Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2024-жылдын 28-февралындагы  

№ 2024-П-12/8-4-(НПА) 

Токтому 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

«Кардарларды аралыктан тейлөө режиминде идентификациялоо  

жана верификациялоо тартиби жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:  

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 13-майындагы № 2020-П-12/27-1-(НПА) «Кардарларды аралыктан тейлөө режиминде идентификациялоо жана верификациялоо тартиби жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөр киргизилсин (кошо тиркелет). 

2. Токтом расмий жарыялангандан 15 (он беш) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

3. Юридика башкармалыгы: 

- тиешелүү документтерди алгандан тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде токтомдун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтына жарыяланышын камсыз кылсын; 

расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн

4. Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгы 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен коммерциялык банктарды, «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин тааныштырсын.  

5. «Башкарманын катчылыгы» бөлүмү 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Банктык көзөмөл башкармалыгын, Төлөм системалары башкармалыгын, Юридика башкармалыгын, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.  

6. Токтомдун аткарылышын контролдоо Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

Төраганын милдетин аткаруучу                                                                                                                                                                                                         М. Жакыпов 

 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 

2024-жылдын 28-февралындагы  

№ 2024-П-12/8-4-(НПА)  

токтомуна карата тиркеме 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Кардарларды аралыктан тейлөө режиминде идентификациялоо жана верификациялоо тартиби жөнүндө» токтомуна  

өзгөртүүлөр 

 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 13-майындагы № 2020-П-12/27-1-(НПА) «Кардарларды аралыктан тейлөө режиминде идентификациялоо жана верификациялоо тартиби жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кардарларды аралыктан тейлөө режиминде идентификациялоо жана верификациялоо тартибинин:  

- 5-1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:  

«5-1. Кардарларды аралыктан идентификациялоо жана верификациялоо үчүн программалык камсыздоону колдонууда банк Тартиптин талаптарына ылайык, программалык камсыздоонун толук сыпаттамасы жана кардарларды аралыктан идентификациялоо жана верификациялоо методдору менен тиешелүү билдирүүнү, ошондой эле директорлор кеңеши тарабынан бекитилген Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, террористтик ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) тобокелдигин анализдөө боюнча ички документти Улуттук банктын дарегине жөнөтүүгө милдеттүү.»;  

- төмөнкү редакциядагы 4-1-глава менен толукталсын:  

«4-1-глава. Кардарларды жеке ишкерлерди аралыктан идентификациялоо жана верификациялоо  

34-1. Ишкердик иш менен алектенген кардарларды Кыргыз Республикасынын жарандарын мамлекеттик маалымат системалары аркылуу жеке ишкер катары аралыктан идентификациялоо жана верификациялоо видеобайланыш аркылуу идентификациялоого жана верификациялоого барабар.  

34-2. Ишкердик иш менен алектенген кардарларды Кыргыз Республикасынын жарандарын жеке ишкер катары аралыктан идентификациялоо жана верификациялоо үчүн максималдуу баланс ушул Тартиптин 6-1-тиркемесине ылайык келүүгө тийиш.»;  

- Кардарларды аралыктан тейлөө режиминде идентификациялоо жана верификациялоо тартибине карата 1-тиркеме төмөнкү редакциядагы 6-1-таблица менен толукталсын:  

«6-1-таблица. Кардарлар жеке ишкерлер үчүн максималдуу баланска чектөөлөр  

   

Электрондук капчык үчүн   

функционалдык банктык эсепке чектөөлөр үчүн  

Максималдуу баланс  

10 000 эсептик көрсөткүч  

80 000 эсептик көрсөткүч  

».