш тартуу чечимин кабыл алган учурда, Улуттук банк БФКУга бул тууралуу кат жүзүндө маалымдайт. 

 

3-глава. Кредиттин камсыздоосу 

16. БФКУнун кредитти кайтарып берүү боюнча милдеттенмеси күрөө менен камсыздалат. Кредит камсыздоосу катары сунушталган күрөө предмети үчүнчү жакка күрөөгө же кайра күрөөгө коюлушу мүмкүн эмес.  

17. Кредиттин камсыздоосу катары төмөнкүлөр түрүндөгү күрөөнү сунуштоого болот:   

1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мамлекеттик баалуу кагаздары; 

2) Улуттук банк үчүн алгылыктуу болгон финансы-кредит уюмундагы депозиттер; 

3) чет өлкө валютасы; 

4) Улуттук банк Башкармасынын «күрөөлүк камсыздоо катары кабыл алынган кредит портфелин түзүү боюнча минималдуу талаптар» токтомунда каралган тартипте, белгилүү бир мүнөздөмөлөргө ылайык келген кредиттер портфели боюнча талап кылуу укугу. Мында талап кылуу укугу күрөөгө берилген кредиттер кредиттик каражаттарды алууга билдирме берүү учурунда БФКМдин өздүк каражаттарынын эсебинен улуттук валютада берилүүгө жана классификацияланбаган активдер категориясына (байкоого алынган активдерди кошпогондо) киргизилүүгө жана реструктуризацияланбоого тийиш. 

5) Улуттук банк Башкармасы тарабынан белгиленген учурларда, Улуттук банк үчүн алгылыктуу болгон активдердин жана мүлктөрдүн башка түрлөрү

18. Күрөө предмети күрөө коюучуга менчик укугунда таандык болууга жана ага башка милдеттенмелер жүктөлбөөгө тийиш. 

19. Улуттук банктын көзөмөлүнө алынган юридикалык жактардын акциялары күрөө предмети боло албайт. 

20. Күрөөлүк камсыздоонун жетишсиздиги БФКУ сураган кредит суммасын берүүдөн баш тартуу үчүн негиз болуп саналат. 

21. Күрөөгө коюлган мүлктүн рыноктук наркы аны пайдалануу болжолдонгон мезгил үчүн кошуп эсептелинген пайыздардын суммасын кошо алганда, суралган кредиттин суммасынан төмөн болбоого тийиш. Эгерде БФКУ кредиттер боюнча талап кылуу укугу түрүндө күрөөлүк камсыздоону сунуштап жатса, тиешелүү күрөө коэффициентин колдонууну эске алуу менен БФКУ сураган кредиттин суммасынын бир бөлүгү ушул Жобонун 17-пунктунун 2 жана 3-пунктчаларында көрсөтүлгөн жана бфкуга менчик укугунда таандык болгон күрөө менен камсыз кылынууга тийиш. Кредиттер боюнча талап кылуу укугу түрүндөгү күрөөлүк камсыздоонун максималдуу көлөмүнө карата талаптар Башкарма тарабынан күрөөлүк камсыздоого карата башка талаптар менен бирге пайыздык туюндурууда аныкталат. 

22. Камсыздандыруу (күрөө) катары берилген мүлктөрдү кабыл алуу, жүгүртүү, өндүрүү жана сатып өткөрүү жол-жобосу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана күрөө жөнүндө келишимде, ошондой эле кошумча келишимде аныкталат.  

 

4-глава. Кредит берүү жана аны төлөө тартиби 

23. Кредит алуу үчүн БФКУ Улуттук банкка төмөнкү документтерди берүүгө милдеттүү:  

- кредит алуунун максаты көрсөтүлгөн кредит берүү жөнүндө арыз-өтүнүч; 

- БФКУнун Директорлор кеңешинин же башка ыйгарым укуктуу адамдын кредит алуу жана талап кылынган кредиттин камсыздоосу катары активдерди жана/же мүлктү сунуштоо жөнүндө чечим кабыл алуу тууралуу протоколу;  

- күрөө коюучунун күрөө предметине менчик укугун тастыктаган документтердин талапка ылайык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү

- менчик укугун тастыктаган, күрөө предметинин мүнөздөмөсү жана ага көз карандысыз баалоочу тарабынан берилген баа камтылган документтер; 

- БФКУ өз акционерлерине Улуттук банкка кредит алуу үчүн кайрылуу ниети жөнүндө билдиргендигин тастыктаган документтер (билдирүү кол койдуруу менен тиешелүү адамдын өз колуна берилет же анын акыркы белгилүү дарегине почта аркылуу жөнөтүлөт); 

- Улуттук банк кредит берүү маселесин кароо үчүн зарыл болгон башка документтерди да талап кылууга укуктуу.  

- БФКУнун Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген БФКУну финансылык жактан чыңдоо планы; 

24. Кредит берүү үчүн Улуттук банк БФКУ менен ушул жобого карата 1-тиркемеге ылайык Акыркы инстанция кредитин алуу жөнүндө макулдашуу, Кредиттик келишим жана Күрөө жөнүндө келишим түзөт, алардын форматы жана талаптары күрөөнүн түрүнө жараша Улуттук банк тарабынан аныкталат.  

25. Кредит проблемалуу БФКУну финансылык абалын чыңдоо планынын аткарылышына жана ал тарабынан ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык мурда алынган транштардын максаттуу пайдаланылгандыгы жөнүндө толук көрсөтүлгөн отчеттун берилишине жараша транш боюнча (кезеги менен) берилет.  

26. Транштар Башкарманын белгилүү бир чечими менен аныкталган кредитти жабуу датасынан ашпаган мөөнөткө берилет. Кредитти жабуу датасы жана/же транштарды жыйынтыктап төлөө күнү Улуттук банк Башкармасынын чечими боюнча узартылышы мүмкүн.  

27. Транштын негизги суммасы жана ага чегерилген пайыздар Акыркы инстанция кредитин алуу жөнүндө макулдашууда аныкталган шарттарда төлөнөт.  

28. БФКУ кредитти максатсыз пайдаланган же өзүнүн милдеттерин аткарбаган/талапка ылайыксыз аткарган учурда, Улуттук банк  кредиттин кезектеги траншын берүүнү токтотууга жана кайтарып берүү жөнүндө мөөнөтүнөн мурда талап кылууга же күрөөгө коюлган  мүлктүн эсебинен өндүрүп алууга укуктуу.  

 

5-глава. Кредит боюнча пайыздарды эсептөө 

29. Кредиттин ар бир траншынын суммасына пайыздар, берилген траншты айкын пайдаланган мезгил үчүн жөнөкөй пайыздардын формуласынын негизинде, жыл ичиндеги 360 календардык күн эсеби боюнча, төмөнкү формулада эсептелинет: 

P = (C x I x T)/360/100, мында: 

Р транш боюнча пайыздар суммасы; 

С транштын суммасы (сом); 

I пайыздык чен (жылдык %); 

Т траншты пайдалануу мөөнөтүүндөр менен). 

30. БФКУ берилген траншты пайдаланган мезгил ичиндеги айкын календардык күндөрдү эсептөөдө мыйзамдарда белгиленген же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан жарыяланган дем алыш жана майрам күндөр да эске алынат.  

31. Эгерде кредиттин негизги суммасын жана/же ал боюнча чегерилген пайыздарды төлөө күнү майрам күнүнө, жумуш эмес күнгө же дем алыш күнгө туура келип калса, анда кредиттин негизги суммасы жана/же ал боюнча чегерилген пайыздар кийинки жумуш күнү төлөнөт.  

