Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2024-жылдын 29-мартындагы  

№ 2024-П-14/14-1-(ПС)  

токтому 

 

 

Кыргыз Республикасында Ачык банкингди өнүктүрүү  

концепциясын бекитүү жөнүндө  

 

 

Банк секторунда инновациялык потенциалды жогорулатуу, Кыргыз Республикасында ачык банкингди ишке киргизүүнүн ыкмаларын жана кадамдарын аныктоо, ошондой эле банктык операцияларды жана төлөм кызматтарды жүргүзүүдө корголгон жана коопсуз маалыматка жетүүнү жана маалымат алмашууну камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5 жана 64-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасында Ачык банкингди өнүктүрүү концепциясы бекитилсин (кошо тиркелет). 

2. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. 

4. Төлөм системалары башкармалыгы 3 (үч) жумуш күнү ичинде: 

- токтомду жана Кыргыз Республикасында Ачык банкингди өнүктүрүү концепциясын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтына жарыяласын; 

- токтом менен Кыргыз Республикасынын төлөм системаларынын операторлорун, төлөм уюмдарын, коммерциялык банктарын, «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин, «Кыргыз Республикасынын төлөм системаларынын операторлорунун ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин тааныштырсын. 

5. «Башкарманын катчылыгы» бөлүмү 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

6. Токтомдун аткарылышын контролдоо Төлөм системалары башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынан Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

         Төрага                                                                                                                                                                                                                                                                      К. Боконтаев 

 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2024-жылдын 29-мартындагы  

№ 2024-П-14/14-1-(ПС)  

токтому менен бекитилген  

 

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасында 

Ачык банкингди өнүктүрүү 

КОНЦЕПЦИЯСЫ 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Бишкек 2024 

МАЗМУНУ 

Мазмуну 2 

Концепцияда пайдаланылган кыскартылган сөздөрдүн жана терминдердин тизмеси 3 

Киришүү

1. Банк секторунун катышуучуларынын API колдонуусуна учурдагы баяндама

1.1. Ачык банкинг принциптерин ишке киргизүүнүн өбөлгөлөрү

1.2. API карата бирдейлештирилген талаптардын жоктугуна байланышкан проблемалар жана аларды чечүүнүн потенциалдуу ыкмалары

2. Ачык банкингди ишке киргизүү боюнча эл аралык тажрыйба

2.1. Ачык банкингдин максаттарын аныктоо жана аны жөнгө салуу 10 

2.2. Ачык банкинг субъекттеринин чөйрөсү 11 

2.3. Ачык банкинг стандарттарын камтуу 11 

2.4. Маалыматтарды коргоо жана киберкоопсуздук 12 

2.5. Кардардын аныктыгын текшерүү талаптары 12 

3. Кыргыз Республикасында ачык APIлерди ишке киргизүү 13 

3.1. Стандартташтырууга карата институтционалдык ыкма 14 

3.2. Милдеттүү API стандарттары 15 

3.3. API функциясы 16 

3.4. Ачык банкинг субъекттеринин тизмеси 17 

Корутунду жана кийинки кадамдар 18 

 

Концепцияда пайдаланылган кыскартылган сөздөрдүн жана терминдердин тизмеси 

Колдонмо программалоо интерфейси (API, Application programming interface)  

Программалык тиркемелерди түзүү үчүн жол-жоболордун, протоколдордун жана инструменттердин жыйындысы. API программалык камсыздоо компоненттеринин өз ара аракеттенүүсүн аныктайт. 

Репрезентативдик абалды өткөрүп берүү (REST, Representational State Transfer) 

Тармактагы бөлүштүрүлгөн тиркеменин компоненттеринин өз ара иш алып баруусунун архитектуралык стили. 

Ачык API (Open API) 

Унификацияланган API стандарттынын негизинде санариптик маалымат алмашуу мүмкүнчүлүгүн берген программалоо интерфейси. 

Ачык банкинг (Open Banking) 

Үчүнчү жактарга кардарлар жөнүндө (алардын макулдугу менен) маалыматты берүү үчүн банктар тарабынан ачык API колдонуу ыкмаларынын комплекси. 

ЕАЭБ 

Евразия экономикалык бирлиги 

Улуттук банк,  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы  

Second Payment Services Directive (PSD2) 

Экинчи төлөм директивасы  

General Data Protection Regulation (GDPR) 

Маалыматтарды коргоо боюнча жалпы регламент 

Коммерциялык банктар 

Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары  

Төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары 

Кыргыз Республикасынын төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары  

Кыргыз Республикасынын төлөм системасын 2023-2027-жылдары өнүктүрүүнүн негизги багыттары 

Улуттук банк Башкармасынын 2023-жылдын  

29-мартындагы № 2023-П-14/20-4-(ПС) токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын төлөм системасын 2023-2027-жылдары өнүктүрүүнүн негизги багыттары  

 

Киришүү 

Улуттук банк Кыргыз Республикасынын төлөм системасын 2023-2027-жылдары өнүктүрүүнүн негизги багыттарына ылайык, Кыргыз Республикасында тиешелүү бирдиктүү стандарттарды ишке киргизүү (программалоо) максатында банк секторунда ачык программалык интерфейстерин өнүктүрүүнүн мүмкүн болуучу ыкмаларын изилдеп жатат. 

Бул Концепция Кыргыз Республикасында ачык банкинг концепциясын ишке киргизүүнүн негизги ыкмаларын жана стратегияларын карайт, ошондой эле Кыргыз Республикасында бул багытта тиешелүү реформаларды жүргүзүүнүн актуалдуу маселелерин баяндайт. 

Концепциянын максаты Кыргыз Республикасында ачык банкингди ишке киргизүүнүн ыкмаларын жана кадамдарын аныктоо. Концепция ошондой эле ачык банкингди ишке киргизүүнүн негизги этаптарын аныктаган иш-чаралар планын камтыйт. 

Концепция коммерциялык банктардын, төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдарынын, ошондой эле банктардын жана төлөм системаларынын ассоциацияларынын (мындан ары банк сектору) сын-пикирлерин жана сунуштарын эске алуу менен даярдалган. 

Ачык банкингди ишке киргизүүнүн максаты банк секторунда инновациялык дараметти жогорулатуу. Банк секторунун катышуучуларынын ортосунда корголгон жана коопсуз маалымат алмашуу мүмкүнчүлүгүн ишке ашыруу акыркы колдонуучуларга алардын финансылык каражаттарына жеткиликтүүлүктү жана контролду кеңири камсыз кылган жаңы продукттарды жана кызматтарды иштеп чыгуу мүмкүнчүлүгүн берет, бул келечекте төлөм инфраструктурасын жакшыртууга жардам берет жана банк секторунун катышуучуларынын арасында атаандаштыкты күчөтөт. Натыйжада, ачык банкингди ишке киргизүү Кыргыз Республикасында финансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга алып келиши керек. 

Бул Концепцияда ачык банкинг колдонмо программалоо интерфейстери аркылуу маалыматтарды коопсуз алмашуу ыкмаларын камсыз кылган стандарттардын, инфраструктуранын жана жөнгө салуучу эрежелердин жыйындысы катары түшүнүлөт. 

Белгилей кетсек, ачык банкингди ийгиликтүү ишке киргизүүнүн негизги көрсөткүчү катары анын негизинде түзүлгөн кызматтарга карата акыркы колдонуучулардын арасында суроо-талаптын болушу саналат, ошондуктан кардарлардын ишенимин камсыз кылуу маанилүү. Мындай ишеним биринчи кезекте, бардык катышуучуларга карата тиешелүү көзөмөлдүн жана колдонуучулардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоонун натыйжалуу механизмдери болушу каралган коопсуз, ишенимдүү эрежелер жана алдын ала жол-жоболор аркылуу камсыздалышы керек. Эрежелер жана жол-жоболор бардык кызыкдар тараптардын катышуусу менен иштелип чыгышы керек. 

API негизиндеги маалымат алмашуу Кыргыз Республикасынын банк секторунун катышуучулары тарабынан мурдатан эле кеңири колдонулса да, стандарттардын, маалымат топтомдорунун жана жеткиликтүүлүк шарттарынын ар түрдүүлүгү технологиялык интеграциянын жогорку чыгымдарына алып келет. Протоколдорду жана маалымат алмашуу шарттарын стандартташтыруу төлөм системасынын катышуучулары үчүн мындай чыгымдарды азайтууга жана алар үчүн маалымат алмашууну жеткиликтүү жана коопсуз кылууга тийиш. 

1. Банк секторунун катышуучуларынын API колдонуусуна учурдагы баяндама 

API өзүнүн универсалдуулугунан улам банк секторунун катышуучулары тарабынан Кыргыз Республикасынын төлөм системалары менен интеграциялоо үчүн да, катышуучулардын маалымат системаларынын ортосунда маалымат алмашууну камтыган кызматтарды көрсөтүү жана тейлөө үчүн да маалымат алмашууну камсыз кылуу үчүн кеңири колдонулат.  

