Кыргыз Республикасынын
Улуттук банк Башкармасынын
2024-жылдын 13-ноябрындагы
№ 2024-П-14/60-3-(ПС)
Токтому
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын
9-декабрындагы № 76/8 «Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 9-декабрындагы № 76/8 «Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр киргизилсин (кошо тиркелет).
2. Токтом 2025-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
3. Юридика башкармалыгы:
- тиешелүү документтерди алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтына жарыяласын;
- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
4. Төлөм системалары методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин, «KG төлөм тутумдарынын операторлору ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин, коммерциялык банктарды, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында катталган банктык төлөм карталарынын процессингин жүзөгө ашырган төлөм системасынын операторлорун жана банктык төлөм карталарын пайдалануу менен эсептешүүлөр системасынын операторлорун тааныштырсын.
5. Башкарманын катчылыгы бөлүмү ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде Төлөм системалары методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгын, Банктык көзөмөл башкармалыгын, Юридика башкармалыгын, Улуттук банктын областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.
6. Токтомдун аткарылышын контролдоо Төлөм системалары методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.
Төрага М. Тургунбаев
Кыргыз Республикасынын
Улуттук банк Башкармасынын
2024-жылдын 13-ноябрындагы
№ 2024-П-14/60-3-(ПС)
токтомуна карата тиркеме
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 9-декабрындагы № 76/8 «Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттар жөнүндө»
жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 9-декабрындагы № 76/8 «Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттар жөнүндө» жобонун:
1) 73-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
«73. Эл аралык карталарды пайдалануу менен жүргүзүлгөн транзакциялар процессинги, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында каралган учурларды кошпогондо, эл аралык төлөм системаларынын операторлору тарабынан ошол системалардын регламентине, иш тартибине жана келишимдерине ылайык жүзөгө ашырылат.»;
2) төмөнкү мазмундагы 73-1, 73-2 жана 73-3-пункттар менен толукталсын:
«73-1. Кыргыз Республикасынын аймагында чыгарылган эл аралык карталар боюнча транзакциялар процессингин жүзөгө ашырышкан процессинг борборлору эл аралык төлөм системаларынын банктык төлөм карталарын пайдалануу менен эсептешүү системаларынын тынымсыз жана үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу үчүн улуттук төлөм системасынын операторунун процессинг борборуна түздөн-түз же башка катышуучу аркылуу туташуусун (интеграция) камсыз кылууга милдеттүү.
73-2. Улуттук төлөм системасынын оператору ушул Жобонун 73-1-пунктунун талаптарына ылайык туташкан (интеграция) бардык катышуучулардын ачык жана бирдей пайдалануусун камсыз кылган эрежелердин, тарифтердин жана шарттардын колдонулушун камсыздоого милдеттүү.
73-3. Процессинг борборлорунун өз ара иши эл аралык төлөм системаларынын карта ээлеринин банктык төлөм карталарын пайдалануу менен эсептешүүлөрдүн эл аралык төлөм системасынын ишинде өзгөчө кырдаалдар орун алган учурда (системанын үзгүлтүксүз ишине, операцияларды жүргүзүүгө терс таасирин тийгизген инциденттер жана башка жагдайлар, ошондой эле эл аралык төлөм системасынын операторунун кызмат көрсөтүүсү токтотулган же эл аралык төлөм системасынын реестрине тиешелүү жазууларды киргизүү менен эл аралык төлөм системасынын каттоодон өткөндүгү Улуттук банк тарабынан жокко чыгарылган учурлар) маалымат өткөрүүнүн альтернативалуу каналдарын жана/же резервдик каражаттарды колдонуу аркылуу Кыргыз Республикасынын бүтүндөй аймагы боюнча соода-тейлөө ишканаларында улуттук валютада жүзөгө ашырылган төлөм кызмат көрсөтүүлөрүнөн жана аралыкта орнотулган түзүлүштөрдөн накталай акча каражаттарын алууну үзгүлтүксүз негизде пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга тийиш.»;
3) 83-2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
Кыргыз Республикасынын аймагында чыгарылган банктык төлөм карталарын пайдалануу менен улуттук валютада жүргүзүлгөн төлөөлөр боюнча финансылык маалыматтарды чогултууну, иштеп чыгууну, сактоону (транзакциялардын процессингин) «Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында каралган учурларды кошпогондо, Улуттук банктын тиешелүү лицензиясы/уруксаты бар процессинг борбору жүзөгө ашырат. Банктык төлөм карталарын пайдалануу менен ишке ашырылган транзакциялардын процессинг жүргүзүү үчүн арналган процессинг борбору жана анын аппараттык-программалык комплекси Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашууга тийиш.»;
4) 83-3-пункту күчүн жоготкон катары таанылсын;
5) 83-4-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
«83-4. Мамлекет ичиндеги төлөмдөр боюнча клиринг банктык төлөм карталарын пайдалануу менен эсептешүүлөрдүн төлөм системасынын оператору тарабынан жүзөгө ашырылат жана жыйынтыктоочу таза позицияларды эсептөө ушул системанын регламентине жана иш тартибине ылайык банктар аралык Айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасында жүзөгө ашырылат. Мамлекет ичиндеги төлөмдөр боюнча жыйынтыктап эсептешүү Улуттук банк тарабынан жүзөгө ашырылат.»;
6) 83-5-пункту күчүн жоготкон катары таанылсын.