Кайта келүү

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2024-жылдын 22-майындагы 

№ 2024-П-14/23-2-(ПС) токтому 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын  

айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө  

  

  

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна өзгөртүүлөр киргизилсин (кошо тиркелет):   

- 2015-жылдын 9-декабрындагы № 76/8 «Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу;  

- 2019-жылдын 2-сентябрындагы № 2019-П-14/46-1-(ПС) «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу;  

- 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 2019-П-14/50-2-(ПС) «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин жөнгө салуу жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу; 

- 2023-жылдын 31-мартындагы № 2023-П-14/21-1-(ПС) «Төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын маалыматтык коопсуздугун камсыздоого карата талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу. 

 

2. Токтом расмий жарыялангандан 15 (он беш) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.  

 

3. Юридика башкармалыгы:  

- тиешелүү документтерди алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде токтомду Улуттук банктын расмий интернет-сайтына жарыяласын;  

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

 

4. Төлөм системалары башкармалыгы расмий жарыяланган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарын, төлөм системаларынын операторлорун жана төлөм уюмдарын тааныштырсын.  

 

5. «Башкарманын катчылыгы» бөлүмү 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.  

 

6. Токтомдун аткарылышын контролдоо Төлөм системалары башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.  

 

 

Төрага                                                                                                                                                                                                                                                                    К. Боконтаев 

 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2024-жылдын 22-майындагы 

№ 2024-П-14/23-2-(ПС)  

токтомуна карата тиркеме 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын   

айрым ченемдик укуктук актыларына 

өзгөртүүлөр 

  

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 9-декабрындагы № 76/8 «Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттары жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттары жөнүндө» жобонун:  

- 5-пунктунун:  

он экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:  

«Виртуалдык POS-терминал бул POS-терминалды алмаштыруучу жана банктык төлөм карттарын жана башка аралыктан тейлөө инструменттерин колдонуу менен товарлар жана кызматтар үчүн төлөө операцияларын жүргүзүү үчүн банктын/төлөм уюмунун системасы менен өз ара аракеттенүүчү жана эквайердин аралыкта орнотулган жабдууларына тиешелүү веб-интерфейс. Виртуалдык POS-терминал ички ченемдик документтерге ылайык, банк/төлөм уюмунун тобокелдигинин даражасын (деңгээлин) баалоо критерийлерин эске алуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын сактоо менен банктык эсептерди толуктоо үчүн да колдонулушу мүмкүн.»; 

төмөнкү мазмундагы отуз үчүнчү абзац менен толукталсын:   

«Төлөм QR-коду боюнча төлөө эки өлчөмдүү штрих код белгилерин (QR-код) окуу аркылуу банктын/төлөм системасынын мобилдик тиркемесин же болбосо башка жабдууларды колдонуу менен товарлар же кызмат көрсөтүүлөр үчүн накталай эмес төлөө»; 

отуз төртүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:  

«Аралыкта орнотулган (эквайринг) жабдуулар терминалдар, банкоматтар, төлөм терминалдары жана тиркемелер, депозиттик машиналар, мобилдик түзүлүштөр жана банктык төлөм карттарын кабыл алуу жана тейлөө, QR-коддору боюнча төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча техникалык инфраструктураны/инструментти жана башка аралыктан тейлөө инструменттерин түзгөн башка жабдуулар.  

элүү биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Эквайер технологияларга жана тиешелүү төлөм системаларынын ченемдик актыларына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, аралыкта орнотулган жабдуулары аркылуу авторизациялоо жана транзакцияларды жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган, аралыкта орнотулган жабдуулардын ээси болуп саналган банк, төлөм уюму, микрофинансылык компания, микрокредиттик компания.»; 

элүү экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Эквайринг соода-тейлөө ишканалары менен тиешелүү төлөм системаларынын эрежелерине ылайык товарлар жана кызматтар үчүн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү кабыл алуу жана жүргүзүү жөнүндө келишимдердин негизинде банктык төлөм карттарын жана башка төлөм инструменттерин/технологияларын пайдалануу менен төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча аралыкта орнотулган жабдуулар тармагына ээлик кылууга жана тейлөөгө байланышкан иш.»; 

төмөнкү мазмундагы элүү үчүнчү, элүү төртүнчү, элүү бешинчи жана элүү алтынчы абзацтар менен толукталсын: 

«Төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн колдонулган инструменттерге жараша, эквайринг төмөнкү негизги түрлөргө бөлүнөт:  

Соода эквайринги түзүлгөн келишимдин негизинде, ар башка төлөм инструменттерин колдонуу менен накталай эмес төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү кабыл алуу жана жүргүзүү үчүн POS-терминалдарды жана башка аралыкта жайгаштырылуучу жабдууларды орнотуу боюнча соода-тейлөө ишканалары үчүн эквайер тарабынан сунушталуучу кызмат.» 

Интернет-эквайринг төлөм маалыматын өткөрүүнү камсыз кылган жана анын купуялуулугун сактаган атайын веб-интерфейс аркылуу электрондук соода платформаларында жана интернет-дүкөндөрүндө сатылуучу товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөм карттарын жана электрондук акчаны колдонуу менен накталай эмес төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү кабыл алуу жана жүргүзүү боюнча эквайердин кызматы

Мобилдик эквайринг мобилдик телефон же планшетти колдонуу менен мобилдик тиркеме жана атайын мобилдик POS-терминалы (mPOS-терминал) аркылуу төлөм карттарын пайдалануу менен накталай эмес төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү кабыл алуу жана жүргүзүү боюнча эквайердин кызматы.»;   

53-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«53. Соода-тейлөө ишканасында аралыкта жайгаштырылуучу жабдууларды орнотуу үчүн эквайер ошол ишкана менен терминалды пайдалануу менен жүргүзүлгөн транзакциялар боюнча эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн эсеп ачуу жөнүндө жана тиешелүү системанын карттарын кабыл алуу жана тейлөө укугуна келишим түзүүгө тийиш. Эквайер менен соода-тейлөө ишканасы ортосунда түзүлгөн келишимде төмөнкүлөр камтылууга тийиш: 