 

6-глава. Өзгөчө шарттар 

32. Улуттук банк кайсы болбосун учурда, өз ыңгайына жараша, БФКУнун ишин текшерүүгө укуктуу.  

33. Кредит колдонулуп жаткан мезгил ичинде БФКУ Акыркы инстанция кредитин алуу жөнүндө макулдашууда жана Күрөө келишимдеринде, ошондой эле Улуттук банктын чечимдеринде аныкталган бардык талаптарды так сактоого милдеттүү

34. Кредит колдонулуп жаткан мезгил ичинде БФКУ Улуттук банк Башкармасынын чечимдеринде, Акыркы инстанция кредитин алуу жөнүндө макулдашууда жана/же Күрөө келишимдеринде аныкталган талаптарды сактабаса, Улуттук банк кредитти токтотууга жана сунушталган транштардын, ал боюнча чегерилген пайыздардын мөөнөтүнөн мурда төлөнүшүн талап кылууга укуктуу. БФКУ милдеттенмелердин ордун мөөнөтүнөн мурда жабуу талабын аткарбаган учурда, Улуттук банк күрөө предметинин эсебинен соттон тышкаркы тартипте өндүрүү жол-жобосун башташы мүмкүн.  

35. Улуттук банктын талабы боюнча БФКУ кредитти пайдалангандыгы тууралуу отчетту жана башка зарыл документтерди Улуттук банк тарабынан белгиленген формада жана мөөнөттө сунуштайт.

 

7-глава. Жоопкерчилик жана укукка жатпаган аракеттер 

36. Улуттук банк БФКУ тарабынан кредит берүү шарттарынын аткарылбашынын же толук эмес аткарылышынын кесепетинен келип чыккан кандай болбосун чыгымдар үчүн жоопкерчилик тартпайт.  

37. Улуттук банк тарабынан кредиттин берилиши БФКУнун милдеттенмелерин өзүнө алуу катары каралбайт.  

38. Кредит алуунун жана аны пайдалануунун кайсы болбосун баскычында Улуттук банк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Улуттук банктын өз ченемдик укуктук актыларында каралган таасир этүү чараларын БФКУга карата колдонууга укуктуу.  

39. Кредиттин максаттуу пайдаланылышы жана анын бардык шарттарынын так сакталышы үчүн жоопкерчилик БФКУга жүктөлөт.  

40. БФКУнун кызмат адамдары, акционерлери, БФКУ менен байланыштуу же аффилирленген жактар укукка жатпаган төмөнкүдөй аракеттери үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат: 

- БФКУга тиешелүү болгон бухгалтердик жана башка документтердеги жазууларды жашыруу, бурмалоо же жалган жазууларды киргизүү

- БФКУнун кызмат адамдарына жана кызматкерлерине айрым кредиторлордун жана дебиторлордун пайдасына чечим кабыл алуусу үчүн таасирин тийгизүү

- кызмат адамдары менен кызматташуудан баш тартуу же БФКУнун мүлкүн кайтарып берүүгө тоскоолдук кылуу; 

- БФКУнун кызмат адамдары милдеттерин аткаруусуна тоскоолдук кылуу жана анын мыйзам чегинде талаптарын аткарбоо; 

- банкроттукка учуроону кошо алганда, мажбурлап жоюуга алып келгендиги сот тарабынан таанылган иш-аракеттер; 

- милдеттерин аткарууда Улуттук банкка тоскоолдук кылуу жана Улуттук банктын мыйзамдуу талаптарын аткарбоо. 

 

 

«Депозиттерди тартуу менен иш  

алып барган банк эмес финансы- 

кредит уюмдарына акыркы  

инстанция кредити жөнүндө»  

жобого карата 1-тиркеме 

 

Акыркы инстанция кредитин алуу жөнүндө 

макулдашуу  

 

Бишкек шаары № _____ 20___-жылдын «___» _______ 

 

 

 

Мындан ары «Улуттук банк» деп аталуучу, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын атынан ___________________ негизинде иш алып барган _______________ бир тараптан жана мындан ары «БФКУ» деп аталуучу __________________ атынан Уставдын негизинде иш алып барган _______________ экинчи тараптан, мындан ары биргелешип «Тараптар» деп аталуучулар төмөнкүлөр боюнча ушул Акыркы инстанция кредитин алуу жөнүндө макулдашууну (мындан ары Макулдашуу) түзүштү:  

 

1. ТЕРМИНДЕР ЖАНА АНЫКТАМАЛАР  

 

1.1. Ушул Макулдашуунун максаттарында төмөнкү терминдер пайдаланылган: 

Кредиттөө лимити ушул Макулдашууга ылайык белгиленген жалпы сумманын чектүү өлчөмү, анын чегинде БФКУ негизги талаптарды сактаган шартта, ушул Макулдашууну колдонуу мөөнөтү ичинде кредит/транш алууга укуктуу.  

Негизги талаптар Улуттук банк Башкармасынын 20____-жылдын «__»_____ №___ токтому менен бекитилген «Депозиттерди тартуу менен иш алып барган банк эмес финансы-кредит уюмдарына акыркы инстанция кредити жөнүндө» жободо белгиленген талаптар.  

Кредиттөө лимитинен пайдалануу мезгили ушул Макулдашууга кол коюлган учурдан тартып _________жылга чейинки мезгил аралыгы, бул мезгил аралыгында БФКУ ушул Макулдашуу боюнча кредит/транш алууга укуктуу.  

Кредит/транш Улуттук банк тарабынан ушул Макулдашууда каралган шарттарда, кредиттөө лимитинен ашпаган жалпы суммада БФКУга берилген акча каражаттары. Кредит/транш БФКУнун билдирмесине ылайык сунушталат. Кредиттер/транштар БФКУнун билдирмесине ылайык берилет. Кредиттерди/транштарды берүү жана төлөө шарттары аны берүү жөнүндө конкреттүү кредиттик келишимдерде аныкталат.  

Кредиттөө лимитинин бош калдыгы Улуттук банк БФКУга акыркы жолу кредит/транш бергенден кийин калган кредиттөө лимити боюнча акча каражаттарынын суммасы кредиттөө лимити менен ушул Макулдашуунун шарттарына ылайык берилген, бирок орду жабылбаган (б.а. колдонуудагы) кредиттердин/транштардын жалпы суммасынын ортосундагы айырмага барабар. Кредиттөө лимитинин бош калдыгы БФКУга кредит/транш түрүндө анын өлчөмүнүн чегинде жана кредиттөө лимитин пайдалануу мезгили ичинде, ошондой эле күрөөлүк камсыздоо жетиштүү болгон шартта берилиши мүмкүн.  

Кредит/транш берүү жөнүндө кредиттик келишим Тараптар тарабынан ушул Макулдашуунун алкагында түзүлгөн келишим, анын негизинде Улуттук банк БФКУга кредит/транш сунуштайт жана ал ушул келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Кредит/транш берүү жөнүндө кредиттик келишим, ушул Макулдашууга карата 1-тиркемеде көрсөтүлгөн формада түзүлөт. 

Кредит/транш берүү датасы кредиттин/транштын суммасы БФКУнун Улуттук банктагы өзүнчө эсебине чегерилген күн.  

Кредит/транш төлөө датасы негизги карыздын суммасын, ал боюнча чегерилген пайыздарды жана башка төлөөлөрдү кошо алганда, ___-жылдын «___»______ кечиктирилбестен, ушул Макулдашуу жана кредит/транш берүү жөнүндө кредиттик келишим боюнча БФКУдан Улуттук банктын эсебине Улуттук банктын талаптарын канааттандырган суммадагы акча каражаттары келип түшкөн күн.  

