Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2024-жылдын 17-январындагы  

№ 2024-П-12\1-3-(НПА) 

токтому 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы» ААКтын ишинин маселелери боюнча  

айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жана күчүн жоготкон катары таануу жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:  

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) киргизилсин:  

1) 2003-жылдын 20-ноябрындагы № 32/7 «Коммерциялык банктарда аудит боюнча Комитетти түзүүгө карата негизги Талаптар тууралуу»;  

2) 2004-жылдын 28-апрелиндеги № 11/2 «Пайыздык кирешелерди чегербөө статусун берүүнүн тартибин» бекитүү тууралуу»; 

3) 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/3 «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндөгү» жобону бекитүү жөнүндө»; 

4) 2004-жылдын 23-октябрындагы № 26/2 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктардын жана финансы-кредит уюмдардын эсепке алуу саясатына карата талаптар жөнүндөгү» жобону бекитүү тууралуу»; 

5) 2004-жылдын 29-декабрындагы № 36/13 «Кыргыз Республикасынын аймагындагы коммерциялык банктардын ачык валюта позицияларынын жана баалуу металлдар боюнча ачык позицияларынын лимиттерин сактоонун тартиби жөнүндө» Нускоону бекитүү тууралуу»; 

6) 2005-жылдын 2-мартындагы № 4/1 «Кыргыз Республикасынын банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан жөнгө салынган коммерциялык банктар жана башка финансы-кредит уюмдары, төлөм системасынын операторлору жана төлөм уюмдары тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтарды монополияга каршы жөнгө салуу, атаандаштыкты өнүктүрүү жана керкетөөчүлөрдүн таламдарын коргоо Саясатын жана негизги принциптерин бекитүү тууралуу»; 

7) 2005-жылдын 15-декабрындагы № 37/5 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында операциялык тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

8) 2006-жылдын 28-июнундагы № 19/2 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит уюмдарында рыноктук тобокелдигин тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

9) 2006-жылдын 28-июнундагы № 19/3 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит уюмдарында өлкөлүк тобокелдигин тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

10) 2007-жылдын 28-мартындагы № 16/5 «Банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда басымдуулук абалын аныктоо тууралуу» жобо жөнүндө»; 

11) 2007-жылдын 20-декабрындагы № 54/9 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында жана башка финансы-кредит уюмдарында бухгалтердик эсепке алуу эсептер планына карата талаптар жөнүндө жобону» бекитүү тууралуу»; 

12) 2008-жылдын 28-майындагы № 22/4 «Тике банктык көзөмөл жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

13) 2008-жылдын 27-августундагы № 33/4 «Банктык кызмат көрсөтүүлөр боюнча сыйакылар өлчөмү жөнүндө маалыматты таркатууда эффективдүү пайыздык чендерди эсептөө тууралуу» жобону бекитүү жөнүндө»; 

14) 2009-жылдын 10-июнундагы № 26/3 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын туунду же көз каранды компанияларды түзүү жана/же сатып алуу эрежелерин бекитүү тууралуу»; 

15) 2010-жылдын 12-мартындагы № 6/2 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын финансылык отчетторду түзүүсүнө карата коюлган талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

16) 2010-жылдын 30-июнундагы № 52/4 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө»; 

17) 2011-жылдын 14-сентябрындагы № 52/4 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө»; 

18) 2012-жылдын 4-июлундагы № 28/7 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан көзөмөлдөнгөн коммерциялык банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын күрөөгө коюлган мүлк менен иштөө тартибин» бекитүү жөнүндө»;  

19) 2012-жылдын 4-июлундагы № 28/10 «Коммерциялык банктардагы видеобайкоону уюштуруу тартибин бекитүү тууралуу»; 

20) 2012-жылдын 29-августундагы № 36/2 «Кыргыз Республикасындагы коммерциялык банктардын жана микрофинансылык компаниялардын кыймылсыз мүлк менен айрым бүтүмдөрү/операциялары жөнүндө» жобосун бекитүү жөнүндө»; 

21) 2017-жылдын 17-майындагы № 19/12 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында корпоративдик башкаруу жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

22) 2017-жылдын 17-майындагы № 19/13 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен коммерциялык банктар, банктык операциялардын айрым түрлөрүн жүзөгө ашырган уюмдар жана алардын уюштуруучулары (катышуучулары), юридикалык жактар жана жеке адамдар ортосунда келип чыккан талаш маселелерди сотко чейин жөнгө салуу жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

