Кыргыз Республикасынын
Улуттук банк Башкармасынын
2024-жылдын 15-майындагы
№ 2024-П-12/22-1-(НПА)
Токтому
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын
айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) киргизилсин:
- 2004-жылдын 29-декабрындагы № 36/13 «Кыргыз Республикасынын аймагындагы коммерциялык банктардын ачык валюта позицияларынын жана баалуу металлдар боюнча ачык позицияларынын лимиттерин сактоонун тартиби жөнүндө» Нускоону бекитүү тууралуу»;
- 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-12/23-5-(НПА) «Банктарды жоюу жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»;
- 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-4-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктарга карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобо тууралуу»;
- 2018-жылдын 20-июнундагы № 2018-П-12/24-2-(НПА) «Банктык көзөмөлдүктү жүзөгө ашыруу жөнүндө нускоону» бекитүү тууралуу».
2. Токтом расмий жарыялангандан 15 (он беш) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
3. Юридика башкармалыгы:
- тиешелүү документтерди алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтына жарыяласын;
- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
4. Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгы расмий жарыялангандан кийин 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин, коммерциялык банктарды, «Микрофинансы уюмдарынын ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин, «Кредиттик союздардын каржы компаниясы» ачык акционердик коомун, депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компанияларды, Улуттук банктын бардык түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.
5. Токтомдун аткарылышын контролдоо Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.
Төраганын милдетин аткаруучу   К. Куленбеков
Кыргыз Республикасынын
Улуттук банк Башкармасынын
2024-жылдын 15-майындагы
№ 2024-П-12/22-1-(НПА)
токтомуна карата тиркеме
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 29-декабрындагы № 36/13 «Кыргыз Республикасынын аймагындагы коммерциялык банктардын ачык валюта позицияларынын жана баалуу металлдар боюнча ачык позицияларынын лимиттерин сактоонун тартиби жөнүндө» Нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын аймагындагы коммерциялык банктардын ачык валюта позицияларынын жана баалуу металлдар боюнча ачык позицияларынын лимиттерин сактоонун тартиби жөнүндө» Нускоо:
- төмөнкү мазмундагы 5.1-1-пункт менен толукталсын:
«5.1-1. Банк ачык позиция лимиттерин бузуу фактысы жана айыптык төлөмдүн өлчөмү боюнча макулдук кат берген учурда, Улуттук банктын төрагасынын көзөмөл блогун тескөөгө алган орун басары/Башкарманын мүчөсү айыптык төлөм салуу жөнүндө токтом чыгарат.
Башка учурларда, банк ачык позиция лимиттерин бузгандыгы, ошондой эле айыптык төлөм өндүрүү түрүндө таасир этүү чарасын колдонуу жөнүндө маселе белгиленген тартипте кароого алынат.».
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-12/23-5-(НПА) «Банктарды жоюу жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Банктарды жоюу жөнүндө» жобонун:
- 19-пунктунун үчүнчү абазцындагы «3 (үч)» деген сан менен сөз «2 (эки)» дегенге алмаштырылсын;
- төмөнкү мазмундагы 43-1-пункт менен толукталсын:
«43-1. Чет өлкө банкынын филиалы ыктыярдуу жоюлган учурда, ушул Жобого жана банк мыйзамдарына ылайык банктын акционерлеринин жалпы жыйынынын компетенциясына кирген маселелер Кыргыз Республикасынын аймагында филиал түзгөн, уюштуруу документтерине ылайык чет өлкө банкынын филиалдарын өлкө чегинен тышкары ачуу/жабуу маселелерин кароого ыйгарым укуктуу чет өлкө банкынын башкаруу органы тарабынан каралат жана бекитилет.»;
- төмөнкү мазмундагы 47-1-пункт менен толукталсын:
«47-1. Улуттук банк лицензияны кайтарып алуу жана банк өз эрки менен жоюлуу жөнүндө чечим кабыл алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде жоюучу мыйзамдарда белгиленген тартипте бул тууралуу юридикалык жактарды каттоо боюнча мамлекеттик органга жазуу жүзүндө билдирет.»;
- 54-пункту төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
«Сот тарабынан банкты мажбурлап жоюу жол-жобосун баштоо жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде жоюучу мыйзамдарда белгиленген тартипте бул тууралуу юридикалык жактарды каттоо боюнча мамлекеттик органга жазуу жүзүндө билдирет.»;
- төмөнкү мазмундагы 78-1-пункт менен толукталсын:
«78-1. Банктын бардык кредиторлорунун талаптары канааттандырылгандан кийин жоюлуучу массанын калдыгы банк менен банктын акционери ортосундагы айкын милдеттенмелерди эске алуу менен акционердин банктын капиталында катышуу үлүшүнө жараша акционерлер ортосунда бөлүштүрүлүүгө тийиш.
