Кайта келүү

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2024-жылдын 12-апрелиндеги  

№ 2024-П-12/17-3-(НПА) 

Токтому 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына 

рейтингдик агенттиктерди таануу маселеси боюнча  

өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна өзгөртүүлөр киргизилсин (кошо тиркелет): 

2004-жылдын 21-июлундагы № 18/3 «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндөгү» жобону бекитүү жөнүндө»; 

- 2011-жылдын 14-сентябрындагы № 52/4 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө»; 

- 2017-жылдын 31-майындагы № 21/5 «Банктын аффилирленген жана байланыштуу жактар менен операцияларына карата талаптар жөнүндө» нускоону бекитүү тууралуу»; 

- 2019-жылдын 27-декабрындагы № 2019-П-12/68-4-(НПА) «Коммерциялык банктардын ликвиддүүлүгүнүн ордун жабуу коэффициентин эсептөө жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2022-жылдын 12-октябрындагы № 2022-П-12/63-1-(НПА) «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын жетиштүүлүгү (шайкештиги) стандарттарын аныктоо боюнча нускоону бекитүү жөнүндө»; 

- 2022-жылдын 14-декабрындагы № 2022-П-12/78-7-(НПА) «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2023-жылдын 12-апрелиндеги № 2023-П-12/23-5-(НПА) «Кредиттөөдөгү чектөөлөр жөнүндө» нускоону бекитүү тууралуу». 

 

2.  Токтом расмий жарыялангандан 15 (он беш) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

 

3. Юридика башкармалыгы: 

- тиешелүү документтерди алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтына жарыяласын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

4. Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгы токтом расмий жарыялангандан кийин 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин, коммерциялык банктарды, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

 

5. Токтомдун аткарылышын контролдоо Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.  

 

Төрага                                                                                                                                                                                                                                                                                    К. Боконтаев  

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 

2024-жылдын 12-апрелиндеги  

№ 2024-П-12/17-3-(НПА)  

токтомуна карата тиркеме 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук  

актыларына рейтингдик агенттиктерди таануу  

маселеси боюнча өзгөртүүлөр 

 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/3 «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндөгү» жобону бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндөгү» жобонун:  

- 10.6-пункту төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: 

«Баалуу кагаздарга рыноктук эмес инвестициялар, инвестицияланып жаткан компания, анын финансылык отчеттуулугу жөнүндө маалымат болгон учурда жана акча каражаттарынын келечектеги агымына, компаниянын рыноктогу абалына, компаниянын бизнес-планына талдоо жүргүзүлгөн болсо, ошондой эле бул инвестициялардын сапатын баалоого мүмкүндүк берген, документ менен тастыкталган башка маалыматтар болсо, 5%дан 15%га чейинки өлчөмдө РППУ түзүү менен кеминде «байкоого алынган актив» катары классификацияланат.»;  

- 10.8-пунктунун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Эскертүү: Standart & Poors (АКШ) рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган рейтингге эквиваленттүү же Japan Credit Rating Agency (JCR), Fitch Ratings, Dominion Bond Ratings Service (DBRS) агенттиктеринин бири жана «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө» жобонун 3-пунктунда белгиленген критерийлерге ылайык келген башка рейтингдик агенттиктер тарабынан ыйгарылган рейтингге барабар болгон рейтинг.»; 

- Жобонун 1-тиркемесинин: 

- 1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1. Баалуу кагаздар эмитенти/оригинатору Standard & Poor's, Fitch Ratings, Moodys Investors Service рейтингдик агенттиктеринин бири жана «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө» жобонун 3-пунктунда белгиленген критерийлерге ылайык келген башка рейтингдик агенттиктер тарабынан ыйгарылган «ВВВ» же «Ваа2» деңгээлинен төмөн эмес рейтингге ээ болууга.». 

 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 14-сентябрындагы № 52/4 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Банктардын баалуу кагаздар менен иш алып баруусу жөнүндө» жобонун:  

- 24-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«24. Банк жеке эмитенттерден акцияларды сатып ала алат:   

- Кыргыз Республикасынын резиденттеринен эмитент фондулук биржанын листингине эң жогорку категория боюнча киргизилген учурда гана;   

- Кыргыз Республикасынын резидент эместеринен - эмитент Мооdy's Investor Service (АКШ) рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган эң жогоркудан төмөн болбогон жана эң жогоркудан кийинки категориядагы узак мөөнөттүү кредитти төлөө жөндөмдүүлүгү рейтингине же Standard & Poors (АКШ), Fitch IBCA (Улуу Британия) рейтингдик агенттиктери жана «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө» жобонун 3-пунктунда белгиленген критерийлерге ылайык келген башка рейтингдик агенттиктер тарабынан ыйгарылган эквиваленттүү рейтингге ээ болгон шартта. 