Төлөм системасынын учурдагы абалына талдоо APIлер банк секторунун жана төлөм системаларынын катышуучуларын интеграциялоону камсыз кылууда негизги инструмент катары колдонуларын көрсөттү. Мындай интеграция калк үчүн жеткиликтүү кызматтардын тизмесин кеңейтет жана өлкөнүн рыногунда инновациялык төлөм продукттарынын акырындык менен пайда болушуна алып келет.  

Учурда API аркылуу төлөм системаларынын катышуучуларынын өз ара иш алып баруусунун төмөнкү сценарийлерин бөлүп карасак болот. 

Агенттик келишимдердин алкагында APIлерди колдонуу 

2022-2023-жылдары өткөрүлгөн төлөм рыногунун катышуучулары менен жолугушуулардын жана сурамжылоонун алкагында, төлөм системасынын катышуучулары кардарларга кызмат көрсөтүү үчүн APIлерди кеңири колдонушу белгиленген. Көпчүлүк коммерциялык банктар жана төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары башка финасы рыногунун катышуучулары менен өз ара иш алып барууда REST API колдоно тургандыгын белгилешти. 

Ошол эле учурда, API тар чөйрөлөрдө негизинен каражаттарды которуулар жөнүндө маалымат алмашуу үчүн колдонулат, мисалы, эсептерди, депозиттерди толуктоо, кредиттерди төлөө, ошондой эле агенттер менен өз ара иш алып барууда колдонулат. Бардык учурларда API колдонуу түз келишимдин болушун жана маалыматты коргоо боюнча атайын талаптарды белгилөөнү талап кылат.  

Мындан тышкары, API рыногунун катышуучулары тарабынан кардарларды кошумча текшерүү, финансыны тескөө боюнча кызматтарын түзүү, карыз алуучуга карата скоринг жана коммерциялык банк менен төлөм системасынын башка катышуучуларынын ортосундагы башка мамилелер үчүн колдонулат. 

Атап айтканда, коммерциялык банктар көбүнчө чекене агенттер менен өз ара иш алып барууну уюштуруу үчүн API колдонушат. Мисал катары калк үчүн ыңгайлуу жана заманбап чечимдерди камсыз кылуу боюнча иш жүргүзгөн төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдарын белгилей алабыз.  

Мындан тышкары, кээ бир коммерциялык банктар төлөм уюмдары аркылуу карта продукттарын таркатышат. 

Интеграциянын жана төлөм системаларына кошулуунун алкагында API колдонуу  

«Элкарт Мобайл» тиркемеси API аркылуу иштелип чыккан. «Элкарт Мобайл» бул бир тиркеме аркылуу Кыргыз Республикасынын ар башка коммерциялык банктары тарабынан чыгарылган «Элкарт» улуттук төлөм системасынын бир нече карталарын байланыштырууга жана тескөөгө мүмкүндүк берген инновациялык продукттардын (тиркеме) бири. 

API ошондой эле эки өлчөмдүү штрих-код белгилерин (QR-код) колдонуу менен төлөмдөрдүн интероперабелдүүлүгүн камсыз кылуунун алкагында катышуучуларды негизги операторго туташтыруу үчүн колдонулат. 

Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн жогорулатуу жана төлөм инфраструктурасын кеңейтүү, сапаттуу жана коопсуз банктык жана төлөм кызматтарын көрсөтүү аркылуу калктын төлөм кызматтарына жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында, Улуттук банктын 2019-жылдын  

11-декабрындагы № 2019-П-14/62-5-(ПС) токтому менен Эки өлчөмдүү штрих-код белгилерин (QR-код) колдонуу менен төлөмдөрдү жана которууларды өткөрүү эрежелери бекитилди. Бул Эрежелер төлөм системаларынын интероперабелдүүлүгүн, төлөөчүлөргө бирдиктүү төлөм системасын сунуштоо үчүн төлөмдөрдүн өткөрүлүшүн жана ар башка төлөм системаларынын система аралык интеграцияланышы мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу үчүн улуттук QR-код стандарттарын колдонуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган.  

Мындан тышкары, интеграциялоонун жана төлөм системаларына кошулуунун алкагында API колдонуу маселесин кароодо Улуттук банк Кыргыз Республикасынын аймагында тез төлөм системасын киргизүү боюнча иштерди жүргүзүп жатканын белгилей кетүү керек. Улуттук банк Башкармасынын 2023-жылдын 24-майындагы № 2023-П-14/34-4-(ПС) токтому менен Кыргыз Республикасында тез төлөм системасын өнүктүрүү концепциясы бекитилген. 

Тез төлөм системасынын алкагында API аркылуу тез төлөм системасынын катышуучуларын кошуу пландаштырылууда, бул Кыргыз Республикасында борборлоштурулган системаны түзөт, анда катышуучуларды интеграциялоо бирдиктүү API стандарттарынын алкагында ишке ашырылат.  

Ошондой эле, «Санарип сом» долбоорун тесттен өткөрүү жана андан ары ишке киргизүү, төлөм системасынын катышуучуларын API бирдиктүү стандарттарын колдонуу аркылуу бириктирүүнү камтыйт. 

Финансылык платформалардын (маркетплейстер) алкагында API колдонуу  

Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 2-июнундагы № 2022-П-14/35-3-(НПА) токтому менен «Кыргыз Республикасында ачык программалык интерфейстерди колдонуу менен финансылык платформалар (маркетплейс) аркылуу финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануу мүмкүнчүлүгүн жөнгө салуу жөнүндө» жобо бекитилди. 

Бул Жободо адистештирилген маркетплейстерди электрондук онлайн-платформа/витрина түзүү каралган, анда финансылык кызматтарды сунуштоочулардын финансылык кызмат көрсөтүүлөрү тууралуу маалымат жайгаштырылган жана жеке кабинет аркылуу жана/же финансылык кызматтарды сунуштоочунун өзүнүн финансылык платформасы аркылуу шилтеме келтирүү же ушул платформадагы башка технологиялык чечимдерди колдонуу менен бүтүмдөрдү ишке ашыруу боюнча техникалык мүмкүнчүлүк бар. Мындай маркетплейстердин алкагында финансылык кызмат көрсөтүүчүлөр финансылык платформанын операторуна ачык APIлерге кирүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуусу каралууда, жана финансылык платформанын кызмат көрсөтүү операторлору финансылык кызмат көрсөтүүчүлөрдүн ортосундагы өз ара иш алып барууну бирдейлештирүү үчүн өзүнүн иштелип чыккан жана стандартташтырылган APIлерин колдонууга укуктуу. 

Бүгүнкү күндө, ачык программалык интерфейстер (API) аркылуу бир платформада финансылык кызматтарды сунуштоочулардын жана/же финансылык платформанын кызмат көрсөтүү операторунун эрежелерине кошулушкан финансылык кызматтарды сунуштоочулардын өз ара иш алып баруусун камсыз кылган жана финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү колдонуучунун платформага 24/7 онлайн-режиминде кирүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган юридикалык жактар (финансылык платформанын кызмат көрсөтүү операторлору) тарабынан финансылык платформаны (маркетплейс) берүүнүн башталышы жөнүндө билдирилген эмес.  

Белгилей кетсек, учурда Кыргыз Республикасында API банк секторунун айрым катышуучуларынын ортосунда маалымат алмашуу үчүн жигердүү колдонулууда, ошондой эле банк жана төлөм сектору, жалпы эле өлкө үчүн ачык банкингди ишке киргизүү олуттуу мааниге ээ экендигин эске алуу менен, Улуттук банк катышуучулар үчүн Кыргыз Республикасынын аймагында APIни бирдейлештирүү жана ишке киргизүү боюнча бирдиктүү ыкманы аныктоо маанилүү деп эсептейт. 

1.1. Ачык банкинг принциптерин ишке киргизүүнүн өбөлгөлөрү  

2022-жылы 23 коммерциялык банк иш алып барган, 26 юридикалык жак Улуттук банктын лицензиясына ээ болгон, анын ичинен 25 лицензия төлөм системасынын операторунун ишин жүзөгө ашыруу укугуна жана 26 лицензия төлөм уюмунун ишин жүзөгө ашыруу укугуна берилген. 

