Кыргыз Республикасынын
Улуттук банк Башкармасынын
2024-жылдын 19-июнундагы
№ 2024-П-09/27-6-(БС)
Токтому
Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына
эскилиги жеткен нак чет өлкө валютасын сыртка алып чыгууга
убактылуу уруксат берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 11-мартындагы № 2022-П-09/14-1-(БС) «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына, алмашуу бюролоруна, микрофинансылык жана микрокредиттик компанияларына нак чет өлкө валютасы менен операцияларды жүргүзүүдө убактылуу чектөөлөрдү белгилөө жөнүндө» токтомунун аракети эскилиги жеткен нак АКШ долларын Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары алып чыгуу бөлүгү боюнча коммерциялык банктар үчүн 2024-жылдын 1-октябрына чейин токтотулсун.
2. Коммерциялык банктарга эскилиги жеткен нак АКШ долларын нак/нак эмес АКШ долларына алмаштыруу менен сыртка алып чыгууга уруксат берилсин. Эскилиги жеткен нак АКШ долларын алып чыгуу боюнча операцияларды жүргүзүүдө, контрагент банктын комиссиясынын суммасын эсепке алуусуз, нак/нак эмес АКШ долларынын келип түшүүсү камсыз кылынсын.
3. Коммерциялык банктар эскилиги жеткен нак АКШ долларын алып чыгуу боюнча операцияларды жүргүзүүдө эл аралык санкцияларды колдонуу мүмкүнчүлүгү менен байланышкан тобокелдиктерди четтетүү максатында, Кыргыз Республикасынын террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү (ТИК/ККЛК) чөйрөсүндөгү мыйзам талаптарын сактасын.
4. Коммерциялык банктар эскилиги жеткен нак АКШ долларын Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары алып чыгуу операциясын жүргүзгөндөн кийин 2 (эки) жумуш күнү ичинде Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына аталган операция боюнча маалымат (отчёт) беришсин.
5. Юридика башкармалыгы тиешелүү документтерди алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде:
- ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтына жарыяласын;
- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
6. Токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
7. Банктык көзөмөл башкармалыгы жана Банк эмес уюмдарды көзөмөлдөө башкармалыгы ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен Кыргыз Республикасындагы коммерциялык банктарын, чет өлкө валютасын сатууга жана сатып алууга укуктуу микрофинансылык жана микрокредиттик компанияларын, алмашуу бюролорун, «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин, «Микрофинансы уюмдарынын ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин жана «Альянс» алмашуу бюролорунун ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин тааныштырсын.
8. «Башкарманын катчылыгы» бөлүмү тиешелүү документтерди алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын бардык түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматын тааныштырсын.
9. Токтомдун аткарылышын контролдоо банктык көзөмөл блогун тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.
Төраганын милдети аткаруучу К. Куленбеков