Кыргыз Республикасынын
Улуттук банк Башкармасынын
2024-жылдын 16-октябрындагы
№ 2024-П-12/53-2-(НФКУ)
Токтому
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын
айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) киргизилсин:
- 2003-жылдын 19-февралындагы № 4/2 «Кыргыз Республикасынын аймагында микрофинансылык уюмдарынын ишин жөнгө салуунун эрежелери жөнүндө»;
- 2009-жылдын 27-майындагы № 25/3 «Микрокредиттик компаниянын/микрокредиттик агенттиктин мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө» жана «Микрофинансылык компаниянын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө» жоболорду бекитүү тууралуу»;
- 2009-жылдын 23-декабрындагы № 50/7 «Кредиттик союздардагы кредиттик тобокелдикти башкаруу боюнча минималдык талаптар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу»;
- 2013-жылдын 25-сентябрындагы № 35/14 «Аманаттарды (депозиттерди) тартпаган микрофинансылык уюмдарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»;
- 2019-жылдын 14-августундагы № 2019-П-12/42-1-(НПА) «Террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү максатында коммерциялык банктарда ички контролдукту уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону, «Кыргыз Республикасында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобону бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына террористтик иш-аракетти каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү маселеси боюнча тиешелүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу».
2. Юридика башкармалыгы:
- тиешелүү документтерди алгандан кийинки 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтына жарыяласын;
- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
3. Токтом расмий жарыялангандан 15 (он беш) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
4. Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгы расмий жарыялангандан кийин 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен коммерциялык банктарды, микрофинансылык уюмдарды, кредиттик союздарды, алмашуу бюролорду, «Кредиттик союздардын каржы компаниясы» ААКты, «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин, «Микрофинансылык уюмдардын ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин, «Кыргызстандын кредиттик союздарынын жана кооперативдеринин улуттук ассоциациясы» юридикалык жактардын бирикмесин жана «Альянс» алмашуу бюролорунун ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин тааныштырсын.
5. «Башкарманын катчылыгы» бөлүмү 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.
6. Токтомдун аткарылышын контролдоо Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.
Төрага М. Тургунбаев
Кыргыз Республикасынын
Улуттук банк Башкармасынын
2024-жылдын 16-октябрындагы
№ 2024-П-12/53-2-( НФКУ)
токтомуна карата тиркеме
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын
айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2003-жылдын 19-февралындагы № 4/2 «Кыргыз Республикасынын аймагында микрофинансылык уюмдарынын ишин жөнгө салуунун эрежелери жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында микрофинансылык уюмдарынын ишин жөнгө салуунун эрежелерин:
1) төмөнкү мазмундагы 2.4.-4-пункт менен толукталсын:
«2.4.-4. Аманаттарды кабыл албаган МФКлар үчүн мүлккө (негизги каражаттарга) инвестициянын максималдуу суммасы.
Мүлккө (негизги каражаттарга) инвестициянын максималдуу өлчөмү МФКнын өздүк капиталынын 80 пайызга ашпоого тийиш.
Мүлк дегенден улам, МФКга таандык же ижара келишими боюнча МФКнын карамагында турган жана/же негизги каражат катары колдонула турган мүлктү (анын ичинде курулуп/монтаждалып жаткан кыймылсыз мүлк, транспорт каражаттары ж.б.) түшүнүүгө болот.»;
2) 4.2-пункт төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын:
«- мүлккө (негизги каражаттарга) инвестициялардын максималдуу өлчөмү.»;
3) төмөнкү мазмундагы 5.12-пункт менен толукталсын:
«5.12. Аманаттарды кабыл алган МФКлар үчүн мүлккө (негизги каражаттарга) инвестициянын максималдуу өлчөмү.
Мүлккө (негизги каражаттарга) инвестициянын максималдуу өлчөмү МФКнын өздүк капиталынын 20 пайызынан ашпоого тийиш.
Мүлк дегенден улам, МФКга таандык же ижара келишими боюнча МФКнын карамагында турган жана/же негизги каражат катары колдонула турган мүлтү (анын ичинде курулуп/монтаждалып жаткан кыймылсыз мүлк, транспорт каражаттары ж.б.) түшүнүүгө болот.».
