Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын
2023-жылдын 29-ноябрындагы №2023-П-07/74-4-(ДКП) токтому
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик чен өлчөмү маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын отурумдарынын
2024-жылга каралган графиги жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 64-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик чен өлчөмү маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын отурумдарынын 2024-жылга каралган графиги (кошо тиркелет) бекитилсин.
2. Экономика башкармалыгы токтом кабыл алынган күндөн тартып 5 (беш) жумуш күнү ичинде:
- токтомду Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине жөнөтсүн;
- токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтына жарыяласын.
3. Токтомдун аткарылышын контролдоо Экономика башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.
Төраганын милдетин аткаруучу К. Куленбеков
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын
2023-жылдын 29-ноябрындагы №2023-П-07/74-4-(ДКП) токтомуна карата
тиркеме
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик чен өлчөмү маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын отурумдарынын 2024-жылга
КАРАЛГАН ГРАФИГИ
Отурум өткөрүлүүчү дата* |
Маселенин аталышы |
29-январь |
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик чен өлчөмү жөнүндө. |
26-февраль |
1. 2023-жылдын IV чейреги үчүн акча-кредит саясаты жөнүндө отчет; 2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик чен өлчөмү жөнүндө. |
29-апрель |
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик чен өлчөмү жөнүндө. |
27-май |
1. 2024-жылдын I чейреги үчүн акча-кредит саясаты жөнүндө отчет; 2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик чен өлчөмү жөнүндө. |
29-июль |
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик чен өлчөмү жөнүндө. |
26-август |
1. 2024-жылдын II чейреги үчүн акча-кредит саясаты жөнүндө отчет; 2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик чен өлчөмү жөнүндө. |
28-октябрь |
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик чен өлчөмү жөнүндө. |
25-ноябрь |
1. 2024-жылдын III чейреги үчүн акча-кредит саясаты жөнүндө отчет; 2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик чен өлчөмү жөнүндө. |
*Эскертүү:
- эгерде Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын отуруму өткөрүлүүчү күн
Кыргыз Республикасында жумуш эмес күнү деп жарыяланса, отурум кийинки жумуш күнү өткөрүлөт.
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик чен өлчөмү боюнча отурумдары жагдайга жараша графиктен тышкары өткөрүлүшү мүмкүн.