Кыргыз Республикасынын
Улуттук банк Башкармасынын
2024-жылдын 31-октябрындагы
№ 2024-П-12/58-2-(НПА)
Токтому
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын
айрым ченемдик укуктук актыларына Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын ишке ашыруу маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) киргизилсин:
- 2003-жылдын 19-февралындагы № 4/2 «Кыргыз Республикасынын аймагында микрофинансылык уюмдарынын ишин жөнгө салуунун эрежелери жөнүндө»;
- 2009-жылдын 23-декабрындагы № 50/7 «Кредиттик союздардагы кредиттик тобокелдикти башкаруу боюнча минималдык талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»;
- 2010-жылдын 30-июнундагы № 52/4 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө»;
- 2012-жылдын 31-октябрындагы № 41/12 «Банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу боюнча нускоону бекитүү тууралуу»;
- 2013-жылдын 25-сентябрындагы № 35/13 «Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырууда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»;
- 2013-жылдын 25-сентябрындагы № 35/14 «Аманаттарды (депозиттерди) тартпаган микрофинансылык уюмдарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»;
- 2013-жылдын 23-декабрындагы № 52/7 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган кредиттик союздарда кредиттик тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар» жөнүндө жобону бекитүү тууралуу»;
- 2019-жылдын 13-июнундагы № 2019-П-12/31-2-(НПА) «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык ачылган банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу жөнүндө нускоону бекитүү тууралуу»;
- 2022-жылдын 2-июнундагы № 2022-П-12/35-1-(НПА) «Банктын, турак жай-сактык кредиттик компаниясынын, депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компаниянын аманатчылар алдындагы милдеттенмелери жөнүндө маалымат базасын жүргүзүү боюнча нускоону бекитүү тууралуу».
2. Юридика башкармалыгы:
- тиешелүү документтерди алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтына жарыяласын;
- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
3. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15 (он беш) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
4. Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгы расмий жарыялангандан кийин 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин, коммерциялык банктарды, «Микрофинансылык уюмдардын ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин, микрофинансылык уюмдарды, «Кредиттик союздардын каржы компаниясы» ААКты, «Кыргызстандын кредиттик союздарынын жана кооперативдеринин улуттук ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин, кредиттик союздарды, банк эмес жана адистештирилген финансы-кредит уюмдарын тааныштырсын.
5. Башкарманын катчылыгы бөлүмү тиешелүү документтерди алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.
6. Токтомдун аткарылышын контролдоо Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.
Төрага М. Тургунбаев
Кыргыз Республикасынын
Улуттук банк Башкармасынын
2024-жылдын 31-октябрындагы
№ 2024-П-12/58-2-(НПА)
токтомуна карата тиркеме
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын
айрым ченемдик укуктук актыларына Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын ишке ашыруу маселелери боюнча өзгөртүүлөр
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2003-жылдын 19-февралындагы № 4/2 «Кыргыз Республикасынын аймагында микрофинансылык уюмдарынын ишин жөнгө салуунун эрежелери жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында микрофинансылык уюмдарынын ишин жөнгө салуунун эрежелеринин:
- 7.8.2-пунктунун 3-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин:
«3) өтүнүч ээсинин төлөө жөндөмдүүлүгүн тастыктаган документтин болушу (өтүнүч ээсинин киреше алып келүүчү активдерге ээлик кылуу укугу, иштеген жеринен эмгек акысы тууралуу маалым кат, патент же салык кызматы органынын өзгөчө режимдеги соода аймагында салык төлөөнү колдонуу жөнүндө чечими же күбөлүк ж.б.), ошондой эле микрокредиттик агенттиктин кредиттик саясатына жана/же башка ички документтерине ылайык, кредит менен иш алып барган жооптуу адистин же кызматкердин корутундусу менен тастыкталган өтүнүч ээсинин төлөө жөндөмдүүлүгүнө баа берүү;».
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 23-декабрындагы № 50/7 «Кредиттик союздардагы кредиттик тобокелдикти башкаруу боюнча минималдык талаптар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кредиттик союздарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун:
- 5.1.6-пунктунун биринчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин:
«5.1.6. Кредиттик союз, күбөлүктүн же патенттин же салык кызматы органынын өзгөчө режимдеги соода аймагында салык төлөөнү колдонуу жөнүндө чечиминин негизинде ишкердикти жүзөгө ашырган жактарды жана эмгек акы долбоорунун алкагында төлөм карталары боюнча овердрафттарды эске албаганда, өз катышуучусуна чет өлкө валютасында ипотекалык жана керектөө кредиттерин бере албайт.»;
- Жобого карата 1-тиркеменин I бөлүмүнүн 7-пунктунун үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
«- патенттин же болбосо салык кызматы органынын өзгөчө режимдеги соода аймагында салык төлөөнү колдонуу жөнүндө чечиминин көчүрмөсү (болгон болсо).».
