Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2024-жылдын 14-августундагы 

№ 2024-П-12/36-1-(НПА) токтому  

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын  

айрым ченемдик укуктук актыларына  

өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:  

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна өзгөртүүлөр киргизилсин (кошо тиркелет):  

- 2009-жылдын 23-декабрындагы № 50/7 «Кредиттик союздардагы кредиттик тобокелдикти башкаруу боюнча минималдык талаптар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу»;  

- 2010-жылдын 30-июнундагы № 52/4 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө»; 

- 2012-жылдын 31-октябрындагы № 41/12 «Банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу боюнча нускоону бекитүү тууралуу»; 

- 2013-жылдын 25-сентябрындагы № 35/13 «Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырууда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2013-жылдын 25-сентябрындагы № 35/14 «Аманаттарды (депозиттерди) тартпаган микрофинансылык уюмдарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2013-жылдын 23-декабры № 52/7 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган кредиттик союздарда кредиттик тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар» жөнүндө жобону бекитүү тууралуу». 

- 2019-жылдын 13-июнундагы № 2019-П-12/31-2-(НПА) «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык ачылган банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу жөнүндө нускоону бекитүү тууралуу».  

 

2. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15 (он беш) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.  

 

3. Юридика башкармалыгы:  

- тиешелүү документтерди алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтына жарыяласын;  

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

 

4. Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгы бул токтом жарыяланган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен коммерциялык банктарды, «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин, «Кредиттик союздардын каржы компаниясы» ААКты, «Микрофинансы уюмдарынын ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин, «Кыргызстандын кредиттик союздарынын жана кооперативдеринин улуттук ассоциациясы» юридикалык жактардын бирикмесин, микрофинансылык уюмдарды, депозиттерди тартууга лицензиясы бар кредиттик союздарды тааныштырсын.  

 

5. «Башкарманын катчылыгы» бөлүмү токтом жарыяланган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Банктык көзөмөл башкармалыгын, Төлөм системалары башкармалыгын, Юридика башкармалыгын, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.  

 

6. Токтомдун аткарылышын контролдоо Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.  

 

 

Төрага                                                                                                                                                                                                                                                                                  М. Тургунбаев 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2024-жылдын «14» августундагы 

№ 2024-П-12/36-1-(НПА)  

токтомуна карата тиркеме 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 23-декабрындагы № 50/7 «Кредиттик союздарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кредиттик союздарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун:  

1) 5.1.3-пункту төмөнкү редакциядагы тогузунчу абзацы менен толукталсын:  

«Кредиттик союздун кызматкери Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу салык органынын маалымат системасы аркылуу юридикалык жактын салыктык каттоодон өткөндүгүн да текшерүүгө тийиш. Текшерүү фактысы кардардын кагаз түрүндөгү же электрондук таржымалында тиешелүү түрдө сакталууга тийиш.»; 

2) Жобого карата 1-тиркеменин: 

- 7-пунктунун экинчи абзацы күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- төмөнкү редакциядагы 7-2-пункт менен толукталсын: 

«7-2. Салыктык каттоодон өткөндүгүн текшерүү фактысын тастыктаган маалымат (эгерде карыз алуучу юридикалык жак болсо).». 

 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 30-июнундагы № 52/4 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит уюмдарында кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун:  

1) Жобонун 1-тиркемесинин: 

- 8-пункту төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: 

«Банк кызматкери Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу салык органынын маалымат системасы аркылуу юридикалык жактын салыктык каттоодон өткөндүгүн текшерүүгө тийиш. Текшерүү фактысы кардардын кагаз түрүндөгү же электрондук таржымалында тиешелүү түрдө сакталууга тийиш.»; 

- 9-пункту күчүн жоготкон катары таанылсын. 

