Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2024-жылдын 5-июлундагы  

№ 2024-П-12/28-2-(НПА) 

Токтому 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын  

айрым ченемдик укуктук актыларына күрөөлүк коэффициент, айыптык санкциялардын (үстөк айыптын) өлчөмү жана банктардын капиталынын жетиштүүлүгү  

(шайкештиги) маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө  

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:  

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) киргизилсин: 

- 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/3 «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндөгү» жобону бекитүү жөнүндө»; 

- 2005-жылдын 2-мартындагы № 4/1 «Кыргыз Республикасынын банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан жөнгө салынган коммерциялык банктар жана башка финансы-кредит уюмдары, төлөм системасынын операторлору жана төлөм уюмдары тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтарды монополияга каршы жөнгө салуу, атаандаштыкты өнүктүрүү жана керектөөчүлөрдүн таламдарын коргоо Саясатын жана негизги принциптерин бекитүү тууралуу»; 

- 2005-жылдын 19-мартындагы № 6/2 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитети жөнүндөгү» жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2010-жылдын 30-июнундагы № 52/4 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө»; 

- 2012-жылдын 4-июлундагы № 28/7 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан көзөмөлдөнгөн коммерциялык банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын күрөөгө коюлган мүлк менен иштөө тартибин» бекитүү жөнүндө»; 

- 2012-жылдын 31-октябрындагы № 41/12 «Банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу боюнча нускоону бекитүү тууралуу»; 

- 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-3-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан лицензияланган жана иши ал тарабынан жөнгө салынган банктарда жана банктык эмес финансы-кредит уюмдарында ички контролдук жана ички аудит системаларын жөнгө салуу эрежелерин бекитүү жөнүндө»; 

- 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-9-(НПА) «Кыргыз Республикасынын банктарынын убактылуу администрация режимин киргизүү же жоюу жол-жобосу баштоо учурунда айрым банктык операцияларды жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2018-жылдын 20-июнундагы № 2018-П-12/24-2-(НПА) «Банктык көзөмөлдүктү жүзөгө ашыруу жөнүндө нускоону» бекитүү тууралуу»; 

- 2022-жылдын 18-майындагы № 2022-П-12/31-1-(БС) «Кыргыз Республикасында синдикатталган кредиттөөнү ишке ашыруу тартиби жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»;  

- 2022-жылдын 12-октябрындагы № 2022-П-12/63-1-(НПА) «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын жетиштүүлүгү (шайкештиги) стандарттарын аныктоо боюнча нускоону бекитүү жөнүндө»; 

- 2023-жылдын 26-апрелиндеги № 2023-П-12/27-8-(НПА) «Коммерциялык банктар тарабынан долбоордук каржылоону сунуштоодо кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу». 

 

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготкон катары таанылсын:  

1) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 18-майындагы № 19/6 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алып, иши ал тарабынан жөнгө салынган банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын кардарларга-жеке адамдарга кредиттерди берүүсүнө карата талаптар жөнүндө» токтому; 

2) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 31-октябрындагы № 41/9 «Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 18-майындагы № 19/6 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алып, иши ал тарабынан жөнгө салынган банктардын жашка финансы-кредит мекемелеринин кардарларга-жеке адамдарга кредиттерди берүүсүнө карата талаптар жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун 1-пункту; 

3) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-12-(НПА) «Улуттук банктын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жана айрым ченемдик укуктук актыларын күчүн жоготкон катары таануу жөнүндө» токтомунун: 

- 1-пунктунун 24-пунктчасы;  

- жогоруда аталган токтомго карата тиркеменин 24-пункту. 

 

3. Юридика башкармалыгы: 

- тиешелүү документтерди алгандан кийинки 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтына жарыяласын;  

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн

 

4. Токтом расмий жарыялангандан 15 (он беш) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет

 

5. Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгы расмий жарыялангандан кийинки 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин, коммерциялык банктарды, «Микрофинансылык уюмдардын ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин, «Кредиттик союздардын каржы компаниясы» ААКты, «Кепилдик фонд» ААКты, банк эмес жана адистештирилген финансы-кредит уюмдарын тааныштырсын. 