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 27-майындагы № 25/3 «Микрокредиттик компаниянын/микрокредиттик агенттиктин мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө» жана «Микрофинансылык компаниянын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө» жоболорду бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Микрофинансылык компаниянын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө» жобонун:
1) 2-тиркемесинин 10-бөлүмү (чейрек сайын) төмөнкү редакцияда берилсин:
«10-бөлүм. Экономикалык стандарттардын сакталышы жөнүндө маалымат |
|
|||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Экономикалык стандарттардын жана талаптардын аталышы |
Белги |
Ченемди эсептөө |
Ченемдин айкын мааниси |
Ченемдин белгиленген мааниси |
Белгиленген ченемден четтөө |
|||
ДЕПОЗИТТЕРДИ ТАРТПАГАН МФКлар ҮЧҮН ЭКОНОМИКАЛЫК ЧЕНЕМДЕР |
||||||||
Уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү |
|
УК |
*100% |
|
|
кеминде 100% |
|
|
|
100000 |
100000 |
||||||
Инвестициялардын максималдуу чогуу алгандагы өлчөмү |
|
СИ |
*100% |
|
|
30% ашык эмес |
|
|
СК |
|
|||||||
Дүң каржылоо менен иш алып барган МФКларга, бир эле адамга берилүүчү каржылоонун максималдуу өлчөмү |
|
МК |
*100% |
|
|
20% ашык эмес |
|
|
СК |
|
|||||||
Өздүк капиталдын минималдуу өлчөмүнүн ченеми |
|
СК |
*100% |
|
|
кеминде 100%
|
|
|
УК |
100000 |
|||||||
Мүлккө (негизги каражаттарга) инвестициялардын максималдуу өлчөмү |
|
СИИ/СК*100% |
|
|
|
80% ашык эмес |
|
|
ДЕПОЗИТТЕРДИ ТАРТУУ МЕНЕН ИШ АЛЫП БАРГАН МФКлар ҮЧҮН ЭКОНОМИКАЛЫК ЧЕНЕМДЕР |
||||||||
Өздүк капиталдын минималдуу өлчөмүнүн ченеми |
М1 |
СК / УК * 100% |
|
кеминде 100% |
|
|||
Капиталдын шайкештик ченеми |
М2 |
СК / СА * 100% |
|
кеминде 8% |
|
|||
Бир карыз алуучуга тобокелдиктин максималдуу өлчөмүнүн ченеми |
М3 |
СЗ / СК * 100% |
|
5% ашык эмес |
|
|||
Ликвиддүүлүк ченеми |
М4 |
ЛА / ОБ * 100% |
|
кеминде 30% |
|
|||
Тартылган аманаттарды кайтарып берүү боюнча тобокелдикти чектөө ченеми |
М5 |
К / В *100% |
|
кеминде 100% |
|
|||
Аффилирленген жактар менен операциялар боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмү |
|
СЗ Аф. лиц/СК*100% |
|
60% көп эмес |
|
|||
|
||||||||
МФКнын бир кызматкеринин чогуу алгандагы карызы |
|
СЗС / СК * 100% |
|
5% ашык эмес |
|
|||
МФУларга, лизингдик компанияларга жана банктарга инвестициялардын чогуу алгандагы максималдуу өлчөмү (1) |
|
СИ / СК * 100% |
|
30% ашык эмес |
|
|||
Мамлекеттик эмес карыздык баалуу кагаздарга инвестициялардын жалпы өлчөмү |
|
СИЦБ / СК * 100% |
|
50% ашык эмес |
|
|||
Мүлккө (негизги каражаттарга) инвестициялардын максималдуу өлчөмү |
|
СИИ/СК*100% |
|
20% ашык эмес |
|
|||
СЗС-кызматкерлердин МФК алдындагы чогуу алгандагы карызы; СИ-микрофинансылык уюмдарга, лизингдик компанияларга жана банктарга чогуу алгандагы инвестициялар; СИЦБ-мамлекеттик эмес карыздык баалуу кагаздарга чогуу алгандагы инвестициялар; СИИ-мүлккө (негизги каражаттарга) чогуу алгандагы инвестициялар; СЗА-аффилирленген жактардын чогуу алгандагы карызы. СЗ-юридикалык жактардан жана уюштуруучулардан (акционерлерден) карызга алынган каражаттардын чогуу алгандагы өлчөмү (1) МФУ-микрофинансылык уюм |
||||||||
Отчеттук мезгилдеги орточо маанилер |
1 ай |
2 ай |
3 ай |
Жалпы |
|
|
||
ЛА - Ликвиддүү активдер |
|
|
|
|
|
|
||
ОБ - Милдеттери |
|
|
|
|
|
|
||
Норматив М4=ЛА/ОБ |