2022-жылы Эл аралык финансы корпорациясынын жардамы менен Улуттук банк тарабынан коммерциялык банктардын жана төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын арасында жүргүзүлгөн изилдөөгө ылайык, респондент коммерциялык банктардын 60%дан ашыгы жана төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын 40%ы финансы секторунда ачык банкинг боюнча белгилүү бир деңгээлдеги билими бар экендиги белгилүү болгон. Ошол эле учурда респонденттер (67,6%) интеграциялоо үчүн кирүү чеги жогору болгон тоскоолдук бар экендигин, ошондой эле жөнгө салуучу талаптардын жоктугун белгилешти (респонденттердин 40%). 2023-жылы жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча, банк секторунун катышуучулары эки тараптуу келишимдердин негизинде өз ишинде APIни жигердүү колдонушат, ошол эле учурда маалымат алмашуу стандарттары ар кандай экени аныкталган. 

Ачык интерфейстер эсеп которуулары жөнүндө маалымат алмашуу үчүн, эсептерди жана электрондук капчыктарды толуктоодо, карыз алуучунун скоринги жана кредитти төлөө үчүн, ошондой эле төлөм агрегаторлору, өнөктөш уюмдар жана кардарлар менен өз ара иш алып баруу үчүн колдонулат. 

Банк секторунун катышуучулары APIни төлөм системасынын катышуучуларынын арасында алардын мобилдик капчыктары жана өзүн-өзү тейлөө түзүлүштөрү боюнча өз кызматтарын жайылтуу, ошондой эле интернет жана мобилдик банкинг, электрондук капчыктар жана төлөм терминалдары аркылуу төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн колдонушат. 

Мындан тышкары APIлер, кардарларды аныктоодо жана төлөм карталарын чыгарууда, банк карталарын чогултууда жана иштеп чыгууда процессинг борборлоруна туташууда, мамлекеттик мекемелерден кардарлардын маалыматтарын талап кылууда, үчүнчү жактардын пайдасына төлөмдөрдү жүргүзүүдө, башка финансы-кредит уюмдарын өзүнүн APIлерине туташтырууда, ошондой эле жигердүү катышуучуларга көз салуу жана алардын кызматтарын талдоо (минималдуу-максималдуу төлөм суммасы, киргизүү талааларынын аталышы, учурдагы баланс ж.б.), ошондой эле банк эмес сектордон товарларды жана кызматтарды сунуштоочулар менен маалымат алмашууда колдонулат. 

APIлерди колдонуу тобокелдиктерди азайтууга багытталган кошумча жол-жоболор менен коштолот. Атап айтканда, кардарлардын аутентификациялоонун ар кандай механизмдери, маалыматтарды коргоо жана жеке маалыматтарды берүүгө кардарлардын макулдугун жазып алууга ар кандай ыкмалар колдонулат. Бул талаптардын бардыгы негизинен эки тараптуу макулдашуулардын деңгээлинде белгиленген. 

Банк секторунун катышуучулары төмөнкү артыкчылыктарды билдиришет: APIни колдонуу инновациялык чечимдерди ишке киргизет жана колдонуучуларга тандоо мүмкүнчүлүгүн, ыңгайлуулукту камсыздайт, анткени колдонуучулар башка маалымат берүүчүлөр өз ара иш алып баруунун интеграцияланган катышуучулары тарабынан сунушталган жаңы финансылык продукттарга жана кызматтарга кире алышат, ошондой эле жакшыртылган финансылык пландаштырууну жана контролду камсыздай алышат.  

Ачык финансылык платформалардын (Ачык финансы) элементи катары Кыргыз Республикасында ачык банкигди өнүктүрүү Улуттук банктын максаттарына жооп берет жана улуттук өнүктүрүү стратегиясынын максаттарына жетүүгө өбөлгө түзөт. Ачык банкинг финансы рыногунун санарип инфраструктурасынын бириктирүүчү элементтеринин бири болуп саналат жана аны ишке киргизүү стандартташтырылган ыкмаларды жана технологиялык чечимдерди колдонуу менен финансылык рыноктун ар кандай уюмдарынын маалымат системаларынын ортосунда маалыматтарды өткөрүп берүү үчүн негиз түзөт.  

Мындан тышкары, ачык банкинг жаңы финансылык продукттарды чыгарууга кеткен убакытты жана чыгымдарды бир топ кыскартат, ошондой эле аларды андан ары иштеп чыгууну жана кеңири жайылтууну жөнөкөйлөтөт. 

1.2. API карата бирдейлештирилген талаптардын жоктугуна байланышкан проблемалар жана аларды чечүүнүн потенциалдуу ыкмалары  

Кыргыз Республикасынын финансы рыногу APIлерди колдонууга бирдейлештирилген талаптардын жоктугу менен байланышкан бир нече көйгөйлөр менен мүнөздөлөт. 

1. Финансы рыногунун ири катышуучуларынын негизги секторлордо топтолуусунун жогорку деңгээли. Банк секторунун көпчүлүк сегменттеринде аз сандагы ири катышуучулар үстөмдүк кылат, бул маалыматтарды пайдаланууну монополиялаштыруу тобокелдиктерин жаратат жана ыңгайлуу, коопсуз финансылык кызматтарды түзүү, санариптик кызмат көрсөтүүлөрдүн спектрин кеңейтүү жана рыноктун учурдагы катышуучуларынын инновацияларын өнүктүрүү үчүн чектөөчү фактор болуп саналат.  

Ачык банкинг принциптерин киргизүүнүн өзү рынокто инновациялык кызматтарды сунуштаган жаңы катышуучулардын пайда болушуна, Кыргыз Республикасында, Борбордук Азияда жана ЕАЭБ өлкөлөрүндө финансылык технологиялардын өнүгүшүнө салым кошо алат, ошондой эле кардарларга бир финансы уюмунан экинчисине өтүү, жакшыраак кызматтарды жана продукттарды колдонуу мүмкүнчүлүгүн берет. 

2. Маалыматка жетүү мүмкүнчүлүгү чектелген. Банк секторунун катышуучулары эки тараптуу макулдашуулардын негизинде белгилүү чөйрөдөгү катышуучулар менен API аркылуу маалымат алмашат. Мында катышуучулардын ортосундагы мамилелер, эреже катары, белгилүү бир сценарийдин алкагында жүзөгө ашырылат жана түзүлгөн макулдашуулардын предмети менен чектелет. Маалымат ээлери кандай маалыматтар, кимге жана кандай шарттарда берилээрин өз алдынча аныкташат. Натыйжада, API аркылуу маалымат алмашуу практикасы бир нече гана сценарийде топтолгон бойдон калууда жана маалымат ээлеринин башка катышуучулар менен маалыматты активдүү алмашууга эч кандай стимул жок. 

3. Интеграцияларды түзүүдө жана сактоодо кыйынчылыктар. Банк секторунун катышуучулары ар бир катышуучу менен API алкагында туташтыруу жана бир эле учурда интеграцияны колдоо боюнча чоң чыгымдарды тартууга аргасыз болушат. Уюмдун башка финансы уюму (маалымат берүүчү) менен өнөктөш катары макулдашуу түзүүгө мүмкүнчүлүгү болсо да, ал ушул маалымат берүүчүлөрдүн IT-чечимине жараша ар кандай протоколдор жана өзгөчөлүктөр боюнча бир нече интеграцияны колдоого алышы керек. Маалымат ээсинин тарабындагы протоколго киргизилген кандай болбосун өзгөртүүлөр системаларды жеткире иштеп чыгууну талап кылат. Ошондой эле Кыргызстанда APIге «бир терезе» принциби боюнча кирүүгө мүмкүндүк берүүчү кайсы бир борборлоштурулган API интеграторлору жок. 

4. Маалымат коопсуздугу коркунучу. APIлер көбүнчө купуя маалыматтарды берүү үчүн колдонулат, андыктан маалымат жиберүү каналдарынын уруксатсыз кирүүдөн корголушун камсыз кылуу абдан маанилүү. Жеке маалымат да кардардын макулдугу менен берилиши керек. Азыркы учурда мындай талаптар, тараптардын жоопкерчилиги сыяктуу эле адатта, рыноктун катышуучуларынын ортосундагы эки тараптуу макулдашууларда белгиленет. 

5. API архитектурасын иштеп чыгуу, технологиялык интеграцияны жүргүзүү жана маалыматтар менен иштөө үчүн бул чөйрөдө квалификациялуу кадрлардын жетишсиздиги бар. 

2. Ачык банкингди ишке киргизүү боюнча эл аралык тажрыйба 

Ачык банкингди ишке киргизүүдөгү эл аралык тажрыйбаны талдоо менен, ачык маалыматтар аркылуу алууга боло турган кызматтардын жана мүмкүнчүлүктөрдүн толук тизмеси жок экенин белгилей кетүү керек, анткени алар рыноктун керектөөлөрүнүн жана колдонуучулардын суроо-талаптарынын таасири астында түзүлөт. 