Мында банк «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндөгү» жобонун талаптарын сактоо менен узак мөөнөттүү кредитти төлөө жөндөмдүүлүгү рейтингине ээ болбогон жеке эмитенттердин - Кыргыз Республикасынын резидент эместеринин акцияларын сатып алууга укуктуу.»; 

- 25-пунктунун а) абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«а) Standard & Poor's, Fitch Ratings же Moodys Investors Service рейтингдик агенттиктеринин бири жана «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө» жобонун 3-пунктунда белгиленген критерийлерге ылайык келген башка рейтингдик агенттиктер тарабынан ыйгарылган «ВВВ» же «Ваа2» деңгээлинен төмөн болбогон рейтингге ээ болгон шартта, эмитент/оригинатор - Кыргыз Республикасынын резидент эмеси тарабынан;». 

 

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/5 «Банктын аффилирленген жана байланыштуу жактар менен операцияларына карата талаптар жөнүндө» нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Банктын аффилирленген жана байланыштуу жактар менен операцияларына карата талаптар жөнүндө» нускоонун: 

- 2-пункту төмөнкү мазмундагы абзацтар менен толукталсын: 

«100% мамлекеттик катышуу үлүшүнө ээ банк аффилирленген жана банк менен байланыштуу жактар реестрин жүргүзүүнүн алкагында реестерге банкты контролдукка албаган жана алардын ишине таасирин тийгизбеген жактарды киргизбөөгө укуктуу.  

Мында 100% мамлекеттик катышуу үлүшүнө ээ банк төмөнкү шарттарда Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» Мыйзамынын 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4, 5 жана 6-пункттарында көрсөтүлгөн аффилирленген жана банк менен байланыштуу жактарды милдеттүү түрдө реестрге киргизет: 

аффилирленген жана банк менен байланыштуу жактарга кредиттерди жана кредитти алмаштыруучуларды берүүдө

аффилирленген жана банк менен байланыштуу жактар менен кредиттик тобокелдикти камтыган бүтүмдөргө келишүүдө.»; 

- 21-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«21. Банктын аффилирленген же байланыштуу жагына берилүүчү ар бир кредит (адаттагы корреспонденттик иштин жүрүшүндө банктар аралык кредиттен тышкары) күрөө менен камсыздалууга тийиш, аны сатып өткөрүү наркы төмөнкү өлчөмдөн кем болбоого тийиш:  

1) эгерде кредит улуттук экономика субъекттерине Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин улуттук экономика субъекттерине колдоо көрсөтүү максатында өлкөнүн улуттук жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга багытталган чечими менен берилген кепилдик менен камсыз кылынса кредиттин суммасынын 100 пайызынан; 

2) эгерде кредит Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин баалуу кагаздары же кредит берген банктын байланыштуу депозити менен камсыздалган болсо кредит суммасынын 120 пайызынан.  

Байланыштуу депозит төмөнкүдөй корреспонденттик эсеп болуп саналбаган өзүнчө мөөнөттүү аманатты (депозитти) билдирет:  

- берилип жаткан кредит мөөнөтүнөн аз эмес мөөнөттө;  

- күрөө катары тиешелүү негизде таризделген;  

- ал боюнча каражаттарды жүгүртүүгө тыюу салынган;  

- кредит боюнча милдеттенмелер аткарылмайынча кардарга жеткиликсиз болуп саналган.  

Баалуу кагаздар түрүндөгү күрөөлүк камсыздоонун рыноктук наркы банк тарабынан ай сайын, ал эми чет өлкө валютасындагы аманат (депозит) түрүндө  жума сайын/күн сайын кайра бааланууга тийиш.  

3) кайсы болбосун башка күрөө түрүндө болсо кредит суммасынын 140 пайызынан.». 

 

4. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 27-декабрындагы № 2019-П-12/68-4-(НПА) «Коммерциялык банктардын ликвиддүүлүгүнүн ордун жабуу коэффициентин эсептөө жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Коммерциялык банктардын ликвиддүүлүгүнүн ордун жабуу коэффициентин эсептөө жөнүндө» жобонун: 

-12-пунктунун 3 жана 4-пунктчалары төмөнкү редакцияда берилсин: 

«3) Standard and Poors рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган «A-» деңгээлинен төмөн болбогон узак мөөнөттүү кредиттик рейтингге же Japan Credit Rating Agency (JCR), Fitch Ratings, Dominion Bond Rating Service (DBRS), Moodys Investors Service сыяктуу кредиттик агенттиктердин бири жана «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө» жобонун 3-пунктунда белгиленген критерийлерге ылайык келген башка рейтингдик агенттиктер тарабынан ыйгарылган бирдей рейтингге ээ коммерциялык банктарда ачылган корреспонденттик эсептердеги каражаттар; 

4) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Улуттук банк тарабынан чыгарылган баалуу кагаздар, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Улуттук банк тарабынан гарантияланган баалуу кагаздар;»; 

- 12-пунктунун 5-пунктчасынын а) абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«а) эмитенттер Standard and Poors рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган «AА-» деңгээлинен төмөн болбогон узак мөөнөттүү суверендүү кредиттик рейтингге же Japan Credit Rating Agency (JCR), Fitch Ratings, Dominion Bond Rating Service (DBRS), Moodys Investors Service сыяктуу кредиттик агенттиктердин бири жана «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө» жобонун 3-пунктунда белгиленген тиешелүү критерийлерге ылайык келген башка рейтингдик агенттиктер тарабынан ыйгарылган бирдей рейтингге ээ;»; 

- 14-пунктунун 1 жана 2-пунктчалары төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1) чет мамлекеттердин өкмөттөрү жана чет мамлекеттердин борбордук банктары, эл аралык финансылык уюмдар тарабынан чыгарылган же алар тарабынан гарантияланган, алардын эмитенттери банк менен аффилирленген уюмдар болуп саналбаган, Standard & Poor's рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган «А-» деңгээлинен төмөн эмес узак мөөнөттүү суверендүү кредиттик рейтингге же Japan Credit Rating Agency (JCR), Fitch Ratings, Dominion Bond Rating Service (DBRS), Moodys Investors Service рейтингдик агенттиктеринин бири жана «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө» жобонун 3-пунктунда белгиленген критерийлерге ылайык келген башка рейтингдик агенттиктер тарабынан ыйгарылган бирдей рейтингге ээ баалуу кагаздар;  

2) алардын эмитенттери банк менен аффилирленген уюмдар болуп саналбаган, Standard & Poor's рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган «AA-» деңгээлинен төмөн эмес узак мөөнөттүү кредиттик рейтингге же Japan Credit Rating Agency (JCR), Fitch Ratings, Dominion Bond Rating Service (DBRS), Moodys Investors Service рейтингдик агенттиктеринин бири жана «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө» жобонун 3-пунктунда белгиленген критерийлерге ылайык келген башка рейтингдик агенттиктер тарабынан ыйгарылган бирдей рейтингге ээ баалуу кагаздар.»; 

- 15-пунктунун 1 жана 2-пунктчалары төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1) чет мамлекеттердин өкмөттөрү жана чет мамлекеттердин борбордук банктары, эл аралык финансылык уюмдар тарабынан чыгарылган же алар тарабынан гарантияланган жана Standard & Poor's рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган «ВВВ-» деңгээлинен төмөн эмес узак мөөнөттүү суверендүү кредиттик рейтингге же Japan Credit Rating Agency (JCR), Fitch Ratings, Dominion Bond Rating Service (DBRS), Moodys Investors Service рейтингдик агенттиктеринин бири жана «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө» жобонун 3-пунктунда белгиленген критерийлерге ылайык келген башка рейтингдик агенттиктер тарабынан ыйгарылган бирдей рейтингге ээ баалуу кагаздар;  

2) алардын эмитенттери финансылык уюмдар же алар менен аффилирленген уюмдар болуп саналбаган, Standard & Poor's рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган «A+» рейтингинен «А-» чейинки узак мөөнөттүү кредиттик рейтингге же Japan Credit Rating Agency (JCR)», Fitch Ratings, Dominion Bond Rating Service (DBRS), Moodys Investors Service рейтингдик агенттиктеринин бири жана «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө» жобонун 3-пунктунда белгиленген критерийлерге ылайык келген башка рейтингдик агенттиктер тарабынан ыйгарылган бирдей рейтингге ээ баалуу кагаздар;»; 

41-пунктундагы таблицанын биринчи графасынын үчүнчү сабындагы «Өкмөтүнүн» деген сөз «Министрлер Кабинетинин» дегенге алмаштырылсын;  

- 46-пунктундагы таблицанын биринчи графасынын үчүнчү сабындагы «Өкмөтүнүн» деген сөз «Министрлер Кабинетинин» дегенге алмаштырылсын.  