 

2. МАКУЛДАШУУНУН ПРЕДМЕТИ  

 

2.1. Улуттук банк БФКУга мөөнөттүүлүк, кайтарымдуулук, төлөөгө жөндөмдүүлүк, камсыздоо шарттарында жана ушул Макулдашууда аныкталган башка шарттарда ________________ (суммасы жазуу жүзүндө) сом суммасында кредиттөө лимити менен кредит сунуштайт (ачат), ал эми БФКУ ушул Макулдашууда жана кредит/транш берүү жөнүндө кредиттик келишимдерде каралган өлчөмдө, мөөнөттө жана шарттарда ачык кредит алкагында алынган кредитти/траншты Улуттук банкка кайтарып берүүгө жана аларды пайдалануу үчүн пайыздарды төлөп берүүгө милдеттенет.  

2.2. Кредиттөө лимити менен кредит ____________-жылдан тартып ___________-жылга чейин сунушталат (ачылат), анын акырында БФКУ ушул Макулдашууга ылайык сунушталган кредит/транш боюнча карызды, анын ичинде негизги карыздын суммасын, чегерилген пайыздарды жана кредит/транш боюнча башка төлөөлөрдү толугу менен төлөп берүүгө тийиш.  

2.3 Белгиленген кредиттөө лимитинин алкагында, ушул Макулдашууну колдонуу мөөнөтү ичинде, бирок кредиттөө лимитинен пайдалануу мезгилинен кечиктирбестен, БФКУ кредит/транш берүү жөнүндө тиешелүү билдирме берилген учурда негизги талаптарды сактаган шартта, кредиттөө лимитинин бош калдыгынын чегинде кезектеги кредит/транш алууга укуктуу. Негизги талаптардын сакталышы, кредит/транш берүү жөнүндө билдирме сунушталган учурда БФКУ тарабынан Улуттук банкка берилген тиешелүү маалымат жана документтер менен тастыкталат.  

2.4. БФКУнун алынган кредит/транш боюнча ушул Макулдашуунун колдонуу мөөнөтү ичиндеги карызынын калдыгы ушул Макулдашуунун 2.1-пунктунда белгиленген кредиттөө лимитинен ашпоого тийиш.  

2.5. БФКУга Улуттук банк тарабынан ушул Макулдашуунун алкагында берилүүчү кредиттик каражаттар максаттуу багытка ээ жана аларды БФКУ ликвиддүүлүктү колдоо үчүн гана пайдаланууга тийиш. Мында сунушталган кредиттик каражаттар биринчи кезекте жеке адамдардын депозиттерин (аманаттарын) кайтаруу жөнүндө талаптарды канааттандырууга багытталат.  

2.6. БФКУ Улуттук банк тарабынан сунушталган кредиттик каражаттарды кредиттөө үчүн, баалуу кагаздар рыногунда операцияларды жүргүзүү үчүн пайдаланууга укугу жок. Улуттук банк БФКУнун байланыштуу же аффилирленген жактар менен операцияларына чектөөлөрдү белгилөөгө укуктуу.  

 

 

 

 

 

3. КРЕДИТ/ТРАНШ БЕРҮҮ ТАРТИБИ 

 

3.1. Кредит/транш алуу үчүн БФКУ кредит/транш суммасын, мөөнөтүн жана аны камсыздоо катары сунушталып жаткан активдер тизмегин көрсөтүү менен Улуттук банкка кредит/транш берүү жөнүндө билдирме берүүгө тийиш. 

БФКУнун кредит/транш берүү жөнүндө билдирмесине БФКУнун негизги талаптарга жооп бериши тууралуу документтер жана маалыматтар кошо тиркелүүгө тийиш. 

3.2. Кредит/транш ушул Макулдашуу түзүлгөн учурдан тартып ______ айдан ашпаган мөөнөт ичинде ордун жабуу шартында алынышы мүмкүн.  

3.3. Улуттук банк БФКУга кредит/транш берүү жөнүндө тиешелүү кредиттик келишимди тариздөө аркылуу берет, анда анын өлчөмү (суммасы), мөөнөтү, пайыздык чени, негизги сумманы жана ал боюнча чегерилген пайыздарды төлөөнүн конкреттүү шарттары көрсөтүлөт. Кредит/Транш берүү жөнүндө кредиттик келишимдерде ушул Макулдашууга карата шилтеме камтылууга тийиш.  

3.4. БФКУ Улуттук банктын кредит/транш алуу боюнча зарыл документтерди сунуштоого тиешелүү бардык талаптарын так сактоого тийиш. Улуттук банк БФКУдан кредит/транш берүү жөнүндө билдирмеге тиешелүү кошумча документтерди жана маалыматты талап кылууга укуктуу.  

3.5. Негизги талаптарга ылайык кредит/транш берүүгө түздөн-түз тиешелүү бардык зарыл материалдар жана документтер иликтенгенден кийин гана Улуттук банк кредит/транш берет.  

Улуттук банк БФКУ тарабынан сунушталган документтердин толуктугун, негиздүүлүгүн жана талапка ылайык келишин карап чыккандан кийин, ушул Макулдашуу шарттарын так сактоо менен өз ички жол-жоболоруна ылайык, кредит/транш берүү же аны четке кагуу жөнүндө чечим кабыл алат. 

3.6. Кредит/транш БФКУ тарабынан күрөө жөнүндө келишимдин каттоодон өткөндүгү жөнүндө тиешелүү ыйгарым укуктуу органдын тастыктамасы Улуттук банкка берилгенден кийинки 2 (эки) жумуш күнү ичинде кредит/транш берүү жөнүндө кол коюлган кредиттик келишимге ылайык сунушталат. Өзгөчө учурларда кредит/транш БФКУга күрөө келишимдерин ыйгарым укуктуу органдарда каттоодон өткөртүү жол-жобосу аяктаганга чейин да сунушталышы мүмкүн.  

 

4. КРЕДИТТИ/ТРАНШТЫ ЖАНА БАШКА СУММАЛАРДЫ ПАЙДАЛАНГАНДЫГЫ ҮЧҮН ПАЙЫЗДАРДЫ ЭСЕПТӨӨ, ЧЕГЕРҮҮ ЖАНА ТӨЛӨӨ ШАРТТАРЫ 

 

4.1. Улуттук банк тарабынан сунушталган кредитти/траншты пайдалангандыгы үчүн БФКУ Улуттук банкка пайыздарды төлөп берүүгө милдеттенет. Пайыздар, БФКУнун кредиттин/транштын негизги суммасы боюнча карызынын калдыгына чегерилет.  

Улуттук банктын кредит боюнча пайыздык чени так аныкталган катары саналат жана жылдык ______ пайыз өлчөмүндө белгиленет.  

4.2. Кредитти/траншты пайдалангандыгы үчүн пайыздарды чегерүү жана төлөө ар айлык негизде жүргүзүлөт.  

4.3. Пайыздар, жыл ичиндеги 360 күндүн жана ай ичиндеги айкын күндөрдүн негизинде кредит/транш сунушталган күндөн тартып (ошол күндү эске алуусуз) кредит төлөнгөн күнгө чейин (ошол күндү кошо алганда) кредит/транш боюнча айкын карыз калдыгына чегерилет. 

4.4. Кредит/транш боюнча карыздын негизги суммасын жана чегерилген пайыздарды төлөө ушул Макулдашууну колдонуу мөөнөтү бүткөн жумуш күнүнөн кечиктирбестен ишке ашырылат.  

4.5. Айрым бир кредит/транш боюнча негизги карызды жана чегерилген пайыздарды төлөө тартиби кредит/транш берүү жөнүндө өзүнчө кредиттик келишимдерде аныкталат.  