Ошондой эле башка өлкөлөрдүн тажрыйбасына таянып, кандайдыр бир тыянактарды чыгарууга болот. Ачык APIлерди ийгиликтүү түзүү жана ишке ашыруу үчүн эң маанилүү факторлордун бири бул туура белгиленген мөөнөт. Бир нече кызыкдар тараптар менен татаал финансы системаларына олуттуу өзгөртүүлөрдү киргизүү көп убакытты талап кылышы мүмкүн. Көптөгөн өлкөлөр өздөрү жаңы нерсени ойлоп таппастан, буга чейин ишке ашырылган ийгиликтүү моделди жана колдонуудагы стандартты негиз кылып алып, аны өздөрүнүн өзгөчөлүктөрүнө ылайыкташтырып алуусу да маанилүү

Европада ачык APIлерди ишке киргизүүнүн натыйжасы катары, алардын натыйжалуулугун далилдеген көптөгөн ачык банкинг APIлери жана финтех компаниялары бар, алар өзүнүн натыйжалуулугун далилдей алышты. Чектелген сунуштар топтому менен финансы системаларынын модели эскирген. Келечек колдонуучулардын өзгөчө муктаждыктарына ылайыкташтырылган жаңы кызматтарды түзүүдө турат жана тез ыңгайлаша алган технологиялык структуралар эң маанилүү

Америка Кошмо Штаттарында ачык API банктарды мамлекеттик жөнгө салуу маселеси жок, технологиялык интеграция рыноктун катышуучуларынын өздөрү тарабынан иштелип чыккан. Сектордогу эң белгилүү компаниялардын бири, банктык агрегатордук компания Mint, ал кеңири таралган, анын веб-сайты 2016-жылы Америка Кошмо Штаттарынын жана Канаданын 20 миллионго жакын тургундары тарабынан колдонулган. 

Сингапурда Акча-кредит башкармалыгы (MAS) ачык банктык API принциптерин колдойт. Сингапур Банктар Ассоциациясы (ABS) жана MAS, финансы сектору үчүн маалыматтарды, сунуш-көрсөтмөлөрдү камтыган жана финансылык маалыматты натыйжалуу алмашууну, ошондой эле инновациялык банктык долбоорлорду баштоого жол ачууну камсыз кылган Finance-as-a-Service: API Playbook документин чыгарышты. 

Индияда ачык API маалымат платформасы болгон India Stack түзүлдү, ал иштеп чыгуучуларга жана технологиялык стартаптарга финансылык кызматтардын колдонуучуларын аныктоо жана аутентификациялоо үчүн мобилдик тиркемелер рыногуна кирүүгө мүмкүндүк берет. 

Австралияда ачык банктык интерфейстер этап менен ишке ашырылган. Ачык банктык тейлөө реформасынын биринчи этабы 2019-жылдын июль айында ишке ашырылган. Австралияда ачык APIлерди ишке киргизүү демилгесин колдоо үчүн финансы институттарынын ортосунда маалымат алмашууну камсыз кылуу үчүн мыйзамдарга түзөтүүлөр кигизилген жана колдонуучулардын маалыматтарын коргоо боюнча бирдиктүү жобо Consumer Data Right (CDR) бекитилди. Башында CDR банк секторуна гана тиешелүү болгон. Ошентип, Австралиянын төрт ири банкы 2020-жылдын 1-июлунан тартып эсептер жана транзакциялар тууралуу маалыматка кирүү мүмкүнчүлүгүн ачты, ал эми  

2022-жылдын 1-февралынан тартып бардык австралиялык банктар бул талапты аткарышы керек. Төрт ири банктын кардарлары (Commonwealth Bank of Australia (CBA), National Australia Bank (NAB), Australia and New Zealand Banking Group (ANZ), Westpac) бул долбоорду башка аккредиттелген финансылык кызмат көрсөтүүчүлөр менен транзакциялар, депозиттер, дебеттик жана кредиттик карталар жөнүндө маалыматтарды алмашуу үчүн колдонушат. Кийинчерээк, рыноктун катышуучулары API аркылуу берүүсү талап кылынган маалыматтардын спектри кеңейди, алар баштапкысы төлөм кызматтары жөнүндө маалыматтан, татаалыраак кредиттер, анын ичинде ипотека жөнүндө маалыматтарды берүүгө милдеттүү

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн аймагында Ачык APIлерди колдонуу калыптануу жана өнүктүрүү стадиясында турат. Бүгүнкү күндө Россия Федерациясында, Беларусь Республикасында жана Казакстан Республикасында Концепциялар бекитилген жана жөнгө салуучу тарабынан айрым кызматтар жана маалымат алмашуу үчүн API бирдиктүү стандарттары сунушталган. 

Беларусь Республикасында 2021-жылы Беларусь Республикасынын ачык банк APIлерин өнүктүрүү концепциясы бекитилген. Концепцияга ылайык, ачык API экосистемасына бул экосистеманын алкагында белгилүү функцияларды (ролдорду) аткарган субъекттер (катышуучулар) кирет, алар: жөнгө салуучу, компетенттүүлүк борбору, сыноо лабораториясы, ачык жана жабык түрдөгү API сунуштоочулар ошондой эле кардарлар.  

Беларусь Республикасынын Улуттук банкы санарип кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу жана банк системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, банк системасы жана финансылык-экономикалык көрсөткүчтөр жөнүндө учурдагы маалыматтарды алуу үчүн ыңгайлуу APIлерди камсыз кылат. 

Казакстан Республикасында ачык интерфейстерди киргизүү жана өнүктүрүү боюнча иштер 2023-2025-жылдарга Казакстанда Ачык API жана Ачык банкинг ишин өнүктүрүү концепциясында бекитилген иш-чараларга ылайык жүргүзүлөт.  

Бүгүнкү күндө платформанын операторунун базасында негизги элементтери жана подсистемалары бар технологиялык инфраструктура уюштурулган, катышуучулардын өз ара иш алып баруусунун стандарттары, банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн функционалдуулугуна карата талаптардын өзгөчөлүктөрү, ошондой эле зарыл болгон методикалык документтер иштелип чыккан. 2023-жылдын ноябрь айында айрым банктардын катышуусу менен кардардын банктык эсеби жөнүндө маалыматты берүү үчүн Open API пилоттук долбоору ишке киргизилген.  

Ачык банкинг платформасын толук масштабдуу ишке ашыруу 2025-жылдын аягына чейин этап менен пландаштырылган. 

Россия Федерациясында ачык APIлер Россия Федерациясынын Борбордук банкы менен Финансылык технологияларды өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы кызматташтыктын алкагында иштелип чыгууда. Ачык APIлерди ишке ашыруу этап менен ишке ашат: 2019-жылдын жайында төлөм, маалымат, тейлөө жана жөнгө салуучу APIлерди камтыган Ачык API концепциясы жактырылган. 2020-жылдын октябрь айында Россия Банкы рыноктун катышуучулары менен биргеликте иштелип чыккан ачык API стандарттарынын өзгөчөлүктөрүн расмий түрдө жарыялаган. Алар конкреттүү кызматтар үчүн ачык APIлерди ишке ашыруу боюнча принциптерди жана сунуштарды камтыйт: башка уюмдар тарабынан банк кардарынын эсеби жөнүндө маалымат алууда жана акча которууларды демилгелөөдө.  

Ошондой эле 2020-жылы пилоттук долбоорлор ишке киргизилди, 2021-жылы Ачык банкинг инфраструктурасы ишке киргизилди, биринчи катышуучулар чөйрөгө кошулууда, 2022-жылдын ноябрь айында Россия Банкы Финансы рыногуна ачык APIлерди ишке киргизүү концепциясын жарыялады. 2023-жылдын июль айында ал микрофинансы секторунда ачык API аркылуу маалымат алмашуу боюнча Финансылык технологиялар ассоциациясынын аянтчасында пилоттук сыноо өткөрүлдү жана микрофинансылык уюмдарды маркетплейстерге туташтыруу үчүн универсалдуу шлюз сынактан өткөрүлдү

Бүгүнкү күндө банктар, финтех компаниялары жана кардарлар ачык APIлердин катышуучулары болуп саналат. Бирок, API милдеттүү түрдө колдонуу киргизилген эмес. 

Ачык банкингдин жалпыланган эл аралык тажрыйбасы аны ишке киргизүүдө эске алынууга тийиш болгон бир нече маанилүү факторлорду аныктоого мүмкүндүк берет. 

2.1. Ачык банкингдин максаттарын аныктоо жана аны жөнгө салуу 

Европа биримдигинде ачык банкингдин негизги факторлору төмөнкүлөр үчүн кабыл алынган Экинчи төлөм директивада (PSD2) аныкталган: 

(i) европалык төлөм рыногун интеграцияланган жана натыйжалуу кылуу; 

(ii) төлөм кызматын көрсөтүүчүлөр (анын ичинде жаңы катышуучулар) үчүн бирдей шарттарды камсыз кылуу; 

(iii) төлөмдөрдүн коопсуздугун жана ишенимдүүлүгүн жогорулатуу; 

(iv) керектөөчүлөрдүн укугун коргоону камсыз кылуу. 

