Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын
2024-жылдын 25-ноябрындагы №2024-П-07/62-3-(ДКП) токтому
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик чен өлчөмү маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын отурумдарынын
2025-жылга каралган графиги жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 64-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик чен өлчөмү маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын отурумдарынын 2025-жылга каралган графиги (кошо тиркелет) бекитилсин.
2. Акча-кредит саясаты башкармалыгы токтом кабыл алынган күндөн тартып 5 (беш) жумуш күнү ичинде:
- токтомду Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жөнөтсүн;
- токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтына жарыяласын.
3. Токтомдун аткарылышын контролдоо Акча-кредит саясаты башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.
Төрага М. Тургунбаев
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын
2024-жылдын 25-ноябрындагы №2024-П-07/62-3-(ДКП) токтомуна карата
тиркеме
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик чен өлчөмү маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын отурумдарынын 2025-жылга
КАРАЛГАН ГРАФИГИ
Отурум өткөрүлүүчү дата* |
Маселенин аталышы |
27-январь |
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик чен өлчөмү жөнүндө. |
24-февраль |
1. 2024-жылдын IV чейреги үчүн акча-кредит саясаты жөнүндө отчёт; 2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик чен өлчөмү жөнүндө. |
28-апрель |
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик чен өлчөмү жөнүндө. |
26-май |
1. 2025-жылдын I чейреги үчүн акча-кредит саясаты жөнүндө отчёт; 2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик чен өлчөмү жөнүндө. |
28-июль |
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик чен өлчөмү жөнүндө. |
25-август |
1. 2025-жылдын II чейреги үчүн акча-кредит саясаты жөнүндө отчёт; 2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик чен өлчөмү жөнүндө. |
27-октябрь |
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик чен өлчөмү жөнүндө. |
24-ноябрь |
1. 2025-жылдын III чейреги үчүн акча-кредит саясаты жөнүндө отчёт; 2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик чен өлчөмү жөнүндө. |
*Эскертүү:
- эгерде Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын отуруму өткөрүлүүчү күн
Кыргыз Республикасында жумуш эмес күнү деп жарыяланса, отурум кийинки жумуш күнү өткөрүлөт;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик чен өлчөмү боюнча отурумдары Кыргыз Республикасындагы экономикалык жагдайга жараша графиктен тышкары өткөрүлүшү мүмкүн.