Кыргыз Республикасынын
Улуттук банк Башкармасынын
2024-жылдын 7-августундагы
№ 2024-П-17/34-2-(НПА)
Токтому
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын
2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-12/23-1-(НПА) «Банк ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-12/23-1-(НПА) «Банк ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр киргизилсин (кошо тиркелет).
2. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15 (он беш) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
3. Юридика башкармалыгы:
- тиешелүү документтерди алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтына жарыяласын;
- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
4. Лицензиялоо башкармалыгы токтом расмий жарыялангандан кийин 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен коммерциялык банктарды жана «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин тааныштырсын.
5. «Башкарманын катчылыгы» бөлүмү 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Юридика башкармалыгын, Банктык көзөмөл башкармалыгын, Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгын, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.
6. Токтомдун аткарылышын контролдоо Лицензиялоо башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басарына жүктөлсүн.
Төрага М. Тургунбаев
Кыргыз Республикасынын
Улуттук банк Башкармасынын
2024-жылдын 7-августундагы
№ 2024-П-17/34-2-(НПА)
токтомуна карата тиркеме
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын
2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-12/23-1-(НПА)
«Банк ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»
токтомуна өзгөртүүлөр
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-12/23-1-(НПА) «Банк ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Банк ишин лицензиялоо жөнүндө» жобонун:
- 14-пункту төмөнкү мазмундагы 9, 10, 11 жана 12-пунктчалар менен толукталсын:
«9) төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун иши;
10) айрым банктык операцияларды жүзөгө ашырган юридикалык жактардын иши;
11) банк, финансы жана/же төлөм иши менен байланышкан инвестициялык иш;
12) мамлекеттик финансыны башкаруу боюнча иш.»
- 20-пункту төмөнкү мазмундагы 8-пунктча менен толукталсын:
«8) «Банктын кызмат адамдары – банктын директорлор кеңешинин төрагасы жана мүчөлөрү, Аудит боюнча комитеттин төрагасы, Тобокелдиктерди тескөө боюнча комитеттин төрагасы, банк башкармасынын төрагасы жана мүчөлөрү, башкаруучу директорлор, шарият кеңешинин төрагасы жана мүчөлөрү, банктын кредиттик ишине жооп берген түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси, банктын активдеринин жана пассивдеринин тескөөгө жооптуу түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси (же функционалдык милдеттери боюнча ага теңештирилген адам), башкы бухгалтер, ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча каржылоого жооптуу түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси, «ислам терезесинин» жетекчиси, ички аудит кызматынын жетекчиси, тобокелдик-менеджменти кызматынын жетекчиси, комплаенс-контролдоо кызматынын жетекчиси, корпоративдик катчы, өзүнүн функционалдык милдеттери жогоруда аталган кызмат адамдарына теңдештирилген адамдар, анын ичинде жогоруда аталган адамдардын орун басарлары, филиалдардын директорлору жана башкы бухгалтерлери, ошондой эле акысыз негизде иштегенине же сый акы алганына көз карандысыз, банктын саясатын аныктаган, түзгөн жана банктын негизги операцияларына катышууга ыйгарым укукка ээ адамдар.»;
- 29-пункту төмөнкү мазмундагы 21-пунктча менен толукталсын:
«21) тобокелдиктерди баалоо, контролдоо жана аларга мониторинг жүргүзүү каралган, чет өлкө валютасындагы банк операциялары боюнча ишти жөнгө салуучу, бекитилген ички документтер (саясаттар).»;
- 30-пункту күчүн жоготкон катары таанылсын;
- 37-пункту төмөнкү мазмундагы 23-пунктча менен толукталсын:
«23) тобокелдиктерди баалоо, контролдоо жана аларга мониторинг жүргүзүү каралган, чет өлкө валютасындагы банк операциялары боюнча ишти жөнгө салуучу, бекитилген ички документтер (саясаттар).»;
- 38-пункту күчүн жоготкон катары таанылсын;
- 59-пунктунун экинчи абзацындагы төмөнкү сөздөр алынып салынсын:
«анын ичинде насыя келишиминин алкагында алган же ага теңештирилген каражаттары»;
- 61-пункту төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын:
«Кийинчерээк банктын капиталына чектүү катышууга таасирин тийгизбеген уставдык капиталдын өлчөмүн өзгөртүүдө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан акционердин ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан акцияларга менчик укугу өткөн күндөн тартып 10 (он) жумуш күнү ичинде сатылып алынган үлүштүн суммасында акцияларды төлөгөндүгүн тастыктаган документти тапшыруу менен чектелишет.»