23) 2017-жылдын 31-майындагы № 21/5 «Банктын аффилирленген жана байланыштуу жактар менен операцияларына карата талаптар жөнүндө» нускоону бекитүү тууралуу»; 

24) 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-12/23-1-(НПА) «Банк ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

25) 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-12/23-8-(НПА) «Убактылуу администрация жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

26) 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-2-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын тышкы аудитине карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

27) 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-4-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктарга карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобо тууралуу»; 

28) 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-8-(НПА) «Кыргыз Республикасынын банктарында тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

29) 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-9-(НПА) «Кыргыз Республикасынын банктарынын убактылуу администрация режимин киргизүү же жоюу жол-жобосу баштоо учурунда айрым банктык операцияларды жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»;  

30) 2018-жылдын 20-июнундагы № 2018-П-12/24-2-(НПА) «Банктык көзөмөлдүктү жүзөгө ашыруу жөнүндө нускоону» бекитүү тууралуу»; 

31) 2019-жылдын 13-мартындагы № 2019-П-07/10-1-(ДКП) «Милдеттүү камдар жөнүндө» жобо тууралуу»; 

32) 2019-жылдын 14-августундагы № 2019-П-12/42-1-(НПА) «Террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү максатында коммерциялык банктарда ички контролдукту уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону, «Кыргыз Республикасында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобону бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына террористтик иш-аракетти каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү маселеси боюнча тиешелүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу»; 

33) 2022-жылдын 12-октябрындагы №  2022-П-12/63-1-(НПА) «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын жетиштүүлүгү (шайкештиги) стандарттарын аныктоо боюнча нускоону бекитүү жөнүндө»; 

34) 2022-жылдын 14-декабрындагы №  2022-П-12/78-7-(НПА) «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

35) 2023-жылдын 12-апрелиндеги № 2023-П-12/23-5-(НПА) «Кредиттөөдөгү чектөөлөр жөнүндө» нускоону бекитүү тууралуу».  

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдору күчүн жоготкон катары таанылсын: 

- 2012-жылдын 16-ноябрындагы № 43/1 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө»; 

- 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 2023-П-12/58-3(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы» ААКтын ишин жөнгө салуу боюнча убактылуу чечимдери жөнүндө».  

3. Токтом расмий жарыялангандан 15 (он беш) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

4. Юридика башкармалыгы: 

- тиешелүү документтерди алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтына жарыяласын;  

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

5. Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгы токтом расмий жарыялангандан кийинки 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен коммерциялык банктарды, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

6. Токтомдун аткарылышын контролдоо Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

Төрага                                                                                                                                                                                                                                                                         К. Боконтаев 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 

2024-жылдын 17-январындагы 

№ 2024-П-12\1-3-(НПА) 

токтомуна карата тиркеме 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы» ААКтын ишинин маселелери боюнча айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жана күчүн жоготкон катары таануу жөнүндө 

 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2003-жылдын 20-ноябрындагы № 32/7 «Коммерциялык банктарда аудит боюнча Комитетти түзүүгө карата негизги Талаптар тууралуу » токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Коммерциялык банктарда аудит боюнча Комитетти түзүүгө карата негизги талаптардын: 

- 1.1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин

«1.1. Бул негизги талаптар коммерциялык банктарга, анын ичинде ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган банктарга, «Кредиттик союздардын каржы компаниясы» ААКка таркатылат.». 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 28-апрелиндеги № 11/2 «Пайыздык кирешелерди чегербөө статусун берүүнүн тартибин» бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Пайыздык кирешелерди чегербөө статусун берүүнүн тартибинин»: 

- 1.1-пунктунун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1.1. Тартип коммерциялык банктарда жана алмашуу бюролорун (мындан ары - кредиттик мекемелер) кошпогондо, иши Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан жөнгө салынган башка финансы-кредит уюмдарда өзүнө кредиттик тобокелдикти алып жүргөн кредиттер жана активдер боюнча пайыздык кирешени чегербөө статусун ыйгаруу тартибин аныктайт.». 

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/3 «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндөгү» жобону бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө» жобонун: 

- 1.1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин

«1.1. Бул Жободо активдерди жана баланстан тышкаркы милдеттенмелерди (мындан ары - активдер) классификациялоо, ошондой эле жөнгө салуу жана көзөмөлдөө максатында потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга тиешелүү кам (мындан ары - РППУ) түзүү боюнча талаптар белгиленген жана ал бардык коммерциялык банктарга жана кепилдик фонддорго (мындан ары - банктар) таркатылат.».  

4. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 23-октябрындагы № 26/2 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктардын жана башка финансы-кредит уюмдардын эсепке алуу саясатына карата талаптар жөнүндөгү» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктардын жана башка финансы-кредит уюмдардын эсепке алуу саясатына карата талаптар жөнүндөгү» жобонун: 

- преамбуласы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Бул Жободо Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзам актыларына ылайык, коммерциялык банктардын, «Кредиттик союздардын каржы компаниясы» ААКсы, турак жай-сактык кредиттик компаниялар, кепилдик фонддордун, микрофинансылык уюмдардын жана кредиттик союздардын (мындан ары - ФКУ) эсепке алуу саясатына карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан коюлган негизги талаптар аныкталган.».  

5. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 29-декабрындагы № 36/13 «Кыргыз Республикасынын аймагындагы коммерциялык банктардын ачык валюта позицияларынын жана баалуу металлдар боюнча ачык позицияларынын лимиттерин сактоонун тартиби жөнүндө» Нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын аймагындагы коммерциялык банктар тарабынан ачык валюта позицияларынын лимиттеринин сакталышынын тартиби жөнүндө» нускоонун:  

- преамбуласынын экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:  

«Ачык позиция лимиттерин сактоо тартиби бардык коммерциялык банктарга (мындан ары - банктар) таркатылат.». 

6. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 2-мартындагы № 4/1 «Кыргыз Республикасынын банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан жөнгө салынган коммерциялык банктар жана башка финансы-кредит уюмдары, төлөм системасынын операторлору жана төлөм уюмдары тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтарды монополияга каршы жөнгө салуу, атаандаштыкты өнүктүрүү жана керкетөөчүлөрдүн таламдарын коргоо Саясатын жана негизги принциптерин бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан жөнгө салынган коммерциялык банктар жана башка финансы-кредит уюмдары, төлөм системасынын операторлору жана төлөм уюмдары тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтарды монополияга каршы жөнгө салуу, атаандаштыкты өнүктүрүү жана керкетөөчүлөрдүн таламдарын коргоо Саясатын жана негизги принциптерин бекитүү тууралуу принциптеринин: 

- 1.2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин

«1.2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары - Улуттук банк) банктык кызматтарды Улуттук банк тарабынан берилген лицензиянын (күбөлүктүн) негизинде сунуштаган коммерциялык банктардын, банк эмес финансы-кредит уюмдардын, төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдардын, башка юридикалык жактардын ишинде монополияга каршы жөнгө салуу мыйзамдарынын жана Улуттук банктын Кыргыз Республикасынын банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда атаандаштыкты өнүктүрүү, баа түзүү, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо (мындан ары - монополияга каршы жөнгө салуу мыйзамдары) жөнүндө ченемдик укуктук актыларынын талаптары сакталгандыгын контролдойт.».  

7. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 15-декабрындагы № 37/5 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында операциялык тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндөгү» Жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында операциялык тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндөгү» жобонун

- 1.1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин

«1.1. Жободо коммерциялык банктар (мындан ары - банктар) милдеттүү түрдө сактоосу үчүн операциялык тобокелдикти тескөөгө карата минималдуу талаптар белгиленген.»; 

- 1.2-пунктунун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1.2. Жобо банктар үчүн «Кыргыз Республикасынын банктарында тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар» жөнүндө жободо белгиленген стандарттарын сактоо максатында саясаттарга, жол-жоболорго жана ички контролдукка минималдуу талаптарга карата кошумча колдонмо болуп саналат.». 

8. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 28-июнундагы № 19/2 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит уюмдарында рыноктук тобокелдигин тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит уюмдарында рыноктук тобокелдигин тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун

- 1.1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

«1.1. Жободо коммерциялык банктар (мындан ары - банктар) милдеттүү түрдө сактоосу үчүн рыноктук тобокелдикти тескөөнү уюштурууга карата минималдуу талаптар белгиленген.». 

9. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 28-июнундагы № 19/3 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит уюмдарында өлкөлүк тобокелдигин тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит уюмдарында өлкөлүк тобокелдигин тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун

- 1.1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин

«1.1. Жободо коммерциялык банктар (мындан ары - банктар) милдеттүү түрдө сактоосу үчүн өлкөлүк тобокелдикти тескөөнү уюштурууга карата минималдуу талаптар белгиленген.». 

10. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 28-мартындагы № 16/5 «Банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда басымдуулук абалын аныктоо тууралуу» жобо жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда басымдуулук абалын аныктоо тууралуу» жобонун:  

- 1.2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин

«1.2. Бул жободо Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары - Улуттук банк) коммерциялык банктар, банк эмес финансы-кредит уюмдары, башка юридикалык жактар, төлөм системасынын операторлору жана төлөм уюмдары, ошондой эле Улуттук банк (мындан ары - банктык кызмат көрсөтүүнү сунуштаган жактар) тарабынан көзөмөлдүккө алынган Кыргыз Республикасынын банктык, микрофинансылык жана төлөм кызмат көрсөтүүлөр жана операциялар (мындан ары - банктык кызмат көрсөтүүлөр) рыногунда монополияга каршы жөнгө салуу, атаандаштыкты өнүктүрүү жана керектөөчүлөр укугун коргоо жагындагы иш-аракеттери аныкталган.». 

11. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 20-декабрындагы № 54/9 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында жана башка финансы-кредит уюмдарында бухгалтердик эсепке алуу эсептер планына карата талаптар жөнүндө жобону» бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарындагы жана башка финансы-кредит уюмдарындагы бухгалтердик эсепке алуу эсептер планына карата талаптар жөнүндө жобонун»

- 1.1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин

«1.1. Жободо Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында жана башка финансы-кредит уюмдарында (мындан ары - банктар) Бухгалтердик эсепке алуу эсептеринин планын (мындан ары - Эсептер планы) Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» жана «Бухгалтердик эсепке алуу жөнүндө» мыйзамдарына ылайык түзүүгө карата талаптар белгиленет.». 

12. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын 28-майындагы № 22/4 «Тике банктык көзөмөл жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Тике банктык көзөмөл жөнүндө» жобонун:  

- 1.1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин

«1.1. Бул жобо Улуттук банктан лицензия алышкан коммерциялык банктарга (мындан ары - банк/банктар) таркатылат.». 

13. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын 27-августундагы № 33/4 «Банктык кызмат көрсөтүүлөр боюнча сыйакылар өлчөмү жөнүндө маалыматты таркатууда эффективдүү пайыздык чендерди эсептөө тууралуу » жобону бекитүү жөнүндө » токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Банктык кызмат көрсөтүүлөр боюнча сыйакы өлчөмү жөнүндө маалыматты таркатууда эффективдүү пайыздык чендерди эсептөө тууралуу» жобонун:  

- 1.2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин

«1.2. Банктык кызмат көрсөтүүлөр боюнча сыйакы өлчөмү жөнүндө маалыматтарды таркатууда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана/же иши ал тарабынан жөнгө салынган коммерциялык банктар жана финансы-кредит уюмдары (мындан ары - банктар) кредиттер жана депозиттер боюнча пайыздык чендерди так, жылдык, эффективдүү, салыштырууга боло тургандай эсептөө тартибин аныктоо, ушул жобонун максаты болуп саналат.». 

14. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 10-июнундагы № 26/3 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын туунду же көз каранды компанияларды түзүү жана/же сатылып алуу эрежелерин бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын туунду же көз каранды компанияларды түзүү жана/же сатып алуу эрежелеринин:  

- 1.1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин

«1.1. Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын туунду же көз каранды компанияларды түзүү жана/же сатып алуу эрежелери бардык коммерциялык банктарга, анын ичинде ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан банктарга (мындан ары - банктар) таркатылат.». 

15. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 12-мартындагы № 6/2 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын финансылык отчетторду түзүүсүнө карата коюлган талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын финансылык отчетторду түзүүсүнө карата коюлган талаптар жөнүндө» жобонун:  

- 1-пунктунун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1. Бул жободо коммерциялык банктар, анын ичинде «ислам терезесине» ээ банктар, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкындагы (мындан ары - Улуттук банк) банктык топтун башкы компаниясынын финансылык отчетторунун компоненттерин, мазмунун жана аларды түзүүнүн жана сунуштоонун негизги эрежелери аныкталган.». 

16. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 30-июнундагы № 52/4 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит уюмдарында кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун:  

- 1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин

«1. Бул жобо мөөнөттүү депозиттерди тартуу менен иш алып барышкан бардык коммерциялык банктарга, «Кредиттик союздардын финансы компаниясы» ААКсы адистештирилген финансы-кредит уюмдарына жана микрофинансылык уюмдарга (мындан ары - банктар) таркатылат.». 

17. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 14-сентябрындагы № 52/4 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Банктардын баалуу кагаздар менен иш алып баруусу жөнүндө» жобонун

- 1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин

«1. Жобонун аракети Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына жана депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компанияларга, анын ичинде ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан банктарга жана микрофинансылык компанияларга (мындан ары - банктар) таркатылат.». 

18. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 4-июлундагы № 28/7 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан көзөмөлдөнгөн коммерциялык банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын күрөөгө коюлган мүлк менен иштөө тартибин» бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан жөнгө салынган коммерциялык банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын күрөөлүк мүлк менен иш алып баруу тартибинин»:  

- 2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2. Коммерциялык банктар жана башка финансы-кредит уюмдары (мындан ары банктар/ФКУлар) тарабынан кредиттик тартипти бекемдөө жана берилген кредиттердин реалдуу кайтарылып берилишин камсыз кылуу үчүн минималдуу талаптардын аткарылышы - ушул Тартиптин максаты болуп саналат.». 

19. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 4-июлундагы № 28/10 «Коммерциялык банктарда видеобайкоону уюштуруу тартибин бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Коммерциялык банктардагы видеобайкоону уюштуруу тартибинин

- 1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин

«1. Бул документ коммерциялык банкттын объекттеринде видеобайкоо системаларын (ВБС) түзүүнүн, модернизациялоонун жана өнүктүрүүнүн негизги багыттарын аныктайт.». 

20. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 29-августундагы № 36/2 «Кыргыз Республикасынындагы коммерциялык банктардын жана микрофинансылык компаниялардын кыймылсыз мүлк менен айрым бүтүмдөрү/операциялары жөнүндө» жобосун бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктардын жана микрофинансылык компаниялардын кыймылсыз мүлк менен айрым бүтүмдөрү/операциялары жөнүндө» жобонун

- 2-пунктунун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин

«2. Ушул Жобонун талаптары, коммерциялык банктарга жана депозиттерди тартуу укугуна ээ микрофинансылык компанияларга, анын ичинде иш өзгөчөлүгүн жана банктык операцияларды жүзөгө ашырууда алар колдонгон терминдерди эске алуу менен «ислам терезесине» ээ банктарды жана депозиттерди тартуу укугуна ээ микрофинансылык компанияларды кошо алганда, ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган коммерциялык банктарга жана депозиттерди тартуу укугуна ээ микрофинансылык компанияларга, «Кредиттик союздардын каржы компаниясы» ААКка, турак жай-сактык кредиттик компанияларга (мындан ары - банктар) таркатылат.». 

21. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 17-майындагы № 19/12 «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында корпоративдик башкаруу жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында корпоративдик башкаруу жөнүндө» жобонун

- 1-пунктунун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1. Бул «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында корпоративдик башкаруу жөнүндө» жобо (мындан ары - Жобо) бардык коммерциялык банктарга (мындан ары - банктар) таркатылат.». 

22. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 17-майындагы № 19/13 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен коммерциялык банктар, банктык операциялардын айрым түрлөрүн жүзөгө ашырган уюмдар жана алардын уюштуруучулары (катышуучулары), юридикалык жактар жана жеке адамдар ортосунда келип чыккан талаш маселелерди сотко чейин жөнгө салуу жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен коммерциялык банктар, банктык операциялардын айрым түрлөрүн жүзөгө ашырган уюмдар жана алардын уюштуруучулары (катышуучулары), юридикалык жактар жана жеке адамдар ортосунда келип чыккан талаш маселелерди сотко чейин жөнгө салуу жөнүндө» жобонун

- преамбуласынын биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Бул Жободо банктын, банк эмес финансы-кредит уюмдарынын, башка юридикалык жактын (алмашуу бюросу, кредиттик бюро, төлөм системасынын оператору жана төлөм уюму) же жеке адамдын сотко чейин даттануусу, анын ичинде таасир этүү чараларын жана/же айып пул салуу чечимине (мындан ары - таасир этүү чаралары), ошондой эле лицензиялоо маселелери боюнча Улуттук банктын ыйгарым укуктуу адамдары (түзүмдүк бөлүмдөр), төраганын орун басары/Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү же Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети/Төлөм системасы боюнча комитети (мындан ары - Комитет) тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган компетенциясынын чегинде кабыл алынган чечимдер боюнча даттануу тартиби жөнгө салынат.». 

23. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/5 «Банктын аффилирленген жана байланыштуу жактар менен операцияларына карата талаптар жөнүндө» нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Банктын аффилирленген жана байланыштуу жактар менен операцияларына карата талаптар жөнүндө» нускоонун

- 1- пункту төмөнкү редакцияда берилсин

«1. Бул Нускоо, банк ишине, анын ичинде ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык ишкердикти жүргүзгөн, ислам терезесине ээ банктардын, «Кредиттик союздардын каржы компаниясы» ААКтын аффилирленген жана байланыштуу жактар менен операцияларды жана бүтүмдөрдү жүзөгө ашырууда алардын ишине карата талаптарды белгилөө максатында иштелип чыккан.». 

24. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-12/23-1-(НПА) «Банк ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Банк ишин лицензиялоо жөнүндө» жобонун төмөнкү пункттары күчүн жоготкон катары таанылсын

- 1-пунктунун экинчи абзацы;  

- 19-пунктунун экинчи абзацы;  

- 137-пунктунун экинчи абзацы;  

- 329-пунктунун үчүнчү абзацы.  

25. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-12/23-8-(НПА) «Убактылуу администрация жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Убактылуу администрация жөнүндө» жобонун

- 1-пунктунун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1. Бул Жободо Убактылуу администрацияны киргизүү жана жүзөгө ашыруу, ошондой эле Убактылуу администрация киргизилген мезгил аралыгында алар банк операцияларын жүргүзүүдө пайдаланган атайы терминдерди эске алуу менен коммерциялык банктарды, депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык уюмдарды, «Кредиттик союздардын каржы компаниясы» ААКты, депозиттерди тартуу менен иш алып барган, анын ичинде операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырган же «ислам терезесине» ээ кредиттик союздарды, турак жай-сактык кредиттик компанияларды (мындан ары - банктар), насыялык бюролорду, ошондой эле төлөм уюмдарын/төлөм системаларынын операторлорун реструктуризациялоо негиздери, тартиби жана жол-жобосу аныкталган. Мында кредиттик союздарга жана төлөм уюмдарына/төлөм системаларынын операторлоруна карата реструктуризациялоо жол-жоболору колдонулбайт.». 

26. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-2-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын тышкы аудитине карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын тышкы аудитине карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун

- 1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин

«1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын тышкы аудитине карата минималдуу талаптар жөнүндө жободо (мындан ары - Жобо) банктардын жана микрофинансылык компаниялардын, анын ичинде өз ишин ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырган же «ислам терезесине» ээ банктардын жана микрофинансылык компаниялардын, «Кредиттик союздардын каржы компаниясы» ачык акционердик коомунун (мындан ары - банктар), турак жай-сактык кредиттик компаниялардын жана кепилдик фонддордун аудити үчүн минималдуу талаптар (критерийлер) белгиленген.». 

27. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-4-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктарга карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобо тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктарга карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобонун

- 1-главасынын экинчи абзацы күчүн жоготкон катары таанылсын. 

28. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-8-(НПА) «Кыргыз Республикасынын банктарында тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын банктарында тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун

- 1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

«1. Бул жободо коммерциялык банктар (мындан ары - банктар), кепилдик фонддор тобокелдиктерди тескөөдө милдеттүү түрдө сактоого тийиш болгон минималдуу талаптар белгиленген.». 

29. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-9-(НПА) «Кыргыз Республикасынын банктарынын убактылуу администрация режимин киргизүү же жоюу жол-жобосу баштоо учурунда айрым банктык операцияларды жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын банктарынын убактылуу администрация режимин киргизүү же жоюу жол-жобосу баштоо учурунда айрым банктык операцияларды жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобонун

- 1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

«1. Жободо айрым банктык операцияларды жүргүзүү тартиби, ошондой эле коммерциялык банкка убактылуу администрация режими киргизилген же анда жоюу жол-жобосу башталган учурда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары - Улуттук банк) банктын тоорук жана/же төлөм системасына акча каражаттарын жана баалуу кагаздарды которууга тапшырмасын кайтарылгыс катары таануу шарттары аныкталган.». 

30. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 20-июнундагы № 2018-П-12/24-2-(НПА) «Банктык көзөмөлдүктү жүзөгө ашыруу жөнүндө нускоону» бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Банктык көзөмөлдүктү жүзөгө ашыруу жөнүндө нускоонун»: 

- 3-пунктунун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:  

«3. Банктык көзөмөлдүктү жүзөгө ашыруу жөнүндө бул нускоо (мындан ары - Нускоо) коммерциялык банктардын, депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компаниялардын, «Кредиттик союздардын каржы компаниясы» ААКтын ишине инспектордук текшерүүлөрдүн негизги максаттарын жана түрлөрүн аныктайт.»; 

- 4-пунктунун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:  

«банктар депозиттерди тартуу менен иш алып барышкан коммерциялык банктар, микрофинансылык компаниялар, «Кредиттик союздардын каржы компаниясы» ААКсы». 

31. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 13-мартындагы № 2019-П-07/10-1-(ДКП) «Милдеттүү камдар жөнүндө» жобо тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Милдеттүү камдар жөнүндө» жобонун:  

- 1-пунктунун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:  

«1. Бул жободо Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында (мындан ары - Улуттук банк) милдеттүү камдарды депондоштуруу боюнча банктарга карата талаптар, милдеттүү кам өлчөмү, коммерциялык банктар тарабынан милдеттүү камдык талаптарды эсептөө жана аткаруу тартиби, ошондой эле милдеттүү камдык талаптарды сактабагандыгы үчүн айыптык төлөмдү эсептөө жана өндүрүү тартиби аныкталган.». 

32. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 14-августундагы № 2019-П-12/42-1-(НПА) «Террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү максатында коммерциялык банктарда ички контролдукту уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону, «Кыргыз Республикасында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобону бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына террористтик иш-аракетти каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү маселеси боюнча тиешелүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү максатында коммерциялык банктарда ички контролдукту уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун:  

- 1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

«1. Бул Жобо террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү (мындан ары - ПФТД/ЛПД) ошондой эле шектенүүгө түрткү берген белгилер байкалган операцияларды жүргүзүүгө бөгөт коюу максатында коммерциялык банктарда, анын ичинде ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык иш алып барган, «ислам терезесине» ээ банктарда, депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компанияларда, «Кредиттик союздардын каржы компаниясы» ААКында, турак жай-сактык кредиттик компанияларда (мындан ары - банктар) ички контролдукту уюштуруу боюнча минималдуу талаптарды аныктоо максатында иштелип чыккан.»;  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобонун:  

- преамбуласынын экинчи абзацы күчүн жоготкон катары таанылсын. 

33. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 12-октябрындагы № 2022-П-12/63-1-(НПА) «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын жетиштүүлүгү (шайкештиги) стандарттарын аныктоо боюнча нускоону бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын жетиштүүлүгү (шайкештиги) стандарттарын аныктоо боюнча нускоонун:  

- 1-пунктунун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:  

«1. Ушул Нускоодо коммерциялык банктардын капиталынын жетиштүүлүгү (шайкештиги) жана анын түзүмү аныкталат. Нускоо коммерциялык банктардын, анын ичинде «ислам терезесине» ээ банктардын, ошондой эле «Кредиттик союздардын каржы компаниясы» ААКтын капитал түзүмүн, өздүк (регулятивдик) капиталдын минималдуу өлчөмүн жана капитал жетиштүүлүгү (шайкештиги) коэффициенттерин эсептөө тартибин аныктоо, ошондой эле баланстык активдерге жана баланстан тышкаркы милдеттенмелерге тобокелдик деңгээли боюнча баа берүү ишине таркатылат.»; 

- 39-пунктунун экинчи абзацы күчүн жоготкон катары таанылсын. 

34. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 14-декабрындагы № 2022-П-12/78-7-(НПА) «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө» жобонун:  

- 1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

«1. «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө» жобо (мындан ары - Жобо) бардык коммерциялык банктарга, анын ичинде алар банктык операцияларды жүзөгө ашырууда колдонгон атайын терминдерди эске алуу менен ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган коммерциялык банктарга , «ислам терезесине» ээ банктарга (мындан ары - банктар) таркатылат.»;  

- 30-пункт күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 35-пунктунун экинчи абзацы күчүн жоготкон катары таанылсын. 

35. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2023-жылдын 12-апрелиндеги № 2023-П-12/23-5-(НПА) «Кредиттөөдөгү чектөөлөр жөнүндө» нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кредиттөөдөгү чектөөлөр жөнүндө» нускоонун:  

- 1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

«1. Нускоо бардык коммерциялык банктарга (мындан ары - банктар) таркатылат».