Кыргыз Республикасынын
Улуттук банк Башкармасынын
2024-жылдын 4-сентябрындагы
№ 2024-П-14/41-3-(ПС)
токтому
Экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу жана финансылык туруктуулукту колдоо жөнүндө
Экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу жана финансылык туруктуулукту колдоо максатында, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 4, 5, 9, 28, 41 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:
1. Улуттук банктын көзөмөлүндөгү уюмдарга Кыргыз Республикасынын аймагына иш жүзүндө жеткирүүсүз, чет мамлекеттерден кирүүчү же чет мамлекеттерге чыгуучу товарлар, иштер жана кызмат көрсөтүүлөр предмети болуп саналган, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган ыйгарым укуктуу мамлекеттик компаниялардан тышкары, башка жактар менен түзүлгөн контракттар боюнча төлөм тапшырмаларын аткаруу үчүн кабыл алууга жана башка жолдор менен эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө бир жылдык мөөнөткө чектөө белгиленсин.
2. Юридика башкармалыгы:
- токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтына жарыяласын;
- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
3. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 3 (үч) жумадан кийин күчүнө кирет.
4. Төлөм системалары методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы токтом жарыяланган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен Улуттук банктын көзөмөлүндөгү уюмдарды тааныштырсын.
5. Токтомдун аткарылышын контролдоо Төлөм системалары методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.
Төрага М. Тургунбаев