|
|
|
|
|
|
||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Кызматы:___________ Аты-жөнү:________________ Колу: _____________________________ |
|
|
|
|||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Кызматы:___________ Аты-жөнү:________________ Колу: _____________________________ |
|
|
|
2) 2-тиркемесинин 10-бөлүмү (ай сайын) төмөнкү редакцияда берилсин: |
|
|||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Экономикалык стандарттардын жана талаптардын аталышы |
Белги |
Ченемди эсептөө |
Ченемдин айкын мааниси |
Ченемдин белгиленген мааниси |
Белгиленген ченемден четтөө |
|||
ДЕПОЗИТТЕРДИ ТАРТПАГАН МФКлар ҮЧҮН ЭКОНОМИКАЛЫК ЧЕНЕМДЕР |
||||||||
Уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү |
|
УК |
*100% |
|
|
кеминде 100% |
|
|
|
100000 |
100000 |
||||||
Инвестициялардын максималдуу чогуу алгандагы өлчөмү |
|
СИ |
*100% |
|
|
30% ашык эмес |
|
|
СК |
|
|||||||
Дүң каржылоо менен иш алып барган МФКларга бир эле адамга берилүүчү каржылоонун максималдуу өлчөмү |
|
МК |
*100% |
|
|
20% ашык эмес |
|
|
СК |
|
|||||||
Өздүк капиталдын минималдуу өлчөмүнүн ченеми |
|
СК |
*100% |
|
|
кеминде 100%
|
|
|
УК |
100000 |
|||||||
Мүлккө (негизги каражаттарга) инвестициялардын максималдуу өлчөмү |
|
СИИ/СК*100% |
|
|
|
80% ашык эмес |
|
|
ДЕПОЗИТТЕРДИ ТАРТУУ МЕНЕН ИШ АЛЫП БАРГАН МФКлар ҮЧҮН ЭКОНОМИКАЛЫК ЧЕНЕМДЕР |
||||||||
Өздүк капиталдын минималдуу өлчөмүнүн ченеми |
М1 |
СК / УК * 100% |
|
кеминде 100% |
|
|||
Капиталдын шайкештик ченеми |
М2 |
СК / СА * 100% |
|
кеминде 8% |
|
|||
Бир карыз алуучуга тобокелдиктин максималдуу өлчөмүнүн ченеми |
М3 |
СЗ / СК * 100% |
|
5% ашык эмес |
|
|||
Ликвиддүүлүк ченеми |
М4 |
ЛА / ОБ * 100% |
|
кеминде 30% |
|
|||
Тартылган аманаттарды кайтарып берүү боюнча тобокелдикти чектөө ченеми |
М5 |
К / В *100% |
|
кеминде 100% |
|
|||
Аффилирленген жактар менен операциялар боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмү |
|
СЗ Аф. лиц/СК*100% |
|
60% көп эмес |
|
|||
МФКнын бир кызматкеринин чогуу алгандагы карызы |
|
СЗС / СК * 100% |
|
5% ашык эмес |
|
|||
МФУларга, лизингдик компанияларга жана банктарга инвестициялардын чогуу алгандагы максималдуу өлчөмү (1) |
|
СИ / СК * 100% |
|
30% ашык эмес |
|
|||
Мамлекеттик эмес карыздык баалуу кагаздарга инвестициялардын жалпы өлчөмү |
|
СИЦБ / СК * 100% |
|
50% ашык эмес |
|
|||
Мүлккө (негизги каражаттарга) инвестициялардын максималдуу өлчөмү |
|
СИИ/СК*100% |
|
20% ашык эмес |
|
СЗС-кызматкерлердин МФК алдындагы чогуу алгандагы карызы;
СИ-микрофинансылык уюмдарга, лизингдик компанияларга жана банктарга чогуу алгандагы инвестициялар;
СИЦБ-мамлекеттик эмес карыздык баалуу кагаздарга чогуу алгандагы инвестициялар;
СИИ-мүлккө (негизги каражаттарга) чогуу алгандагы инвестициялар;
СЗА-аффилирленген жактардын чогуу алгандагы карызы. СЗ-юридикалык жактардан жана уюштуруучулардан (акционерлерден) карызга алынган каражаттардын чогуу алгандагы өлчөмү (1)
МФУ-микрофинансылык уюм
Отчеттук мезгилдеги орточо маанилер |
1 апта |
2 апта |
3 апта |
4 апта |
5 апта |
Жалпы |
ЛА - Ликвиддүү активдер |
|
|
|
|
|
|
ОБ - Милдеттенме |
|
|
|
|
|
|
М4 ченеми =ЛА/ОБ |
|
|
|
|
|
|
Кызматы:___________ Аты-жөнү:________________ Колу: _____________________________ |
||||
|
|
|
|
|
Кызматы:___________ Аты-жөнү:________________ Колу: _____________________________ |
».