 

5. ТАРАПТАРДЫН УКУКТАРЫ ЖАНА МИЛДЕТТЕРИ 

5.1.  Улуттук банктын укуктары жана милдеттери: 

5.1.1. Улуттук банк ушул Макулдашууга жана кредит/транш берүү жөнүндө кредиттик келишимдерге ылайык, кредит/транш берүү боюнча бардык зарыл аракеттерди өз убагында жүзөгө ашырууга милдеттенет; 

5.1.2. Улуттук банк Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында каралган, БФКУ тарабынан ушул Макулдашууга жана кредит/транш берүү жөнүндө кредиттик келишимдерге ылайык милдеттенмелердин аткарылышы үчүн зарыл болгон кандай болбосун чараларды көрүүгө укуктуу.  

5.1.3. Ушул Макулдашууну колдонуу мезгили ичинде Улуттук банк БФКУнун финансылык абалын, кредит боюнча камсыздоонун абалын, кредиттин/транштын максаттуу пайдаланылышын текшерүү жагында иш-чараларды жүзөгө ашырууга укуктуу.  

5.1.4. Улуттук банк мониторинг жүргүзүү жана контролдоо максатында, БФКУдан кандай болбосун зарыл маалыматты, анын ичинде кредит боюнча камсыздоонун абалы, кредиттин/транштын максаттуу пайдаланылышы боюнча, анын ичинде суммаларды чегерүү боюнча төлөм документтеринин БФКУ тарабынан тастыкталган көчүрмөлөрүн жана башка маалыматты талап кылууга жана алууга укуктуу.  

5.1.5. Улуттук банк, БФКУ тарабынан ушул Макулдашуу жана кредит/транш берүү жөнүндө кредиттик келишим боюнча милдеттенмелерди аткарууда жол берилген бузуулардын же болбосо ушул Макулдашуунун жана кредит/транш берүү жөнүндө кредиттик келишимдин камсыздоосу катары БФКУ менен Улуттук банк ортосунда түзүлгөн күрөө жөнүндө келишим шарттарын жана жоболорун бузууга жол берүүнүн натыйжасында Улуттук банк тарткан чыгымдарды жана чыгашаларды кошо алганда, ушул Макулдашууда жана кредиттик келишимде каралган кредиттердин/транштардын негизги суммасы, ал боюнча чегерилген пайыздар, туумдар жана айыптык төлөмдөр жана башка суммалар түрүндөгү үстөк айыптар боюнча мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыздын бардык суммасынан күрөөлүк мүлкөн өндүрүү жол-жобосун БФКУнун жактыруусун жана макулдугун алуусуз бир тараптуу тартипте демилгелөөгө укуктуу.  

5.1.6. Эгерде БФКУ Улуттук банктын ушул Макулдашуунун жана кредит/транш берүү жөнүндө кредиттик келишим боюнча талабын аткарбаса, Улуттук банк кредит/транш боюнча негизги сумманы, ал боюнча чегерилген пайыздарды, үстөк айыптарды жана айыптык санкцияларды же болбосо камсыздоого жетишсиз эквиваленттеги тиешелүү сумманы кошо алганда, БФКУнун ушул Макулдашуу жана кредит/транш берүү жөнүндө кредиттик келишим боюнча карызынын толук суммасын же бир бөлүгүн жабуу үчүн күрөөдөн өндүрүүнү жүргүзүү жол-жобомкн баштоого укуктуу.  

5.1.7. Чет өлкө валютасындагы акча каражаттарын алып койгон учурда, алар эсептен алынып салынган/алынып коюлган күнүнө карата Улуттук банк тарабынан белгиленген расмий курска ылайык БФКУга берилген кредиттин/транштын валютасына конвертацияланат (которулат).  

5.1.8. Улуттук банк ушул Макулдашууда, кредит/транш берүү жөнүндө кредиттик келишимде жана Улуттук банк менен БФКУ ортосунда ушул Макулдашуунун негизинде түзүлгөн күрөө жөнүндө келишимдеринде каралган жагдайларда, БФКУ тарабынан Улуттук банкка сунушталган күрөө предметинин эсебинен өндүрүп алууга укуктуу.  

5.1.9. Улуттук банк бир тараптуу негизде кредит/транш берүүдөн баш тартууга жана/же аны берүүнү токтотуп турууга жана/же ушул Макулдашуу жана кредит/транш берүү жөнүндө кредиттик келишим боюнча милдеттенмелердин аткарылышын талап кылууга, анын ичинде кредит/транш боюнча негизги карызды, аны пайдаланган айкын мезгил үчүн пайыздарды жана ушул Макулдашууга жана кредит/транш берүү жөнүндө кредиттик келишимге ылайык Улуттук банкка төлөнүүгө тийиш болгон башка суммаларды төлөөнү, кайсыл болбосун төмөнкү учурларда талап кылууга укуктуу: 

1) БФКУ кредитти/траншты максатсыз пайдаланган учурда; 

2) БФКУ ушул Макулдашууга жана кредит/транш берүү жөнүндө кредиттик келишимге ылайык Улуттук банк тарабынан БФКУдан талап кылынган документтер жана маалымат сунушталбаса же өз убагында сунушталбаса; 

3) БФКУ ушул келишимге жана кредит/транш берүү жөнүндө кредиттик келишимге ылайык өзүнө алган милдеттенмелерди аткарбаса же талаптагыдай аткарбаса; 

4) БФКУ кредит/транш берүү жөнүндө кредиттик келишимге ылайык карыздын ордун жабуу графигин бузууга жол берген шартта;  

5) БФКУ ушул Макулдашууга ылайык Улуттук банк тарабынан берилген кредиттин камсыздоосу катары БФКУ тарабынан сунушталган, БФКУ менен Улуттук банк ортосунда түзүлгөн Күрөөлүк мүлк жөнүндө келишимдин жоболорун бузууга жол берсе; 

6) эгерде Улуттук банкта расмий маалыматтарга же ыйгарым укуктуу органдардын маалыматтарына негизденген, Улуттук банктын пикири боюнча БФКУнун финансылык абалынын олуттуу начарлагандыгы тууралуу жана/же БФКУ ушул Макулдашууга жана кредит/транш берүү жөнүндө кредиттик келишимге ылайык милдеттенмелеринин аткарылбашына же талаптагыдай аткарылбашына алып келиши мүмкүн болгон башка жагдайлар орун алгандыгы тууралуу маалымат болсо; 

7) эгерде БФКУнун ушул Макулдашууга жана кредит/транш берүү жөнүндө кредиттик келишимге ылайык Улуттук банкка сунушталган маалыматы такталбаган, толук эмес/бурмаланган жана/же жалган катары таанылса.  

5.1.10. Улуттук банк 5.1.9-пунктта көрсөтүлгөн талаптар жөнүндө БФКУга кат жүзүндө билдирет.  

Эгерде Улуттук банк 5.1.9-пунктта көрсөтүлгөн себептер боюнча кредит/транш берүүнү токтоткон болсо, ал ушул Макулдашууга ылайык берилген кредит боюнча кредиттөө лимитинин бош калдыгын бир тараптуу жабууга жана БФКУдан кредит/транш боюнча негизги сумманы, айкын пайдаланган убактысы үчүн пайыздарды мөөнөтүнөн мурда кайтарууну талап кылышы мүмкүн, бул тууралуу Улуттук банк БФКУга кат жүзүндө маалымдайт. БФКУ Улуттук банктын кат жүзүндөгү билдирмесинде белгиленген талаптарды, эгерде анда башка мөөнөт көрсөтүлбөсө, тиешелүү билдирме алган учурдан кийинки 5 (беш) жумуш күнүнөн кечиктирбестен аткарууга тийиш.  