- 62-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
«62. Банктын бардык уюштуруучуларынын (акционерлеринин) юридикалык иштери жана банкты түзүүдө уставдык капиталды калыптандыруу, андан ары – уставдык капиталдын өлчөмүн (төлөм документтеринин, уставдык капитал өлчөмүн өзгөртүүгө байланыштуу чечимдердин көчүрмөлөрүн жана башка документтерди кошо алганда), акциялар санын жана банк акционерлеринин курамын өзгөртүү боюнча баштапкы документтердин көчүрмөлөрүн өзүнчө номенклатуралык номер ыйгаруу менен банк тарабынан өзүнчө папкада сакталууга жана алар туруктуу сактоо мөөнөтүнө ээ болууга тийиш. Банк бул папкалардын (юридикалык иштердин) талаптагыдай түзүлүшүн жана сакталышын камсыз кылууга жооптуу адамды аныктоого тийиш.
Уюштуруучулардын (акционерлердин) юридикалык иштеринде банктын капиталына чектүү катышууга ээ болуу боюнча ушул Жободо каралган бардык маалымат, ал эми банктын акцияларынын он пайызынан азына ээ болгон акционерлер (уюштуруучулар) боюнча маалыматтар жана документтер ушул Жобонун 125-1 жана 125-2-пункттарына ылайык камтылууга тийиш.»;
- 63-пункту төмөнкү мазмундагы 13-пунктча менен толукталсын:
«13) банктын техникалык жактан жабдылышын, анын ичинде жабдууларга карата талаптарды камсыз кылуу, алар аткарылуучу операциялардын болжолдонгон чөйрөсүнө шайкеш болууга тийиш.»;
- 82-пунктунун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
«82. Банктын банк операцияларын жүргүзүү укугуна лицензиясында уруксат берилген банк операцияларынын тизмегинде баалуу металл менен операцияларды жүргүзүү бар болсо, банк операцияларды накталай жана/же накталай эмес түрдө жүргүзө алат:»;
- 83 пунктунун:
биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
«Улуттук банк тарабынан эмитирленген (чыгарылган), аффинаждалган өлчөнгөн куйма түрүндөгү баалуу металлдар менен операцияларды жүзөгө ашыруу үчүн, банктар документтерди берүү учурунда төмөнкү талаптарды аткарууга тийиш:»
- 1-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин:
«1) уставдык жана өздүк (жөнгө салуучу) капиталдардын өлчөмү Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарында белгиленген талаптарга ылайык келүүгө тийиш;»;
- төмөнкү мазмундагы 5-пунктча менен толукталсын:
«5) банктын иши чыгашасыз болууга тийиш.»,
- 113-пункту төмөнкү мазмундагы 8-пунктча менен толукталсын:
«8) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан акционердин ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга:
- банктын капиталына чектүү катышууну сатып алуу жөнүндө ыйгарым укуктуу органдын тиешелүү чечими;
- ушул Жобонун 16-тиркемесинин формасы боюнча анкетага ылайык маалыматтар;
- акцияларга менчик укугу өткөн күндөн тартып 10 (он) жумуш күнү ичинде сатылып алынган үлүштүн суммасында акциялардын төлөнгөндүгүн тастыктаган документ.”;
- 120-пункту төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын:
«Кийинчерээк банктын капиталында чектүү катышууга ээ болгон акционер банктын кийинки чекке жетпеген акцияларына ээ болгондо, акционер Улуттук банкка сатылып алынуучу үлүшкө акча каражаттарынын келип түшкөн булагы жөнүндө маалыматты жана акцияларды сатып алуу-сатуу келишиминин көчүрмөсүн же анын негизинде менчик укугу өткөн башка документти жана акциялар төлөнгөн фактысын тастыктаган документтерди гана берет.»;
- 126-пунктунун:
5-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин:
«5) милдеттүү түрдө макулдашылууга тийиш болгон Банк башкармасынын курамына кирген же түзүмдүк бөлүмдөрдүн ишин тескеген башкаруучу директор, жетекчилер;»;
-126 пункту төмөнкү мазмундагы пунктча менен толукталсын:
«14) корпоративдик катчы.»;
- 134-пунктунун:
1-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин:
1) жогорку билими жөнүндө диплому жана экономика, банк, финансы, юридикалык жана/же маалыматтык технологиялар маселелер чөйрөсүндө кеминде үч жыл эмгек стажы (тажрыйбасы) болууга. Ошол эле учурда, тобокелдиктерди тескөө жана аудит боюнча комитеттердин төрагалары кызмат ордуна талапкерлердин банк/финансы маселелери чөйрөсүндө бир жылдан кем эмес эмгек стажы (тажрыйбасы) болушу зарыл;»;
- 134-пунктунун 7-абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
Мында Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн көпчүлүгү, анын ичинде директорлор кеңешинин төрагасы банк жана/же финансы системасында жетектеген кызмат орундарында 2 (эки) жылдан кем эмес иш тажрыйбасына ээ болууга тийиш. Бул эмгек стажын эсептөөдө макулдашуудан баш тартылган же макулдашуу жол-жобосу бүтпөгөн директорлор кеңешинин мүчөсү катары иштеген стажы эске алынбайт. Эгерде директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн көпчүлүгүнүн банк жана/же финансы системаларында жетектеген кызмат орундарында иштеген эмгек стажы 2 (эки) жылдан аз болсо, Улуттук банк курамын жогоруда белгиленген талапка ылайык келтирилгенге чейин, белгиленген талапка жооп бербеген банктын директорлор кеңешинин мүчөлөрүн макулдашууну токтотууга укуктуу. Бул учурда, банк Улуттук банктан тиешелүү катты алган күндөн тартып 1 (бир) ай ичинде директорлор кеңешинин курамын талапка ылайык келтирүүгө тийиш. Эгерде банк белгиленген мөөнөттө ушул талапка жооп берген директорлор кеңешинин курамын түзбөсө, анда Улуттук банк банк жана/же финансы системасында жетектеген кызмат орундарында тиешелүү эмгек стажынын жоктугуна байланыштуу макулдашуу жол-жобосу аягына чыга элек директорлор кеңешинин бардык мүчөлөрүн макулдашуудан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат.