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 23-декабрындагы № 50/7 «Кредиттик союздардагы кредиттик тобокелдикти башкаруу боюнча минималдык талаптар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кредиттик союздарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун:
1) 5.1.3-пунктунун онунчу абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
«Бардык документтер толук иликтенгенден кийин (кагаз жүзүндө же электрондук документ формасында) кредит берүү жөнүндө чечим кабыл алынат.»;
2) 5.2.5-1-пунктунун үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
«- карыз алуучунун кредитор алдындагы акчалай жана/же материалдык милдеттенмелерин аныктоодо кредиттин колдонуудагы бүтүндөй мөөнөтү ичинде чегерилген үстөк айыптын (айып пул, туум) өлчөмү «Кыргыз Республикасында сүткорлук ишти чектөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген мааниден ашпоого тийиш.»;
3) 5.2.6-пункттун он төртүнчү абзацы төмөнкү мазмундагы сүйлөм менен толукталсын:
«Мында, кредиттин камсыздоосуна бирден ашык күрөөлүк мүлк сунушталган болсо жана күрөө коюучу катары үчүнчү жак (карыз алуучу эмес) болгон учурда, кредиттик союз күрөө коюучуга (үчүнчү жакка) күрөөнү алмаштырууга же бошотууга артыкчылыктуу (карыз алуучуга карата) укукту сунуштоого тийиш.»;
4) 5.3.7-пунктунун экинчи абзацындагы «нотариалдык жактан күбөлөндүрүү жана» деген сөздөр алып салынсын;
5) 7.3.2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
«7.3.2. Ушул Жобонун 7.3.1-пунктунда каралган иш-чаралар менен катар эле, карыз алуучунун өзү менен туруктуу иш алып баруу зарыл, ал төмөнкү максаттарда жүргүзүлүшү мүмкүн:
- сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
- карыз алуучуну кредиттик союзга чакыруу;
- карыз алуучуга кредиттик келишим шарттарынын сакталбагандыгы жөнүндө, аны бузуунун себептерин (мөөнөтү өтүп кеткен күндөрдүн саны ж.б.), ошондой эле келишим шарттарынын бузулушуна байланыштуу мүмкүн болуучу көйгөйлөрдү көрсөтүү менен кат жүзүндө/электрондук билдирүү жөнөтүү.
Карыз алуучу менен жүргүзүлгөн иштер, анын ичинде аны менен болгон жолугушуулар жана ага жиберилген жазуу жүзүндөгү/электрондук билдирүүлөр жөнүндө маалымат карыз алуучунуе кредиттик делосуна жазылууга тийиш.
«Проблемалуу» кредиттер менен иш жүргүзүүдө, жолугушууларды жана аңгемелешүүлөрдү өткөрүүдө кредиттик союздун кызматкерлери кабыл алынган ишкердик жана кесиптик этикетти так сактоого тийиш.»;
6) I бөлүмдө Зайымчы жөнүндө жалпы маалымат 1-тиркемеде берилет.
а) 6-пункттагы «50000» саны «100 000» санына алмаштырылсын;
б) 14-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
«14. Кредиттин максаттуу пайдаланылышын текшерүү жөнүндө Отчет кредиттөөнүн максаттарына жараша жана алар болгон шартта документтер (келишимдер, кабыл алуу-берүү актылары, эсеп-фактуралар, коштомо кагаздар ж.б.) менен тастыкталууга тийиш.
50 000 сомдон ашпаган өлчөмдөгү кредит, ошондой эле кредиттик союздун алыш-бериш эсебинен салык төлөөчү катары катталган сатуучунун/дүкөндүн алыш-бериш эсебине каражаттарды которуу жолу менен берилген керектөө кредити боюнча кредиттин максаттуу пайдаланылышын текшерүү жөнүндө отчет түзүлбөйт.»;
в) төмөнкү мазмундагы 16-пункт менен толукталсын:
«16. Ушул Жобонун талаптарына ылайык жана кредиттик союздун көз карашы боюнча башка маалыматтар жана маалыматтар.»;
7) жогорудагы жобонун 2-тиркемесиндеги «20» деген саны «10» деген санына алмаштырылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 25-сентябрындагы № 35/14 «Аманаттарды (депозиттерди) тартпаган микрофинансылык уюмдарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Аманаттарды (депозиттерди) тартуу менен иш алып барбаган микрофинансылык уюмдарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун:
1) 12-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
«12. Кредиттик саясат МФУлардын кызматкерлери кредиттерди сунуштоо, тариздөө, мониторинг жүргүзүү, классификациялоо жана кредиттик тобокелдиктерди тескөө иштеринде колдонууга милдеттүү болушкан стратегияны, параметрлерди аныктайт.