 

5. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 12-октябрындагы № 2022-П-12/63-1-(НПА) «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын жетиштүүлүгү (шайкештиги) стандарттарын аныктоо боюнча нускоону бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын жетиштүүлүгү (шайкештиги) стандарттарын аныктоо боюнча нускоонун: 

- 25-пунктунун: 

1-пунктчасынын: 

- а) абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«а) Кыргыз Республикасынын, ЕАЭБге жана Экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү уюмуна мүчө мамлекеттердин жана Standard & Poor's рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган «А» деңгээлинен төмөн эмес узак мөөнөттүү суверендүү кредиттик рейтингге же Japan Credit Rating Agency (JCR), Fitch Ratings, Dominion Bond Rating Service (DBRS), Moodys Investors Service рейтингдик агенттиктеринин бири жана «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө» жобонун 3-пунктунда белгиленген критерийлерге ылайык келген башка рейтингдик агенттиктер тарабынан ыйгарылган бирдей рейтингге ээ мамлекеттердин банкноттору жана монеталары»

Эскертүү: Экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү уюму. Аталган Уюмга мүчө мамлекеттердин тизмеси www.oecd.org. расмий сайтында жайгаштырылган.»; 

- г) жана д) абзацтары төмөнкү редакцияда берилсин: 

«г) Standard & Poor's рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган «А» деңгээлинен төмөн эмес узак мөөнөттүү суверендүү кредиттик рейтингге же Japan Credit Rating Agency (JCR), Fitch Ratings, Dominion Bond Rating Service (DBRS), Moodys Investors Service рейтингдик агенттиктеринин бири жана «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө» жобонун 3-пунктунда белгиленген критерийлерге ылайык келген башка рейтингдик агенттиктер тарабынан ыйгарылган бирдей рейтингге ээ же Уюмга мүчө болуп саналган мамлекеттердин борбордук (улуттук) банктарына талаптар;   

д) Standard & Poor's рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган «А» деңгээлинен төмөн эмес узак мөөнөттүү суверендүү кредиттик рейтингге же Japan Credit Rating Agency (JCR), Fitch Ratings, Dominion Bond Rating Service (DBRS), Moodys Investors Service рейтингдик агенттиктеринин бири жана «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө» жобонун 3-пунктунда белгиленген критерийлерге ылайык келген башка рейтингдик агенттиктер тарабынан ыйгарылган бирдей рейтингге ээ же Уюмга мүчө болуп саналган мамлекеттердин өкмөттөрүнө талаптар (өкмөттөр тарабынан чыгарылган баалуу кагаздар);»; 

- ж) абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«ж) ЕАЭБге жана Уюмга мүчө болуп саналган мамлекеттердин, ошондой эле Standard & Poor's рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган «А» деңгээлинен төмөн эмес узак мөөнөттүү суверендүү кредиттик рейтингге же Japan Credit Rating Agency (JCR), Fitch Ratings, Dominion Bond Rating Service (DBRS), Moodys Investors Service рейтингдик агенттиктеринин бири жана «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө» жобонун 3-пунктунда белгиленген критерийлерге ылайык келген башка рейтингдик агенттиктер тарабынан ыйгарылган бирдей рейтингге ээ мамлекеттердин валюталары менен камсыздалган, ошондой эле өзүнчө депозиттик эсепте жайгаштырылган активдер (же алардын бөлүгү);»; 

- 2-пунктчасынын б) абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«б) Standard & Poor's рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган «А» деңгээлинен төмөн эмес узак мөөнөттүү суверендүү кредиттик рейтингге же Japan Credit Rating Agency (JCR), Fitch Ratings, Dominion Bond Rating Service (DBRS), Moodys Investors Service рейтингдик агенттиктеринин бири жана «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө» жобонун 3-пунктунда белгиленген критерийлерге ылайык келген башка рейтингдик агенттиктер тарабынан ыйгарылган бирдей рейтингге ээ же Уюмга мүчө болуп саналган мамлекеттердин өкмөттөрү тарабынан чыгарылган жана учурдагы рыноктук баа боюнча баалуу кагаздар менен камсыздалган активдер (же алардын бөлүгү);»; 

3-пунктчасынын:  

- в) абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«в) Standard & Poor's рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган «А» деңгээлинен төмөн эмес узак мөөнөттүү суверендүү кредиттик рейтингге же Japan Credit Rating Agency (JCR), Fitch Ratings, Dominion Bond Rating Service (DBRS), Moodys Investors Service рейтингдик агенттиктеринин бири жана «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө» жобонун 3-пунктунда белгиленген критерийлерге ылайык келген башка рейтингдик агенттиктер тарабынан ыйгарылган бирдей рейтингге ээ же Уюмга мүчө болуп саналган мамлекеттердин банктары жана башка финансы-кредит уюмдары менен эсептешүүлөрдөгү акчалай активдер;»; 

- д) абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«д) Standard & Poor's рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган «А» деңгээлинен төмөн эмес узак мөөнөттүү суверендүү кредиттик рейтингге же Japan Credit Rating Agency (JCR), Fitch Ratings, Dominion Bond Rating Service (DBRS), Moodys Investors Service рейтингдик агенттиктеринин бири жана «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө» жобонун 3-пунктунда белгиленген критерийлерге ылайык келген башка рейтингдик агенттиктер тарабынан ыйгарылган бирдей рейтингге ээ же Уюмга мүчө болуп саналган мамлекеттердин отчет берүүчү банкка карата аффилирленген уюм болуп саналбаган банктарына жана башка финансы-кредит уюмдарына карата талаптар, ошондой эле бул институттардын гарантияларына негизделген бардык активдер;»;  

