Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2024-жылдын 28-октябрындагы 

№ 2024-П-07/56-1-(ДКП) 

токтому 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик чен өлчөмү жөнүндө 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 13, 63 жана 64-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:  

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик чени жылдык 9,00 пайыз өлчөмүндө белгиленсин. 

2. Токтом 2024-жылдын 29-октябрынан тартып күчүнө кирет. 

3. Акча-кредит саясаты башкармалыгы эсептик чен өлчөмү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында токтом кабыл алынган күндөн тартып 1 (бир) жумуш күнү ичинде жарыяласын. 

4. Токтомдун аткарылышын контролдоо Акча-кредит саясаты башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

Төраганын милдетин аткаруучу                                                                                                                                                                                                                       М. Аттокуров