 

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 31-октябрындагы № 41/12 «Банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу боюнча нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Банктык эсептер, аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу жөнүндө нускоонун:  

1) 43-пунктунун: 

- 3-пунктчасындагы «мамлекеттик каттоодон (кайра каттоодон) өткөндүгү жөнүндө күбөлүк» деген сөздөр «мамлекеттик каттоодон (кайра каттоодон) өткөндүгү жөнүндө маалым кат» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

- 6-пунктчасы күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 9-пунктчанын экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Банк кызматкери банктык аманат (депозит) келишими боюнча банктык эсеп ачууда ушул пунктта көрсөтүлгөн тизмекке ылайык документтер берилгендигин текшерүүгө жана аларды тастыктоого, ошондой эле юридикалык жактын салыктык каттоодон өткөндүгүн текшерүүгө тийиш. Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдарынын маалымат системалары же болбосо мобилдик же тиешелүү программалык камсыздоого ээ башка түзүлүш аркылуу кагаз түрүндө же электрондук документ формасында алынган документтерди тастыктоо фактысы текшерүү, ошондой эле юридикалык жактын салыктык каттоодон өткөндүгүн текшерүү фактысы талапка ылайык кардардын кагаз түрүндө же электрондук таржымалында тастыкталууга (катталууга) тийиш.».  

 

4. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 25-сентябрындагы № 35/13 «Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырууда кредиттик тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырууда кредиттик тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун:  

1) Жобонун 1-тиркемесинде:

- 9-пункту төмөнкү редакциядагы абзац менен толукталсын: 

«Банк кызматкери Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу салык органынын маалымат системасы аркылуу юридикалык жактын салыктык каттоодон өткөндүгүн да текшерүүгө тийиш. Текшерүү фактысы кардардын кагаз түрүндөгү же электрондук таржымалында тиешелүү түрдө сакталууга тийиш.»; 

- 10-пункту күчүн жоготкон катары таанылсын. 

 

5. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 25-сентябрындагы № 35/14 «Аманаттарды (депозиттерди) тартпаган микрофинансылык уюмдарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Аманаттарды (депозиттерди) тартуу менен иш алып барбаган микрофинансылык уюмдарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун: 

1) 20-пунктунун 2-пунктчасы төмөнкү редакциядагы абзац менен толукталсын: 

«МФУ кызматкери Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу салык органынын маалымат системасы аркылуу юридикалык жактын салыктык каттоодон өткөндүгүн да текшерүүгө тийиш. Текшерүү фактысы кардардын кагаз түрүндөгү же электрондук таржымалында тиешелүү түрдө сакталууга тийиш.»; 

2) Жобого карата 1-тиркеменин: 

2-пунктунун 1-пунктчасы күчүн жоготкон катары таанылсын; 

3-пунктунун 7-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«7) Салыктык каттоодон өткөндүгүн текшерүү фактысын тастыктаган маалымат;». 

 

6. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-декабрындагы № 52/7 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан кредиттик союздарда кредиттик тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан кредиттик союздарда кредиттик тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобо:  

1) төмөнкү редакциядагы 27-2-пункт менен толукталсын: 

«27-2. Кредиттик союздун кызматкери Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу салык органынын маалымат системасы аркылуу юридикалык жактын салыктык каттоодон өткөндүгүн да текшерүүгө тийиш. Текшерүү фактысы кардардын кагаз түрүндөгү же электрондук таржымалында тиешелүү түрдө сакталууга тийиш.»; 

2) Жобонун 1-тиркемесинин 7-пунктунун экинчи абзацы күчүн жоготкон катары таанылсын. 

 

7. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 13-июнундагы № 2019-П-12/31-2-(НПА) «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык ачылган банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу жөнүндө нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык ачылган банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу жөнүндө нускоонун:  

1) 42-пунктунун: 

- 3-пунктчасындагы «мамлекеттик каттоодон (кайра каттоодон) өткөндүгү жөнүндө күбөлүк» деген сөздөр «мамлекеттик каттоодон (кайра каттоодон) өткөндүгү жөнүндө маалым кат» деген сөздөргө алмаштырылсын; 

- 6-пунктчасы күчүн жоготкон катары таанылсын; 

- 9-пунктчанын экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Банк кызматкери банктык аманат (депозит) келишими боюнча банктык эсеп ачууда ушул пунктта көрсөтүлгөн тизмекке ылайык документтер берилгендигин текшерүүгө жана аларды тастыктоого, ошондой эле юридикалык жактын салыктык каттоодон өткөндүгүн текшерүүгө тийиш. Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдарынын маалымат системалары же болбосо мобилдик же тиешелүү программалык камсыздоосу бар башка түзүлүш аркылуу кагаз түрүндө же электрондук документ формасында алынган документтерди текшерүү, ошондой эле юридикалык жактын салыктык каттоодон өткөндүгүн текшерүү фактысы талапка ылайык кардардын кагаз түрүндөгү же электрондук таржымалында тастыкталууга (катталууга) тийиш.».