- соода-тейлөө ишканасынын аталышы жана анын юридикалык дареги;  

- соода-тейлөө ишканасынын жана эквайердин карттарын кабыл алуу жана тейлөө боюнча укуктары жана милдеттери;  

- соода-тейлөө ишканасы тарабынан милдеттүү түрдө тейлөөгө кабыл алынуучу карттардын түрлөрү;  

- соода-тейлөө ишканасынын картты же QR-кодду колдонуу менен төлөө учурунда, товарларга/кызмат көрсөтүүлөргө кошумча комиссиялык төлөм же кыйла жогорку баа (үстөк баа) белгилөөсүнө тыюу салуу;  

- комиссиялык төлөмдөрдүн өлчөмү;  

- POS-терминалды пайдаланууда соода-тейлөө ишканасы тарабынан коопсуздук эрежелеринин сакталышы боюнча негизги талаптар;  

- соода-тейлөө ишканасынын ишинин түрү жана келишимде көрсөтүлгөн ишине шайкеш иш алып баруу тууралуу милдеттенмелери. Эгерде соода-тейлөө ишканасынын иши лицензияланууга тийиш болсо, эквайер соода-тейлөө ишканасынын иштин бул түрүн жүргүзүү үчүн колдонуудагы лицензиясын талап кылуусу зарыл; 

- соода-тейлөө ишканасы тарабынан террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдардын сакталышы жөнүндө талаптар, эгерде соода-тейлөө ишканасы финансылык мекеме болуп саналса же Кыргыз Республикасынын террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык финансылык эмес категориядагы жактарга кирсе; 

- мыйзамдарда тыюу салынган операциялар үчүн төлөмдөрдү өткөрүүгө тыюу салуу жөнүндө талаптар; 

- соода-тейлөө ишканасы картаны төлөө каражаты катары кабыл алуу учурунда коопсуздукту сактоосу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негизги талаптар (авторизациялоо, карт ээсин идентификациялоо, карт ээсинин транзакцияны ишке ашырууда PIN-кодду милдеттүү түрдө пайдалануусу же 3D Secure функционалын колдоо (эгерде тиешелүү төлөм системасынын эрежелеринде башкасы каралбаса), лимиттер жана башка талаптар);  

- тиешелүү система тарабынан четке кагылган, ишке ашырылган операциялар боюнча суммаларды кайтарып берүү тартиби;  

- карта боюнча сатылып алынган товарларды кайтарып берүүдө ошол товардын наркынын ордун толтуруп берүү жол-жобосу;  

- соода-тейлөө ишканаларында карттарды тейлөө сапатына, сунушталган кызмат көрсөтүүлөрдүн деңгээлине, терминалдарды күтүү шарттарына жана алардын иштешине, чектердин сакталышына келишим чегинде текшерүүлөрдү жүргүзүү тартиби;  

- уурдалган/жоголгон карттар менен ишке ашырылган операциялар аныкталган же соода-тейлөө ишканасынын санкциясыз транзакцияларды жүргүзгөндүгү катталган учурда карт ээси менен өз ара иш алып баруу тартиби;  

- санкциясыз операциялар жүргүзүлгөн, коопсуздук жол-жоболору же келишимдин башка шарттарын бузууга жол берилген учурда, тараптар ортосунда жоопкерчиликтерди бөлүштүрүү жана ар бир катышуучуга белгиленүүчү айыптык санкциялар;  

- талаш маселелерди кароо тартиби;  

- келишимди токтотуу тартиби;  

- транзакцияны ушул жобого ылайык жүргүзүүдө коопсуздукту камсыз кылуу эрежелери боюнча талап.  

Келишимде башка кошумча шарттар каралышы мүмкүн. Тиешелүү системанын карттарын тейлөө жана кабыл алуу эрежелери келишимге киргизилиши мүмкүн же болбосо алар кошумча тиркелет.»; 

- төмөнкү мазмундагы 53-1-пункт менен толукталсын: 

«53-1. Эквайер соода-тейлөө ишканасы үчүн интернет-эквайринг кызматтарын сунуштоодо, соода-тейлөө ишканасынын сайты же сайттары укуктук жактан соода-тейлөө ишканасына таандык экендигин текшерүүгө тийиш.»; 

- төмөнкү мазмундагы 53-2-пункту менен толукталсын: 

«53-2. Интернет-эквайринг кызматын көрсөтүү үчүн эквайер менен соода-тейлөө ишканасынын ортосунда түзүлгөн келишимде төлөм карттарына карата колдонулуучу жана ушул Жобонун 53-пунктунда каралган, ошондой эле төмөнкү шарттар камтылууга тийиш: 

- соода-тейлөө ишканасынын сайтынын эквайердин талаптарына шайкеш келиши; 

- соода-тейлөө ишканасынын сайтында карт ээлерин авторизациялоого карата талаптардын болушу.»; 

- төмөнкү мазмундагы 55-1-пункт менен толукталсын: 

«55-1. Эквайер соода-тейлөө ишканасы менен келишим түзүү алдында соода-тейлөө ишканасынын келишимде көрсөтүлгөн ишин жана сайтын текшерүүгө тийиш. Маалыматтар эквайердин ички документтеринде жөнгө салынуусу зарыл.»; 

- төмөнкү мазмундагы 55-2-пункту менен толукталсын: 