Бул Директива учурда анын масштабын кеңейтүү жана финансы секторунун санариптик трансформациясын колдоо жана ага байланыштуу тобокелдиктерди тескөө аркылуу санариптик каржылоо стратегиясын интеграциялоо үчүн кайра каралып жатат. Тактап айтканда, негизги максат Европа биримдигинин аймагында иштеп жаткан чакан жана орто бизнести каржылоонун жолун табуу.  

Бразилияда ачык банкингдин негизги максаттары финансы рынокторунда атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жогорулатуу, инновацияларды өркүндөтүү жана колдонуучулардын «финансылык жарандыгын» илгерилетүү аркылуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү болуп саналат. 

Индияда ачык финансы структурасы финансылык кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүктү кеңейтүү максатында иштелип чыккан. Өлкө калк колдонгон кызматтардын спектрин бир калыпта, стандарттуу төлөм эсептеринен кошумча кызматтарга жана продуктыларга чейин кеңейтүүнү чечти. 

Филиппиндеги ачык банкинг финтех компаниялары сыяктуу үчүнчү тараптарга жаңы тиркемелерди жана кызматтарды иштеп чыгуу үчүн кардарлардын финансылык маалыматтарын (алардын уруксаты менен) колдонууга мүмкүндүк берүү аркылуу инновацияларды жана атаандаштыкты өркүндөтүүнү көздөйт. 

Корея өкмөтү Ачык банкинг комплекстүү финансылык кызматтар платформасын киргизүү, финтех компанияларына ачык банкингди ишке ашырууга мүмкүндүк берүү жана колдонуучулар үчүн колдонуучу тажрыйбасын жакшыртуу аркылуу финансы секторунда инновацияларды жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү күчөтөт деп болжолдойт. 

Улуу Британиянын Атаандаштыкты коргоо жана рыноктор боюнча органы банктардын кардарларды натыйжалуу тейлөөнү жана жаңы технологиялардын бардык артыкчылыктарын камсыз кылуу үчүн ачык каржылоо чараларынын пакетин киргизди. 

2.2. Ачык банкинг субъекттеринин чөйрөсү 

Европа биримдигинде Экинчи төлөм директивасына (PSD2) ылайык кызмат көрсөтүүчүлөр төлөмдү днмилгелөө боюнча төлөм институттары катары авторизациялоого, ал эми финансылык маалыматтарды топтоо кызмат көрсөтүүчүлөрү каттоодон өтүүгө тийиш. Бирок, эгерде эсептик маалымат берүү кызматын көрсөтүүчү кошумча кызматтарды көрсөтүүнү кааласа, ал төлөм мекемеси катары авторизациялоо боюнча билдирме менен кайрылууга тийиш. Маалымат берүүчүлөргө карата, PSD2, эсептерди тейлеген төлөм кызматын көрсөтүүчүлөрдөн төлөмдү демилгелөө кызматын көрсөтүүчүлөргө жана эсептик маалымат берүү кызматын көрсөтүүчүлөргө маалымат берүүнү талап кылат. 

Лицензияланган банктар жана электрондук акча институттары маалымат берүүчүлөр катары иш алып барууга милдеттүү жана маалыматтарды колдонуучулар болушу мүмкүн. 

Австралияда үчүнчү тараптарды Австралиянын атаандаштык жана керектөөчүлөрдүн укугун коргоо маселелери боюнча комиссиясы (ACCC) тарабынан аккредитациялоо каралган. Процесс 4-6 айга созулат жана маалымат коопсуздугуна, маалыматтарды коргоого, талаштарды чечүү саясаттарына жана маалыматтарды колдонуу максатына карата талаптарды камтыйт. 

2.3. Ачык банкинг стандарттарын камтуу 

Бразилиянын Борбордук банкы ачык каржылоону ишке ашырууда аныкталган ар башка этаптарда жеткиликтүү боло турган ар кандай маалымат топтомдорунун баяндамасын камтыды (Бразилия Борбордук Банкынын Биргелешкен резолюциясы 1/2020). 

Мексика маалымат элементтеринин биринчи топтому катары банкомат жайгашкан жерлерди аныктады. 

Улуу Британияда ар бир маалымат түрү үчүн өзгөчөлүктөр иштелип чыккан (филиал локатору, банкомат локатору). Мисалы, филиалдын локатору үчүн төмөнкү талаалар аныкталган: (i) филиалдын уникалдуу идентификатору, (ii) катар номери, (iii) филиалдын аталышы, (iv) түрү (физикалык же мобилдик), (v) кардар сегменти, (vi) ) сүрөт, (vii) филиал менен байланышкан код. Ошол эле учурда банк API интерфейстери аркылуу төмөнкү маалыматтар топтомдору/каталогдору түзүлөт: ишкананын учурдагы эсеби, учурдагы жеке эсеп, чакан жана орто бизнестин кредити жана коммерциялык кредиттик картасы жөнүндө маалыматтар алар учурда экрандагы маалыматтарды талдоо жолу менен чогултулат (стандарттуу API жокто). Мындан тышкары, төлөмдөрдү демилгелөө үчүн стандарттар иштелип чыккан. 

Сингапурда, Акча-кредит саясаты башкармалыгы (MAS) жетектеген API-интерфейстерин стандартташтыруу боюнча аткарылган иштердин алкагында API интерфейстер жыйнагы жарыяланган, анда APIлердин классификациясы сунушталган. Бул жыйнакты ыктыярдуу колдонууга болот. 

Европа биримдиги акысыз жана келишим түзбөстөн берилүүгө тийиш болгон маалыматтардын негизги (милдеттүү) топтомун белгилейт. Катышуучулар башка маалыматтарды коммерциялык негизде өз каалоосу боюнча бере алышат. 

2.4. Маалыматтарды коргоо жана киберкоопсуздук 

PSD2 жана Маалыматтарды коргоо жөнүндө жалпы регламенттин талаптарына ылайык, Европа биримдигинде кардар тууралуу маалыматтарды кардардын макулдугу менен алууга болот.  

Мындан тышкары, 2020-жылы Европанын маалыматтарды коргоо кеңешинин (EDPB) атайын колдонмосу чыгарылган, анда кардардын макулдугу ачык көрсөтүлүүгө тийиш. 

Бразилияда уюмдар кардардын макулдук бергендиги тууралуу маалыматтардын тескөөгө алынышын, анын ичинде кардарлардын буга чейин берилген макулдуктарын кароого, аларды тескөөгө, ошондой эле кайтарып алууга шарт түзүүгө тийиш. 

2020-жылы Индиянын Өзгөртүп түзүү боюнча улуттук институту Мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү жана маалыматтарды коргоо архитектурасынын (DEPA) стандарттарын чыгарган, анын максаты колдонуучуларга өз маалыматтарын тоскоолдуксуз жана коопсуз пайдалануу жана аларды башка мекемелер менен бөлүшүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу саналат. Институт кардарлардын макулдугун тескөө механизминин жаңы формасын түзүүнү сунуштайт, ал колдонуучулардын берилүүчү маалыматтардын ар бир өзүнчө бөлүктөрүнө макулдук берүүсүн жана алардын маалымат алуу укугунун корголушун гарантиялоого тийиш.  

Дүйнөлүк тажрыйбада ачык банкингдеги киберкоопсуздук маселелери жалпы тармактык киберкоопсуздук стратегиялары менен тыгыз байланышкан; жөнгө салуучулар да ачык банкинг менен байланышкан жаңы тобокелдиктерди өзүнчө талдап жатышат. 

2021-жылы Сингапурдун Валюта башкармалыгы API-интерфейстеринин коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурулган, технологиялык тобокелдиктерди тескөө боюнча колдонмону жарыялаган. Тиешелүү тобокелдиктерди төмөндөтүү механизмдерине API аркылуу берилүүчү маалымат трафигине айкын убакыт режиминде мониторинг жүргүзүү жана шектүү аракеттер аныкталганда эскертүү мүмкүнчүлүгү кирет. Милдеттүү түрдөгү юридикалык күчкө ээ болбосо да, бул Колдонмо технологиялык тобокелдиктерди тескөө системасын түзүүгө мүмкүнчүлүк берет, ал төмөнкү аспектлерди камтыйт: (i) тобокелдиктерди идентификациялоо; (ii) тобокелдиктерди баалоо; (iii) тобокелдиктерди иштеп чыгуу; (iv) тобокелдиктер боюнча мониторинг, талдоо жүргүзүү жана отчет берүү

Колдонмо ошондой эле төмөнкүлөрдү белгилейт: (a) үчүнчү жактар үчүн так аныкталган текшерүү процессин; (б) API-интерфейстери үчүн коопсуздук стандарттары, анын ичинде API ачкычтарын же купуя маалыматты пайдалануу үчүн колдонулган токендерди коргоо чаралары жана токендердин жарактуулук мөөнөтү; (c) ишенимдүү шифр белгилөө; (г) коопсуздукту текшерүү жана тесттен өткөрүү; (e) айкын убакыт режиминде мониторинг жүргүзүүгө жана билдирүүгө мүмкүндүк берүүчү технологиялар.  