Улуттук банк кредиттөө лимити бош турган калдыкты бир тараптуу негизде жапкан шартта, мындай өзгөрүү БФКУга Улуттук банктын кат жүзүндө тиешелүү билдирүүсүндө көрсөтүлгөн датадан тартып күчүнө кирет. 

5.2. БФКУнун укуктары жана милдеттери: 

5.2.1. БФКУ ордун жабуу пландаштырылганга чейинки үч жумуш күнү мурда Улуттук банкка ал тууралуу алдын ала билдирүү менен ушул Макулдашуу жана кредит/транш берүү жөнүндө кредиттик келишим боюнча негизги карызды жана/же пайыздарды мөөнөтүнөн мурда төлөөгө укуктуу.  

5.2.2. БФКУ Улуттук банктан ушул Макулдашууга жана кредит/транш берүү жөнүндө кредиттик келишимге ылайык алган акча каражаттарын ушул Макулдашуунун 2.5-пунктунда жана кредит/транш берүү жөнүндө кредиттик келишимдин тиешелүү пункттарында белгиленген максаттарда гана пайдаланууга милдеттүү.  

5.2.3. БФКУ Улуттук банктын ушул Макулдашууга жана кредит/транш берүү жөнүндө кредиттик келишимге ылайык бардык талаптарын, анын ичинде Улуттук банк тарабынан ушул келишимге жана кредит/транш берүү жөнүндө кредиттик келишимге ылайык талап кылынган маалыматты жана документтерди мөөнөтүндө, талап кылынган формада жана толук көлөмдө сунуштоо талабын аткарууга милдеттүү.  

5.2.4. Макулдашуунун колдонуудагы мөөнөтү ичинде БФКУ ушул Макулдашууга ылайык, Улуттук банк алдында өз милдеттенмелерин аткаруу үчүн сунушталган мүлктү жана/же талап кылуу укугун кайра күрөөгө коюуга жана башка милдеттенме жүктөөгө укугу жок.  

5.2.5. БФКУ ушул Макулдашууга жана кредит/транш берүү жөнүндө кредиттик келишимге ылайык, алынган кредит/транш боюнча негизги сумманы жана чегерилген пайыздарды төлөө графигинин негизинде өз убагында жана толук көлөмдө төлөөгө милдеттенет.  

5.2.6. БФКУ ушул Макулдашууга жана кредит/транш берүү жөнүндө кредиттик келишимге ылайык Улуттук банк алдында өз милдетенмелерин аткаруу үчүн БФКУ тарабынан сунушталган күрөөлүк мүлктүн сакталышын жана бүтүндүгүн камсыздоо боюнча бардык зарыл чараларды өз убагында жана толук көлөмдө көрүүгө милдеттенет. 

5.2.7. БФКУ ушул Макулдашуу жана кредит/транш берүү жөнүндө кредиттик келишим боюнча өз милдеттенмелерин аткарууга, анын ичинде сунушталган кредит/транш боюнча негизги сумманы, ал боюнча чегерилген пайыздарды жана башка суммаларды төлөөгө кесепетин тийгизиши мүмкүн болгон бардык жагдайлар, анын ичинде төмөнкү жагдайлар тууралуу Улуттук банкка дароо билдирүүгө милдеттүү

- БФКУга карата ушул Макулдашуунун 2.1-пунктунда көрсөтүлгөн кредиттөө лимитинин суммасына барабар же 10 (он) пайызынан ашкан суммада үчүнчү жактардын кине коюулары жана/же доо арызы жөнүндө; БФКУ ушул келишимдин 2.1-пунктунда көрсөтүлгөн кредиттөө лимитинин суммасына барабар же 10 (он) пайызынан ашкан суммадагы акча каражаттарын төлөө үчүн жоопкер же кошо жоопкер катары катышкан соттук териштирүүлөр жөнүндө; ыйгарым укуктуу органдар тарабынан БФКУга карата колдонулган мажбурлоо чаралары жана санкциялар жөнүндө жана БФКУнун ушул Макулдашуу боюнча Улуттук банк алдында өз милдеттенмелерин аткарууга таасирин тийгизиши мүмкүн болгон бардык жагдайлар тууралуу; 

- БФКУнун мүлкүнө, анын ичинде күрөө жөнүндө келишимге ылайык БФКУ тарабынан Улуттук банк алдында өз милдеттенмелерин аткаруу үчүн сунушталган мүлккө арест коюу тууралуу. 

5.2.8. БФКУ кредит/транш боюнча негизги сумманы жана чегерилген пайыздарды ушул Макулдашууда жана кредит/транш берүү жөнүндө кредиттик келишимде белгиленген мөөнөттө толук өлчөмдө, анын ичинде эгерде ушул Макулдашуунун 5.1-пунктунун 9-пунктчасында белгиленген жагдайлар орун алган шартта Улуттук банк БФКУга кат жүзүндө тиешелүү билдирме жөнөткөн учурда ушул келишимдин 5.1-пунктунун 10-пунктчасына ылайык мөөнөтүнөн мурда ордун жабууга (кайтарууга) милдеттенет. 

 

6. БФКУ ТАРАБЫНАН КРЕДИТ БОЮНЧА МИЛДЕТТЕНМЕЛЕРИНИН АТКАРЫЛЫШЫН КАМСЫЗДОО 

 

6.1. БФКУ тарабынан ушул Макулдашууга жана кредит/транш берүү жөнүндө кредиттик келишимге ылайык алган кредит/транш боюнча негизги карызды, чегерилген пайыздарды, башка жыйымдарды/төлөмдөрдү, айыптык төлөмдөрдү, туумдарды жана башка төлөөлөрдү кайтаруу боюнча милдетенмелерин аткаруунун камсыздоосу катары БФКУга күрөө жөнүндө келишимдин негизинде таандык болгон _________________ саналат. БФКУ тарабынан ушул Макулдашуу жана кредит/транш берүү жөнүндө кредиттик келишим боюнча өз милдеттенмелерин камсыздоого Улуттук банкка өткөрүлүп жаткан мүлктүн конкреттүү тизмеси БФКУ менен Улуттук банк ортосунда түзүлгөн күрөө келишиминде көрсөтүлөт.  

6.2. БФКУнун күрөө предмети болуп саналган мүлкү тараптардын макулдашуусу менен БФКУнун башка мүлкүнө алмаштырылышы мүмкүн.  

6.3. Күрөө жөнүндө келишимдерде негизги милдет катары ушул Макулдашууга шилтеме камтылууга тийиш.  

6.4. Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын талаптарына ылайык каттоодон өтүүгө тийиш болгон күрөөлүк мүлк БФКУ тарабынан күрөө жөнүндө келишимде көрсөтүлгөн мөөнөт ичинде ыйгарым укуктуу органда катталууга тийиш. 

6.5. Эгерде БФКУ ушул Макулдашууда жана кредит/транш берүү жөнүндө кредиттик келишимде белгиленген өз милдеттенмелерин аткарбаса же талаптагыдай аткарбаса, ошондой эле ушул Макулдашуу жана кредит/транш берүү жөнүндө кредиттик келишимде каралган башка жагдайларда, БФКУ Улуттук банк алдындагы милдеттенмелерин аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган күндөн кийинки күндөн тартып, күрөөлүк амсыздоодон өндүрүү жол-жобосун баштоого Улуттук банкка укук берет.  

