Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2024-жылдын 5-июлундагы  

№ 2024-П-12/28-3-(НПА) 

Токтому 

 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына  

өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна 

өзгөртүүлөр киргизилсин (кошо тиркелет):  

- 2009-жылдын 28-декабрындагы № 51/6 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө»;  

- 2013-жылдын 25-сентябрындагы № 35/13 «Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырууда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу».  

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготкон катары таанылсын: 

1) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/12 «ЭкоИсламикБанк» ЖАК тарабынан ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырууда аффилирленген жана банкка байланыштуу жактар менен операцияларына карата талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтом; 

2) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 14-декабрындагы № 2022-П-12/78-10-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун: 

- 1-пунктунун он экинчи абзацы; 

- жогоруда аталган токтомдун тиркемесинин 11-пункту. 

3. Ушул токтомдун 1-пунктуна ылайык Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 28-декабрындагы № 51/6 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө» токтому менен бекитилген «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырууда активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камга чегерүүлөр жөнүндө» жобонун 22-1, 23-1, 23-2 жана 27-2-пункттарына киргизилген өзгөртүүлөр ушул токтом күчүнө киргенден кийин берилген, өзүндө кредиттик тобокелдиктерди камтыган активдерге карата колдонулат.  

4. Юридика башкармалыгы:  

- тиешелүү документтерди алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтына жарыяласын;  

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

5. Токтом расмий жарыялангандан 15 (он беш) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

6. Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгы расмий жарыяланган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен коммерциялык банктарды жана «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин тааныштырсын. 

7. «Башкарманын катчылыгы» бөлүмү 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын бардык түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.  

8. Токтомдун аткарылышын контролдоо Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.  

 

 

Төрага                                                                                                                                                                                                                                                             М. Тургунбаев 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 

2024-жылдын 5-июлундагы  

№ 2024-П-12/28-3-(НПА) 

токтомуна карата тиркеме 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 

айрым ченемдик укуктук актыларына 

өзгөртүүлөр 

 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 28-декабрындагы № 51/6 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырууда активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын, чыгым тартуулардын ордун жабууга каралган камга тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө» жобонун:  

- 17-1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«17-1. Банк ошол эле бир кардарга же өз ара байланыштуу кардарлар тобуна сунуштаган активдерди классификациялоодо кардардын же өз ара байланыштуу кардарлар тобунун ар бир активи боюнча жүргүзүлгөн классификациялоону эске алуу жана эгерде бул классификация эң эле начар болуп саналса, ал активдерди карызы көбүрөөк активге ыйгарылган категория боюнча классификациялоо зарыл.   

Классификациялоого карата ушул сыяктуу ыкма банктык топтун катышуучусу болуп саналган банктар тарабынан да колдонулууга тийиш, башкача айтканда, Кыргыз Республикасынын резиденти болуп саналган кардардын же өз ара байланыштуу кардарлар тобунун активдери, эгерде ал классификация эң эле начар болуп саналса, карызы көбүрөөк активге ыйгарылган категория боюнча классификацияланууга тийиш. 

Эгерде кардардын (жеке адамдын же юридикалык жактын) бир банкта же банктык топ ичинде бир нече активдери болсо, өзгөчө абал киргизүүдөн улам жана/же башка форс-мажордук жагдайлардан (ал жеткис күч жагдайларынын) жана алар менен байланышкан чектөөлөрдөн улам анын финансылык агымы жана учурдагы финансылык абалы начарлагандыгына байланыштуу төмөн категория ыйгарылса жана мындай жагдайдын таасири документ менен тастыкталса, банк бардык активдер үчүн классификациялоонун эң төмөн категориясын колдонбоого укуктуу.  

Бул учурда банк категориянын мүнөздүү белгилерине ылайык, классификациялоо категориясын ар бир актив үчүн өз-өзүнчө колдонушу мүмкүн.»; 

- 22-1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«22-1. Эгерде кардардын чет өлкө валютасында (ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин валютасынан тышкары) кирешелеринин (пайдасынын) үлүшү анын чогуу алгандагы кирешесинин (пайдасынын) жалпы көлөмүнүн 75 пайызынан көбүрөөгүн түзсө, банк чет өлкө валютасындагы (ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин валютасынан тышкары) активди 5 пайыз өлчөмүндө РППУ түзүү менен кеминде «байкоо алдындагы актив» катары классификациялоого тийиш.  

