Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2024-жылдын 25-сентябрындагы 

№ 2024-П-12/46-3-(НПА) 

токтому 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын  

айрым ченемдик укуктук актыларына мамлекеттик программаларды ишке ашыруунун алкагында кредиттерди берүү маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө  

 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:  

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) киргизилсин: 

- 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/3 «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндөгү» жобону бекитүү жөнүндө»; 

- 2010-жылдын 30-июнундагы № 52/4 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө»; 

- 2017-жылдын 31-майындагы № 21/5 «Банктын аффилирленген жана байланыштуу жактар менен операцияларына карата талаптар жөнүндө» нускоону бекитүү тууралуу»; 

- 2020-жылдын 13-майындагы № 2020-П-12/27-1-(НПА) «Кардарларды аралыктан тейлөө режиминде идентификациялоо жана верификациялоо тартиби жөнүндө». 

2. Токтом 2024-жылдын 1-октябрынан тартып күчүнө кирет

3. Юридика башкармалыгы: 

- тиешелүү документтерди алгандан кийинки 3 (үч) жумуш күнү ичинде токтомдун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;  

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн

4. Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгы расмий жарыялангандан кийинки 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин, коммерциялык банктарды, «Микрофинансылык уюмдардын ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин, мөөнөттүү депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компанияларды, «Кредиттик союздардын каржы компаниясы» ААКты жана «Кепилдик фонд» ААКты тааныштырсын. 

5. «Башкарманын катчылыгы» бөлүмү 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

6. Токтомдун аткарылышын контролдоо Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

Төрага                                                                                                                                                                                                                                                                              М. Тургунбаев 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 

2024-жылдын 25-сентябрындагы 

№ 2024-П-12/46-3-(НПА) 

токтомуна карата тиркеме 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын  

айрым ченемдик укуктук актыларына мамлекеттик программаларды ишке ашыруунун алкагында кредиттерди берүү маселелери боюнча өзгөртүүлөр 

 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/3 «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндөгү» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резервге тиешелүү чегерүүлөр жөнүндөгү» жобонун:  

- 4.1.1-пунктунун он алтынчы абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

«Эгерде алар ушул жобонун 4.2-пунктунда белгиленген талаптарга жооп берсе, ошондой эле эгерде алар Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен/Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген мамлекеттик программаларды (турак жай, социалдык, улуттук жана экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча) ишке ашыруунун алкагында берилсе, банктар улуттук валютадагы кредиттерди «нормалдуу активдер» катары классификациялашы мүмкүн.». 

 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 30-июнундагы № 52/4 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит уюмдарында кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун: 

- 21-пункту төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: 

«Банк Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен/Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген мамлекеттик программаларды (турак жай, социалдык, улуттук жана экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча) ишке ашыруунун алкагында мамлекеттик программаларды ишке ашыруу шарттарын эске алуу менен кредит алууга билдирмелерди кароонун белгилүү бир тартибин, ошондой эле кредит алуу үчүн кайрылган адамга карата коюлуучу талаптарды белгилөөгө тийиш»; 

- төмөнкү мазмундагы 25-1-пункт менен толукталсын: 

«25-1. Кредит берүүнүн максатка ылайыктуулугун аныктоодо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен/Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген мамлекеттик программаларды (турак жай, социалдык, улуттук жана экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча) ишке ашыруунун алкагында карыз алуучунун төлөөгө жөндөмдүүлүгүн талдоодо банк мамлекеттик программаларды (турак жай, социалдык, улуттук жана экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча) ишке ашыруу шарттарын жана тартибин эске алуу менен карыз алуучудан документтерди (кагаз жүзүндө же электрондук документ түрүндө) талап кылууга тийиш.»; 

- 30-пункттун 5-пунктчасынын үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: 

 

«Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен улуттук экономика субъекттерине, анын ичинде мамлекеттик программаларды (турак жай, социалдык, улуттук жана экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча) ишке ашыруу, ошондой эле өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга көмөктөшүү максатында берилген гарантия/кепилдик боюнча төлөө жөндөмдүүлүгүнө талдоо жүргүзүлбөшү мүмкүн.»; 

- 1-тиркеменин 2-пункту төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: 

«Мында, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен/Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген мамлекеттик программаларды (турак жай, социалдык, улуттук жана экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча) ишке ашыруунун алкагында карыз алуучунун кредит төлөө жөндөмдүүлүгүн талдоо мамлекеттик программаларды ишке ашыруу өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен жүргүзүлөт.». 

 

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/5 «Банктын аффилирленген жана байланыштуу жактар менен операцияларына карата талаптар жөнүндө» нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Банктын аффилирленген жана байланыштуу жактар менен операцияларына карата талаптар жөнүндө нускоонун: 

- 24-пункту төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: 

«Ушул пункттун 1 жана 2-пунктчаларында белгиленген тыюу салуулар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген мамлекеттик программаларды (турак жай, социалдык, улуттук жана экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча) ишке ашыруунун алкагында түзүлгөн банктын бүтүмдөрүнө жайылтылбайт. Мында, ар бир мамлекеттик программанын алкагында кредиттөөнүн/каржылоонун чогуу алгандагы көлөмү банктын өздүк (регулятивдик) капиталынын он беш пайызынан азын түзүүгө тийиш.». 

 

4. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 13-майындагы № 2020-П-12/27-1-(НПА) «Кардарларды аралыктан тейлөө режиминде идентификациялоо жана верификациялоо тартиби жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кардарларды аралыктан тейлөө режиминде идентификациялоо жана верификациялоо тартиби:  

- Тартиптин 1-тиркемесинин: 

- «Сүрөткө салыштыруу аркылуу аралыктан идентификациялоо жана верификациялоо учурунда операциялар» 4-таблицанын «Белгиленген чектөөлөр» тилкесинин 9-сабы төмөнкү редакциядагы абзац менен толукталсын: 

«Мында максималдуу баланска лимит Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы/Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген мамлекеттик программалардын (турак жай, социалдык, улуттук жана экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча) алкагында аралыктан ачылган мөөнөттүү банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептерге жайылтылбайт.»; 

- «Видеобайланышты колдонуу аркылуу аралыктан идентификациялоо жана верификациялоо учурундагы операциялар» 5-таблицанын «Белгиленген чектөөлөр» тилкесинин 10-сабы төмөнкү редакциядагы абзац менен толукталсын: 

«Мында максималдуу баланска лимит Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы/Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген мамлекеттик программалардын (турак жай, социалдык, улуттук жана экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча) алкагында аралыктан ачылган мөөнөттүү банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептерге жайылтылбайт.».