МФУ кредиттөө жана мониторинг жүргүзүү процессине тартылган кызматкерлерин карыз алуучулардын төлөөгө жөндөмдүүлүгүнө баа берүүнүн, проблемалуу кредиттер менен иш алып баруунун МФУда колдонулуп жаткан ыкмаларын эске алуу менен кредиттөө жана карыз алуучунун төлөөгө жөндөмдүүлүгүнө иликтөөлөрдү жүргүзүү жана баа берүү, ошондой эле кредиттөөдөгү башка маселелерге мониторинг жүргүзүү, анын ичинде кардарлар менен байланышты жөнгө салуу жана Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын аткаруу, жоопкерчиликтүү кредиттөө принциптеринин сакталышы маселелери боюнча мезгил-мезгили менен окутуп туруу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга тийиш.
МФУда кредиттин өлчөмүнө жана түрүнө, кардардын ишине жана кирешесине жараша карыз алуучунун жана кепилдик берүүчүнүн төлөөгө жөндөмдүүлүгүнө талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү жана баа берүү методикасын аныктаган ички документ бекитилүүгө тийиш. Документте карыз алуучунун жана/же кепилдик берүүчүнүн финансылык абалына, МФУларда болгон бардык маалыматтарды эске алуу менен алардын милдеттенмелерин аткаруу жөндөмдүүлүгүнө баа берүүгө мүмкүндүк берген толук ченемдер камтылууга тийиш. Бул ички документте 100 000 сомдон жогору кредиттер үчүн карыз алуучунун жана/же кепилдик берүүчүнүн кирешелери/төлөөгө жөндөмдүүлүгү жөнүндө маалыматты тастыктаган документтердин тизмеси көрсөтүлүүгө тийиш, мында карыз алуучунун жана/же кепилдик берүүчүнүн кирешелери/төлөөгө жөндөмдүүлүгү жөнүндө тастыктаган маалыматтар МФУнун карыз алуучуну кредиттөө боюнча чечим кабыл алуусу үчүн так жана жетиштүү болууга тийиш. 100 000 сомго чейинки кредиттер үчүн МФУнун ички документтеринде карыз алуучунун жана/же кепилдик берүүчүнүн төлөөгө жөндөмдүүлүгү аныкталган жана кредит берүү жөнүндө чечим кабыл алынган маалыматтар камтылуусу зарыл.
Мындан тышкары, бул ички документте кредиттин максаттуу пайдаланылышын текшерүү жөнүндө отчеттун формасы жана аны толтуруу боюнча талаптар аныкталууга тийиш. Отчет кредит берилген күндөн тартып 1 (бир) айдын ичинде таризделүүсү жана акча каражаттарынын пайдаланылышы жөнүндө тастыктоочу маалыматты камтуусу зарыл. Мында тастыктоочу документтердин тизмеги ошол ички документте аныкталат, ал эми карыз алуучунун кредитин максаттуу пайдалануу жөнүндө маалыматты тастыктаган документтердин өзү так жана жетиштүү болууга тийиш.
Кредиттин максаттуу пайдаланылышын текшерүү жөнүндө отчетту даярдоо 100 000 сомдон ашпаган өлчөмдөгү кредит, ошондой эле керектөө кредити жана МФУнун эсептешүү эсебинен салык төлөөчү катары катталган сатуучунун/дүкөндүн эсептешүү эсебине каражаттарды которуу жолу менен берилген, ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча керектөө кредиттерин каржылоо үчүн талап кылынбайт.
МФУ кредит боюнча тобокелдиктерди эске алуу менен, эгерде кепилдик кредит боюнча кошумча камсыздоо болуп саналса, гаранттын же кепилдик берүүчүнүн төлөөгө жөндөмдүүлүгүнө талдоо жүргүзбөй коюшу мүмкүн.»;
2) 19-пунктунун биринчи абзацындагы «сунушталган документтерди» деген сөздөрдөн кийин «(кагаз жүзүндө же электрондук документ формасында) деген сөздөр менен толукталсын;
3) 24-пункттун 4-пунктчасы төмөнкү мазмундагы сүйлөм менен толукталсын:
«Мында, кредиттин камсыздоосуна бирден ашык күрөөлүк мүлк сунушталган жана күрөө берүүчү катары үчүнчү жак (карыз алуучу эмес) иш алып барган учурда, МФУ күрөө берүүчүгө (үчүнчү жакка) күрөөнү алмаштыруу же бошотуу боюнча артыкчылыктуу (карыз алуучуга карата) укук берүүгө тийиш.»;
4) 29-пунктунун биринчи абзацы төмөнкү мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын:
«Кредиттик келишимдин ар бир барагы бардык тиркемелери менен кошо кагаз жүзүндө же болбосо бирдиктүү электрондук документ формасында кардар тарабынан кол коюлууга тийиш.»;
5) 33-1.-пунктунун үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
«- карыз алуучунун кредитор алдындагы акчалай жана/же материалдык милдеттенмелерин аныктоодо кредиттин колдонуудагы мөөнөтү ичинде чегерилген кошумча үстөк айыптын (айып пул, туум) өлчөмү «Кыргыз Республикасында сүткорлук ишти чектөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген мааниден ашпоого тийиш.»;
6) 56-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
«56. Ушул Жобонун 55-пунктунда каралган чаралар менен катар МФУлар карыз алуучунун өзү менен иш алып барышы мүмкүн, ал төмөнкүдөй болот:
- сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
- карыз алуучуну МФУга чакыруу;
- карыз алуучуга кредиттик келишимдин шарттарынын сакталбагандыгы жөнүндө, аны бузуунун себептерин (мөөнөтү өтүп кеткен күндөрдүн саны ж.б.), ошондой эле келишим шарттарынын бузулушуна байланыштуу мүмкүн болуучу көйгөйлөрдү көрсөтүү менен кат жүзүндө/электрондук билдирүү жөнөтүү.
