Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2024-жылдын 13-мартындагы  

№ 2024-П-12/10-3-(БС) 

Токтому 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын  

айрым ченемдик укуктук актыларына  

өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө  

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна өзгөртүүлөр киргизилсин (кошо тиркелет): 

- 2019-жылдын 27-декабрындагы № 2019-П-12/68-4-(НПА) «Коммерциялык банктардын ликвиддүүлүгүнүн ордун жабуу коэффициентин эсептөө жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»;  

- 2022-жылдын 2-июнундагы № 2022-П-12/35-1-(НПА) «Банктын, турак жай-сактык кредиттик компаниясынын, депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компаниянын аманатчылар алдындагы милдеттенмелери жөнүндө маалымат базасын жүргүзүү боюнча нускоону бекитүү тууралуу». 

 

2. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15 (он беш) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.  

 

3. Юридика башкармалыгы: 

- тиешелүү документтерди алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтына жарыяласын;  

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

 

4. Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгы токтом расмий жарыялангандан кийин 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен коммерциялык банктарды, «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин, «Микрофинансы уюмдарынын ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин, депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компанияларды, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

 

5. Токтомдун аткарылышын контролдоо Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

                       Төрага                                                                                                                                                                                                                                             К. Боконтаев 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 

2024-жылдын 13-мартындагы  

№ 2024-П-12/10-3-(БС)  

токтомуна карата тиркеме 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр 

 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 27-декабрындагы № 2019-П-12/68-4-(НПА) «Коммерциялык банктардын ликвиддүүлүгүнүн ордун жабуу коэффициентин эсептөө жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Коммерциялык банктардын ликвиддүүлүгүнүн ордун жабуу коэффициентин эсептөө жөнүндө» жобонун: 

- 31-пунктунун биринчи графасынын экинчи сабындагы «Өкмөтүнүн» деген сөз «Министрлер Кабинетинин» деген сөздөр менен алмаштырылсын. 

 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 2-июнундагы № 2022-П-12/35-1-(НПА) «Банктын, турак жай-сактык кредиттик компаниясынын, депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компаниянын аманатчылар алдындагы милдеттенмелери жөнүндө маалымат базасын жүргүзүү боюнча нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Банктын, турак жай-сактык кредиттик компаниясынын, депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компаниянын аманатчылар алдындагы милдеттенмелери жөнүндө маалымат базасын жүргүзүү боюнча нускоонун: 

- 12-пункту төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: 

- «Агенттик банктын жана/же финансы-кредит уюмунун жоюучусу катары иш алып барган учурда, гарантиялык учур келип жеткенден кийин 10 (он) календардык күн ичинде Агенттик тарабынан белгиленген форма боюнча «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптары жайылтылган аманатчылар жөнүндө маалымат түзөт.»; 

- Нускоонун 1-тиркемеси төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Банктын, турак жай-сактык кредиттик компаниясынын, депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компаниянын аманатчылар алдындагы милдеттенмелери жөнүндө маалымат базасын жүргүзүү боюнча нускоого карата 

1-тиркеме 

Жеке адамдардын жана жеке ишкерлердин ________________________________________________ (банктын аталышы) компенсацияланууга тийиш болгон жайгаштырылган аманаттары (депозиттер) жөнүндө  

МААЛЫМАТ 

 

№ п/п 

Аманатчынын, электрондук акча ээсининтолук аты-жөнү 

Инсандыгын тастыктаган документи,  № жана берилген датасы, ким тарабынан берилгендиги 

Күбөлүктүн/патенттин № 

ИНН 

Аманатчынын/ электрондук акча ээсинин жашаган дареги, телефон номери 

Банктык тейлөөгө алуу келишиминин (банктык аманат, карта эсеби ж.б.), карыз алуу/ 

гарантия келишиминин, электрондук капчыктын кызматтарын көрсөтүү жөнүндө келишимдин / офертанын аталышы жана/же №, келишим түзүлгөн датасы 

Депозиттин, электрондук капчыктын валютасынын, мөөнөтү өткөн утурлама талаптардын түрү 

Башкы китептин эсебинин номери 

Аманаттын, карта эсебинин, электрондук капчыктын, ссудалык карыздын, аманат (депозит) боюнча чегерилген пайыздардын, ссудалык карызга чегерилген пайыздардын өздүк эсебинин номери 

Аманат (депозит) боюнча салынган акча каражаттарынын суммасы, ошондой эле чегерилген пайыздардын саны 

Банктын аманатчыга мөөнөтү өтүп кеткен утурлама талаптарынын суммасы 

Өз ара чегеришүүнүн натыйжалары боюнча банктын аманатчыга карата милдеттенмелеринин/талаптарынын калдыгы 

Сом эквивалентинде өз ара чегеришүүнүн натыйжалары боюнча банктын аманатчы алдындагы милдеттенмелеринин калдыгы 

Аманатчыга,электрондук капчык ээсине төлөнүүгө тийиш болгон компенсациянын суммасы, бирок аманатчынын жана банктын мөөнөтү өтүп кеткен утурлама талаптарынын өз ара чегерүүсүнүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын “Банктык аманаттарды (Депозиттерди) коргоо жөнүндө” мыйзамында белгиленген суммадан ашык эмес 

Сом эквивалентинде компенсация суммасын төлөгөндөн кийин чегерилген пайыздарды эсепке алуу менен аманаттардын (депозиттердин), электрондук капчыктардын калдыгы 

Төлөмдөр токтотулган, аларга карата сот жана тергөө органдарынын камакка алуу жөнүндө чечими (токтом) бар аманаттар (депозиттер), электрондук капчыктар 

Инсандыгын тастыктаган документтин № 

Берилген датасы, ким тарабынан берилген 

 

 

 

 

