Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2024-жылдын 7-августундагы  

№ 2024-П-09/34-1-(БС) 

Токтому 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын  

28-мартындагы № 10/15 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан чет өлкө валюталарынын кыргыз сомуна карата расмий курстарын аныктоо  

эрежелерин бекитүү тууралуу» 

токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 9, 25 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 28-мартындагы № 10/15 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан чет өлкө валюталарынын кыргыз сомуна карата расмий курстарын аныктоо эрежелерин бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр киргизилсин (тиркелет). 

 

2. Токтом 2024-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирет

 

3. Юридика башкармалыгы:  

- тиешелүү документтерди алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтына жарыяласын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

 

4. Акча-кредиттик операциялар башкармалыгы ушул токтом менен 3 (үч) жумуш күнү ичинде коммерциялык банктарды, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигин, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигин, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматын, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматын, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетин тааныштырсын. 

 

5. «Башкарманын катчылыгы» бөлүмү ушул токтом менен 3 (үч) жумуш күнү ичинде Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

 

6. Токтомдун аткарылышын контролдоо Акча-кредиттик операциялар башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн

 

Төрага                                                                                                                                                                                                                                                                                 М. Тургунбаев 

 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 

2024-жылдын 7-августундагы  

№ 2024-П-09/34-1-(БС) 

токтомуна карата тиркеме 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 28-мартындагы № 10/15 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан чет өлкө валюталарынын кыргыз сомуна карата расмий курстарын аныктоо эрежелерин бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 28-мартындагы № 10/15 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан чет өлкө валюталарынын кыргыз сомуна карата расмий курстарын аныктоо эрежелерин бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан чет өлкө валюталарынын кыргыз сомуна карата расмий курстарын аныктоо эрежелеринин: 

- 5-пунктунун экинчи абзацындагы «орус рублинин» деген сөздөрдөн кийин «жэньминьби кытай юанынын» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 18-пунктундагы «орус рублинин» деген сөздөрдөн кийин «жэньминьби кытай юанынын» деген сөздөр менен толукталсын; 

- 21-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«21. Евронун жана жэньминьби кытай юанынын сомго карата расмий курстары «Рейтер»/«Блумберг» маалымат агенттиктеринде саат 15:00гө карата абал боюнча белгиленген эл аралык валюта рынокторундагы евронун жана жэньминьби кытай юанынын АКШ долларына карата күндөлүк котировкаларынын жана ушул күнү аныкталган АКШ долларынын сомго карата расмий курсунун негизинде кросс-курс боюнча эсептелет»; 

- 23-пунктундагы «орус рублинин» деген сөздөрдөн кийин «, жэньминьби кытай юанынын» деген сөздөр менен толукталсын. 

- 24-пунктундагы «Рейтер» маалымат агенттигинде» деген сөздөр «/«Блумберг» маалымат агенттиктеринде» дегенге алмаштырылсын. 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан чет өлкө валюталарынын кыргыз сомуна карата расмий курстарын аныктоо эрежелеринин 1-тиркемеси төмөнкү мазмундагы 5-пункт менен толукталсын: 

«5. Жэньминьби кытай юаны». 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан чет өлкө валюталарынын кыргыз сомуна карата расмий курстарын аныктоо эрежелеринин 2-тиркемесинин: 

- 17-пункту күчүн жоготкон катары таанылсын.