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 30-июнундагы № 52/4 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит уюмдарында кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун:
- 25-пунктунун алтынчы абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
«- жерди пайдалануу укугун тастыктаган документтерди же малы бар экендиги жөнүндө документтерди сунуштоо менен 500000 сомдон ашпаган өлчөмдө кредит берилген айыл чарба продукцияларын өндүрүүчү жеке адамдарды, ошондой эле айыл чарбаны өнүктүрүүгө багытталган өкмөттүк программалардын алкагында кредит берилген жеке адамдарды эске албаганда, мамлекеттик органдардан каттоодон өткөндүгү жөнүндө документ (эгерде карыз алуучу – ишкердикти күбөлүктүн же патенттин же болбосо салык кызматы органынын өзгөчө режимдеги соода аймагында салык төлөөнү колдонуу жөнүндө чечиминин негизинде жүзөгө ашырган юридикалык жак же жеке адам болсо).»;
- 34-2-пунктунун биринчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин:
«34-2. Банк, күбөлүктүн же патенттин же болбосо салык кызматы органынын өзгөчө режимдеги соода аймагында салык төлөөнү колдонуу жөнүндө чечиминин негизинде ишкердикти жүзөгө ашырган жактарды, ошондой эле эмгек акы долбоорунун алкагында төлөм карталары боюнча овердрафтты жана депозит күрөөсү алдында чет өлкө валютасында төлөм карталарына кредиттик лимиттерди эске албаганда, карыз алуучу – жеке адамга чет өлкө валютасында ипотекалык жана керектөө кредиттерин бере албайт.»;
- Жобого карата 1-тиркеменин 8-пунктунун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
«Жерди пайдалануу укугун тастыктаган документтерди же малы бар экендиги жөнүндө документтерди сунуштоо менен 500000 сомдон ашпаган өлчөмдө кредит берилген айыл чарба продукцияларын өндүрүүчү жеке адамдарды, ошондой эле айыл чарбаны өнүктүрүүгө багытталган өкмөттүк программалардын алкагында кредит берилген жеке адамдарды эске албаганда, мамлекеттик органдардан каттоодон өткөндүгү жөнүндө документ (эгерде карыз алуучу – ишкердикти күбөлүктүн же патенттин же болбосо салык кызматы органынын өзгөчө режимдеги соода аймагында салык төлөөнү колдонуу жөнүндө чечиминин негизинде жүзөгө ашырган юридикалык жак же жеке адам болсо).».
4. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 31-октябрындагы № 41/12 «Банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу боюнча нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу боюнча нускоонун:
- 41-пунктунун 1-пунктчасынын биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
«ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген жана жеке ишкер катары мамлекеттик каттоодон (кайра каттоодон) өткөндүгү фактысын тастыктаган, белгиленген формадагы документтин (күбөлүктүн) көчүрмөсүн же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда мамлекеттик каттоодон өтүүсүз ишкердикти жүргүзүп жаткандыгы фактысын тастыктаган документтин (патенттин же болбосо салык кызматы органынын өзгөчө режимдеги соода аймагында салык төлөөнү колдонуу жөнүндө чечиминин) көчүрмөсүн.».
5. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 25-сентябрындагы № 35/13 «Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырууда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырууда кредиттик тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө« жобонун:
- 29-пунктунун бешинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
«- жерди пайдалануу укугун тастыктаган документтерди же малы бар экендиги тууралуу документтерди сунуштоо менен 500000 сомдон ашпаган өлчөмдө каржылоо берилген айыл чарба продукцияларын өндүрүүчү жеке адамдарды, ошондой эле айыл чарбасын өнүктүрүүгө багытталган өкмөттүк программалардын алкагында каржылоо берилген адамдарды кошпогондо, мамлекеттик органдардан алынган каттоодон өткөндүгү жөнүндө документ (эгерде кардар/өнөктөш – ишкердикти күбөлүктүн же патенттин же болбосо салык кызматы органынын өзгөчө режимдеги соода аймагында салык төлөөнү колдонуу жөнүндө чечиминин негизинде жүзөгө ашырган юридикалык жак же жеке адам болсо).»;
- 38-2-пунктунун биринчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин:
«38-2. Банк, күбөлүктүн же патенттин же болбосо салык кызматы органынын өзгөчө режимдеги соода аймагында салык төлөөнү колдонуу жөнүндө чечиминин негизинде ишкердикти жүзөгө ашырган жактарды эске албаганда, кардар – жеке адамга ипотекага (мурабаха жана истиснаа ж.б. келишими боюнча турак жайды сатып алуу/куруу) жана керектөө максаттарына чет өлкө валютасында каржылоону, ошондой эле эмгек акы долбоорлорунун жана каржылоо лимиттеринин алкагында депозитти күрөөгө коюу менен чет өлкө валютасында төлөм карталары боюнча овердрафт бере албайт.».
