Кыргыз Республикасынын
Улуттук банк Башкармасынын
2024-жылдын 31-октябрындагы
№ 2024-П-12/58-1-(БС)
Токтому
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын
2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-2-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын тышкы аудитине карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-2-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын тышкы аудитине карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүү киргизилсин (кошо тиркелет).
2. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15 (он беш) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
3. Юридика башкармалыгы:
- тиешелүү документтерди алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтына жарыяласын;
- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
4. Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгы токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин, коммерциялык банктарды, «Микрофинансылык уюмдардын ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин, микрофинансылык уюмдарды, «Кредиттик союздардын каржы компаниясы» ААКты жана «Кепилдик фонду» ААКты тааныштырсын.
5. «Башкарманын катчылыгы» бөлүмү токтом жарыяланган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгын, Банктык көзөмөл башкармалыгын, Банк эмес уюмдарды көзөмөлдөө башкармалыгын, Юридика башкармалыгын, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.
6. Токтомдун аткарылышын контролдоо Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.
Төрага М. Тургунбаев
Кыргыз Республикасынын
Улуттук банк Башкармасынын
2024-жылдын 31-октябрындагы
№ 2024-П-12/58-1-(БС)
токтомуна карата тиркеме
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын
2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-2-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын тышкы аудитине карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүү
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-2-(НПА) «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын тышкы аудитине карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын тышкы аудитине карата минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун:
- 19-пункту төмөнкү мазмундагы алтынчы, жетинчи, сегизинчи жана тогузунчу абзацтар менен толукталсын:
«Эгерде эл аралык аудитордук уюмдар тармагынын курамында болгон аудитордук уюмда коммерциялык банктарда аудит жүргүзүү тажрыйбасы жок болсо, анда мындай аудитордук уюм төмөнкү кошумча критерийлерге ылайык келген учурда, аудит жүргүзүү үчүн банк тарабынан тартылышы мүмкүн:
- банктын финансылык инструменттеринин наркына жана финансылык инструменттер боюнча келип чыгышы мүмкүн болгон жоготууларга резерв түзүүнүн шайкештигине баа берүү жана наркынын түшүүсүнөн улам келип чыккан башка чыгымдарды таануу тажрыйбасы болууга;
- тажрыйбасы жана квалификациясы ушул Жобонун 20 жана 21-пункттарындагы талаптарга ылайык келген штаттык аудиторлору болууга;
- бүтүндөй эл аралык аудитордук уюмдар тармагы масштабында борборлоштурулган негизде сапатты контролдоо саясаты же программасы болууга тийиш.».