- 5-пунктчасынын б), в), г) жана д) абзацтары төмөнкү редакцияда берилсин: 

«б) Standard & Poor's рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган «А» деңгээлинен төмөн узак мөөнөттүү суверендүү кредиттик рейтингге же Japan Credit Rating Agency (JCR), Fitch Ratings, Dominion Bond Rating Service (DBRS), Moodys Investors Service рейтингдик агенттиктеринин бири жана «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө» жобонун 3-пунктунда белгиленген критерийлерге ылайык келген башка рейтингдик агенттиктер тарабынан ыйгарылган бирдей рейтингге ээ же Уюмга мүчө болуп саналбаган мамлекеттердин өкмөттөрүнө жана борбордук банктарына карата талаптар (бул мамлекеттердин өкмөттөрү тарабынан чыгарылган баалуу кагаздар жана башка талаптар);   

в) Standard & Poor's рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган «А» деңгээлинен төмөн узак мөөнөттүү суверендүү кредиттик рейтингге же Japan Credit Rating Agency (JCR), Fitch Ratings, Dominion Bond Rating Service (DBRS), Moodys Investors Service рейтингдик агенттиктеринин бири жана «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө» жобонун 3-пунктунда белгиленген критерийлерге ылайык келген башка рейтингдик агенттиктер тарабынан ыйгарылган бирдей рейтингге ээ же Уюмга мүчө болуп саналбаган мамлекеттердин банктары жана башка финансы-кредит уюмдары менен эсептешүүлөрдөгү акчалай активдер;   

г) Standard & Poor's рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган «А» деңгээлинен төмөн эмес узак мөөнөттүү суверендүү кредиттик рейтингге же Japan Credit Rating Agency (JCR), Fitch Ratings, Dominion Bond Rating Service (DBRS), Moodys Investors Service рейтингдик агенттиктеринин бири жана «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө» жобонун 3-пунктунда белгиленген критерийлерге ылайык келген башка рейтингдик агенттиктер тарабынан ыйгарылган бирдей рейтингге ээ же Уюмга мүчө болуп саналган мамлекеттердин отчет берүүчү банкка карата аффилирленген уюм болуп саналган банктарга жана башка финансы-кредит уюмдарына карата талаптар;   

д) Standard & Poor's рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган «А» деңгээлинен төмөн узак мөөнөттүү суверендүү кредиттик рейтингге же Japan Credit Rating Agency (JCR), Fitch Ratings, Dominion Bond Rating Service (DBRS), Moodys Investors Service рейтингдик агенттиктеринин бири жана «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө» жобонун 3-пунктунда белгиленген критерийлерге ылайык келген башка рейтингдик агенттиктер тарабынан ыйгарылган бирдей рейтингге ээ же Уюмга мүчө болуп саналбаган мамлекеттердин банктарына жана башка финансы-кредит уюмдарына карата талаптар;». 

 

6. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 14-декабрындагы № 2022-П-12/78-7-(НПА) «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө» жобонун: 

3-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«3. Ушул Жободо көрсөтүлгөн экономикалык ченемдерди жана талаптарды аткаруу жана тобокелдиктерди төмөндөтүү максатында банктарга Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары Улуттук банк) тарабынан белгиленген максималдуу чектен төмөн жана минималдуу чектен жогору экономикалык ченемдер жана талаптар боюнча ички чектерди белгилөө сунушталат.   

Банк ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин рейтингдик агенттиктеринин түзүлгөн өлкөсүндө жөнгө салынууга тийиш болгон жана алардын баалоолору пруденциалдык жөнгө салуунун алкагында таанылган, ошондой эле төмөнкү критерийлерге жооп берген рейтингдик баалоолорун таанууга укуктуу: 

1) объективдүүлүк: 

- рейтингдик агенттик тарабынан колдонулган методология ишенимдүү болуп саналат жана дефолт жөнүндө буга чейинки жана (же) күтүлүп жаткан маалыматтардын негизинде текшерилүүгө тийиш, ошондой эле рейтинги аныктала турган жактын өзүнө алган финансылык милдеттенмелерди аткарууга жөндөмдүүлүгүн аныктаган бардык негизги сандык жана сапаттык факторлордун толук сыпаттамасын, ошондой эле алардын кредиттик рейтингдерге жана кредиттик рейтингдер боюнча болжолдорго тийгизген таасирин баяндоону камтыйт; 

2) көз карандысыздык: 