Карыз алуучу менен жүргүзүлгөн иштер, анын ичинде аны менен болгон жолугушуулар жана ага жиберилген жазуу жүзүндөгү/электрондук билдирүүлөр жөнүндө маалымат карыз алуучунун кредиттик таржымалында жазылууга тийиш.»;
7) 1-тиркеменин:
а) 1-пунктунун:
- 2-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 6-пунктча төмөнкү редакцияда берилсин:
«6) иш жүзүндө жашаган жеринен алынган маалымат (зарыл болгон учурда МФУнун каалоосу боюнча)»;
- 7-пунктча төмөнкү редакцияда берилсин:
«7) кардардын кирешесин/төлөө жөндөмдүүлүгүн тастыктаган маалыматтар/документтер;»;
- 9-пунктчасында «50000» саны «100 000» санына алмаштырылсын;
б) 8-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
«8. Карыз алуучу менен кат алышуу (бардык корреспонденцияларды кошо тиркөө менен), анын ичинде электрондук түрдө кат алышуу МФУ менен карыз алуучунун ортосунда түзүлгөн келишим шарттарына ылайык жүргүзүлөт.»;
в) 10-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
«10. 100 000 сомдон ашпаган суммадагы ссуданы кошпогондо, кредиттин максаттарына жараша документтер (контракттар, кабыл алуу-берүү актысы, эсеп-фактуралар, эсеп-фактуралар ж.б.) менен ырасталган кредиттин максаттуу пайдаланылышын текшерүү жөнүндө отчет, ошондой эле микрофинансы уюмунун учурдагы эсебинен салык төлөөчү катары катталган сатуучунун/дүкөндүн учурдагы эсебине акча каражаттарын которуу жолу менен каралган ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык керектөө кредиттери жана керектөө максаттары үчүн каржылоо.»;
г) 12-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
«12. Гаранттын/кепилдиктин кирешелүүлүгү/төлөө жөндөмдүүлүгү жөнүндө маалымат.
Эгерде кепилдик кредиттин негизги камсыздоосу болуп саналса, анда зайымчы төмөнкү маалыматтарды берет:
- гаранттын жубайынын (эгерде бар болсо) кепилдик берүүгө макулдугу;
- гаранттын кирешесин/төлөө жөндөмдүүлүгүн тастыктаган маалыматтар/документтер.
Эгерде гарантия карыз алуучунун кредитин камсыздоо катары берилсе, анда зайымчы төмөнкү маалыматтарды берүүгө милдеттүү:
- тиешелүү кредиттик келишимди, кепилдик берилген сумманы жана кепилдиктин жарактуулук мөөнөтүн көрсөтүү менен жазуу жүзүндөгү кепилдик;
- кепилдик берүү жөнүндө тиешелүү гарант-органдын чечими;
- гаранттын уюштуруу документтери;
- кепилдиктин кирешесин/төлөө жөндөмдүүлүгүн тастыктаган маалыматтар/документтер.
МФУ алынган маалыматтардын негизинде гаранттын/гаранттын төлөөгө жөндөмдүүлүгүнө талдоо жүргүзүүгө милдеттүү.»;
д) 21-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
«21. Ушул Жобонун талаптарына ылайык жана МФУнун кароосу боюнча башка маалыматтар жана маалыматтар.»;
8) жогорудагы Жобонун 3-Тиркемесинде «20» деген саны «10» деген санга алмаштырылсын.