«55-2. Эквайер мезгил-мезгили менен, соода-тейлөө ишканалары менен келишим түзүлгөндөн тартып кеминде 6 (алты) айда бир жолу соода-тейлөө ишканаларынын келишимде көрсөтүлгөн ишке шайкештигин текшерүүгө милдеттүү. Эгерде ишинин көрсөтүлгөн ишке дал келбегендиги аныкталса же соода-тейлөө ишканасынын террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жагында мыйзамдарды бузууга байланышкан операцияларды же мыйзам тарабынан тыюу салынган операцияларды жүзөгө ашырып жаткандыгына шектенүү пайда болсо, эквайер соода-тейлөө ишканалары үчүн эквайринг кызматтарын сунуштоону жана келишимди бир тараптуу негизде токтотууга укуктуу. Мында эквайер соода-тейлөө ишканасы менен түзүлгөн келишимге ылайык соода-тейлөө ишканасы менен акыркы өз ара эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө тийиш.»; 

- төмөнкү мазмундагы 56-1-пункт менен толукталсын: 

«56-1. Интернет-эквайринг кызматын сунуштоодо, эквайер келишим түзгөн соода-тейлөө ишканасынын сайтына бир Merchant Category Code (мындан ары MCC) коду менен 1 (бир) гана виртуалдык POS-терминалды орнотууга укуктуу. Эгерде соода-тейлөө ишканасында иштин бир нече түрү болсо, анда МСС иштин негизги түрү боюнча ыйгарылат. 

Эгерде виртуалдык POS-терминал соода-тейлөө ишканасы тарабынан белгиленген МСС ылайык колдонулбаса, эквайер соода-тейлөө ишканасы үчүн эквайринг кызматын сунуштоону жана келишимди токтотууга укуктуу.». 

 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 2-сентябрындагы № 2019-П-14/46-1-(ПС) «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин лицензиялоо жөнүндө» жобонун:  

- 2-1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2-1. Төлөм системасынын оператору өз ишин бир гана төлөм уюмунун иши менен айкалыштыра алат. 

Төлөм уюму өз ишин бир гана төлөм системасынын операторунун иши менен айкалыштыра алат. 

Төлөм системасынын оператору/төлөм уюму лицензияда көрсөтүлгөн иштин түрүн гана жүзөгө ашырууга, ошондой эле консультациялык/маалыматтык кызматтарды көрсөтүүгө жана анын негизги иши менен коштолгон же негизги ишин камсыз кылуу үчүн зарыл болгон башка ишти жүзөгө ашырууга укуктуу

Төлөм уюму төлөм системасынын операторунун лицензиясына ээ болгон шартта, ушул Жободо жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптарды аткаруу менен кошумча иш катары банктык төлөм карттарынын эквайринги боюнча кызматтарды сунуштоого укуктуу.»; 

8-пунктунун үчүнчү сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Уставдык капиталдын талап кылынган минималдуу өлчөмүнүн көлөмүндө уставдык капиталды түзүү максатында салынган акча каражаттарын Улуттук банк тарабынан лицензия берүү/берүүдөн баш тартуу чечими кабыл алынганга чейин пайдаланууга тыюу салынат»; 

- төмөнкү мазмундагы 12-1-пункт менен толукталсын:  

«12-1. POS-терминалдарды орнотуу менен төлөм карттарын колдонуу аркылуу жергиликтүү соода-тейлөө ишканаларынын пайдасына эквайринг кызматтарын көрсөтүү үчүн төлөм уюму кеминде 20 000 000 (жыйырма миллион) сом өлчөмүндө уставдык капиталга ээ болууга тийиш. 

Төлөм уюмунун уставдык капиталы POS-терминалдарды орнотуу жолу менен төлөм карттарынын эквайрингин жүзөгө ашырууда, төмөнкүлөрдөн төлөмдөрдү кабыл алуу учурунда, жалпысынан 30 000 000 (отуз миллион) сомдон кем болбоого тийиш: 

- төлөөчүлөрдөн салыктарды, жыйымдарды жана төлөмдөрдү төлөөнү тескөөгө алган мамлекеттик органдар же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен тике келишимдер болгон учурда, бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Улуттук банктагы Бирдиктүү казына эсебине чегерилүүгө тийиш болгон салыктарды, жыйымдарды жана төлөмдөрдү төлөө боюнча; 

- төлөмдөрдү үчүнчү жактардын товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулардын резидент эместердин пайдасына - ушул сунуштоочулар менен келишимдер түзүлгөн/техникалык платформалар интеграцияланган/чек ара аркылуу өтүүчү төлөмдөр боюнча өз ара финансылык эсептешүүлөр жүргүзүлгөн учурда.»;  

- 13-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«13. Эгерде төлөм системасынын операторунун төлөм системасы Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15-июлундагы № 38/4 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөлдүк (оверсайт) боюнча саясатында белгиленген маанилүүлүк критерийлерине ылайык, системалуу мааниге ээ/маанилүү төлөм системасы катары же төлөм уюму/төлөм системасынын оператору 12 (он эки) жана андан ашык айдын жыйынтыгы боюнча орчундуу кызмат көрсөтүүлөр провайдери катары таанылса, анда уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү төлөм системасынын маанилүүлүк деңгээлине жараша төмөнкү өлчөмдөрдө белгиленет:  

1) кеминде 200000000 (эки жүз миллион) сом, эгерде төлөм системасы системалуу мааниге ээ катары таанылса;  

2) кеминде 30000000 (отуз миллион) сом, эгерде төлөм системасы маанилүү болуп таанылса;  

3) кеминде 20000000 (жыйырма миллион) сом, эгерде төлөм уюму жана/же төлөм системасынын оператору орчундуу кызмат көрсөтүүлөр провайдери катары таанылса. 

Төлөм уюму же төлөм системасынын оператору Улуттук банктын Төлөм системасы боюнча комитетинин чечими тууралуу лицензиатка билдирилген күндөн тартып 6 (алты) ай ичинде Жобонун ушул пунктунда көрсөтүлгөн өлчөмдө уставдык капиталды көбөйтүү тууралуу чечим кабыл алууга жана банкка акча каражаттарын салууга тийиш. Акча каражаттары белгиленген мөөнөттө салынбаган учурда Улуттук банк тиешелүү ченемдик укуктук актыларга ылайык таасир этүү чараларын колдонот. 