- рейтингдик агенттик мамлекеттик органдар же мамлекеттик органдардын кызмат адамдары, квази-мамлекеттик уюмдар же саясий партиялар тарабынан көзөмөлдөнбөйт, булар рейтингдик агенттиктин ишине кийлигишпейт жана рейтинг ыйгаруу процесстерине таасир этпейт; 

- рейтингдик агенттик рейтинг ыйгарган, рейтингди тастыктаган же кайра карап чыккан юридикалык жактар рейтингдик агенттиктин аффилирленген жактары болуп саналбайт; 

- рейтинг ыйгарыла турган жакка карата рейтингдик иш-аракеттерге катышкан рейтингдик агенттиктин рейтингдик аналитиктери, рейтингдик иш-аракеттери жүзөгө ашырган күнгө чейинки акыркы 3 (үч) жыл аралыгында рейтинг ыйгарыла турган жак менен эмгек же иш боюнча мамилеси жок жана болгон эмес, ошондой эле рейтинг ыйгарыла турган жакка контроль жүргүзгөн же мындай жакка олуттуу таасир тийгизген рейтинг ыйгарыла турган жактын же жактардын баалуу кагаздарына, башка финансылык инструменттерине же башка мүлкүнө тике же кыйыр түрдө, анын ичинде жакын туугандары аркылуу ээлик кылышпайт; 

- рейтингдик агенттик ички аудит же ички контроль кызматына ээ, анын ичинде директорлор кеңешине отчет берүүчү ички аудит функцияларын жүзөгө ашыруучу кызматка ээ; 

- рейтингдик агенттикте директорлор кеңешинин кеминде үчтөн бири, бирок экиден кем эмес мүчөсү рейтингдик иш-аракеттерди, рейтингдик агенттиктин кызмат көрсөтүүлөрүн жарнамалоону жана кардарларды тартуу боюнча башка аракеттерди жүзөгө ашырбаган көз карандысыз мүчөлөр болуп саналышат; 

- рейтингдик агенттиктин ар бир акционеринин акцияларына тике же кыйыр ээлик кылуу үлүшү ошол рейтингдик агенттиктин добуш берүүчү акцияларынын жалпы санынын 50 (элүү) пайызынан ашпайт; 

- рейтингдик агенттиктин ички жол-жоболору маалыматтын туура эмес пайдаланылышын жана ачыкка чыгарылышын алдын алуу чараларын камсыз кылат жана маалыматтын корголушун, купуялуулугун камсыз кылат; 

3) эл аралык жеткиликтүүлүк/ачыктык: 

- рейтингдик агенттик рейтингдик агенттиктин интернет-ресурсунда төмөнкү маалыматтарды ачыкка чыгарууну камсыз кылат: 

- рейтингди аныктоодо рейтингдик агенттик колдонгон методология; 

- акыркы жыл ичинде ыйгарылган кредиттик рейтингдердин тизмеси, ошондой эле өткөн акыркы календардык жылдын акырына карата абал боюнча рейтингдик агенттиктин түшкөн акчасынын жылдык көлөмүнүн үлүшү беш жана андан көп пайызды түзгөн рейтинг ыйгарыла турган жактардын жана башка жактардын тизмеси; 

4) маалыматты ачыкка чыгаруу: 

рейтингдик агенттик төмөнкү маалыматтарды ачыкка чыгарат:  

- өзүнүн кесиптик жүрүм-турум кодекси;  

- баа берилүүчү уюмдар менен компенсациялык келишимдердин жалпы мүнөзү;  

- кандай болбосун кызыкчылыктардын каршы келип калышы, рейтингдик агенттиктин компенсациялык механизмдери, анын рейтингдерди баалоо методологиясы, анын ичинде дефолтту аныктоо, убакыт горизонту жана ар бир рейтингдин мааниси;  

- ар бир баалоо категориясы боюнча аткарылбаган милдеттенмелердин иш жүзүндөгү көрсөткүчтөрү жана рейтингдердин өтүшү, мисалы, «АА» рейтинги убакыттын өтүшү менен «А» болуп калышы мүмкүн.  

Рейтинг чыккандан кийин мүмкүн болушунча эртерээк ачыкка чыгышы керек. Рейтингди ачыкка чыгарууда маалымат жөнөкөй тилде, кредиттик рейтингдердин мүнөзүн жана чектөөлөрүн, ошондой эле инвестицияларды жүзөгө ашырууда аларды негизсиз пайдалануу тобокелдигин көрсөтүү менен берилүүгө тийиш. 