5. 2019-жылдын 14-августундагы № 2019-П-12/42-1-(НПА) «Террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү максатында коммерциялык банктарда ички контролдукту уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону, «Кыргыз Республикасында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобону бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына террористтик иш-аракетти каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү маселеси боюнча тиешелүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобонун:
1) 3-пунктунун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
«Банк - бул, уюштуруу-укуктук формадагы акционердик коом (жабык же ачык) түрүндө түзүлгөн жана Кыргыз Республикасынын «Банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамына жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык Улуттук банк тарабынан берилүүчү тиешелүү лицензиянын негизинде банктык ишти жүзөгө ашырууга укуктуу юридикалык жак.»;
2) 8-пункттун 16) пунктчасынын үчүнчү абзацы төмөнкү мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын:
«МФК, МКК, КС, алмашуу бюросу/кошумча алмашуу бюросу, адистештирилген финансы мекемеси порталда жумуш эмес (дем алыш) күн катары көрсөтүлгөн күндөрү иштөөгө тыюу салынат.»;
3) 11-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
«11. Банктар, алмашуу бюролору, МФК, МКК, КС, адистештирилген финансы мекемелери накталай чет өлкө валютасын сатуу жана сатып алуу операцияларын банк мыйзамдарынын, террористтик иштерди каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 193 токтому менен бекитилген Контролдук-кассалык машиналарды каттоо жана колдонуу тартибинин (ККМди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык колдонулган учурда), Улуттук валютанын шектүү банкноттору жана монеталары менен иш алып баруу боюнча нускоонун жана ушул Жобонун талаптарын сактоо менен жүзөгө ашырууга тийиш.»;
4) 15-пунктунда:
а) биринчи абзацындагы «Банктар» деген сөздөн кийин «, алмашуу бюролор, МФК, МКК, КС, адистештирилген финансы мекемелери» деген сөздөр менен толукталсын;
б) төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын:
«Банктар, алмашуу бюролору, МФК, МКК, кредиттик союздар, адистештирилген финансы-кредит мекемелери алмашуу операцияларын жүзөгө ашырууда чет өлкө валютасынын банкнотторунун аныктыгына шек туудурбаган, анын ичинде мөөрү жана/же штампы бар болгон учурда комиссиялык сый акыларды белгилөөгө жана кармап калууга укугу жок.»;
5) 19-пункт төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
«Алмашуу бюросунда, алмашуу пунктунда, МФК, МКК, КС, адистештирилген финансы уюмунда маалыматтын сакталышын камсыз кылган коопсуздук системасы орнотулган, ошондой эле журналдардын үзгүлтүксүз резервдик көчүрмөлөрү кеминде жарым жылда бир жолу жүргүзүлөт. Бул пунктта көрсөтүлгөн маалыматты кеминде 5 (беш) жылдан кем эмес сактоо зарыл.»;
6) 27-пункту төмөнкү мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:
«Чет өлкө валютасын сатып алуу-сатуу боюнча операцияларды жүргүзгөн кызматкерге ушул Жобонун жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык кардарды талаптагыдай текшерүү жана тиешелүү журналдарды толтурбоо боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчилик жүктөлөт.»;
7) төмөнкү мазмундагы 39-1-пункт менен толукталсын:
«39-1. Ушул Жобонун 27-39-пунктунда көрсөтүлгөн бардык операциялар банктын, алмашуу пунктунун, алмашуу бюросунун, МФКнын, МККнын, КС, адистештирилген финансы мекемесинин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген техникалык чыңдоо талаптарына жооп берген жайларында жүргүзүлүүгө тийиш.»;
8) 40-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
«40. Алмашуу бюролорунун, МФКнын, МККнын, КСтин, адистештирилген финансы мекемесинин кассага накталай акчаны чыгыштоо жана кириштөө боюнча операциялары жүгүртүү каражаттарынын көбөйүшү/азаюусу же отчет берилүүчү суммаларды берүү жана кабыл алуу менен байланышкан операциялары, ошондой эле банктан чет өлкө валютасын сатып алуу менен байланышкан операциялары, кассалык-контролдоо машинасында жана операцияларды каттоо журналында операцияларды жүргүзүү тартибинде чагылдырылат. Мында кирешелер же чыгашалар бөлүгүндө тиешелүүлүгүнө жараша «Алмашуу курсу» жана «Берилүүчү сумма» графаларына белги коюлат. Бул операциялар күн сайын берилүүчү отчёттордо башка кириштөө жана башка чыгаша катары көрсөтүлөт.»;
9) расмий тилдеги текстинин 40-1-пунктундагы «с наличной иностранной валютой» деген сөздөр «наличной иностранной валюты» дегенге алмаштырылсын;
10) 49-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
«49. МФК, МКК, КС, алмашуу бюролору жана адистештирилген финансы мекемелери нак чет өлкө валютасы менен жүргүзүлгөн операциялар жөнүндө маалыматтарды портал аркылуу Улуттук банкка отчеттук жумуш күнүнөн кийинки күнү саат 07.00 дөн 11.00 гө чейин, ушул Жобого карата 1-тиркемеде көрсөтүлгөн формага ылайык бир жолу сунушташат.