Чет өлкө банкынын филиалын жоюуда бардык кредиторлордун талаптары канааттандырылгандан кийин калган акча каражаттары аны түзгөн чет өлкө банкынын эсебине ушул Жобонун талаптарына ылайык которулат.
Активдердин бөлүштүрүү жол-жобосу жоюучу сотко (мажбурлап жоюуда) жана Улуттук банкка (ыктыярдуу жоюлган учурда) банкты жоюу жол-жобосу аяктагандыгы маселеси менен кайрылганга чейин аяктоого тийиш.
Улуттук банктагы милдеттүү эмес байланыштуу депозит катары жайгаштырылган чет өлкө банкынын филиалынын капиталы чет өлкө банкынын филиалынын жоюлуучу массасына киргизилет жана чет өлкө банкынын филиалынын кредиторлорунун талаптарын канааттандырууга жумшалышы мүмкүн.
Акционерге/акционерлерге акча каражаттарын төлөө накталай эмес формада жүргүзүлөт».
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-4-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктарга карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобо тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктарга карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобонун:
- 4-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
«4. Улуттук банк, банк Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын бузуу кемчиликтерин, коркунучтарды/өбөлгөлөрдү четтетүү боюнча ыктыярдуу милдеттенмелерди өзүнө алуу мүмкүнчүлүгүн берүү маселесин караштырууга укуктуу.»;
- 15-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
«15. Милдеттенме кат ишинде ченемдик укуктук актыларды бузуу кемчиликтери жана коркунучтар/өбөлгөлөр орун алган, көзөмөл органынын олуттуу тынчсыздануусун жаратпаган банк тарабынан даярдалат жана берилет. Милдеттенме катта кемчиликтерди четтетүү боюнча банктын директорлор кеңеши жана жетекчилиги тарабынан кабыл алынуучу так чаралар мөөнөттөрдү жана максаттуу көрсөткүчтөрдү белгилөө менен камтылууга тийиш. Зарыл учурда, милдеттенме катта экономикалык ченемдердин жана талаптардын ички маанилерин күчөтүү боюнча чаралар камтылышы мүмкүн. Банк милдеттенме катты берүү менен милдеттенме катта каралган талаптарды аткарууга милдеттенет.
Милдеттенме кат банктын директорлор кеңеши тарабынан бекитилет жана Улуттук банктын ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмүнө берилүүгө тийиш.»;
- 19-пунктунун биринчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин:
«19. Улуттук банктын таасир этүү чаралары Улуттук банк Башкармасынын, Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин, Улуттук банктын төрагасынын көзөмөл блогун тескөөгө алган орун басарынын/Башкарманын мүчөсүнүн токтомдору, Улуттук банктын төрагасынын көзөмөл блогун тескөөгө алган орун басарынын/Башкарманын мүчөсүнүн, Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн начальниктеринин жазма буйруктары жана талаптары формасында колдонулушу мүмкүн.»;
- 24-пункт төмөнкү мазмундагы он экинчи абзац менен толукталсын:
«Улуттук банк Башкармасынын токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын аймагындагы коммерциялык банктар тарабынан ачык валюта позицияларынын жана баалуу металлдар боюнча ачык позицияларынын лимиттерин сактоонун тартиби жөнүндө» Нускоодо каралган учурларда, айыптык төлөм Улуттук банктын төрагасынын көзөмөл блогун тескөөгө алган орун басарынын/Башкарманын мүчөсүнүн токтому менен белгиленет.».
4. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 20-июнундагы № 2018-П-12/24-2-(НПА) «Банктык көзөмөлдүктү жүзөгө ашыруу жөнүндө нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Банктык көзөмөлдүктү жүзөгө ашыруу жөнүндө нускоонун:
- 4-пунктунун үчүнчү абзацындагы тиешелүү жөндөмөдөгү «коммерциялык» деген сөздөр алынып салынсын.