 

6. «Башкарманын катчылыгы» бөлүмү 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

7. Токтомдун аткарылышын контролдоо Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

Төрага                                                                                                                                                                                                                                                                                  М. Тургунбаев 


Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 

2024-жылдын 5-июлундагы  

№ 2024-П-12/28-2-(НПА) 

токтомуна карата тиркеме 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын  

айрым ченемдик укуктук актыларына күрөөлүк коэффициент, айыптык санкциялардын (үстөк айыптын) өлчөмү жана банктардын капиталынын жетиштүүлүгү  

(шайкештиги) маселелери боюнча өзгөртүүлөр  

 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/3 «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндөгү» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндөгү» жобонун:  

- 4-главасы төмөнкү мазмундагы 4.2.5-пункт менен толукталсын: 

«4.2.5. Банк Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен улуттук экономиканын субъекттерине, анын ичинде өлкөнүн улуттук жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга көмөктөшүү максатында берилген, гарантия/кепилдик менен камсыздалган кредит боюнча 0дөн 2,5% чейинки өлчөмдө (улуттук валютада) РППУ түзүүгө укуктуу.». 

 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 2-мартындагы № 4/1 «Кыргыз Республикасынын банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан жөнгө салынган коммерциялык банктар жана башка финансы-кредит уюмдары, төлөм системасынын операторлору жана төлөм уюмдары тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтарды монополияга каршы жөнгө салуу, атаандаштыкты өнүктүрүү жана керектөөчүлөрдүн таламдарын коргоо Саясатын жана негизги принциптерин бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

- токтомдун аталышы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Кыргыз Республикасынын банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан жөнгө салынган коммерциялык банктар, банк эмес финансы-кредит уюмдары, төлөм системаларынын операторлору жана төлөм уюмдары, башка юридикалык жактар тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтарды монополияга каршы жөнгө салуу, атаандаштыкты өнүктүрүү жана керектөөчүлөрдүн таламдарын коргоо саясатын жана негизги принциптерин бекитүү тууралуу»; 

- токтомдун 1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1. Кыргыз Республикасынын банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан жөнгө салынган коммерциялык банктар, банк эмес финансы-кредит уюмдары, төлөм системаларынын операторлору жана төлөм уюмдары, башка юридикалык жактар тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтарды монополияга каршы жөнгө салуу, атаандаштыкты өнүктүрүү жана керектөөчүлөрдүн таламдарын коргоо саясаты жана негизги принциптери (кошо тиркелет) бекитилсин.»; 

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан жөнгө салынган коммерциялык банктар, банк эмес финансы-кредит уюмдары, төлөм системаларынын операторлору жана төлөм уюмдары, башка юридикалык жактар тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтарды монополияга каршы жөнгө салуу, атаандаштыкты өнүктүрүү жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо саясаты жана негизги принциптеринин: 

- расмий тилдеги текстиндеги 1.3-пунктундагы «, а также Государственным банком развития Кыргызской Республики» деген сөздөр алынып салынсын. 

 

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 19-мартындагы № 6/2 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитети жөнүндөгү» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитети жөнүндө» жобонун: 

- 1.1-пунктунун биринчи абзацынын экинчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Комитет туруктуу иштеп турган коллегиалдуу орган болуп саналат, ага ушул Жобонун 2.1, 2.1-1 жана 2.2-пункттарына ылайык, коммерциялык банктардын (мындан ары - банктар), банк эмес финансы-кредит уюмдары: микрофинансылык уюмдардын, кредиттик союздардын, турак жай-сактык кредиттик компаниялардын, кепилдик фонддордун, кредиттик бюролордун, адистештирилген финансы-кредит уюмдардын (мындан ары - БФКУ) ишин жөнгө салуу жана көзөмөлдөө компетенциясына кирген маселелер боюнча чечим кабыл алууга Улуттук банк Башкармасы тарабынан ыйгарым укук берилген.». 