 

 

 

аманат боюнча аманаттын/ электрондук капчыктын валютасындагы учурдагы калдыктын суммасы 

сом эквивалентинде аманаттын/ электрондук капчыктын учурдагы калдыгынын суммасы 

аманаттын/ электрондук капчыктынвалютасында чегерилген пайыздардын суммасы 

сом эквивалентинде аманат (депозит)/ электрондук капчык боюнча чегерилген пайыздардын суммасы 

бардыгы болуп, сом эквивалентинде  

талаптын валютасындагы негизги карыз боюнча талаптардын калдыгынын суммасы 

сом эквивалентиндеги негизги карыз боюнча талаптардын калдыгынын суммасы 

талаптын валютасында чегерилген банктык пайыздар боюнча талаптардын суммасы 

сом эквивалентинде банктын чегерилген пайыздары боюнча талаптардын суммасы 

сом эквивалентинде банктын мөөнөтү өтүп кеткен утурлама талаптарынын жалпы суммасы 

мөөнөтү өтүп кеткен кредиттер жана аманатчылардын кепилдиктери боюнча талаш-тартыштар жана соттук териштирүүлөр жөнүндө маалымат 

өз ара эсепке алуунун жыйынтыгы боюнча сом эквивалентиндеги чегерилген пайыздар боюнча калдыктын суммасы 

өз ара эсепке алуунун жыйынтыгы боюнча сом эквивалентиндеги негизги карыздын калдыгынын суммасы 

Бардыгы болуп,сом эквивалентинде милдеттенмелердин/талаптардын калдыктары боюнча  

 

 

 

 

4-1 

10 

11 

12 

13 

14 

15=12+14 

16 

17 

18 

19 

20=17+19 

21 

22=14+20 

23 

24 

25 

26 

27=24-26 

28 

 

Мисалы: 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Иванов Иван Иванович 

А1325465 

19.08.2002 Кыргыз Республикасынын ИИМ тарабынан 

 

 

 

2008-жылдын 20-ноябрындагы №50 Банктык аманат келишими 

KGS 

 

 

 

250000,00 

 

5000,00 

155000,00 

 

 

 

 

 

5000,00 

 

 

 

 

 

 

 

Иванов Иван Иванович 

А1325465 

19.08.2002 Кыргыз Республикасынын ИИМ тарабынан 

 

 

 

2008-жылдын 20-ноябрындагы №51 Банктык аманат келишими 

USD 

 

 

2000,00 

80000,00 

100,00 

4000,00 

84000,00 

 

 

 

 

 

4000,00 

 

 

 

 

 

 

 

Иванов Иван Иванович 

А1325465 

19.08.2002 Кыргыз Республикасынын ИИМ тарабынан 

 

 

 

2008-жылдын 20-ноябрындагы №52 Банктык аманат келишими 

EUR 

 

 

100,00 

5000,00 

 

 

5000,00 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Иванов Иван Иванович 

А1325465 

19.08.2002 Кыргыз Республикасынын ИИМ тарабынан 

 

 

 

2008-жылдын 20-ноябрындагы №55 Банктык аманат келишими 

EUR 

 

 

 

 

 

 

-2500,00 

-125000,00 

-60,00 

-3000,00 

-128000,00 

 

-128000,00 

 

 

 

 

 

 

 

Аманатчылар боюнча жыйынтыгында 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

ХХХ 

335000,00 

ХХХ 

9000,00 

344000,00 

ХХХ 

-125000,00 

ХХХ 

-3000,00 

-128000,00 

 

-119000,00 

216000,00 

216000,00 

216000,00 

1000000,00 

16000,00 

ХХХ 

 

Банк боюнча бардыгы 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

  

Банк башкармасынын төрагасы  

  

_______________________________________________________________________ 

  

  

  

Башкы бухгалтер  

  

_______________________________________________________________________ 

  

  

  

Жооптуу аткаруучу  

  

_______________________________________________________________________ 

»; 

- Нускоонун 2-тиркемесинин: 

2-пунктунун: 

- экинчи абзацындагы «аманатчынын» деген сөздөн кийин «, электрондук акча ээсинин» деген сөздөр менен толукталсын; 

- алтынчы абзацындагы «аманатчынын» деген сөздөн кийин «, электрондук акча ээсинин» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 3-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«3. 7-графада келишимдин номерин жана келишим түзүлгөн датаны көрсөтүү менен аманатчынын, электрондук акча ээсинин банк менен аманат (депозит) сыяктуу эле, кредит боюнча да (мөөнөтү өтүп кеткен утурлама талаптар, эгер болсо), ошондой эле электрондук капчык кызматтарын көрсөтүү боюнча келишимдери жөнүндө маалыматтар камтылган.»; 

- 6-пунктунда «аманаттын (депозиттин)», деген сөздөрдөн кийин «,электрондук капчыктын» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 7-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«7. Аманаттардын, электрондук акчанын калдыктары жана чет өлкө валютасындагы аманат (депозит), электрондук акча боюнча чегерилген пайыздар жөнүндө маалыматтар, тиешелүүлүгүнө жараша, 11 жана 13-графаларда чагылдырылат. Таблицадагы калдыктардын суммалары жүздүк үлүшүн көрсөтүү менен валюта бирдиктеринде чагылдырылат.»; 

- 8-пунктунун экинчи абзацындагы «аманаттар (депозиттер),» деген сөздөрдөн кийин «электрондук капчык» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 20-пунктундагы «аманаттары» деген сөздөн кийин «электрондук капчыктары» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 21-пунктундагы «аманаты (депозити)» деген сөздөрдөн кийин «,электрондук капчыгы» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 23-пунктундагы «аманаттарына» деген сөздөрдөн кийин «,электрондук капчыктарына» деген сөздөр менен толукталсын.