- 134-пункту төмөнкү мазмундагы тогузунчу абзац менен толукталсын:
«Мыйзамда белгиленген максаттарга жетишүүнү камсыз кылуу, ошондой эле белгилүү бир милдеттерди чечүү максатында, Улуттук банк банктын капиталында мамлекеттин катышуу үлүшү 50 (элүү) жана андан ашык пайызды түзгөн банктын директорлор кеңешинин мүчөсү (акционер-мамлекеттин квотасы боюнча) кызмат ордуна коюлган милдеттерди аткаруу үчүн түздөн-түз зарыл болгон багыттар боюнча квалификацияга жана компетенцияга ээ, жогорку билимге жана Жобонун ушул пунктунун 2 жана 5-пунктчаларында коюлган талаптарга жооп берген бир талапкерди макулдашуу жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу.»;
- 144-пунктунун:
биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
«144. Банктын директорлор кеңешинин, шарият кеңешинин төрагаларын жана мүчөлөрүн, Аудит боюнча комитеттин жана Тобокелдиктерди тескөө боюнча комитеттин төрагаларын, корпоративдик катчысын эске албаганда, Жобонун 126-пунктунда көрсөтүлгөн кызмат орундарына талапкерлер төмөнкү минималдуу талаптарга жооп берүүгө тийиш:»;
2-пунктчасынын «б» абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
«б) төраганын орун басарлары (вице-президенттин, башкы менеджердин орун басары, чет өлкө банкынын филиалынын жетекчисинин орун басары), башкарманын башка мүчөлөрү, тобокелдик-менеджмент кызматынын жана комплаенс-контролдоо кызматынын жетекчилери – банк жана/же финансы системасында үч жылдан кем эмес, банктын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ишин адистештирилген багыттар боюнча гана тескеген (киберкоопсуздук жана маалыматтык технологиялар, коопсуздукту камсыз кылуу, юридикалык колдоо маселелери) башкарманын мүчөсү банк жана/же финансы системасында үч жылдан кем эмес жана/же жогоруда аталган маселелер боюнча иш алып барган уюмдарда үч жылдан кем эмес иш тажрыйбасына ээ болууга тийиш;»;
144-пункту төмөнкү мазмундагы 144-1-пунктча менен толукталсын:
«144-1 Корпоративдик катчы төмөнкү талаптарга жооп берүүгө тийиш:
- жогорку билимдин болушу;
- талапкерлигин макулдашуу жөнүндө өтүнүч берилген датага чейин 5 (беш) жыл ичинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тиешелүү уруксатын/лицензиясын алган билим берүү уюмдарынан алынган «корпоративдик башкаруу» багыты боюнча сертификатынын болушу зарыл.
- ушул Жобонун 20-главасынын шартына туура келбөө.
- 172-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
«172. Кыргыз Республикасынын аймагындагы туунду банкка төмөнкү кредиттик рейтингдердин бирине ылайык келген чет өлкөдөгү банктар чет өлкөлүк башкы банк болушу мүмкүн:
- «Standard & Poor's», «Investors Service», «Fitch-IBCA» (АКШ) рейтингдик агенттиктери тарабынан ыйгарылган «В» категориясынан төмөн болбогон узак мөөнөттүү кредиттик рейтингине;
- же «Capital Intelligence», «Japan Credit Rating Agency (JCR)», «Dominion Bond Rating Service (DBRS)», «Rating & Investment Information (R&I)» рейтингдик агенттиктер тарабынан ыйгарылган жогоруда көрсөтүлгөн кредиттик рейтинги менен бирдей болсо;
- же өлкөнүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынан аккредитацияланган жана анын рейтинги өлкөнүн борбордук (улуттук) банкы тарабынан таанылган улуттук рейтингдик агенттик тарабынан ыйгарылган, жогоруда көрсөтүлгөн кредиттик рейтинг менен бирдей болсо.».
