Кыргыз Республикасынын
Улуттук банк Башкармасынын
2024-жылдын 22-ноябрындагы
№ 2024-П-14/61-2-(ПС)
Токтому
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 4-сентябрындагы № 2024-П-14/41-3-(ПС) «Экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу жана финансылык туруктуулукту колдоо жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу жана финансылык туруктуулукту колдоо максатында, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 4, 5, 9, 28, 41 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2024-жылдын 4-сентябрындагы № 2024-П-14/41-3-(ПС) «Экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу жана финансылык туруктуулукту колдоо жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1-пунктундагы:
- «мамлекеттик» деген сөз алынып салынсын;
- төмөнкү мазмундагы экинчи жана үчүнчү абзацтар менен толукталсын:
«Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган ыйгарым укуктуу компаниялар тышкы экономикалык иштин субъекттерине карата эсептешүүлөр боюнча айрым жоболорду белгилөөгө укуктуу.
Ушул пункттун биринчи абзацында белгиленген чектөөлөр Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган учурларда белгиленген тартипте эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө жайылтылбайт.».
2. Юридика башкармалыгы:
- токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтына жарыяласын;
- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
3. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 10 (он) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
4. Токтомдун аткарылышын контролдоо Төлөм системалары методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.
Төрага М. Тургунбаев