Жобого карата 1-тиркеменин 9-пунктунун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
«Жерди пайдалануу укугун тастыктаган документтерди же малы бар экендиги тууралуу документтерди сунуштоо менен 500000 сомдон ашпаган өлчөмдө каржылоо берилген айыл чарба продукцияларын өндүрүүчү жеке адамдарды, ошондой эле айыл чарбасын өнүктүрүүгө багытталган өкмөттүк программалардын алкагында өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдер берилген адамдарды кошпогондо, мамлекеттик органдардан алынган каттоодон өткөндүгү жөнүндө документ (эгерде кардар/өнөктөш - күбөлүктүн же патенттин же болбосо салык кызматы органынын өзгөчө режимдеги соода аймагында салык төлөөнү колдонуу жөнүндө чечиминин негизинде ишкердикти жүзөгө ашырган юридикалык жак же жеке адам болсо).».
6. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 25-сентябрындагы № 35/14 «Аманаттарды (депозиттерди) тартпаган микрофинансылык уюмдарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Аманаттарды (депозиттерди) тартуу менен иш алып барбаган микрофинансылык уюмдарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун:
- 28-1-пунктунун биринчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин:
«28-1. МФУ, күбөлүктүн же патенттин же болбосо салык кызматы органынын өзгөчө режимдеги соода аймагында салык төлөөнү колдонуу жөнүндө чечиминин негизинде ишкердикти жүзөгө ашырган жактарды эске албаганда, кардарга - жеке адамга ипотекага (мурабаха, ж.б. келишимдер боюнча турак жай сатып алуу/куруу) жана керектөө максаттарына чет өлкө валютасында каржылоо бере албайт.»;
- Жобого карата 1-тиркеменин 2-пунктунун 3-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин:
«3) патенттин же салык кызматы органынын өзгөчө режимдеги соода аймагында салык төлөөнү колдонуу жөнүндө чечиминин көчүрмөсү (бар болсо).».
7. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-декабрындагы № 52/7 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган кредиттик союздарда кредиттик тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан кредиттик союздарда кредиттик тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун:
- 27-1-пунктунун биринчи сүйлөмү төмөнкү редакцияда берилсин:
«27-1. Кредиттик союз, күбөлүктүн же патенттин же болбосо салык кызматы органынын өзгөчө режимдеги соода аймагында салык төлөөнү колдонуу жөнүндө чечиминин негизинде ишкердикти жүзөгө ашырган жактарды эске албаганда, кардарга – жеке адамга ипотекага (мурабаха, ж.б. келишимдер боюнча турак жай сатып алуу/куруу) жана кардарга/жеке адамга чет өлкө валютасында керектөө максаттарына каржылоону сунуштай албайт.»;
- Жобого карата 1-тиркеменин 7-пунктунун үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
«- патенттин же салык кызматы органынын өзгөчө режимдеги соода аймагында салык төлөөнү колдонуу жөнүндө чечиминин көчүрмөсү (бар болсо).».
8. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 13-июнундагы № 2019-П-12/31-2-(НПА) «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык ачылган банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу жөнүндө нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык ачылган банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу жөнүндө нускоонун:
- 40-пунктунун 1-пунктчасынын биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
«1) ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген жана жеке ишкер катары мамлекеттик каттоодон (кайра каттоодон) өткөндүгү фактысын тастыктаган, белгиленген формадагы документтин (күбөлүктүн) көчүрмөсүн же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда мамлекеттик каттоодон өтүүсүз ишкердикти жүргүзүп жаткандыгы фактысын тастыктаган документтин (патенттин же салык кызматы органынын өзгөчө режимдеги соода аймагында салык төлөөнү колдонуу жөнүндө чечиминин) көчүрмөсүн.».
9. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 2-июнундагы № 2022-П-12/35-1-(НПА) «Банктын, турак жай-сактык кредиттик компаниясынын, депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компаниянын аманатчылар алдындагы милдеттенмелери жөнүндө маалымат базасын жүргүзүү боюнча нускоону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Банктын, турак жай-сактык кредиттик компаниясынын, депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компаниянын аманатчылар алдындагы милдеттенмелери жөнүндө маалымат базасын жүргүзүү боюнча нускоонун:
- Нускоого карата 1-тиркемедеги «Жеке адамдардын жана жеке ишкерлердин (банктын аталышы) компенсацияланууга тийиш болгон жайгаштырылган аманаттары (депозиттер) жөнүндө маалымат» деген таблицанын 4-1-тилкесинин аталышы төмөнкү редакцияда берилсин:
«Күбөлүктүн/патенттин/салык кызматы органынын өзгөчө режимдеги соода аймагында салык төлөөнү колдонуу жөнүндө чечиминин №»;
- Нускоого карата 2-тиркеменин 2-пунктунун бешинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
«- ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген жана жеке ишкер катары мамлекеттик каттоодон/кайра каттоодон (күбөлүктүн) өткөндүгүн тастыктаган документтин реквизиттери же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда мамлекеттик каттоодон өтүүсүз (патент же салык кызматы органынын өзгөчө режимдеги соода аймагында салык төлөөнү колдонуу жөнүндө чечими) ишкердик жүргүзүү фактысын тастыктаган документтин реквизиттери;».