6.6.  Улуттук банк өз талаптарын күрөө келишиминде жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында каралган шарттарга жана талаптарга ылайык, БФКУ тарабынан сунушталган күрөөнүн эсебинен соттон тышкары өндүрүүнү жүргүзүү аркылуу жана соттон тышкары сатып өткөрүү аркылуу толук көлөмдө канааттандырууга укуктуу.  

БФКУ тарабынан күрөөгө коюлган мүлктү сатуудан алынган сумма өз талаптарын толук канааттандыруу үчүн жетишсиз болгон шартта, Улуттук банк жетпеген сумманы БФКУнун кайсы болбосун башка мүлкүнөн алууга укуктуу. 

6.7.  БФКУ/күрөө коюучу Улуттук банкка күрөө предметинен өндүрүүнү жүргүзүү, боюнча чараларды көрүүдө кандайдыр бир негизде жана кандайдыр бир формада каршылык көрсөтүүгө укугу жок. Эгерде БФКУ/күрөө коюучу Улуттук банкка күрөө предметинен өндүрүүнү жүргүзүү боюнча зарыл чараларды көрүүдө кандайдыр бир негизде каршылык көрсөтсө, Улуттук банк өз талаптарын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык соттук тартипте толук көлөмдө канааттандырууга укуктуу. Бул учурда Улуттук банктын бардык тиешелүү чыгашалары, анын ичинде соттук чыгашалар БФКУга/күрөө коюучуга жүктөлөт.  

 

7. ТАРАПТАРДЫН ЖООПКЕРЧИЛИГИ 

7.1. Улуттук банк ушул Макулдашууга жана кредит/транш берүү жөнүндө кредиттик келишимге ылайык, кредит берүү боюнча өз милдеттенмелерине жоопкерчиликтүү болот.  

7.2. Улуттук банк берилүүчү кредиттин/транштын суммасы ушул Макулдашуунун 3.6-пунктунда каралган мөөнөттө БФКУнун Улуттук банктагы өзүнчө эсебине өз убагында чегерилбесе, БФКУга берилүүчү кредиттин/транштын суммасынын 0,1% өлчөмүндө бир жолку айып төлөйт.  

7.3. Ушул Макулдашууга жана кредит/транш берүү жөнүндө кредиттик келишимдерге ылайык алынган кредиттик каражаттар БФКУ тарабынан максатсыз пайдаланылган шартта, БФКУ Улуттук банкка кредит/транш берүү жөнүндө келишимдерге ылайык алынган кредиттин/транштын суммасынын 0,1% өлчөмүндө бир жолку айып түрүндөгү үстөк айып төлөйт. Мында, БФКУ Улуттук банктын бул тууралуу тиешелүү жазуу жүзүндөгү билдирмесин алган күндөн тартып 5 (беш) жумуш күнү ичинде үстөк айыбын төлөө менен кредит/транштын бардык суммасын кайтарып берүүгө милдеттүү.  

7.4. БФКУ кредит/транштын негизги суммасын, ал боюнча чегерилген пайыздарды жана ушул Макулдашуудан жана кредит/транш берүү жөнүндө кредиттик келишимдерден улам келип чыккан төлөмдөрдү өз убактысынан өткөрүп же толук төлөбөгөн учурда, БФКУ, карыздын мөөнөтү өткөрүп жиберилген күндөн тарып анын ордун толук жабууга чейинки ар бир мөөнөтү өткөрүлгөн күн үчүн 0,1% өлчөмүндө туум түрүндө үстөк айып төлөйт. 

7.5. Мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыз боюнча пайыздар күндөрдүн айкын санынын  

негизинде чегерилет. 

7.6. Эгерде БФКУ кредиттин максаттуу пайдаланылышы боюнча отчетторду жана ушул Макулдашуу жана БФКУ менен Улуттук банк ортосунда келишилген күрөө жөнүндө келишимде каралган күрөө менен камсыздоо боюнча маалыматты, ошондой эле ушул Макулдашууга жана кредит/транш берүү жөнүндө кредиттик келишимге ылайык Улуттук банк тарабынан талап кылынуучу башка маалыматтарды жана документтерди белгиленген мөөнөттө же берүү формасын бузуу менен же болбосо толук эмес, бурмалап, туура эмес берген болсо, анда ал отчетторду/маалыматты талаптагыдай сунуштабаган ар бир учуру үчүн Улуттук банкка ушул Макулдашуунун 2.1-пунктунда көрсөтүлгөн кредиттөө лимитинин суммасынан 0,01 пайыз өлчөмүндө айып төлөйт.  

7.7 Айыптарды жана туумдарды төлөө БФКУну ушул Макулдашуу боюнча өз милдеттенмелерин аткаруудан бошотпойт.  

7.8. Аталган Макулдашуунун мөөнөтү БФКУнун ушул Макулдашуу боюнча Улуттук банктан алган акча каражаттарын кайтарган мөөнөтүн кошо алганда, анын ичинде форс-мажордук жагдайлар келип чыккан учурда, Улуттук банк Башкармасынын чечиминин негизинде гана пролонгацияланат.  

 

8. ӨЗГӨЧӨ ШАРТТАР, КЕПИЛДИКТЕР 

8.1. БФКУ ушул Макулдашууга кол коюу менен төмөндөгүлөрдү тастыктайт жана кепилдик берет: 

а) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары боюнча юридикалык жак болуп саналуу менен, ал өзүнүн атынан ушул Макулдашууну жана кредит/транш берүү жөнүндө кредиттик келишимди түзүүгө укуктуу; 

б) ушул Макулдашуунун жана кредит/транш берүү жөнүндө кредиттик келишимдин мазмуну жана алардын шарттарынын талаптагыдай аткарылышы, Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарын жана кайсы болбосун ченемдик укуктук актыларын, соттун БФКУга жана БФКУнун уставына тиешеси бар чечимдерин бузууга себеп болбойт; 

в) БФКУ Улуттук банк Башкармасынын ______ «___» ____№_____токтому менен бекитилген «Депозиттерди тартуу менен иш алып барган банк эмес финансы-кредит уюмдарына акыркы инстанция кредити жөнүндө» жобонун талаптары менен толук таанышып чыкты.  

8.2. Жердин силкинишин жана башка табият кубулуштарын, мамлекеттик органдардын аракеттерин жана чечимдерин, эл аралык келишимдердин күчүнө киришин, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын кабыл алынышын, согуштук аракеттер жана ушул Макулдашуунун тараптарынын контролдоосуна мүмкүн болбогон жана жогоруда аталган келишимдер боюнча өз милдеттерин аткаруусуна бөгөт коюучу массалык баш аламандыктарды кошо алганда, алдын ала болжолдоого жана алгылыктуу аракеттер менен ага бөгөт коюуга мүмкүн болбогон күтүүсүз жагдайлар (форс-мажордук) орун алган шартта, бул милдеттенмелерди аткаруу мөөнөтү келишимдин 7.8-пунктунда каралган шарттар сакталган учурда, бирок ушул Келишимдин жана кредит/транш берүү жөнүндө кредиттик келишимдин же көрсөтүлгөн форс-мажордук жагдайлар башталгандан кийин аткарылууга тийиш болгон алардын бөлүгүн аткаруу мөөнөтүнө таасирин тийгизген чекте гана, форс-мажордук жагдайлар орун алып турган мезгилге жараша жылдырылат.  

8.3. Ушул Макулдашуунын эки тарабы тең ушул Макулдашуу жана кредит/транш берүү жөнүндө кредиттик келишим боюнча өз милдеттенмелерин аткарууга тоскоолдук жаратуучу форс-мажордук жагдайлардын башталгандыгы жана аяктагандыгы жөнүндө 2 (эки) жумуш күнү ичинде бири-бирине оозеки жана жазуу жүзүндө билдирүүлөрү тийиш. 

