Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2024-жылдын 8-майындагы 

№ 2024-П-09/21-7-(НПА) 

токтому 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2013-жылдын 26-июнундагы № 20/1 

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик баалуу кагаздарын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу жайгаштыруу, кайталап сунуштоо, кошумча жайгаштыруу, кайтара сатып алуу жана алар менен эсептешүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу токтомуна 

өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 26-июнундагы № 20/1 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик баалуу кагаздарын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу жайгаштыруу, кайталап сунуштоо, кошумча жайгаштыруу, кайтара сатып алуу жана алар менен эсептешүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин (тиркелген). 

2. Юридика башкармалыгы: 

- тиешелүү документтерди алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтына жарыяласын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

3. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. 

4. Акча-кредиттик операциялар башкармалыгы 3 (үч) жумуш күн ичинде ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн тааныштырсын. 

5. Токтомдун аткарылышын контролдоо Акча-кредиттик операциялар башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

Төрага                                                                                                                                                                                                                                                      К. Боконтаев  


Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 

2024-жылдын 8-майындагы 

№ 2024-П-09/21-7-(НПА)  

токтомуна карата тиркеме 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2013-жылдын 26-июнундагы № 20/1 

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик баалуу кагаздарын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу жайгаштыруу, кайталап сунуштоо, кошумча жайгаштыруу, кайтара сатып алуу жана алар менен эсептешүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна  

өзгөртүүлөр 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 26-июнундагы № 20/1 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик баалуу кагаздарын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу жайгаштыруу, кайталап сунуштоо, кошумча жайгаштыруу, кайтара сатып алуу жана алар менен эсептешүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

 

Жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик баалуу кагаздарын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу жайгаштыруу, кайталап сунуштоо, кошумча жайгаштыруу, кайтара сатып алуу жана алар менен эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобонун: 

 

- аталышындагы «Өкмөтүнүн» деген сөз «Министрлер Кабинетинин» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

- 1-пунктунун мамлекеттик тилдеги текстиндеги «мамлекеттик баалуу кагаздарды» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мамлекеттик баалуу кагаздарын» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

- 3-пунктунун:  

«Өкмөтүнүн» деген сөзү «Министрлер Кабинетинин» деген сөздөргө алмаштырылсын, «(мындан ары  МКО)» деген сөздөрдөн кийин «ушул Жобонун чегинде» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 6-пунктунун «Өкмөтүнүн» деген сөзү «Министрлер Кабинетинин» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

- 23-пунктунун «Өкмөтүнүн» деген сөзү «Министрлер Кабинетинин» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

- 1-тиркеменин аталышындагы «Өкмөтүнүн» деген сөз «Министрлер Кабинетинин» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

- 1-тиркеменин преамбуласындагы «Өкмөтүнүн» деген сөз «Министрлер Кабинетинин» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

- 1-тиркеменин 1.1 жана 4.11-пунктуларындагы «Өкмөтүнүн» деген сөзү «Министрлер Кабинетинин» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

- 1-1-тиркеменин аталышындагы «Өкмөтүнүн» деген сөз «Министрлер Кабинетинин» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

- 1-1-тиркеменин преамбуласындагы «Өкмөтүнүн» деген сөз «Министрлер Кабинетинин» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

-  1-1-тиркеменин 1.1-пунктундагы «Өкмөтүнүн» деген сөз «Министрлер Кабинетинин» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

- 2-тиркеменин преамбуласындагы «Өкмөтүнүн» деген сөз «Министрлер Кабинетинин» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

- 2-тиркеменин 4.9-пунктундагы «Өкмөтүнүн» деген сөз «Министрлер Кабинетинин» деген сөздөргө алмаштырылсын.