Мындан тышкары, Колдонмодо системанын көп сандагы API чалууларын башкаруу үчүн жетиштүү өткөрмө жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу боюнча сунуш-көрсөтмөлөр берилген. 

2.5. Кардардын аныктыгын текшерүү талаптары 

Европа биримдигинде Ички рыноктогу төлөм кызмат көрсөтүүлөрү жөнүндө (PSD2) 2015/2366 директивасынын (ЕБ) 97-беренесинде колдонуучу өзүнүн төлөм эсебине онлайн режиминде (түздөн-түз же сунуштоочу аркылуу эсеп жөнүндө маалымат) кирүүнү каалаган ар бир учурда, төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштоочулар тарабынан тобокелдик деңгээли төмөн жагдайларга байланыштуу айрым учурларды эске алуу менен, кардарларга күчөтүлгөн аутентификациялоо жүргүзүү талап кылынат.  

2012-жылдын август айында Корея өкмөтү өздүгүн текшерүүчү агенттиктер үчүн эрежелерди бекиткен, ал эми 2012-жылдын декабрь айында Кореянын Байланыш боюнча комиссиясы (KCC) үч уюлдук байланыш операторуна жеке сектордо өздүгүн текшерүүчү агенттик катары иштөөгө укук берген. Смартфондордун кеңири жайылтылышына жараша төмөнкү тиркемелердин негизинде аутентификациялоо ыкмалары кошулду: QR-код жана биометрикалык аутентификация. 2017-жылдын акырында, KCC өздүгүн текшерүүчү агенттиктердин тизмесине кредиттик карталардын эмитенттеринен болушкан жети ири компанияны кошкон, булар 2018-жылдын апрель айында идентификациялоо кызматтарын көрсөтө башташкан. Өлкөдө «Санариптик кол тамга жөнүндө» мыйзам кабыл алынгандан кийин, колдонуучулар жеке компаниялар сунуштаган бир нече варианттардын ичинен сертификат системасын тандай алышат. Мисалы, 2018-жылы Түштүк Кореянын үч ири телекоммуникациялык компаниясы (SK Telecom, KT жана LG Uplus) биргелешип PASS өздүгүн аутентификациялоо тиркемесин ишке киргизишкен жана ал эми быйыл Кореянын Улуттук полиция башкармалыгы жана Жол кыймылы башкармалыгы (KoRoad) биргелешип санариптик айдоочулук күбөлүктү ишке ашыруу ишин башташты. 

2020-жылдын май айында Бразилияда кабыл алынган, №1 Биргелешкен резолюцияда колдонуучуларды, ошондой эле төлөмдөрдү демилгелөө кызматын сунуштоочуларды же маалымат алуучуларды аутентификациялоо боюнча конкреттүү талаптар белгиленген. Кардарларды аутентификациялоо эрежелери маалыматтардын түрүн жана каналын эске алуу менен тобокелдикти аныктоо ыкмасына негизделген. 

3. Кыргыз Республикасында ачык APIлерди ишке киргизүү 

Бул главада Кыргыз Республикасында ачык банкинг принциптерин ишке ашырууга байланышкан негизги ыкмалар сүрөттөлөт. 

Кыргыз Республикасында ачык банкингди ишке ашыруу рыноктун катышуучуларына жана колдонуучуларга бир катар артыкчылыктарды алып келиши мүмкүн, алар төмөндө белгиленет. 

Колдонуучулар үчүн артыкчылыктар: 

- коопсуздукту алгылыктуу деңгээлде сактоо менен көрсөтүлүүчү кызматтардын ачыктыгын жана сапатын жогорулатуу; 

-  толугу менен жаңы финансы сервистеринин жана кызматтарынын пайда болушу жана иштеп жаткандарынын өркүндөтүлүшү (жеке финансыны тескөө, бардык эсептерге бир жерден кирүү, кантип үнөмдөө, каражаттарды көбөйтүү, мыкты кызматты тандоо керектиги ж.б. боюнча сунуштар); 

- банк секторунун катышуучуларынын ортосунда документтерди жана маалыматтарды берүүнү жөнөкөйлөтүү

- банк секторунун катышуучулары тарабынан сунушталган продукттарды жана кызматтарды пайдаланууда колдонуунун жеңилдиги жана чыгымдарды жана убакытты кыскартуу; 

- мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөргө төлөөдө, айыптарды төлөөдө, эсептерди жана депозиттерди толуктоодо, кредиттерди ж.б. төлөөдө күн сайын колдонулуучу продукттардын жана кызматтардын түрлөрүн көбөйтүү;  

- финансы рыногунун катышуучуларынын карамагында турган маалыматтарын өз алдынча тескөө мүмкүнчүлүгү

Маалымат ээлери үчүн артыкчылыктар (коммерциялык банктар, төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары ж.б.): 

- кардарларды тартуу үчүн жаңы каналдарды алуу; 

- банк кызмат көрсөтүүлөрүнө кошумча суроо-талап; 

- жөнгө салуучу, кардарлар жана банк секторунун башка катышуучулары менен маалымат алмашууну тездетүү

- кардарларды тартуу жана интерфейстерди иштеп чыгуу боюнча чыгымдарды азайтуу; 

- операцияларды жүргүзүүдө жана жаңы продукттарды жана кызматтарды көрсөтүүдө маалыматтарды тез алуу/алмашуу мүмкүнчүлүгүн жана сервистик тейлөөнү жакшыртуу; 

- банк секторунун башка катышуучулары менен кызматташуу үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөр. 

Маалыматты колдонуучулар үчүн артыкчылыктар (коммерциялык банктар, төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары, финансылык платформалар (маркетплейстер) ж.б.): 

- жаңысын түзүү жана иштеп жаткан кызматтардын функционалдуулугун кеңейтүү мүмкүнчүлүгү

- кардарларды тейлөө сапатын жакшыртуу үчүн маалыматтарды колдонуу; 

- комплаенс жол-жоболорунун сапатын жогорулатуу (мисалы, кардарлардын маалыматтарын тереңирээк талдоо аркылуу); 

- кызмат көрсөтүүлөргө суроо-талаптын өсүшү

- жаңы кызматтарды киргизүүгө чыгымдарды азайтуу; 

- компаниянын инновацияларын ишке киргизүү жана өнүктүрүү

Ачык банкингдин алкагында бир эле уюм бир эле учурда маалыматтардын ээси да, колдонуучусу да боло аларын белгилей кетүү маанилүү, бул системалык кумулятивдик таасирди камсыз кылат. 

Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасында Ачык банкингди ишке ашыруу рыноктун катышуучулары тарабынан көп эмгекти жана ресурстук чыгымдарды талап кыларын эске алуу зарыл. Улуттук банктын сунуштары мамлекеттик жана жеке рыноктордун күч-аракетинин алгылыктуу деңгээлин сактоо менен, ачык банкингдин оң натыйжаларын мүмкүн болушунча көбөйтүү зарылдыгына негизделген. 

3.1. Стандартташтырууга карата институционалдык ыкма 

Дүйнөлүк практика ачык банкинг принциптерин ишке киргизүүдө APIге карата стандартташтырылган ыкмаларды иштеп чыгуу зарылдыгын көрсөтүп турат. Болбосо, реформанын системалуу натыйжаларына жетүүгө мүмкүн эмес: сунуштоочулар ар бир конкреттүү маалымат системасына туташтыруу үчүн программалык камсыздоону адаптациялоого туура келет.  

Жалпысынан Кыргыз Республикасында стандартташтырылбаган API дагы эле колдонулат, бирок рыноктун катышуучулары бул практиканы натыйжалуу кеңири жайылтуу мүмкүн эместигин белгилешет. 

Техникалык стандарттарды, ошондой эле тиешелүү механизмдерди иштеп чыгуу, бекитүү жана жаңыртуу бардык катышкан тараптардын координациясын талап кылат. Дүйнө жүзү боюнча мындай координациялоонун бир нече ыкмалары бар. 