Ушул пунктта уставдык капиталдын өлчөмүнө карата талаптар ушул Жобонун 12-1-пунктунда белгиленген уставдык капиталдын өлчөмүнө карата талаптарды эске албастан, төлөм уюмдары/төлөм системасынын операторлору тарабынан сакталууга тийиш.»

- 23-пунктта 15 «(он беш) жумуш күнү» деген сөздөр «30 (отуз) календардык күндөр» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

- 47-пункттун 10-абзацы «байланыш кызматтары» деген сөздөрдөн кийин «ошондой эле маалымат коопсуздугун камсыз кылууга катышкан мамлекеттик органдар» деген сөздөр менен толукталсын. 

 

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 2019-П-14/50-2-(ПС) токтому менен бекитилген «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин жөнгө салуу» жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин жөнгө салуу» жөнүндө жобонун: 

- 6-пункту: 

төмөнкү мазмундагы он сегизинчи абзац менен толукталсын: 

«Төлөм QR-коду боюнча төлөө эки өлчөмдүү штрих код белгилерин (QR-код) окуу аркылуу банктын/төлөм системасынын мобилдик тиркемесин же болбосо башка жабдууларды колдонуу менен товарлар же кызмат көрсөтүүлөр үчүн накталай эмес төлөө.»;  

төмөнкү мазмундагы он тогузунчу абзац менен толукталсын: 

«Эквайринг соода-тейлөө ишканалары менен тиешелүү төлөм системаларынын эрежелерине ылайык товарлар жана кызматтар үчүн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү кабыл алуу жана жүргүзүү жөнүндө келишимдердин негизинде банктык төлөм карттарын жана башка төлөм инструменттерин/технологияларын пайдалануу менен төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча аралыкта орнотулган жабдуулар тармагына ээлик кылууга жана тейлөөгө байланышкан иш.»; 

төмөнкү мазмундагы жыйырманчы абзац менен толукталсын: 

«Эсептөөлөрдү жүргүзүү үчүн колдонулган инструменттерге жараша, эквайринг төмөнкү негизги түрлөрдү камтыйт:  

Соода эквайринги түзүлгөн келишимдин негизинде, ар кандай төлөм инструменттерин колдонуу менен накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн POS-терминалдарды жана башка аралыкта жайгаштырылуучу жабдууларды орнотуу боюнча соода-тейлөө ишканасына эквайер тарабынан сунушталуучу кызмат. 

Интернет-эквайринг төлөм маалыматын өткөрүп берүүнү камсыз кылган жана анын купуялуулугун сактаган атайын веб-интерфейс аркылуу соода платформаларында жана интернет-дүкөндөрүндө сатылуучу товарлар жана кызматтар көрсөтүүлөр үчүн банктык төлөм карттарын жана электрондук акчаны колдонуу менен накталай эмес эсептешүүлөрдү кабыл алуу боюнча эквайер тарабынан сунушталуучу кызмат. 

Мобилдик эквайринг мобилдик телефон же планшетти колдонуу менен мобилдик тиркеме жана атайын мобилдик POS-терминал (mPOS-терминал) аркылуу төлөм карттарын пайдалануу менен накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча эквайер тарабынан сунушталуучу кызмат.»;  

- төмөнкү мазмундагы 8-глава менен толукталсын: 

«8-глава. Эквайринг ишин жүзөгө ашыруучу төлөм уюмуна карата талаптар 

101. Бул главада товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулардын (соода-тейлөө ишканалары, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулар ж.б.) пайдасына аралыкта орнотулган жабдуулар аркылуу накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча кызматтарды (мындан ары эквайринг/эквайринг иш-аракеттери/эквайринг кызматтары) сунуштаган төлөм уюмдарына карата талаптар жана аны сунуштоо тартиби аныкталат. Төлөөчүлөр төлөм карттарын жана байланышсыз төлөм технологиясы менен системаларды пайдалануу менен аралыктан орнотулган жабдуулар аркылуу сунуштоочулардын пайдасына товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү жүргүзүшөт. 

102. Төлөм уюму төлөм системасынын операторунун лицензиясы жана эквайринг ишин жүзөгө ашырууга Улуттук банктын тиешелүү уруксаты болгон учурда, ошондой эле ушул Жободо жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, анын ичинде террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндө белгиленген талаптарды сактоо менен гана эквайринг ишин жүргүзүүгө укуктуу.  

103. Төлөм уюму эквайринг кызматын сунуштоо үчүн төлөм системаларынын талаптарына ылайык өзүнүн аралыкта орнотулган жабдуулар тармагын орнотууга жана төмөнкү операциялардын жүргүзүлүшүн камсыз кылууга укуктуу: 

- POS-терминалдар, виртуалдык POS-терминалдар аркылуу товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу; 

- QR-коддорун колдонуу менен товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу; 

- банктык эсептерди толуктоо, акча каражаттарын которуу. 

Төлөм уюмуна эквайрингди сунуштоо алкагында накталай акча каражаттарын берүүгө тыюу салынат. 

104. Эквайрингди жүзөгө ашыруу үчүн төлөм уюму Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 2-сентябрындагы № 2019-П-14/46-1-(ПС) токтому менен бекитилген «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин лицензиялоо жөнүндө» жободо белгиленген уставдык капитал боюнча талаптарды сактоого тийиш.  

105. Төлөм уюму эквайринг кызматын сунуштоо боюнча ушул Жобонун жана Улуттук банктын башка ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык келген ички ченемдик документтерге ээ болууга тийиш. 

106. Төлөм уюму эквайрингди жүзөгө ашыруу үчүн ушул Жобонун 3-тиркемесине ылайык белгиленген формада эквайринг ишин жүргүзүү ниети жөнүндө арызын Улуттук банкка жөнөтүүгө, ага уставдык капиталдын өлчөмүнүн Улуттук банктын талаптарына шайкештигин ырастаган документтерди жана соода-тейлөө ишканасы менен түзүлгөн типтүү келишимди тиркөөгө тийиш. 