8.4. Эгерде Тараптардын бири ушул Макулдашуу жана кредит/транш берүү жөнүндө кредиттик келишим боюнча өз милдеттенмелерин аткара албай калса жана бул форс-мажордук жагдайлардын натыйжасы болуп саналса, бирок форс-мажордук жагдайга кириптер болгон тарап мындай кесепеттерди четтетүү үчүн өз убагында бардык керектүү чараларды көрсө, анда бул ушул Макулдашуунун жана жогоруда аталган келишимдердин талаптарын бузгандык катары каралбайт. 

 

9. ТАЛАШ МАСЕЛЕЛЕРДИ ЧЕЧҮҮ ТАРТИБИ 

 

9.1. Ушул Макулдашууну аткаруу процессинде тараптар ортосунда келип чыккан талаш маселелер, өз ара алгылыктуу чечимди иштеп чыгуу максатында тараптардын өз ара сүйлөшүүлөрү аркылуу жөнгө салынат. 

9.2. Тараптар ортосунда сүйлөшүүлөргө жетишүү мүмкүн болбогон шартта, алардын ортосунда келип чыккан талаш маселелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жөнгө салынат. 

 

10. КОРУТУНДУ ШАРТТАР 

 

10.1. Улуттук банк менен БФКУ ортосундагы бардык мамилелер купуялуулук мүнөзгө ээ жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Макулдашууда түздөн-түз каралган же башка тараптын макулдугу бар учурларды эске албаганда, ушул Макулдашуунун колдонуудагы мезгили ичинде бири-биринен алган маалыматтарын үчүнчү жактарга ачыкка чыгарууга укугу жок. 

10.2. Купуя маалымат жалпыга жеткиликтүү маалыматтарды, ошондой эле билдирүүлөрдө жана отчеттордо, жарнамалык билдирүүлөрдө ж.б. камтылган маалыматтарды камтыбайт. 

10.3. БФКУ Улуттук банкка ушул Макулдашуу жана кредитти/траншты берүү жөнүндө кредиттик келишим боюнча Улуттук банк алдында өз милдеттерин талаптагыдай аткарбаган учурларда ушул Макулдашуу боюнча үчүнчү жактарга маалыматты ачууга укук берет. 

10.4. Ушул статьяларда каралган купуялуулук жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул Макулдашуу жана кредит/транш берүү жөнүндө кредиттик келишимдер боюнча талап кылуу укугун жана милдеттерди кошо алганда, укуктары ыйгарып өткөрүп берилген укуктарга таркатылбайт. 

10.5. Макулдашууга анын ажырагыс бөлүгү болуп санала турган кошумча келишимдерди түзүү же болбосо кат алмашуу аркылуу тараптардын өз ара макулдашуулары боюнча өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн. 

10.6. Ушул Макулдашууда каралган учурларды эске албаганда, ага бир тараптуу тартипте өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду киргизүүгө же аны токтотууга жол берилбейт. 

10.7. Ушул Макулдашуунун бардык шарттары жана жоболору тараптар тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш. 

10.8. Тараптар банктык реквизиттерин өзгөрткөн датага чейинки 5 (беш) жумуш күнү ичинде бул тууралуу бири-бирине кат жүзүндө билдирүүгө милдеттенет. Банктык реквизиттеринин өзгөргөндүгү жөнүндө өз убагында билдирбегендигинен улам, ушул Макулдашуунун талаптагыдай аткарылбай калуу тобокелдиги үчүн, банктык реквизиттеринин өзгөргөндүгү жөнүндө башка тарапка билдирбеген же өз убагында билдирбеген тарап жоопкерчилик тартат. 

10.9. Тараптар кайра өзгөртүп түзүлгөн же жоюлган шартта, Тараптардын ушул Макулдашуу боюнча бардык укуктары жана милдеттери алардын укугу өтүүчүлөргө өтөт. 

10.10. Макулдашуунун негизинде түзүлгөн кредит/транш берүү жөнүндө кредиттик келишим ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат жана ага ушул Макулдашуунун бардык жобосу таркатылат.  

10.11. Макулдашуу эки тарап тең кол койгон күндөн тартып күчүнө кирет жана БФКУ ушул Макулдашуу жана кредит/транш берүү жөнүндө кредиттик келишим боюнча Улуттук банк алдындагы өз милдеттенмелерин аларда каралган мөөнөттө толук аткарганга чейин колдонулат. 

10.12. Макулдашуу тараптардын ар бири үчүн бирден, бирдей юридикалык күчкө ээ 3 (үч) түп нускада, бир нускасы күрөөнү каттаган ыйгарым укуктуу органдар үчүн түзүлгөн.  

 

 

11. ТАРАПТАРДЫН ЮРИДИКАЛЫК ДАРЕКТЕРИ, РЕКВИЗИТТЕРИ ЖАНА КОЛ ТАМГАЛАРЫ 



 

Улуттук банк: 


Кыргыз Республикасынын  


Улуттук банкы  


Бишкек шаары 


Чүй проспекти, 168. 


Кызмат орду__________________ 


(кол тамгасы)______________М.О. 

 

БФКУнун аталышы: 


Бишкек шаары, ____________көчөсү


Улуттук банктагы өзүнчө
эсеби №_______  


Улуттук банктагы БИК №_____ 


ИНН №_____________ 


ОКПО №___________ 


Мамлекеттик салык кызматынын коду: _____ 


Кызмат орду_________________ 


(кол тамгасы)__________________М.О. 

 

 

 

 

20__жылдын «____» _______ 

№______ Акыркы инстанция  

кредитин алуу жөнүндө  

макулдашууга карата  

1-тиркеме 

 

 

№______ Акыркы инстанция кредитин алуу жөнүндө макулдашууга карата 

№ ______ кредиттик келишим 

 

Бишкек шаары 20__жылдын «____»_______ 

 

Мындан ары «Улуттук банк» деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын атынан ________________ негизинде иш алып барган _______________ бир тараптан жана мындан ары «БФКУ» деп аталуучу __________________ атынан ________________ негизинде иш алып барган _______________ экинчи тараптан, мындан ары биргелешип «Тараптар» деп аталуучулар төмөнкүлөр боюнча ушул кредит/транш берүү жөнүндө кредиттик келишимди (мындан ары «Кредиттик келишим») түзүштү:  

 

1. Кредит/транш берүү жөнүндө кредиттик келишим предмети  

 

1.1. Улуттук банк 20____-жылдын «___»________Акыркы инстанция кредитин алуу жөнүндө макулдашуунун (мындан ары Макулдашуу) жана ушул кредиттик келишимдин негизинде БФКУга ушул Кредиттик келишимде жана Макулдашууда каралган шарттарда ___________ (суммасы жазуу жүзүндө) сом суммасында кредит/транш сунуштайт. 

 

2. Кредит/Транш сунуштоо шарттары 

2.1. Кредит/транш ____ ай мөөнөтүнө, ___________ тартып __________ чейин сунушталат.  

2.2. Кредит/транш боюнча акча каражаттары БФКУнун Улуттук банкта ачылган атайын эсебине чегерилген күн кредит/транш сунуштоо күнү болуп саналат. 

2.3. БФКУ ушул Кредиттик келишимге ылайык Улуттук банктан талап кылган кредит/транш боюнча күрөө жөнүндө келишимдер каттоодон өткөндүгү жөнүндө тиешелүү ыйгарым укуктуу органдардын тастыктамасын Улуттук банкка сунуштаган учурдан кийинки 2 (эки) жумуш күнү ичинде Улуттук банк кредит/транш боюнча акча каражаттарын чегерет.  