 

1-таблица. Дүйнөдө Open API / Open Banking координациялоо ыкмалары 

1. Жөнгө салуучунун жетекчилиги астында иштеп чыгуу  

2. Жеке сектор тарабынан иштеп чыгуу 

3. Гибрид модели 

§ Улуу Британия 

§ Европа биримдиги 

§ Австралия 

§ Бразилия 

§ Мексика 

§ Канада 

§ Индия 

§ Чили 

§ Америка Кошмо Штаттары 

§ Жаңы Зеландия 

§ Сингапур 

§ Гонконг 

§ Япония 

 

Биринчи моделде техникалык стандарттарды иштеп чыгуунун бүтүндөй цикли жөнгө салуучу тарабынан көзөмөлдөнөт. Жөнгө салуучу рыноктун пикирин эске алуу менен өз алдынча API техникалык параметрлерин иштеп чыгат, жеткиликтүү маалыматтын спектрин, кардарларды аутентификациялоого карата талаптарды, кардарлардын тажрыйбасын аныктайт жана зарыл болгон учурда талаптарды жаңылайт. 

Бул ыкма жөнгө салуучу тараптан олуттуу ресурстарды талап кылат, анткени жөнгө салуучу натыйжага жетүү үчүн техникалык ыкмаларды иштеп чыгуу, адатта анын негизги функцияларына кирбейт. 

Экинчи ыкманын алкагында стандарттарды жана ага тиешелүү жол-жоболорду иштеп чыгуу, жөнгө салуучу катышпастан же минималдуу түрдө катышуусу менен жеке сектор тарабынан ишке ашырылат. Мындай моделдер рыноктун катышуучуларынын өзүн өзү уюштуруунун жогорку даражасын талап кылат; рыноктун катышуучулары ошондой эле өзүн-өзү жөнгө салуу эрежелерин иштеп чыгышы керек (анын ичинде коопсуздук эрежелерин сактоо, кардарлардын даттанууларын кароо). Стандарттарды жана ага тиешелүү жол-жоболорду жүргүзүүнүн туруктуу системасы да иштелип чыгышы керек. 

Үчүнчү ыкма гибриддик: башкача айтканда, стандарттарды жана ага тиешелүү жол-жоболорду иштеп чыгууну жөнгө салуучунун катышуусу менен жеке сектор биргелешип ишке ашырат. Бул модель жеке жана мамлекеттик сектордун ортосундагы координацияны талап кылат, бирок стандарттарды иштеп чыгуу циклин натыйжалуу башкарууга мүмкүндүк берет. Ошондой эле, бул модель Ачык банкингди ишке киргизүүдө бизнестин кызыкчылыктарын да эске алууга жана коомдун кызыкчылыктарын коргоого мүмкүндүк берет. 

Төлөм системасынын катышуучуларынын арасында жүргүзүлгөн сурамжылоолорду эске алып, Улуттук банк төлөм инфраструктурасын өркүндөтүүнүн алкагында API ишке киргизүүнүн маанилүүлүгүн белгилөө менен, Улуттук банктын жетекчилиги астында ачык банкингди өнүктүрүүнү Кыргыз Республикасы үчүн оптималдуу модель катары аныктоону максатка ылайык деп эсептейт, бул төлөм системасынын катышуучулары үчүн алардын мүмкүнчүлүктөрүн жана инфраструктуранын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен бирдиктүү API стандарттарын иштеп чыгууну билдирет. 

3.2. Милдеттүү API стандарттары 

Жогоруда белгиленгендей, ачык банкингдин максаттарынын бири болуп финансы рыногунда атаандаштыкты жогорулатуу, анын ичинде кардарлардын маалыматтарына жана төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн интерфейстерге монополияны жок кылуунун эсебинен жогорулатуу саналат. 

Учурда API колдонуу табияты боюнча локалдык мүнөзгө ээ, бул кыязы, финансы рыногунда маалыматтардын натыйжалуу колдонулушун чектейт. 

Ошондой эле, 2022-2023-жылдары жүргүзүлгөн сурамжылоолор көрсөткөндөй, рыноктун катышуучуларында ачык банкинг принциптерин практикалык колдонуу боюнча конкреттүү сунуштар азырынча жок. Негизги себептердин бири учурда төлөм системасынын катышуучуларынын, атап айтканда, төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдарынын иш-аракеттери банк секторунун катышуучулары менен интеграциялоо аркылуу өз кызматтарын өнүктүрүүгө жана кеңейтүүгө багытталгандыгы болушу мүмкүн. 

Ошол эле учурда, келечекте ачык банкингди өнүктүрүү төлөм системаларынын катышуучуларынын ортосундагы интеграциялык иштерди жөнөкөйлөтөт, анткени бирдиктүү API стандарттары тышкы катышуучулар менен өз ара иш алып баруу үчүн интерфейстерди бирдейлештирүүчү инструмент катары кызмат кылат. Өз кезегинде, бирдиктүү API стандарттарын киргизүү жаңы продукттардын жана кызматтардын пайда болушуна түрткү бериши мүмкүн. 

Ушуга байланыштуу, банк жана төлөм секторлору үчүн ачык банкинг принциптерин ишке киргизүү маанилүү экендигин эске алуу менен, Улуттук банк бул Концепциянын алкагында банк секторунун катышуучуларынын ортосунда маалымат алмашуу үчүн бирдейлештирилген API стандарттарды иштеп чыгууну максатка ылайыктуу деп эсептейт.  

Өз кезегинде, банк секторунун катышуучулары өз ишмердүүлүгүн бирдейлештирилген стандарттарга ылайык келтириши керек, бул катышуучулар үчүн белгилүү бир каржылык чыгымдарга алып келиши мүмкүн. 

Улуттук банк өз ыйгарым укуктарынын чегинде катышуучулар тарабынан API стандарттарынын ишке киргизилишине мониторинг жана талдоо жүргүзөт, ошондой эле аларды андан ары өркүндөтүү боюнча сунуштарды карайт.  

Белгилей кетсек, Улуттук банктын инфраструктуралык системаларын ишке киргизүү жана өнүктүрүү боюнча Улуттук банк менен башка катышуучулардын API интерфейстери аркылуу өз ара иш алып баруусун камтыган Улуттук банктын чаралары бекитилген стандарттарга же алардын негизинде түзүлгөн стандарттарга ылайык жүзөгө ашырылат. 

Ошондой эле, Кыргыз Республикасында аутентификациялоо жана авторизациялоо каражаттарын бирдейлештирүү боюнча иштер бул Концепциянын чегинен тышкары жүргүзүлөрүн белгилей кетүү керек, бирок аларды ийгиликтүү ишке ашыруунун натыйжасында, маалыматка жетүүдө авторизациялоо үчүн кардарларды аутентификациялоонун бирдиктүү системасы банк жана төлөм секторлорунун бардык катышуучуларына колдонууга сунушталышы мүмкүн.  

3.3. API функциясы 

Ачык банкингдин алкагында, алардын иштөөсүнө жана жеткиликтүү маалыматтардын топтомуна жараша APIнин бир нече түрлөрү бар: 

1. Маалымат топтоо үчүн API: 

2. Төлөм операцияларын баштоо үчүн API. 

API функционалдуулугу акыркы колдонуучулар үчүн жаңы продукттардын жана кызматтардын баасын жана калк арасында ачык банкингге болгон суроо-талапты түздөн-түз аныктайт. Ошол эле учурда Улуттук банк ар кандай түрдөгү  

API карата тобокелдиктер ар кандай деңгээлде болушу мүмкүн экенин эске алат. Натыйжада, кээ бир учурларда кошумча чараларды, анын ичинде маалымат алмашуунун коопсуздугун камсыз кылуу, ошондой эле жеке маалыматтарды, анын ичинде банктык сырды сактоо жаатындагы мыйзам талаптарын камсыз кылуу маселелерин киргизүү зарыл. 

Рыноктогу учурдагы практиканы, ошондой эле эркин маалымат алмашууну камсыз кылуу зарылдыгын эске алуу менен Улуттук банк ачык банкингди этап менен ишке ашыруу максатка ылайык деп эсептейт, бул API функционалдуулугун акырындык менен көбөйтүүдөн турат, атап айтканда: 

- маалыматка жетүү үчүн API стандарттарын иштеп чыгуу; 

- төлөмдөрдү жана башка тапшырмаларды демилгелөө үчүн API стандарттарын иштеп чыгуу. 

API стандарттарын иштеп чыгуу Улуттук банк тарабынан түзүлгөн жумушчу топко жүктөлөт, анын алкагында алмашуу үчүн маалыматтардын толук топтому, ошондой эле мындай алмашуунун сценарийлери аныкталат. 

Улуттук банк ачык банкингди ишке киргизүүнүн мындай ыкмасын негиздүү деп эсептейт, анткени ал Кыргыз Республикасынын төлөм системасын 2023-2027-жылдары өнүктүрүүнүн негизги багыттарына, ошондой эле чет мамлекеттердин тажрыйбасына шайкеш келет жана санариптик төлөм инфраструктурасын башка өлкөлөр менен интеграциялоо боюнча чараларга салым кошот.  