107. Улуттук банк документтерди жана төлөм уюмунун аппараттык-программалык комплексинин ишин алдын ала текшерет, ал эми төлөм уюмунун документтери ушул Жободо белгиленген талаптарга ылайык келген учурда тиешелүү кат жөнөтөт жана аны өз атынан банктык карттар эквайрингин сунуштоочу төлөм уюмдарынын реестрине киргизет.  

Документтерди кароо жана алдын ала текшерүү мөөнөтү 15 (он беш) календардык күндү түзөт. 

Эгерде жөнөтүлгөн документтерде дал келбестиктер аныкталса, Улуттук банк аларды жеткире иштеп чыгуу жөнүндө кат жөнөтөт. 

108. Төлөм уюму Улуттук банктан кат жүзүндөгү билдирүүнү алган күндөн тартып 15 (он беш) жумуш күнү ичинде кошумча документтерди берүүгө милдеттүү. Документтер электрондук почта аркылуу жөнөтүлүшү мүмкүн, андан кийин түп нускасы/нускалары берилет. Мында арызды жана документтерди кароо мөөнөтүн кайра эсептөө ушул Жобонун талаптарын канааттандырган кошумча документтер (электрондук/кагаз жүзүндө) келип түшкөн күндөн тартып кайра башталат. 

109. Эгерде документтер Жобонун талаптарына шайкеш келбесе, же 3төн (үчтөн) көп жолу толук эмес, же болбосо белгиленген мөөнөттөрдү бузуу менен берилсе, Улуттук банк документтерди кароодон баш тартат жана бул жөнүндө кат жүзүндө билдирүү жөнөтөт.  

110. Банктык карттар эквайрингин жүзөгө ашыруу үчүн арызды жана документтерди аларды кароодон расмий баш тартылган күндөн тартып 6 (алты) ай өткөндөн кийин же ушул Жобонун 109-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөн күндөн тартып (мөөнөт бузулган учурда) кайра берүүгө жол берилет.  

Банктык карттар эквайрингин жүзөгө ашыруу үчүн арызды жана документтерди Улуттук банк тарабынан документтерди алгачкы кароодо көрсөтүлгөн кемчиликтер жана сын-пикирлер четтетилген учурда гана кайра берүүгө жол берилет. Эгерде документтерди алгачкы кароодо Улуттук банк тарабынан көрсөтүлгөн сын-пикирлер четтетилбесе, Улуттук банк алар келип түшкөн күндөн тартып 15 (он беш) календарлык күн ичинде жеткире иштеп чыгууга жөнөтпөстөн, кароодон баш тартууга укуктуу.  

111. Төлөм уюму төлөм карттарын кабыл алуу боюнча эквайрингди жүзөгө ашыруу үчүн карттарды пайдалануу менен тиешелүү төлөм системасы жана анын оператору менен системага катышуу жөнүндө келишим түзүүгө жана бул системанын карттарын пайдалануу менен төлөмдөрдү кабыл алууга уруксат (лицензия, сертификат) алууга тийиш. 

112. Эквайрингди сунуштоо токтотулган учурда да, төлөм уюму эквайрингди сунуштоо иш жүзүндө токтотулганга чейин кеминде бир ай мурда Улуттук банкка белгиленген формада билдирүүгө жана соода-тейлөө ишканасы менен акыркы өз ара эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө милдеттүү

113. Төлөм уюму соода-тейлөө ишканасы менен келишим түзүүдөн мурда соода-тейлөө ишканасынын көрсөтүлгөн ишин жана анын келишимде көрсөтүлгөн сайтын текшерүүгө милдеттүү. Бул шарттар төлөм уюмунун ички документтеринде жөнгө салынууга тийиш. 

114. Төлөм уюму бардык аралыкта орнотулган жабдууларда улуттук төлөм картын өз тармагында кабыл алууну жана тейлөөнү өз каражаттарынын эсебинен камсыз кылууга милдеттүү. Төлөм уюмдары менен соода-тейлөө ишканаларынын ортосундагы кайсы болбосун келишимдик мамилелер башка төлөм уюмдарынын улуттук төлөм карттарын тейлөөсүнө тоскоолдуктарды же чектөөлөрдү жаратпашы зарыл. 

115. Төлөм карттарын пайдалануу менен төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн төлөм уюму тарабынан сатып алынган бардык аралыкта орнотулган жабдуулар аларды өз ара тейлөө үчүн карттардын ар кандай түрлөрүнүн өз ара иштешүүсүн камсыз кылууга жана төлөм системаларынын техникалык стандарттарына ылайык келүүгө тийиш. 

116. Төлөм уюму аралыкта орнотулган жабдууларга төмөнкү маалыматтарды жайгаштырууга тийиш: 

- төлөм уюмунун аталышы; 

- карттары тейлөөгө кабыл алынган төлөм системасынын аталышы; 

- түз байланыш үчүн телефон номери; 

- кардар үчүн зарыл болгон башка маалыматтар. 

117. Соода-тейлөө ишканалары үчүн интернет-эквайринг кызматын сунуштоодо төлөм уюму сайттын же сайттардын соода-тейлөө ишканасына укуктук жактан таандык экендигин текшерүүгө тийиш. 

118. Мобилдик эквайрингге мүмкүндүк берүүчү жана портативдик жабдууларга киргизилген программалык камсыздоо төлөмдөрдүн ишенимдүүлүгүн жана коопсуздугун камсыз кылууга жана аралыкта орнотулган жабдуулар менен камсыз кылынууга тийиш. 

119. Соода-тейлөө ишканасына аралыкта жайгаштырылуучу жабдууларды орнотуу үчүн төлөм уюму соода-тейлөө ишканасы менен POS-терминалдарды колдонуу менен жүргүзүлгөн төлөмдөрдү кабыл алуу жана тейлөө укугу үчүн келишим түзүүгө тийиш.  

