Кайта келүү

 Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2024-жылдын 3-апрелиндеги 

№ 2024-П-12/15-1-(НПА) токтому 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2022-жылдын 14-декабрындагы № 2022-П-12/78-7-(НПА) 

«Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 14-декабрындагы № 2022-П-12/78-7-(НПА) «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин: 

- 4-пунктунун 1-пунктчасынын үчүнчү абзацындагы «2024-жылдын 1-январынан тартып» деген сөздөр жана цифралар «2024-жылдын 1-июлунан тартып» дегенге алмаштырылсын. 

2. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.  

3. Юридика башкармалыгы: 

- тиешелүү документтерди алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында жарыяласын;  

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

4. Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгы токтом расмий жарыялангандан кийин 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен коммерциялык банктарды, «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.  

5. Токтомдун аткарылышын контролдоо Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

                      Төрага                                                                                                                                                                                                                                        К. Боконтаев