Кайта келүү

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2024-жылдын 7-февралындагы 

№ 2024-П-17/4-4-(НФКУ) 

токтому 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын банк эмес финансы-кредит  

уюмдарын лицензиялоо жөнүндө  

ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу  

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) киргизилсин: 

- 2015-жылдын 23-декабрындагы №78/26 «Микрофинансылык компаниялардын ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу;  

- 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-10-(НФКУ) «Адистештирилген финансы-кредит уюму «Кредиттик союздардын каржы компаниясы» ачык акционердик коомунун ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу; 

2022-жылдын 5-октябрындагы  № 2022-П-33/61-2-(НФКУ)  «Банк эмес финансы-кредит уюмдарынын уставдык  капиталынын минималдуу өлчөмү жөнүндө». 

 

2. Юридика башкармалыгы: 

- тиешелүү документтерди алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтына жарыяласын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

 

3.  Токтом расмий жарыялангандан 15 (он беш) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

 

4. Лицензиялоо башкармалыгы 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен коммерциялык банктарды, микрофинансылык компанияларды жана адистештирилген финансы-кредит уюму «Кредиттик союздардын каржы компаниясы» ачык акционердик коомун тааныштырсын. 

 

5. «Башкарманын катчылыгы» бөлүмү 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын бардык түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

 

6. Токтомдун аткарылышын контролдоо Лицензиялоо башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

Төрага К. Боконтаев  

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2024-жылдын 7-февралындагы 

№2024-П-17/4-4-(НФКУ)  

токтомуна карата тиркеме 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын  

банк эмес финансы-кредит уюмдарын лицензиялоо жөнүндө  

ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр  

 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 23-декабрындагы № 78/26 «Микрофинансылык компаниялардын ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Микрофинансылык компаниялардын ишин лицензиялоо жөнүндө» жобонун: 

- 31-пунктунун 2) пунктчасынын “в” абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:  

«в) башкы бухгалтер, түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери банк жана/же финансы системасында, талапкер дайындалып жаткан ушундай эле кызматта же ушундай эле чөйрөдө (бухгалтер, комплаенс-офицер (террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча саясаттын ишке ашырылышы үчүн жооптуу түзүмдүк бөлүмдүн кызматкери); кредиттик бөлүмдүн кызматкери; ислам банк иши жана каржылоо принциптерине/«ислам терезесине» ылайык каржылоо боюнча бөлүмдүн кызматкери; активдерди жана пассивдерди тескөө үчүн жооптуу бөлүмдүн кызматкери; ички аудитор же тиешелүүлүгүнө жараша ички аудит кызматынын кызматкери катары) кеминде 1 (бир) жылдык эмгек стажы болууга;»; 

- 139-1-пунктунун 1-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1) МФК катары кайра каттоодон өтүүгө ниеттенген коммерциялык банктын уставдык капитал жана өздүк (регулятивдик) капитал өлчөмү Улуттук банк Башкармасынын «Банк эмес финансы-кредит уюмдарынын уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү жөнүндө» токтомунда МФК үчүн белгиленген минималдуу уставдык капиталдын өлчөмүнө карата талаптарга ылайык келүүгө тийиш.»;  

- 139-2-пунктунун 2-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2) жобонун 25-пунктуна ылайык, кардарлардын жыйымын топтоо, уставды бекитүү, МФКнын кызмат адамдарын дайындоо максатында, жеке адамдардан жана юридикалык жактардан кайтарымдуулук шарттарында мөөнөттүү аманаттарды кабыл алуу укугу менен же укугусуз МФК катары кайра каттоо жөнүндө акционердин чечими (бир гана уюштуруучу болгон шартта) же акционерлердин жалпы жыйынын отурумунда толтурулган протокол (эки нускада);»; 

- 139-2-пунктунун 12-пунктчасы тѳмѳнкү редакцияда берилсин: 

«12) МФК үчүн белгиленген экономикалык ченемдердин сакталышын тастыктаган маалыматтар. 

МФКга кайра каттоо учурунда Улуттук банктын экономикалык ченемдерин жана башка талаптарын сактоого мүмкүн болбосо, Улуттук банк МФКнын ишин ченемдик укуктук актылардын талаптарына ылайык келтирүү үчүн МФК лицензия алган күндөн тартып 12 айдан ашпаган мөөнөт бериши мүмкүн (мында, Улуттук банк тарабынан МФК катары кайра каттоодон өтүүгө ниеттенген коммерциялык банктын уставдык капиталына жана өздүк (регулятивдик) капиталына карата Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын, анын ичинде Улуттук банк Башкармасынын «Банк эмес финансы-кредит уюмдарынын уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү жөнүндө» токтомунун талаптарына ылайык жаңы ачылган МФКлар үчүн белгиленген талаптарды кошпогондо).  