Төлөм уюму менен соода-тейлөө ишканасынын ортосундагы келишим төмөндөгүлөрдү камтууга тийиш: 

- соода-тейлөө ишканасынын аталышы жана анын юридикалык дареги; 

- соода-тейлөө ишканасынын жана төлөм уюмунун карттарды кабыл алуу жана тейлөө боюнча укуктары жана милдеттери; 

- соода-тейлөө ишканалары тарабынан милдеттүү түрдө тейлөөгө алынуучу карттардын түрү

- соода-тейлөө ишканасынын карт же QR-кодду колдонуу аркылуу төлөө учурунда, товарга/кызмат көрсөтүүлөргө кошумча комиссиялык төлөм же жогору баа (үстөк баа) белгилөөсүнө тыюу салуу; 

- комиссиялык төлөмдүн өлчөмү

- POS-терминалды колдонууда соода-тейлөө ишканасы тарабынан коопсуздук эрежелеринин сакталышы боюнча негизги талаптар; 

- соода-тейлөө ишканасынын ишинин түрү жана келишимде көрсөтүлгөн ишти жүргүзүү боюнча милдеттенмелери. Эгерде соода-тейлөө ишканасынын иши лицензияланууга тийиш болсо, төлөм уюму соода-тейлөө ишканасынын иштин ушул түрүн жүргүзүүгө колдонулуучу лицензиясын талап кылууга тийиш; 

- соода-тейлөө ишканасы тарабынан террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдардын сакталышы жөнүндө талаптар, эгерде соода-тейлөө ишканасы финансылык мекеме болуп саналса же Кыргыз Республикасынын террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык финансылык эмес категориядагы жактарга кирсе; 

- мыйзамдарда тыюу салынган операциялар үчүн төлөмдөрдү өткөрүүгө тыюу салуу жөнүндө талаптар; 

- соода-тейлөө ишканасы картаны төлөө каражаты катары кабыл алуу учурунда коопсуздукту сактоосу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негизги талаптар (авторизациялоо, карта ээсин идентификациялоо, карт ээсинин транзакцияны ишке ашырууда PIN-кодду милдеттүү түрдө пайдалануусу же 3D Secure функционалын колдоо (эгерде тиешелүү төлөм системасынын эрежелеринде башкасы каралбаса), лимиттер жана башка талаптар);  

- Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 11-декабрындагы № 2019-П-14/62-5-(ПС) токтому менен бекитилген Эки өлчөмдүү штрих-код символдорун (QR-код) пайдалануу менен төлөмдөрдү жана которууларды жүргүзүү эрежелеринде белгиленген QR-коддорун пайдалануу менен төлөмдөрдү жана которууларды жүргүзүүдө коопсуздуктун минималдуу талаптары; 

- тиешелүү система тарабынан четке кагылган операциялар боюнча суммаларды кайтарып берүү тартиби (chargeback); 

- карттарды же QR-коддорду колдонуу менен накталай эмес түрдө сатып алынган товарларды кайтарып берүүдө, анын наркынын ордун жабуу жол-жобосу; 

- соода-тейлөө ишканаларында карттарды тейлөө сапатына, сунушталган кызмат көрсөтүүлөрдүн деңгээлине, терминалдарды күтүү шарттарына жана алардын иштешине, чектердин сакталышына келишим чегинде текшерүүлөрдү жүргүзүү тартиби;  

- уурдалган/жоголгон карттар менен ишке ашырылган операциялар аныкталган же соода-тейлөө ишканасынын санкциясыз транзакцияларды жүргүзгөндүгү катталган учурда карт ээси менен өз ара иш алып баруу тартиби;  

- санкциясыз операциялар жүргүзүлгөн, коопсуздук жол-жоболору же келишимдин башка шарттарын бузууга жол берилген учурда тараптар ортосунда жоопкерчиликтерди бөлүштүрүү жана ар бир катышуучуга белгиленүүчү айыптык санкциялар;  

- талаш маселелерди кароо тартиби;  

- келишимди токтотуу тартиби;  

- төлөмдөрдү «Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттары жөнүндө» жобонун талаптарына ылайык жүргүзүүдө коопсуздукту камсыз кылуу эрежелери боюнча талап.  

Келишимде башка кошумча шарттар каралышы мүмкүн. Тиешелүү системанын карттарын тейлөө жана кабыл алуу эрежелери келишимге киргизилиши мүмкүн же болбосо алар кошумча тиркелет. 

120. Интернет-эквайринг кызматын көрсөтүү үчүн төлөм уюму менен соода-тейлөө ишканасынын ортосунда түзүлгөн келишимде ушул Жобонун 119-пунктунда каралган шарттар, ошондой эле төмөнкү шарттар камтылууга тийиш: 

- соода-тейлөө ишканасынын сайтынын же сайттарынын төлөм уюмунун талаптарына, ошондой эле 3D-Secure коопсуздук технологиясын колдоо боюнча талаптарга шайкештиги; 

- соода-тейлөө ишканасынын сайтында же сайттарында карт ээлеринин авторизациясына карата талаптардын болушу. 

121. Соода-тейлөө ишканасы менен түзүлгөн келишимде төлөм уюму бир операциянын суммасына лимиттерди белгилөөгө тийиш, андан ашкан суммага соода-тейлөө ишканасы карт ээсинин ырастоочу документин (паспорт же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык инсандыгын тастыктоочу башка документтерди) талап кылууга милдеттүү. Инсандыгын тастыктаган документ жөнүндө маалыматтар чекте камтылууга тийиш. 