 

4. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 30-июнундагы № 52/4 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит уюмдарында кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун: 

- 9-пунктунун үчүнчү, төртүнчү жана бешинчи абзацтары төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Банк кредит берүүдө Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасында сүткорлук ишти чектөө жөнүндө» мыйзам талаптарынын, анын ичинде төмөнкүлөрдүн аткарылышын камсыз кылууга тийиш:  

- карыз алуучу кредитор алдында милдеттенмелерин аткарбаган учурда карыз алуучунун күрөөлүк мүлкүн соттук тартипте гана алуу;  

- карыз алуучунун кредитор алдында акчалай жана/же материалдык милдеттенмелерин аныктоодо кредитти колдонуунун бүтүндөй мезгили үчүн эсептелген үстөк айыптын (айып пул, туум) өлчөмү «Кыргыз Республикасында сүткорлук ишти чектөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген мааниден ашпоого тийиш.»; 

- 25-пунктунун он биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- гарантты (кепилдик берүүчүнү) көрсөтүү менен гарантияларды (кепилдиктерди), гарантиялардын (кепилдиктердин) суммасын ж. б. (эгерде банк гарантияны (кепилдикти), ошондой эле гаранттын финансылык отчетун (эгерде гарант юридикалык жак болсо) берүүнү талап кылса, буга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан гарант (кепилдик берүүчү) кошулбайт»; 

- 30-пунктунун:  

2-пунктчасынын бешинчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Башка финансы-кредит уюмдардан ага берилген кредиттер жөнүндө маалыматтарды да талап кылуу маанилүү.»; 

- 5-пунктчасы төмөнкү мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын: 

«Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен улуттук экономиканын субъекттерине, анын ичинде өлкөнүн улуттук жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга көмөктөшүү максатында берилген гарантия/кепилдик боюнча кепилдик берүүчүнүн төлөө жөндөмдүүлүгүнө талдоо жүргүзүлбөшү мүмкүн.»; 

- 42-пунктунун он үчүнчү абзацындагы «20» деген сан «10» дегенге алмаштырылсын; 

- 55-пункт төмөнкү редакцияда берилсин: 

«55. Күрөө жөнүндө келишимде эң аз дегенде төмөндөгүлөр көрсөтүлөт:  

- күрөө предмети жана анын күрөөлүк наркы (күрөө коэффициентин эске алуу жана көрсөтүү менен); 

- күрөө менен камсыздалган милдеттенмелердин өлчөмү жана аткаруу мөөнөтү;  

- күрөөгө коюлган мүлк тараптардын кимисинде экендигин көрсөтүү;  

- карыз алуучу тарабынан кредит кайтарылбай калган учурда күрөөнү банктын менчигине өткөрүүнүн шарттары жана тартиби;  

- башка талаптар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, күрөөгө карата тараптардын милдеттери.  

Күрөө токтотулгандан кийин күрөө кармоочу күрөөнү токтотуу жөнүндө билдирме түзүүгө, эгерде күрөө предмети каттоодон өткөрүлүүгө тийиш болсо, ошол билдирмени мамлекеттик күрөөнү каттоо органында/органдарында каттоодон өткөрүүгө милдеттүү.»; 

- 61-пунктунун: 

- биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«61. Бланктык кредиттерди берүү кеңири тараган тажрыйба болбоосу зарыл. Бланктык кредиттер боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмү банктын таза суммардык капиталынын 50% өлчөмүнөн ашпоого тийиш (мөөнөттүү депозиттерди тартуу менен иш алып барышкан микрофинансылык компаниялар үчүн - өздүк капиталдын 50% ашпаган өлчөмдө). Бланктык кредиттерди берүүдө банк карыз алуучунун сапаттуу финансылык отчетунан жана бланктык кредиттер берилгенге чейинки узак убакыт ичинде (алардын узактыгы кеминде 12 айды түзүүгө тийиш болгон, 250000 сомдон ашпаган өлчөмдөгү кредиттерди эске албаганда, кеминде эки жыл) карыз алуучу менен иш алып баруу боюнча кредиттик таржымалдан пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болууга тийиш.»; 

- бешинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Бланктык кредиттер эсебинен чыгарылган кредиттер боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмү таза суммардык капиталдын 20% ашпоого (мөөнөттүү депозиттерди тартуу менен иш алып барышкан микрофинансылык компаниялар үчүн - өздүк капиталдын 20% ашпоого) тийиш.»; 

- 63-1-пунктунун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- суммасы банктын таза суммардык капиталынын бир пайызынан ашкан (мөөнөттүү депозиттерди тартуу менен иш алып барышкан микрофинансылык компаниялар үчүн - өздүк капиталдын бир пайызынан ашкан) кредиттер жана банк ири тобокелдикти камтыган кредит катары аныктаган кредиттер үчүн жарым жылда кеминде бир жолу; »;  

- 76-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«76. Ушул иш-чаралар менен катар карыз алуучунун өзү менен түздөн-түз төмөнкү иштерди туруктуу негизде жүргүзүү зарыл: 

- бузуу фактысын (кечиктирилген күндөрдүн саны ж.б.) көрсөтүү менен карыз алуучуга кредиттик келишимдин шарттары сакталбагандыгы жөнүндө, ошондой эле келишим шарттары бузулгандыгына байланыштуу келип чыгышы мүмкүн болгон проблемалар жөнүндө кат жүзүндө/электрондук билдирүү жөнөтүү. Мында, ар бир кат жүзүндөгү/электрондук билдирүү карыз алуучунун кредиттик таржымалында болууга тийиш; 

- сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү

- карыз алуучуну банкка чакыруу; 

- эгерде кредиттик келишимде каралган болсо, зарыл болгон учурда, нысапсыз карыз алуучу жөнүндө маалыматты мезгилдүү басма сөздө жарыялоо ж. б.»; 

- 79-пунктунун: 

үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2) андан ары тиешелүү аракеттерди көрүүнү сунуштоо менен банктын таза суммардык капитал өлчөмүнүн 1% ашкан (мөөнөттүү депозиттерди тартуу менен иш алып барышкан микрофинансылык компаниялар үчүн - өздүк капиталдын 1% ашкан) ар бир «проблемалуу» кредит боюнча аткарылган иш тууралуу отчет. Отчетто төмөнкүлөрдү кошо алганда, ар бир проблемалуу кредит боюнча маалымат чагылдырылууга тийиш:»; 

алтынчы абзац төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Таза суммардык капитал өлчөмүнүн 1% жетпеген (мөөнөттүү депозиттерди тартуу менен иш алып барышкан микрофинансылык компаниялар үчүн - өздүк капиталдын 1% жетпеген) проблемалуу кредиттер боюнча отчеттун түзүмүн банк өз алдынча аныктайт. Мында отчеттун түзүмү банктын проблемалуу кредиттер менен иш алып баруу боюнча ички документтеринде жөнгө салынууга же болбосо анын ыйгарым укуктуу органынын чечими менен бекитилүүгө тийиш.»; 

- 1-тиркеменин 25-пунктунун сегизинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- күрөөнүн рыноктук (адилет) жана жоюу наркы (күрөөлүк коэффициентти эске алуу жана көрсөтүү менен);»;  

- 2-тиркеменин 3-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«3. Гарантиялык каттын түп нускасы мамлекеттик тилде таризделүүгө тийиш жана зарыл болгон учурда ага мамлекеттик тилдеги котормосун тиркөө менен расмий тилде жана/же чет тилде.». 