5) рейтингдердин ишенимдүүлүгү жана ресурстары:  

- рейтингдик агенттик акыркы беш жылдан кем эмес туруктуу негизде рейтингдик иш-аракеттерди жүзөгө ашырат; 

- рейтингдик агенттик кредиттик рейтинг ыйгарган жана кайра карап чыккан уюмдардын саны отуздан кем эмес, анын ичинде акыркы үч жылда жыйырмадан кем эмес, алардын ичинен бештен кем эмеси финансылык уюмдар болуп саналышкан; 

- рейтингдик агенттик ыйгарылган рейтингдерге туруктуу негизде мониторинг жүргүзүп турат, ошондой эле рейтинг ыйгарылган жактын финансылык абалындагы, корпоративдик башкаруудагы же ишинин башка аспекттериндеги өзгөрүүлөргө, макроэкономикалык шарттардын же финансы рыногунун шарттарынын өзгөрүшүнө байланыштуу өзгөрүп жаткан факторлорду өз убагында жөнгө салууну камсыз кылат, бул рейтинг ыйгарылган же акыркы жолу кайра каралган күндөн же колдонулган методологиянын акыркы жолу кайра каралган күнүнөн тартып календардык жылдан кечиктирилбестен рейтингдердин иш жүзүндө жаңыртылышы менен ырасталат.»; 

15-пунктунун: 

- он биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- эгерде келишим шарттарында депозитти 7 (жети) күн ичинде алуу каралса, аффилирленген банктарды эске албаганда, Standard and Poors, Fitch Ratings, Moodys Investors Service, Japan Credit Rating Agency (JCR), Dominion Bond Rating Service (DBRS) сыяктуу рейтингдик агенттиктердин бири жана ушул жобонун 3-пунктунда белгиленген критерийлерге ылайык келген башка рейтингдик агенттиктер тарабынан ыйгарылган, «BB» же «Ва2» деңгээлинен төмөн болбогон узак мөөнөттүү кредиттик рейтингге ээ банктардагы депозиттер;»; 

- он үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- Standard & Poor's рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган «А» деңгээлинен төмөн болбогон узак мөөнөттүү суверендүү кредиттик рейтингге же Japan Credit Rating Agency (JCR), Fitch Ratings, Dominion Bond Rating Service (DBRS), Moodys Investors Service сыяктуу рейтингдик агенттиктердин бири жана ушул жобонун 3-пунктунда белгиленген критерийлерге ылайык келген башка рейтингдик агенттиктер тарабынан ыйгарылган бирдей рейтингге ээ мамлекеттик баалуу кагаздар;»; 

22-пунктунун: 

- в) жана г) абзацтары төмөнкү редакцияда берилсин: 

«в) аффилирленген банктарды эске албаганда, Standard and Poors, Fitch Ratings, Moodys Investors Service, Japan Credit Rating Agency (JCR), Dominion Bond Rating Service (DBRS) сыяктуу рейтингдик агенттиктердин бири жана ушул жобонун 3-пунктунда белгиленген критерийлерге ылайык келген башка рейтингдик агенттиктер тарабынан ыйгарылган, «BB» же «Ва2» деңгээлинен төмөн болбогон узак мөөнөттүү кредиттик рейтингге ээ банктардагы корреспонденттик эсептердеги, ошондой эле баалуу металл түрүндөгү каражаттар;   

г) эгерде келишим шарттарында депозитти 7 (жети) күн ичинде алуу каралса, аффилирленген банктарды эске албаганда, Standard and Poors, Fitch Ratings, Moodys Investors Service, Japan Credit Rating Agency (JCR), Dominion Bond Rating Service (DBRS) сыяктуу рейтингдик агенттиктердин бири жана ушул жобонун 3-пунктунда белгиленген критерийлерге ылайык келген башка рейтингдик агенттиктери тарабынан ыйгарылган, «BB» же «Ва2» деңгээлинен төмөн болбогон узак мөөнөттүү кредиттик рейтингге ээ банктардагы депозиттер;»; 

- л) абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«л) Standard & Poor's рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган «А» деңгээлинен төмөн болбогон узак мөөнөттүү суверендүү кредиттик рейтингге же Japan Credit Rating Agency (JCR), Fitch Ratings, Dominion Bond Rating Service (DBRS), Moodys Investors Service сыяктуу рейтингдик агенттиктердин бири жана ушул жобонун 3-пунктунда белгиленген критерийлерге ылайык келген башка рейтингдик агенттиктер тарабынан ыйгарылган бирдей рейтингге ээ мамлекеттер тарабынан чыгарылган мамлекеттик баалуу кагаздар;»; 

26-пунктунун: 

- жетинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- аффилирленген банктарды эске албаганда, Standard and Poors, Fitch Ratings, Moodys Investors Service, Japan Credit Rating Agency (JCR), Dominion Bond Rating Service (DBRS) сыяктуу рейтингдик агенттиктердин бири жана ушул жобонун 3-пунктунда белгиленген критерийлерге ылайык келген башка рейтингдик агенттиктер тарабынан ыйгарылган, «BB» же «Ва2» деңгээлинен төмөн болбогон узак мөөнөттүү кредиттик рейтингге ээ банктарда ачылган корреспонденттик эсептердеги каражаттар;»; 