Төлөм уюму соода-тейлөө ишканасы менен түзүлгөн келишимде нускоону (эрежелерди) камтууга тийиш, анда карттар тууралуу маалымат, карт ээлеринин шектүү аракеттеринин белгилери жана/же тизмеси жана төлөм системасынан тиешелүү билдирүүнү алган учурда соода-тейлөө ишканасы тарабынан көрүлүүгө тийиш болгон зарыл чаралар көрсөтүлүүсү зарыл. Мында төлөм уюму керектөөчүлөрдүн укугун коргоо маселелерин жөнгө салуучу мыйзамдарга, ошондой эле төлөм системасынын операторлорунун төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылууга байланышкан башка ченемдик укуктук актыларына жана сунуш-көрсөтмөлөрүнө таянууга тийиш. 

122. Төлөм уюму соода-тейлөө ишканаларынын ыйгарым укуктуу кызматкерлерин тиешелүү системада белгиленген бардык коопсуздук жол-жоболоруна ылайык карттарды кабыл алуу жана тейлөө, жасалма карттарды таануу же мүмкүн болуучу алдамчылык учурларын таануу эрежелери боюнча окутууну камсыз кылууга тийиш. Карттарды тейлөөнүн коопсуздугу боюнча жол-жоболорду соода-тейлөө ишканаларынын аралыкта орнотулган жабдууларда төлөм карттарын кабыл алган жана тейлеген ыйгарым укуктуу кызматкерлерин кошпогондо, үчүнчү жактарга ачыкка чыгарууга жол берилбейт. 

123. Соода-тейлөө ишканасы төлөм уюму, тиешелүү система тарабынан жана ушул Жободо белгиленген талаптарды жана стандарттарды сактоо шарттарында төлөөлөрдү кабыл алуу үчүн өзүнүн POS-терминалын же башка жабдууларды орното алат. Системада POS-терминал төлөм уюмунун жабдуусу катары аныкталат. 

124. Интернет-эквайринг кызматын сунуштоодо, төлөм уюму келишим түзгөн соода-тейлөө ишканасынын сайтына бир Merchant Category Code (мындан ары MCC) коду менен 1 (бир) гана виртуалдык POS-терминалды орнотууга укуктуу. Эгерде соода-тейлөө ишканасында иштин бир нече түрү болсо, анда МСС иштин негизги түрү боюнча ыйгарылат. 

Эгерде виртуалдык POS-терминал соода-тейлөө ишканасы тарабынан белгиленген МСС ылайык колдонулбаса, төлөм уюму соода-тейлөө ишканасы үчүн эквайринг кызматын сунуштоону жана келишимди токтотууга укуктуу. 

125. Төлөм уюму системанын регламентинде жана иштөө тартибинде жана келишимде белгиленген мөөнөттөргө ылайык жана процессингдин натыйжалары боюнча бардык карт ээлери боюнча эмитенттерден алынган акча каражаттарын чегерүү аркылуу соода-тейлөө ишканаларынын пайдасына карттарды пайдалануу менен жүзөгө ашырылган операциялар боюнча суммалардын ордун толтурат.  

Акыркы өз ара эсептешүүлөр жана эквайринг кызмат көрсөтүүлөрү боюнча милдеттенмелерди эсепке алуу (кабыл алынган төлөмдөрдүн ордун толтуруу) эквайринг кызматтарын көрсөтүү жөнүндө келишимде белгиленген тартипте, төлөм уюмунун эсептешүү банкында ачылган банктык эсептери жана соода-тейлөө ишканасынын тиешелүү банктык эсептери аркылуу же электрондук капчыктар аркылуу жүргүзүлөт. 

126. Төлөм уюму мезгил-мезгили менен, кеминде 1 жылда бир жолу соода-тейлөө ишканасынын келишимде көрсөтүлгөн иш-аракеттерге шайкештигин текшерүүгө милдеттүү. Эгерде иши көрсөтүлгөн иштерге дал келбегендиги аныкталса же соода-тейлөө ишканасы террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча мыйзамдарды бузууга байланышкан операцияларды же мыйзам тарабынан тыюу салынган операцияларды жүзөгө ашырып жаткандыгына шектенүү пайда болсо, төлөм уюму соода-тейлөө ишканалары үчүн эквайринг кызматтарын сунуштоону жана келишимди бир тараптуу негизде токтотууга укуктуу. Мында төлөм уюму соода-тейлөө ишканасы менен түзүлгөн келишимге ылайык, соода-тейлөө ишканасынын жана төлөм уюмунун эмитент банк алдында башка карызы жок болгон шартта гана, акыркы өз ара эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө тийиш. 

127. Төлөм уюму аралыкта орнотулган жабдуулар жөнүндө маалыматты ушул Жобонун 1-тиркемесинин 8-формасына ылайык отчеттук айдан кийинки айдын 10унан кечиктирбестен Улуттук банкка берүүгө милдеттүү

128. Эквайринг боюнча кызмат көрсөтүүчү төлөм уюму тиешелүү системанын регламентинде жана иштөө тартибинде белгиленген параметрлерге ылайык карттарды пайдалануу менен жүргүзүлгөн операцияларга мониторинг жүргүзүүгө, ошондой эле ката жана уруксатсыз операцияларды токтотуу жана/же алдын алуу боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү. Төлөм уюмдары белгиленген келишимдик мамилелерге ылайык бул функцияларды башка процессинг борборуна өткөрүп берүүгө укуктуу.»; 

- төмөнкү мазмундагы 3-тиркеме менен толукталсын: 

 

«Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин жөнгө салуу жөнүндө» жобого 3-тиркеме 

 

 

Арыз 

 

Ушул аркылуу _________________________________________________ 

өлөм уюмунун толук аталышы) 

соода-тейлөө ишканасы үчүн POS-терминалдарды орнотуу аркылуу төлөм карттарынын эквайринги боюнча эквайринг кызматтарын сунуштоого уруксат берүүнү жана эквайринг кызматтарын сунуштоочу төлөм уюмдарынын реестрине киргизүүнү өтүнөт.  