3.4. Ачык банкинг субъекттеринин тизмеси 

Кыргыз Республикасында Ачык банкинг концепциясын ишке ашыруунун алкагында, API жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу менен байланышкан укуктарга жана милдеттерге ээ боло турган уюмдардын тизмеси да аныкталышы керек. Тандалган модель рыноктун учурдагы катышуучуларынын кызыкчылыктарын, ошондой эле коопсуздукту, туруктуулукту жана атаандаштыкты камсыз кылуу максатында финансылык уюмдарга натыйжалуу көзөмөлдөө зарылдыгын эске алышы керек. 

Эң чектелген моделде маалымат берүүчүлөр жана колдонуучулар болуп Улуттук банк тарабынан көзөмөлдөнгөн финансылык уюмдар гана саналат. 

Европа биримдигинде да ишке ашырылган кеңейтилген моделде адистештирилген статуска ээ болгон уюмдар маалыматтарды колдонуучулар катары: төлөм маалыматынын агрегаторлору жана төлөмдөрдү демилгелөө боюнча кызматтар чыга алышат. Мындай субъекттер коопсуздукту жана тобокелдиктерди тескөөнү камсыз кылуу максатында кандайдыр бир жөнгө салууга жана көзөмөлгө алынышы керек, бул тиешелүү ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгууну талап кылышы мүмкүн. Учурда Кыргыз Республикасында мындай уюмдарды лицензиялоо каралган эмес. 

Кыргыз Республикасында ачык банкингди ишке киргизүү ыкмасына келсек, Концепция биринчи кезекте кардарлар үчүн банктык эсептерди жана электрондук капчыктарды ачкан уюмдарга багытталган. Маалымат коопсуздугун камсыз кылуу талаптарын сактоо, ошондой эле керектөөчүлөрдүн укугун коргоо зарылдыгын эске алуу менен, ачык банкингдин алкагында Улуттук банк тарабынан көзөмөлдөнгөн уюмдарга гана API кирүүгө уруксат берүү максатка ылайыктуу. 

 

Корутунду жана кийинки кадамдар 

Бул Концепцияда банк секторунун катышуучулары тарабынан API колдонуунун учурдагы практикасын жана эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен Кыргыз Республикасында Ачык банкингди ишке киргизүүнүн негизги ыкмалары сунушталган. 

Учурда Кыргыз Республикасында API колдонуу төлөмдөрдү иштеп чыгууга (эсепти толуктоо, кредитти төлөө), ошондой эле чекене агенттер менен өз ара иш алып барууга байланыштуу тар чөйрөдө топтолгон. Маалымат алмашуу кардарларды тейлөөнүн жаңы моделдерин ишке ашырууга мүмкүндүк берет, бирок маалыматтарды натыйжалуу тескөөгө негизделген принципиалдуу жаңы продукттардын жана кызматтардын пайда болушуна алып келе элек. 

Финансылык платформаларды (маркетплейстерди) түзүү үчүн жөнгө салуучу базанын болгондугуна карабастан, Кыргыз Республикасында азыркы учурда финансы маркетплейстери түзүлө элек. 

ЕАЭБ мейкиндигинде ачык APIлерди ишке киргизүү боюнча демилгелер ишке ашырылууда. Кыргыз Республикасынын финансы рыногунун катышуучулары аймактык интеграциялык долбоорлордун алкагында даяр жана атаандаштыкка жөндөмдүү болууга тийиш. 

Кыргыз Республикасында ачык банкингди ишке киргизүүдө рыноктун өзгөчөлүктөрүн, ошондой эле рыноктун катышуучуларына жеткиликтүү ресурстарды эске алуу керек. Улуттук банк ачык банкингди ишке киргизүү жөн гана максат эмес, биринчи кезекте финансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатууга, акыркы колдонуучулардын муктаждыктарын канааттандырган продукттардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн пайда болушуна алып келиши керек экендигин белгилейт. 

Улуттук банк үчүн рыноктун катышуучуларынын ортосунда маалымат алмашуунун коопсуздугун жана корголгондугун камсыз кылуу маанилүү артыкчылык болуп саналат. Ачык банкингди ишке киргизүү боюнча кайсы болбосун кадамдар маалымат коопсуздугунун тобокелдиктерин азайтуу боюнча чаралар менен коштолууга тийиш. 

Жогоруда айтылгандарга байланыштуу банк секторунда ачык банкингди ишке ашырууда төмөнкү принциптер эске алынат: 

1. API негизги параметрлери төлөм рыногунун катышуучулары жана ишке тартылган министрликтер жана ведомстволор менен өнөктөштүктө Улуттук банктын жетекчилиги алдында ведомстволор аралык жумушчу топтун алкагында иштелип чыгат. 

2. Ведомстволор аралык жумушчу топтун негизги милдети банк сектору үчүн бирдиктүү API стандарттарын жана аларды колдонуу параметрлерин иштеп чыгуу болуп саналат. 

3. API стандарттары банктык жана төлөм инфраструктурасын өркүндөтүү үчүн иштелип чыгат. 

4. Ачык банкингди ишке киргизүүдө API функционалдуулугуна жараша этап боюнча ишке киргизүү ыкмасы колдонулат. 

5. Маалыматты колдонуучулар жана берүүчүлөр Улуттук банк тарабынан көзөмөлдөнгөн субъекттер болуп саналат. 

6. Иштелип чыккан API стандарттары, биринчи кезекте, тиешелүү стандарттар менен камсыздалган маалыматтарды алмашуучу банк секторунун катышуучулары үчүн милдеттүү болуп саналат. 

7. Керектөөчүлөрдүн укуктарын камсыз кылуу үчүн маанилүүлүгүнө жараша коопсуздук, кардарларды аутентификациялоо, маалыматты коргоого талаптары, рыноктун бардык катышуучулары үчүн милдеттүү катары белгилениши мүмкүн. 

Кыргыз Республикасында  

ачык банкингди өнүктүрүү  

концепциясына  

тиркеме 

 

Кыргыз Республикасында ачык банкингди өнүктүрүү боюнча  

ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ 

Долбоордун этаптары 

Этаптын алкагындагы иш-чаралар 

Ишке ашыруу мөөнөтү 

Жооптуу 

Банк жана төлөм кызматтарын алмашуу жана аларга жетүү үчүн API талаптарын (стандарттарын) аныктоо жана формага келтирүү 

Ведомстволор аралык жумушчу топту түзүү, ошондой эле Кыргыз Республикасында адаптациялоого мүмкүн болуучу, колдонулган API стандарттарын изилдөө, иштеп чыгуу жана колдонуу 

2024-жылдын II чейреги 

Улуттук банк, министрликтер жана ведомстволор (макулдашуу боюнча), коммерциялык банктар, төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары, ассоциациялар жана союздар (макулдашуу боюнча) 

Төлөм кызматтарынын алкагында маалымат алмашуу үчүн маалыматтардын топтомун жана сценарийлерин аныктоо 

2024-жылдын III чейреги 

Банк жана төлөм кызматтардын маалыматтарын алмашуу жана ага жетүү үчүн API стандарттарын иштеп чыгуу 

2024-жылдын IV чейреги 

Төлөмдөрдү жана башка тапшырмаларды демилгелөө үчүн API талаптарын (стандарттарын) аныктоо жана формага келтирүү 

Төлөмдөрдү жана башка тапшырмалардын тизмесин демилгелөө үчүн суроо-талаптарды иштеп чыгуу жана төлөм кызмат көрсөтүүлөрүнүн алкагында суроо-талаптардын топтомун колдонуу сценарийлерин аныктоо 

2025-жылдын  

I жарым жылдыгы 

Улуттук банк, коммерциялык банктар, төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары, ассоциациялар жана союздар (макулдашуу боюнча) 

Төлөмдөрдү жана төлөм кызматтарынын алкагында башка тапшырмаларды демилгелөө үчүн API стандартын иштеп чыгуу 

2025-жылдын III чейреги 

API аркылуу төлөм системаларынын катышуучуларынын маалымат системаларынын ортосунда маалымат алмашууну уюштуруу 

Маалымат алмашууну уюштуруу үчүн төлөм системаларынын катышуучулары тарабынан API стандарттарын ишке киргизүүгө көмөк көрсөтүү 

2025-2026-жылдар 

Коммерциялык банктар, төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары, финансылык платформалардын (маркетплейстердин) операторлору (макулдашуу боюнча) 

Финансылык платформалар (маркетплейстер) үчүн API стандарттарын сунуштоо 

2025-жыл 

Төлөм системаларынын катышуучуларын тез төлөм системасына туташтыруу үчүн API стандарттарын сунуштоо  

2025-жыл