Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2024-жылдын 23-октябрындагы  

№ 2024-П-14/55-1-(ПС) 

Токтому 

 

 

Банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө 

 

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 Жарлыгы менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасынын 5.6-пунктун ишке ашыруу, Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн мындан ары да көбөйтүү, калк үчүн санарип төлөм кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында, «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 5, 9, 41 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Коммерциялык банктарга жана төлөм уюмдарына ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып 2025-жылдын 31-декабрына чейин Кыргыз Республикасынын ичинде мобилдик тиркемелер жана интернетбанкинг аркылуу улуттук валютада акча которуулар боюнча кызмат көрсөтүүлөр үчүн жеке адам-кардарлардан комиссиялык сый акы (комиссия) алууга тыюу салынат. 

 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көрсөтүлгөн кызмат көрсөтүүлөр үчүн комиссиялык сый акыларды (комиссияларды) алууну жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларынын талаптары коммерциялык банктарга жана төлөм уюмдарына ушул токтомго каршы келбеген бөлүгүндө таркатылаары белгиленсин. 

 

3. Токтом расмий жарыяланган күндөн бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

 

4. Башкарманын катчылыгы бөлүмү токтом кабыл алынган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төлөм системалары методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгын, Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгын, Банктык көзөмөл башкармалыгын, Юридика башкармалыгын, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

 

5. Юридика башкармалыгы: 

- тиешелүү документтерди алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтына жарыяласын; 

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

 

6. Төлөм системалары методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы токтом расмий жарыялангандан кийинки 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин, «KG төлөм системаларынын операторлорунун ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин, Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарын жана төлөм уюмдарын тааныштырсын. 

 

7. Токтомдун аткарылышын контролдоо Төлөм системаларына көзөмөл башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

Төраганын милдетин аткаруучу                                                                                                                                                                                                                                 М. Аттокуров