2.4. Ушул Кредиттик келишимдин алкагында Улуттук банк тарабынан БФКУга сунушталып жаткан кредиттик каражаттар максаттуу багытка ээ жана аны БФКУ Макулдашуунун 2.5-пунктунда каралган максаттарда жана ушул эле Макулдашуунун 2.6-пунктунда каралган шарттарда пайдаланылууга тийиш. 

БФКУ тарабынан ушул пункттун биринчи абзацында каралган шарттар сакталбаган учурда, ага карата Макулдашууда каралган чаралар колдонулат.  

 

3. Кредитти/траншты пайдалануу шарттары 

3.1. БФКУ кредитти/траншты пайдалангандыгы үчүн ушул Кредиттик келишимдин 2.1-пунктунда көрсөтүлгөн бүтүндөй мөөнөт ичинде Улуттук банкка жылдык ______ пайыз өлчөмүндө белгиленген пайыздык чен төлөйт.  

3.2. Кредитти/траншты пайдалангандыгы үчүн чегерилген пайыздар БФКУ тарабынан ай сайын төлөнөт. Пайыздар кредит берилген (бул күндү кошпогондо) күндөн тартып кредит төлөнгөн күнгө чейин (бул күндө кошо алганда) кредит боюнча карыздын айкын калдыгына жыл ичиндеги 360 күндүн негизинде жана ай ичиндеги айкын күндөргө чегерилет.  

3.3. Кредит/транш боюнча карыздын негизги суммасы жана/же ал боюнча чегерилген пайыздар БФКУ тарабынан ушул Келишимдин 2.1-пунктунда белгиленген мөөнөт бүткөндөн кийин төлөнөт. 

3.4. Кредит/транш боюнча бүтүндөй негизги сумманы жана пайыздарды төлөө, БФКУ тарабынан ушул кредиттик келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналган карызды төлөө графигине ылайык ( 1-тиркеме) жүргүзүлөт.  

3.5. Кредиттин/транштын негизги суммасы жана чегерилген пайыздар боюнча жыйынтыктап эсептешүүлөр _______жылы жүргүзүлөт.  

3.6. Кредиттин/транштын негизги суммасын жана/же ал боюнча чегерилген пайыздарды жана/же башка төлөмдөрдү (айыптык төлөмдөрдү, туумдарды ж.б.) төлөө күнү майрам күнүнө, иштебеген күнгө же дем алыш күндөрүнө туура келип калса, ал майрам, иштебеген же дем алыш күндөрүнөн кийинки жумуш күнү ишке ашырылат.  

3.7. БФКУ, кредит/транш боюнча негизги сумманы, ал боюнча чегерилген пайыздарды  

жана башка төлөмдөрдү (айыптык төлөмдөрдү, туумдарды ж.б.) Улуттук банктагы тиешелүү эсепке которот (негизги карыз боюнча сумма №_____________, пайыздык төлөмдөр боюнча сумма №__________________). 

 

4. Күрөөлүк камсыздоо 

 

4.1. БФКУнун ушул кредиттик келишим боюнча алган кредит/транш боюнча карыздын негизги суммасын, ал боюнча чегерилген пайыздарды, башка жыйымдарды/төлөөлөрдү, айыптык төлөм түрүндөгү үстөк айыпты, туумдарды жана ушул кердиттик келишим жана Макулдашуу боюнча башка төлөөлөрдү кайтаруу боюнча өзүнө алган милдеттенмелерди аткаруунун күрөөлүк камсыздоосу катары _________________ саналат. БФКУнун ушул кредиттик келишимде жана Макулдашууда каралган милдеттенмелеринин камсыздоосу катары Улуттук банкка өткөрүп берген мүлкүнүн такталган тизмеги БФКУ менен Улуттук банк ортосунда түзүлгөн күрөө жөнүндө келишимде көрсөтүлөт.  

 

5. Башка шарттар 

5.1. Ушул кредиттик келишимде каралбаган башка шарттар, Тараптардын укуктары, милдеттенмелери жана жоопкерчилиги Макулдашууга ылайык жөнгө салынат.  

5.2. Кредиттик келишимге өзгөртүүлөр жана толуктоолор, анын ажырагыс бөлүгү болуп саналган жазуу жүзүндөгү кошумча макулдашууну түзүү аркылуу киргизилет. 

5.3. Кредиттик келишим, ошондой эле ага карата 1-тиркеме Улуттук банк менен БФКУ ортосунда түзүлгөн Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат, ал бирдей юридикалык күчкө ээ 3 (үч) түп нускада, 2 (эки) нускасы Тараптардын ар бири үчүн бирден, 1 (бир) нускасы күрөөнү каттаган тиешелүү ыйгарым укуктуу органга сунушталат.  

 

 

 

 

6. ТАРАПТАРДЫН ЮРИДИКАЛЫК ДАРЕКТЕРИ, РЕКВИЗИТТЕРИ ЖАНА КОЛ ТАМГАЛАРЫ  

 

Улуттук банк: 


Кыргыз Республикасынын  


Улуттук банкы  


Бишкек шаары, Чүй проспектиси, 168. 


Кызмат орду__________________ 


(кол тамгасы)______________М.О. 

БФКУнун аталышы: 


Бишкек шаары, ______________көчөсү 


Улуттук банктагы өзүнчө
эсеби №_______  


БИК №_____ 


ИНН №_____________ 


ОКПО №___________ 


Мамлекеттик салык кызматынын коду: _____ 


Кызмат орду_________________ 


(кол тамгасы) __________________М.О. 

 

 

 

 

20__жылдын «____» _______ 

№______ кредиттик келишимге  

карата1-тиркеме 

 

 

КРЕДИТ ТӨЛӨӨ ГРАФИГИ 

 

Кредиттин суммасы: _______________сом 

Пайыздык чен (жылдык):_____% 

Пайыздарды төлөө: ар ай сайын 

Эсептик жыл: 360 күн 

Кредиттин мөөнөтү:_____күн 

Кредит берүү күнү: 20__-жылдын «__»______ 

Кредиттин ордун жабуу күнү: 20__-жылдын «__»______ 

 

 

Айлар  

Төлөө датасы 

Пайыздарды төлөө

Негизги сумманы төлөө 

Бардыгы болуп төлөөгө 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Жыйынтыгында  

 

 

 

 

* пайыздарды эсептөөдө кредит пайдаланылган айкын күндөрдүн саны алынат.  

 

 



Улуттук банк: 


Кыргыз Республикасынын  


Улуттук банкы  


Кызмат орду__________________


(кол тамгасы)_____________М.О.

БФКУнун аталышы: 


Кызмат орду__________________


(кол тамгасы) _____________М.О.

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 

20____-жылдын «__»_____ №___ 

«Депозиттерди тартуу менен иш  

алып барган банк эмес финансы- 

кредит уюмдарына акыркы  

инстанция кредити жөнүндө»  

токтому менен бекитилген 

жобого карата 

2-тиркеме 

 

20__-ж. ____ акыркы инстанция кредити боюнча 20-ж. _____ № ___ транштын максаттуу пайдаланылгандыгы жөнүндө 

ОТЧЕТ 

 

Операция ишке ашырылган дата 

Операциянын максаты 

Эсептин №  

Берилген сумма (сом) 

 

 

 

 

Жыйынтыгында:  

 

 

 

 

 

БФКУнун башкы бухгалтери ________________ 

(кол тамгасы) 

________ сом өлчөмүндөгү транштын максаттуу пайдаланылгандыгын тастыктайм. 

 

___________________________________________ ________________ 

Кызмат орду (кол тамгасы)