Эскертүү: Евразия экономикалык бирлигине кирген мүчө мамлекеттердин тизмеси http://www.eaeunion.org/ дареги боюнча жайгаштырылган.»; 

- 23-1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«23-1. Эгерде кардардын чет өлкө валютасында (ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин валютасынан тышкары) кирешелеринин (пайдасынын) үлүшү анын чогуу алгандагы кирешесинин (пайдасынын) жалпы көлөмүнүн 50 пайызынан 75 пайызына чейинкисин түзсө, банк чет өлкө валютасындагы (ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин валютасынан тышкары) өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активди 10 пайыз өлчөмүндө РППУ түзүү менен кеминде «байкоо алдындагы актив» катары классификациялоого тийиш.»; 

- 23-2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«23-2. Эгерде кардардын чет өлкө валютасында (ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин валютасынан тышкары) кирешелеринин (пайдасынын) үлүшү анын чогуу алгандагы кирешесинин (пайдасынын) жалпы көлөмүнүн 50 пайызынан азыраагын түзсө, банк чет өлкө валютасындагы (ЕАЭБге мүчө болгон мамлекеттердин валютасынан тышкары) өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активди 15 пайыз өлчөмүндө РППУ түзүү менен кеминде «субстандарттык» катары классификациялоого тийиш.»; 

- «Классификациялоонун айрым учурлары» деген бешинчи бөлүк төмөнкү мазмундагы 27-2-пункт менен толукталсын: 

«27-2. Берүү учуруна карата анын үстөк баасы/кирешеси «Кыргыз Республикасында сүткорлук ишти чектөө жөнүндө» Мыйзамда белгиленген чектүү жол берилген пайыздык ченден ашкан, өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган актив Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 2-мартындагы № 5/6 токтому менен бекитилген Белгилүү бир критерийлерге жооп берген активдердин атайын классификациясын колдонуу тартибине ылайык классификацияланууга тийиш.»;  

- «Реструктуризацияланган активдерди классификациялоо» деген сегизинчи бөлүк төмөнкү мазмундагы 34-6-пункт менен толукталсын:  

«34-6. Өзгөчө абал киргизүүдөн улам жана/же башка форс-мажордук жагдайлардан (ал жеткис күч жагдайларынын) жана алар менен байланышкан чектөөлөрдөн улам кардардын финансылык агымы жана учурдагы финансылык абалы начарлагандыгына байланыштуу активди реструктуризациялоодо, мындай жагдай кардардын ишине таасирин тийгизгендиги документ менен тастыкталса, банк активди классификациялоо категориясын начарлатпоого укуктуу.»; 

- 47-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«47. Улуттук банк активдер боюнча РППУга чегерүүлөрдүн төмөнкүдөй өлчөмдөрүн белгилейт:  

Жалпы резерв 

Атайы резерв 

Нормалдуу 

0% 

Субстандарттык 

15%/25%; 

Канааттандырарлык 

1/2/2,5% 

Шектүү 

50%; 

Байкоо алдындагы активдер 

5/10/15% 

Жоготуулар 

100%. 

  

Ушул жобонун 22-2-пунктунда көрсөтүлгөн, алар боюнча РППУ өлчөмү 1% түзүүгө тийиш болгон активдерди эске албаганда, банк «канааттандырарлык» активдер боюнча РППУну 2% өлчөмүндө түзүүгө тийиш.   

Ушул Жобонун 23-1-пунктунда көрсөтүлгөн, алар боюнча РППУ өлчөмү 10% түзүүгө тийиш болгон активдерди эске албаганда, банк «байкоого алынган активдер» боюнча РППУну 5% өлчөмүндө  түзүүгө тийиш.». 

 

 

2.  Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 25-сентябрындагы № 35/13 «Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырууда кредиттик тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырууда кредиттик тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун: 

- 29-пунктунун он экинчи абзацындагы «же кирешеси» деген сөздөрдөн кийин «өлөөгө жөндөмдүүлүгү» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 44-пунктунун сегизинчи абзацындагы «(иджара мунтахия биттамлик)» деген сөздөр «(анын ичинде иджара мунтахийя биттамлик келишими боюнча)» дегенге алмаштырылсын; 

- 88-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«88. Кредиттик тобокелдикти камтыган активдер эсептен алынып салынгандан кийин алар карыздын ордун жабуу мүмкүнчүлүгү келип чыгышы ыктымал болгон учурларга кеминде беш жыл системадан тышкары эсепке алынат, мында директорлор кеңеши карызды эсептен алып салууга макулдук берген шартта, кардар каза болгондугуна, жаратылыш кырсыктарынан, өрттөн улам мүлкү толугу менен жок болгондугуна байланыштуу жеке адамдардын эсептен алынып салынган активдери эске алынбайт.».