Башкарманын төрагасы/жетекчи (кол тамгасы, мөөрү

Кол тамганын чечмелениши.»; 

- Ушул Жобого карата тиркеме төмөнкү мазмундагы отчеттун 8-формасы менен толукталсын: 

 

«Аралыкта орнотулган жабдуулардын реестри жөнүндө 

ОТЧЕТ  

Төлөм уюмунун аталышы: _________________________________________  

Төлөм уюмунун СИН: _____________________________________________  

Төлөм уюмунун ОКПО: ____________________________________________  

20__-жылдын «___» __________ карата абал боюнча  

  

№ 

Аралыкта орнотулган жабдуунун түрү 

Аралыкта орнотулган жабдуунун ID 

Аралыкта орнотулган жабдуулардын жайгашкан орду 

Аралыкта орнотулган жабдуулар менен тейленген төлөм системасынын аталышы 

Пайдалануу мезгил аралыгы 

Жайгашкан орду 

Областы 

Району 

Айыл аймагы 

Шаар/шаар тибиндеги кыштак/айыл 

Көчөсү 

10 

11 

   

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

Башкарманын төрагасы (кол тамгасы, мөөрү)  

  

Кол тамгасынын чечмелениши  

 

 Аралыкта орнотулган жабдуулардын реестри боюнча отчет толтуруу 

ЭРЕЖЕЛЕРИ  

1. Аралыкта орнотулган жабдуулар реестринде алардын так жайгашкан ордун жана ошол жабдуу тууралуу кыскача маалыматты көрсөтүү менен төлөм картасы аркылуу, ошондой эле төлөм картасын пайдалануусуз (төлөм терминалдарын) кардардын банктык эсебинен аралыктан пайдалануусун камсыз кылган аралыкта орнотулган жабдуулар жөнүндө маалымат чагылдырылат.  

2. «Аралыкта орнотулган жабдуунун түрү» деген 2-тилкеде жабдуунун түрү көрсөтүлөт: POS-терминал-соода-тейлөө ишканалары, cash-in-терминал, виртуалдуу POS-терминал, mPOS жана башка аралыкта орнотулган жабдуу.  

3. «Аралыкта орнотулган жабдуунун ID» деген 3-тилкеде төлөм уюмдарынын катталган номерлерине ылайык, жабдуулардын идентификациялык номерлери көрсөтүлөт.  

4. «Жайгашкан орду» деген 4-тилкеде жабдуу жайгашкан жердин аталышы көрсөтүлөт (соода-тейлөө ишканалары, уюм, ж.б.). Виртуалдуу POS-терминалдар (V-POS) үчүн веб-дареги көрсөтүлөт.  

5. «Областы» деген 5-тилкеде Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин «Административдик аймактык бирдиктер классификатору СОАТЕ» деп аталган маалымдамасына ылайык областтын аталышы көрсөтүлөт.  

6. «Району» деген 6-тилкеде Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин «Административдик аймактык бирдиктер классификатору СОАТЕ» деп аталган маалымдамасына ылайык Кыргыз Республикасынын районунун аталышы көрсөтүлөт.  

7. «Айыл аймагы» деген 7-тилкеде Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин «Административдик аймактык бирдиктер классификатору СОАТЕ» деп аталган маалымдамасына ылайык райондун айыл аймагынын аталышы көрсөтүлөт.  

8. «Шаар/шаар тибиндеги кыштак/айыл» деген 8-тилкеде Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин «Административдик аймактык бирдиктер классификатору СОАТЕ» деп аталган маалымдамасына ылайык шаардын, райондук борборлордун, шаар тибиндеги кыштактын, айылдын аталышы көрсөтүлөт.  

9. «Көчөсү» деген 9-тилкеде көчөнүн аталышы көрсөтүлөт. Эгерде аралыкта орнотулган жабдуулар белгилүү бир дареги жок жерлерде орнотулса (көчөнүн аталышы, №), «Жайгашкан орду» деген 4-тилкеде кеңири маалымат, б.а. уюмдун, анын түзүмдүк бөлүмүнүн, ж.б. аталышы көрсөтүлөт.  

10. «Аралыкта орнотулган жабдуулар менен тейленген төлөм системаларынын аталышы» деген 10-тилкеде ошол жабдуу аркылуу тейленген төлөм системасынын аталышы көрсөтүлөт (Элкарт, VISA, MasterCard, UnionPay, ж.б.).  

11. «Колдонуу мезгил аралыгы» деген 12-тилкеде ошол жабдууну колдонуу убактысы/мезгили көрсөтүлөт.  

Отчетко киргизилген өзгөртүүлөр (банктык жабдууну орнотуу/алып салуу жана ордун которуу) боюнча маалымат чагылдырылган коштомо кат тиркелүүгө тийиш.  

Отчеттор/билдирүүлөр Улуттук банк тарабынан белгиленген формада жана мөөнөттө сунушталууга тийиш. Төлөм уюму ушул Жобонун бардык шарттарынын жана талаптарынын так сакталышы, ошондой эле өз учурунда жана так маалыматтын сунушталышы үчүн жоопкерчиликтүү болуп саналат.». 

 

4. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2023-жылдын 31-мартындагы № 2023-П-14/21-1-(ПС) «Төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын маалымат коопсуздугун камсыз кылуу боюнча талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын маалымат коопсуздугун камсыз кылуу боюнча талаптар жөнүндө» жобо төмөнкү редакциядагы «Банктык төлөм карттарын тейлөө процессине карата талаптар» деген 5-1-глава менен толукталсын: 

«5-1-глава. Төлөм карттарын тейлөө процессине карата талаптар  

«40-1. Төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары төлөм карттарын (мындан ары карттар) тейлөөдө ушул Жобонун талаптарынын аткарылышын камсыз кылууга тийиш. 

40.2. Төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары же алардын процессинг борбору төлөм карттарын тейлөөдө, тиешелүү төлөм системасынын PCI DSS стандартынын коопсуздук талаптары боюнча колдонуудагы шайкештик сертификатына ээ болууга жана ага жараша, PCI DSS коопсуздук талаптарын аткарууга тийиш.».