Улуттук банк операциялардын көлөмү жана валюталардын курсу жөнүндө маалыматты күнүнө бир нече жолу суроого укуктуу.
Банктар (алмашуу бюролору), МФК, МКК, КС, алмашуу бюролору жана адистештирилген финансы мекемелери Улуттук банкка отчётторду электрондук түрдө берүү үчүн интернет байланышына ээ болууга тийиш.»;
11) 57-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
«57. Накталай чет өлкө валютасы менен жүргүзүлгөн алмашуу операциялары боюнча так эмес маалыматтар берилген учурда, нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартибин, ошондой эле коммерциялык банктардын, МФК, МКК, КС жана алмашуу бюролорунун ишин жөнгө салган ченемдик документтердин башка талаптарын бузууга жол берилгендиги аныкталган учурда, Улуттук банк төмөнкүлөргө укуктуу:
- аныкталган бузууларды четтетүү жөнүндө эскертүү же жазма буйрук жиберүүгө жана бузуунун түрүнө жараша аларды четтетүү үчүн белгилүү бир мөөнөт берүүгө;
- мыйзамдарга ылайык айып салууга карата чараларды көрүүгө;
- алмашуу бюросунун/МКК/кредиттик союздун накталай чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензиясынын аракетин 15 (он беш) календардык күнгө чейинки мөөнөткө, ал эми аныкталган бузуулар четтетилбеген учурда 30 (отуз) календардык күнгө чейинки мөөнөткө токтотуп туруу;
- алмашуу бюросунун/МКК/КС накталай чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензиясын кайтарып алууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык башка таасир этүү чараларын колдонууга.»;
12) 1-тиркемедеги «жана 13.00 дөн 15.00 гө чейин» деген сөздөр алып салынсын;
13) 3-тиркеме төмөнкү редакцияда берилсин:
«3-тиркеме
Операцияларды каттоо
ЖУРНАЛЫ
20___ жылдын «____»_______________
Күндүн башталышына карата калдык |
Валюталар түрү |
Суммасы |
Кириштөө боюнча операциялар (сатып алуу) |
Чыгыштоо боюнча операциялар (сатуу) |
||||||||
Валюталардын аталышы |
Валюталардын суммасы |
Алмашуу курсу |
Берүүгө каралган сумма, сом менен |
Резидент эместер |
Валюталар аталышы |
Валюталар суммасы |
Алмашуу курсу |
Берүүгө каралган сумма, сом менен |
Резидент эместер |
Жыйынтыгында: сатылып алынган валюталар: Анын ичинде резидент эместерден сатылып алынгандар Башка кириштөөлөр |
|
Жыйынтыгында сатылган валюталар: Анын ичинде резидент эместерге сатылгандар Башка чыгыштоолор |
|
||||||
Күндүн башталышына карата калдык |
Валюталар түрү |
Суммасы |
Жооптуу кызматкердин кол тамгасы
Жетекчисинин кол тамгасы
Эскертүү:
1. «Жыйынтыгында сатылып алынган/сатылган валюта» сабында сатылып алынган жана сатылган валютанын жалпы суммасы валютанын ар бир түрү боюнча өз-өзүнчө көрсөтүлөт.
2. «Алмашуу курсу» деген 3 жана 8-графалардагы «Жыйынтыгында сатылып алынган/сатылган валюта» сабында сатылып алынган же сатылган бардык валюта боюнча орточо алынган курс чагылдырылат. Орточо алынган курс берүүгө каралган жалпы сумманын (4 жана 9-графалар) сатылып алынган/сатылган чет өлкө валютасынын жалпы суммасына карата катышы катары, валютанын ар бир түрү боюнча өз-өзүнчө эсептелинет.
3. Резидент эместер менен операция жүргүзүү учурунда 5 жана 10-графаларда «Н» белгиси чагылдырылат, ал эми резидент эместер менен операциялык күн ичинде ишке ашырылган операциялардын жалпы көлөмү алмашуу бюросунун күндөлүк отчетторунда көрсөтүлөт.
4. Алмашуу бюролорунун накталай чет өлкө валютасын алмашууга байланышы жок операцияларды алмашуу бюросунун кассасы аркылуу жүзөгө ашырууга укугу жок.».