- он экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- аффилирленген банктарды эске албаганда, Standard and Poors, Fitch Ratings, Moodys Investors Service, Japan Credit Rating Agency (JCR), Dominion Bond Rating Service (DBRS) сыяктуу рейтингдик агенттиктердин бири жана ушул жобонун 3-пунктунда белгиленген критерийлерге ылайык келген башка рейтингдик агенттиктер тарабынан ыйгарылган, «BB» же «Ва2» деңгээлинен төмөн болбогон узак мөөнөттүү кредиттик рейтингге ээ банктардагы кийинки (бир) операциялык күн ичинде төлөнө турган «овернайт» депозиттери;»; 

53-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«53. Standard & Poor's, Fitch Ratings, Moodys Investors Service рейтингдик агенттиктеринин бири жана ушул жобонун 3-пунктунда белгиленген критерийлерге ылайык келген башка рейтингдик агенттиктер тарабынан ыйгарылган «А» же «А2» деңгээлинен төмөн болбогон узак мөөнөттүү кредиттик рейтингге ээ мамлекеттердин өкмөттөрүнүн жана борбордук банктарынын баалуу кагаздарына банктын инвестицияларынын жалпы өлчөмү банктын таза суммардык капиталынын 100% өлчөмүнөн ашпоого тийиш.». 

 

7. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2023-жылдын 12-апрелиндеги № 2023-П-12/23-5-(НПА) «Кредиттөөдөгү чектөөлөр жөнүндө» нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кредиттөөдөгү чектөөлөр жөнүндө» нускоонун:  

8-пунктунун: 

- 2-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2) Standard and Poors рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган «ВВВ» деңгээлинен төмөн болбогон узак мөөнөттүү кредиттик рейтингге же Fitch Ratings, Moodys Investors Service, Japan Credit Rating Agency (JCR), Dominion Bond Rating Service (DBRS) рейтингдик агенттиктеринин бири жана «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө» жобонун 3-пунктунда белгиленген критерийлерге ылайык келген башка рейтингдик агенттиктер тарабынан ыйгарылган бирдей кредиттик рейтингге ээ коммерциялык банктарда жайгаштырылган каражаттар, ошондой эле ушундай эле банктар тарабынан гарантияланган кредиттер. Мындай өзгөчө учурларга ылайык келүү үчүн банктын ыйгарылган рейтингди тастыктоочу тиешелүү документтери, атап айтканда: рейтингдик агенттиктин аталышы, рейтинг алгач ыйгарылган жана ыйгарылган рейтингдин акыркы жолу тастыкталган датасы, рейтинг жөнүндө алгылыктуу маалымат булагы, ошондой эле банк-корреспонденттин акыркы жылдык отчету болууга тийиш.»; 

- 4-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«4) Standard & Poor's рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган «А» деңгээлинен төмөн болбогон узак мөөнөттүү суверендүү кредиттик рейтингге же Japan Credit Rating Agency (JCR), Fitch Ratings, Dominion Bond Rating Service (DBRS), Moodys Investors Service сыяктуу рейтингдик агенттиктердин бири жана «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө» жобонун 3-пунктунда белгиленген критерийлерге ылайык келген башка рейтингдик агенттиктер тарабынан ыйгарылган бирдей рейтингге ээ өкмөттөргө же борбордук банктарга карата талаптар.»; 

9-пунктунун: 

- 5-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«5) Standard & Poor's рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган «А» деңгээлинен төмөн болбогон узак мөөнөттүү суверендүү кредиттик рейтингге же Japan Credit Rating Agency (JCR), Fitch Ratings, Dominion Bond Rating Service (DBRS), Moodys Investors Service сыяктуу рейтингдик агенттиктердин бири жана «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө» жобонун 3-пунктунда белгиленген критерийлерге ылайык келген башка рейтингдик агенттиктер тарабынан же эл аралык финансы институттары (ЕӨРБ, АӨБ ж.б.) тарабынан ыйгарылган бирдей рейтингге ээ өкмөттөр же борбордук банктар тарабынан гарантияланган талаптар.»; 

- 6-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«6) Standard & Poor's рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган «А» деңгээлинен төмөн болбогон узак мөөнөттүү суверендүү кредиттик рейтингге же Japan Credit Rating Agency (JCR), Fitch Ratings, Dominion Bond Rating Service (DBRS), Moodys Investors Service сыяктуу рейтингдик агенттиктердин бири жана «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө» жобонун 3-пунктунда белгиленген критерийлерге ылайык келген башка рейтингдик агенттиктер тарабынан ыйгарылган бирдей рейтингге ээ, өкмөттөр же борбордук банктар бенефициары болуп саналган банк өзүнө алган баланстан тышкаркы милдеттенмелер.».