Кыргыз Республикасынын
Улуттук банк Башкармасынын
2024-жылдын «25» cентябрындагы
№ 2024-П-10/46-5-(НПА)
токтому
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын
2023-жылдын 19-июлундагы № 2023-П-10/43-5-(НПА)
«Регулятивдик банктык отчет жөнүндө»
жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 9, 40 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2023-жылдын 19-июлундагы № 2023-П-10/43-5-(НПА) «Регулятивдик банктык отчет жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 2-пунктундагы «2024-жылдын 1-октябрынан тартып» деген сөздөр жана сандар «2025-жылдын 1-майынан тартып» деген сөздөргө жана сандарга алмаштырылсын.
- төмөнкү мазмундагы 2-1-пункт менен толукталсын:
«2-1. Коммерциялык банктар 2024-жылдын 31-декабрына чейин регулятивдик банктык отчетун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына тапшырууну жана тесттен өткөрүлүшүн камсыз кылсын».
2. Токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2024-жылдын 30-сентябрынан тартып күчүнө кирет.
3. Юридика башкармалыгы:
- тиешелүү документтерди алган күндөн тартып 1 (бир) жумуш күнү ичинде ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтына жарыяласын;
- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
4. Финансы статистикасы жана маалымдоо башкармалыгы токтом расмий жарыялангандан кийин 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарын жана «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин тааныштырсын.
5. Токтомдун аткарылышын контролдоо Финансы статистикасы жана маалымдоо башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.
Төрага М. Тургунбаев