- 181-пункту төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын:
«Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында каралгандан башка учурларда, филиалдын ишин токтотууга болбойт.»;
- 183-пунктунун 6-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин:
«6) филиалдын ишинин банктын стратегиялык максаттарына жетүүсүнө жана банктын болжолдонгон кирешелүүлүгүнө тийгизген таасири боюнча филиалдын бизнес-планы (суроолор тизмеги 7-тиркемеде келтирилген);»;
- 186-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
«186. Банктын филиалы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда мамлекеттик каттоодон өткөндөн кийин банк 5 (беш) жумуш күнү ичинде Улуттук банкка юридикалык жак, филиал (өкүлчүлүк) жөнүндө маалым катты (күбөлүгүн) кошо тиркөө менен банктын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн тиешелүү жазуу жүзүндөгү билдирүүнү жана Филиал жөнүндө жобонун мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө белги коюлган, банктын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн берүүгө милдеттүү.»;
- 196-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
«196. Банктын филиалы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда мамлекеттик кайра каттоодон өткөндөн кийин банк 5 (беш) жумуш күнү ичинде Улуттук банкка юридикалык жак, филиал (өкүлчүлүк) жөнүндө маалым катты (күбөлүгүн) кошо тиркөө менен банктын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн тиешелүү жазуу жүзүндөгү билдирүүнү жана Филиал жөнүндө жобонун мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө белги коюлган, банктын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн берүүгө милдеттүү.»;
- 211-пункту б) пунктча менен толукталсын:
«211. Кыргыз Республикасынын аймагында филиалын ачып жаткан чет өлкөлүк банк төмөнкү талаптарга жооп берүүгө тийиш:
б) өлкөнүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарында аккредитацияланган жана анын рейтинги өлкөнүн борбордук (улуттук) банкы тарабынан таанылган улуттук рейтингдик агенттик тарабынан ыйгарылган, жогоруда көрсөтүлгөн кредиттик рейтинг менен бирдей болсо.»;
- 226-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
«226. Банк өкүлчүлүгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда каттоодон өткөндөн кийин 5 (беш) жумуш күнү ичинде Улуттук банкка юридикалык жак, филиал (өкүлчүлүк) жөнүндө маалым катты (күбөлүгүн) кошо тиркөө менен банктын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн тиешелүү жазуу жүзүндөгү билдирүүнү жана Филиал жөнүндө жобонун мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө белги коюлган, банктын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн берүүгө милдеттүү.»;
- 304-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
«304. Банк мамлекеттик кайра каттоо жөнүндө күбөлүк алган күндөн тартып 5 (беш) жумуш күнү ичинде Улуттук банкка төмөнкүлөрдү берүүгө милдеттүү:
1) юридикалык жак, филиал (өкүлчүлүк) жөнүндө маалым каттын (күбөлүктүн) банктын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн;
2) юридикалык жактарды мамлекеттик кайра каттоо жөнүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын белгиси менен уставдын жаңы редакциясынын банктын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн.»;
- 15-тиркеменин 1.11-пунктунун 7-пунктчасынын 3-абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
«- акыркы 3 (үч) жыл ичинде дисциплинардык жаза чаралары колдонулса, кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылса (ооба/жок)___.»;
- 17-тиркеменин:
8-пунктунун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
«8. Өтүнүч ээсинин корреспонденттик мамилеси бар Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарын тизмектеп бергиле. Өтүнүч ээси болгон банк тарабынан кайсы болбосун түрдөгү кредиттик линиялар берилген коммерциялык банктарды жана мындай кредиттик линиялардын суммасын көрсөткүлө.»;
13-пунктунун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
«13. Өтүнүч ээси болгон банк түзүлгөн (каттоодон өткөн) өлкөдөгү суроо-талаптарга жооп бере алган жана өтүнүч ээси болгон банкка тиешелүү маалыматтарды бере турган көзөмөл органынын жетекчисинин же ыйгарым укуктуу адамынын аты-жөнүн (кыргыз, орус жана англис тилдеринде), анын электрондук почта дарегин көрсөткүлө: »;
16-пунктунун 7-пунктчасынын үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
« - дисциплинардык жаза чаралары колдонулса, кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылса (ооба/жок) _______».