Коммерциялык банк ченемдерди жана башка талаптарды ченемдик укуктук актылардын талаптарына ылайык келтирүү боюнча директорлор кеңеши тарабынан бекитилген планды Улуттук банкка сунуштоого милдеттүү.»; 

- 139-7-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

«139-7. МФКга кайра катталган коммерциялык банк, уставдык капиталынын жана өздүк (регулятивдик) капиталынын өлчөмү Улуттук банк Башкармасынын «Банк эмес финансы-кредит уюмдарынын уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү жөнүндө» токтомунда белгиленген МФКлардын уставдык капиталынын минималдуу өлчөмүнө карата талаптарга жооп берсе, МФКнын тиешелүү лицензиясын алууга укуктуу: 

- мөөнөттүү аманаттарды (депозиттерди) тартуу укугуна чектөөлөрдү белгилебестен; 

- мөөнөттүү аманаттарды (депозиттерди) тартуу укугуна чектөөлөрдү белгилөө менен.». 

 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-10-(НФКУ) «Адистештирилген финансы-кредит уюму «Кредиттик союздардын каржы компаниясы» ачык акционердик коомунун ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Адистештирилген финансы-кредит уюму «Кредиттик союздардын каржы компаниясы» ачык акционердик коомунун ишин лицензиялоо жөнүндө» жобонун: 

- 4-пункт төмөнкү мазмундагы 9) пунктча менен толукталсын: 

«9) компаниянын кызматкерлерине кредиттерди сунуштоо»; 

- 26-пунктунун 3-пунктчасынын “г”, “д”, “е” абзацтары жана 4-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«г) ички аудит кызматынын жетекчиси финансы-кредит системасында кеминде үч жыл, анын ичинен бир жыл ички аудит кызматынын кызматкери же ички аудитор катары; 

д) кредиттөө/каржылоо боюнча түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси, ислам банк иши жана каржылоо принциптери («ислам терезеси») боюнча банктык операцияларды жүзөгө ашырган түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси кызмат ордуна талапкер финансы-кредит системасында, тиешелүүлүгүнө жараша, кеминде бир жыл кредиттөө же ислам банк иши жана каржылоо («ислам терезеси») принциптерине ылайык банктык операцияларды жүргүзүү боюнча түзүмдүк бөлүмдүн кызматкери катары; 

е) комплаенс-контролдоо кызматынын жетекчиси финансы-кредит системасында кеминде бир жыл комплаенс-офицер катары (террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча саясаттын ишке ашырылышы үчүн жооптуу түзүмдүк бөлүмдүн кызматкери); 

4) башкы бухгалтер кызмат ордуна талапкер да билим берүү чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (анын ичинде чет мамлекеттин, эл аралык уюмдун) тиешелүү уруксатына / лицензиясына ээ уюмдардан алган сертификаттар же башка документтер менен тастыкталган бухгалтердик эсепке алуу жана финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттары жагында билимге ээ болуусу зарыл;». 

 

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 5-октябрындагы № 2022-П-33/61-2-(НФКУ) «Банк эмес финансы-кредит уюмдарынын уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:  

- 1-пунктунун 1-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин:  

«1) микрофинансылык компаниялар үчүн: 

- депозиттерди тартпаган компаниялар үчүн 300 (үч жүз) миллион сомдон кем эмес. Мындай талап мөөнөттүү аманаттарды (депозиттерди) кабыл алууга чектөө коюу менен микрофинансылык компания катары кайра каттоодон өтүүгө ниеттенген коммерциялык банктарга, микрокредиттик компанияларга, микрокредиттик агенттиктерге жана микрофинансылык компанияларга өзгөртүп түзүлүп жаткан кредиттик союздарга да таркатылат; 

- жеке адамдардан жана юридикалык жактардан мөөнөттүү аманаттарды кабыл алуу укугун алууга талапкер болгон компаниялар үчүн 600 (алты жүз) млн сомдон кем эмес. Бул талап мөөнөттүү аманаттарды (депозиттерди) тартуу укугун чектөөсүз, микрофинансылык компанияга кайра каттоодон өтүүгө ниеттенген коммерциялык банктарга да таркатылат.»; 

- төмөнкү мазмундагы 3-1-пункту менен толукталсын:  

«3-1. Депозиттерди тартуу менен иш алып барышкан микрофинансылык компаниялар үчүн уставдык капиталдын минималдуу өлчөмүнө белгиленген талаптар жеке жана юридикалык жактардан мөөнөттүү аманаттарды (депозиттерди) кабыл алууга лицензиядагы чектөөлөрдү алып салууну пландаштырып жаткан микрофинансылык компанияларга да таркатылат.».