 

5. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 4-июлундагы № 28/7 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан көзөмөлдөнгөн коммерциялык банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын күрөөгө коюлган мүлк менен иштөө тартибин» бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан көзөмөлдөнгөн коммерциялык банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын күрөөгө коюлган мүлк менен иштөө тартибинин:  

- 12-пункту төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: 

«Мында кыймылсыз мүлк боюнча күрөөлүк коэффициент кредит берилген учурга карата күрөөлүк камсыздоонун наркынын 50 пайызынан ашпоого тийиш.»; 

- 16-пунктунун: 

үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- ушул Тартиптин 12-пунктунун талаптарын эске алуу менен күрөөнүн түрлөрү жана күрөөнүн түрлөрү боюнча чектөөлөр;»; 

жетинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- ушул Тартиптин 12-пунктунун талаптарын эске алуу менен күрөө менен ордун жабуу коэффициентинин мааниси;»; 

- 21-1-пунктунун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«- ички баалоочуга/баалоочуга/баалоочу уюмга мүлктүн күтүлүп жаткан же белгиленген алдын ала бааланган рыноктук наркы, же кредиттин суммасы же болбосо ушул Тартиптин 12-пунктунун талаптарын эске алуу менен белгиленүүгө тийиш болгон күрөө менен ордун жабуу коэффициенти тууралуу маалымдоого;». 

 

6. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 31-октябрындагы № 41/12 «Банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу боюнча нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу боюнча нускоонун:  

- преамбуласынын биринчи абзацынын биринчи жана экинчи сүйлөмдөрү төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Нускоодо Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары - Улуттук банк) тарабынан лицензияланган коммерциялык банктардын, адистештирилген финансы-кредит уюму «Кредиттик союздардын каржы компаниясы» ААКтын, депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компаниялардын, кредиттик союздардын, ошондой эле турак жай-сактык кредиттик компаниялардын (мындан ары - банктар) жеке адамдардын, жеке ишкерлердин жана юридикалык жактардын (мындан ары - кардарлар) банктык эсептери, банктык аманаттары (депозиттер) боюнча эсептерин ачуу, жүргүзүү жана жабуу тартиби аныкталат. Нускоонун талаптары Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө» мыйзамынын 16-беренесине ылайык, Улуттук банк тарабынан белгиленген чектөөлөрдү эске алганда, депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компанияларга, Кыргыз Республикасынын «Кредиттик союздар жөнүндө» мыйзамынын 4-беренесине ылайык Улуттук банк тарабынан белгиленген чектөөлөрдү эске алганда, депозиттерди тартуу менен иш алып барган кредиттик союздарга таркатылат.». 

 

7. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-3-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан лицензияланган жана иши ал тарабынан жөнгө салынган банктарда жана банктык эмес финансы-кредит уюмдарында ички контролдук жана ички аудит системаларын жөнгө салуу эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан лицензияланган жана иши ал тарабынан жөнгө салынган банктарда жана банктык эмес финансы-кредит уюмдарында ички контролдук жана ички аудит системаларын жөнгө салуу эрежелеринин: 

- 1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензияланган жана иши ал тарабынан жөнгө салынган банктарда жана банктык эмес финансы-кредит уюмдарында ички контролдук жана ички аудит системаларын жөнгө салуу боюнча ушул эрежелерде (мындан ары - эрежелер) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан (мындан ары - Улуттук банк) лицензияланган жана иши ал тарабынан жөнгө салынган, депозиттерди тартуу менен иш алып барууга укуктуу банктарда, микрофинансылык компанияларда, анын ичинде ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган же «ислам терезесине» ээ банктарда жана «Кредиттик союздардын финансы компаниясы» ААКта, кепилдик фонддордо (мындан ары - банк) ички контролдук жана ички аудит системаларын уюштуруу боюнча эрежелер белгиленген.». 

 

8. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-9-(НПА) «Кыргыз Республикасынын банктарынын убактылуу администрация режимин киргизүү же жоюу жол-жобосу баштоо учурунда айрым банктык операцияларды жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын банктарынын убактылуу администрация режимин киргизүү же жоюу жол-жобосу баштоо учурунда айрым банктык операцияларды жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобонун: 

- 2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«2. Бул жобонун талаптары, алар банктык операцияларды жүзөгө ашырууда колдонгон атайын терминдерди эске алуу менен Улуттук банктан лицензия алышкан коммерциялык банктардын, анын ичинде ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган же «ислам терезесине» ээ коммерциялык банктардын (мындан ары - банктар), алардын кардарларынын, Кыргыз Республикасынын тоорук жана төлөм системаларынын операторлорунун жана катышуучуларынын ишине таркатылат.». 

 

9. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 20-июнундагы № 2018-П-12/24-2-(НПА) «Банктык көзөмөлдүктү жүзөгө ашыруу жөнүндө нускоону» бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Банктык көзөмөлдүктү жүзөгө ашыруу жөнүндө» нускоонун: 

- 31-пунктунун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«31. Текшерүү тобунун жетекчиси текшерүү аяктагандан кийинки 30 (отуз) жумуш күнү ичинде тыянактарды жана текшерүү жыйынтыгын талкуулоо үчүн банк жетекчилиги менен жыйынтыктоочу жолугушуу уюштурууга тийиш. Мында жыйынтыктоочу жолугушуу зарылчылыкка жараша бир нече баскычта (бирок жыйынтыктоочу жолугушуу үчүн белгиленген мөөнөт ичинде үч жолудан ашык эмес) өткөрүлүшү мүмкүн. Жолугушууда текшерүүнүн жүрүшүндө ишке тартылган бардык инспекторлор, ошондой эле зарылчылыкка жараша көзөмөл блогунун тиешелүү бөлүмүнүн (бөлүмдөрүнүн) начальниги (начальниктери) катышууга тийиш. Зарылчылык келип чыккан шартта, жыйынтыктоочу жолугушууга Улуттук банктын төрагасынын көзөмөл блогунун ишин түздөн-түз тескөөгө алган орун басары/Башкарманын мүчөсү катышуусу мүмкүн.». 

 

10. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 18-майындагы № 2022-П-12/31-1-(БС) «Кыргыз Республикасында синдикатталган кредиттөөнү ишке ашыруу тартиби жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасында синдикатталган кредиттөөнү ишке ашыруу тартиби жөнүндө» жобонун: 

- 1-пунктунун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1. Бул Жобонун талаптары синдикатталган кредиттөөдө катышкан коммерциялык банктардын, мөөнөттүү аманаттарды (депозиттерди) тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компаниялардын (мындан ары - банктар) ишине таркатылат жана карыз алуучуга биргелешип кредит берүүдө келип чыгуучу мамилелерди жөнгө салат.».  

 

11. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 12-октябрындагы № 2022-П-12/63-1-(НПА) «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын жетиштүүлүгү (шайкештиги) стандарттарын аныктоо боюнча нускоону бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын жетиштүүлүгү (шайкештиги) стандарттарын аныктоо боюнча нускоонун:  

- 6-пунктунун «а» пунктчасынын сегизинчи абзацындагы «2024-жылдын 1-январынан тартып» деген сөздөр жана сандар «2024-жылдын 1-июлунан тартып» дегенге алмаштырылсын; 

- 25-пунктунун: 

4-пунктчасы төмөнкү мазмундагы «г» пунктчасы менен толукталсын: 

«г) соодага кредиттер, коммерциялык кредиттер, 18% ашпаган чен боюнча улуттук валютада берилген керектөө кредиттери»; 

7-пунктчанын экинчи абзацындагы «30» саны «27» дегенге алмаштырылсын. 

 

12. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2023-жылдын 26-апрелиндеги № 2023-П-12/27-8-(НПА) «Коммерциялык банктар тарабынан долбоордук каржылоону сунуштоодо кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Коммерциялык банктар тарабынан долбоордук каржылоону сунуштоодо кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун:  

- 1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«1. Бул Жобонун талаптары алардын иш өзгөчөлүгүн жана банк операцияларын жүзөгө ашырууда колдонулуучу терминологияны эске алуу менен бардык коммерциялык банктарга, анын ичинде операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырган банктарга (мындан ары - банктар) таркатылат.».