Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2024-жылдын 27-ноябрындагы  

№ 2024-П-12/63-1-(НПА) 

Токтому 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына  

өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна өзгөртүүлөр киргизилсин (кошо тиркелет):  

- 2010-жылдын 30-июнундагы № 52/4 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө»; 

- 2013-жылдын 25-сентябрындагы № 35/13 «Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырууда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2013-жылдын 25-сентябрындагы № 35/14 «Аманаттарды (депозиттерди) тартпаган микрофинансылык уюмдарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу». 

 

2. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15 (он беш) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.  

 

3. Юридика башкармалыгы:  

- тиешелүү документтерди алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтына жарыяласын;  

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

 

4. Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгы токтом жарыяланган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен коммерциялык банктарды, «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин, «Кредиттик союздардын каржы компаниясы» ААКты, «Микрофинансы уюмдарынын ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин, микрофинансылык уюмдарды тааныштырсын.  

 

5. «Башкарманын катчылыгы» бөлүмү токтом жарыяланган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Банктык көзөмөл башкармалыгын, Банк эмес уюмдарды көзөмөлдөө башкармалыгын, Юридика башкармалыгын, Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо бөлүмүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.  

 

6. Токтомдун аткарылышын контролдоо Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.  

 

 

          Төрага                                                                                                                                                                                                                                             М. Тургунбаев 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 

2024-жылдын 27-ноябрындагы  

№ 2024-П-12/63-1-(НПА) 

токтомуна карата тиркеме 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын  

айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр 

 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 30-июнундагы № 52/4 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актылары жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктарда жана башка финансы-кредит уюмдарында кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобо:  

1) төмөнкү мазмундагы 3-3-пункт менен толукталсын: 

«3-3. Токтотуп туруу мезгили бул, кредиттик келишимге кол коюлгандан кийинки мезгил аралыгы, анын ичинде банк карыз алуучуга акча каражаттарын которбойт. Карыз алуучу ушул мезгил аралыгында кредит алуудан баш тартууга укуктуу.»; 

2) 34-3-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«34-3. Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15-апрелиндеги № 22/3 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында обочо туруп/аралыктан тейлөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жободо жана Улуттук банктын башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптар сакталган шартта, банк обочо туруп/аралыктан тейлөө каналдары аркылуу, ички саясатына жана жол-жоболоруна ылайык кредиттерди сунуштоого укуктуу.  

Обочо туруп/аралыктан тейлөө каналы аркылуу берилүүчү кредиттин суммасы жөнөкөй электрондук кол коюу менен түзүлгөн келишим боюнча 200 000 сомдон (чет өлкө валютасындагы эквивалентте) жана күчөтүлгөн электрондук кол коюлган келишим боюнча 300 000 сомдон (чет өлкө валютасындагы эквивалентинде) ашпоого тийиш. 

Кредиттик келишимге электрондук кол тамга коюу жолу менен обочо туруп/аралыктан тейлөө каналы аркылуу берилүүчү кредиттер үчүн төмөнкү минималдуу токтотуп туруу мезгили белгиленет, бул мезгил аралыгында банк карыз алуучуга акча каражаттарын которо албайт: 

- 15 000 сомдон 50 000 сомго чейинки кредиттер үчүн 3 саат; 

- 50 000 сомдон 100 000 сомго чейинки кредиттер үчүн 6 саат; 

- 100 000 сомдон жогору кредиттер үчүн 24 саат. 

Мында, банк жогоруда көрсөтүлгөн токтотуп туруу мезгили ичинде 100 000 сомдон жогору кредиттер үчүн банктын антифрод-системалары боюнча ички саясатына ылайык, кардардын тобокелдигинин профилин эске алуу менен, обочо туруп/аралыктан тейлөө каналы аркылуу берилүүчү кредитти тариздөөгө кардардын ырастоосун алуу үчүн контролдук чалуу жол-жобосун кошумча жүргүзүүгө тийиш. 

Аралыктан идентификацияланган кардарлар үчүн кредиттердин суммасы Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 13-майындагы № 2020-П-12\27-1-(НПА) токтому менен бекитилген Кардарларды аралыктан идентификациялоо жана верификациялоо тартибинде белгиленген.»; 

3) 36-пунктунун экинчи абзацындагы «мүмкүн» деген сөз «зарыл» деген сөзгө алмаштырылсын; 

4) Жобонун 1-тиркемеси төмөнкү мазмундагы 16-2-пункту менен толукталсын: 

«16-2. Обочо туруп/аралыктан тейлөө каналы аркылуу кредит алган карыз алуучунун электрондук кредиттик таржымалында ушул Жобонун 34-3-пунктунун талаптарына ылайык кардар менен контролдук чалуунун жазуусу сакталууга тийиш.». 

 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 25-сентябрындагы № 35/13 «Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырууда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырууда кредиттик тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобо: 

1) төмөнкү мазмундагы 3-3-пункту менен толукталсын: 

«3-3. Токтотуп туруу мезгили бул, келишимге кол коюлгандан кийинки мезгил аралыгы, анын ичинде банк кардарга/өнөктөшкө акча каражаттарын которбойт. Ушул мезгил аралыгында, кардар/өнөктөш акча каражатын алуудан баш тартууга укуктуу.»; 

2) 38-3-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«38-3. Банк Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15-апрелиндеги № 22/3 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында обочо туруп/аралыктан тейлөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жободо, Улуттук банктын башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптар сакталган шартта жана Банктын ички саясатына жана жол-жоболоруна ылайык, обочо туруп/аралыктан тейлөө каналы аркылуу өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди сунуштоого укуктуу.  

Обочо туруп/аралыктан тейлөө каналы аркылуу берилүүчү, өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдин суммасы жөнөкөй электрондук кол тамга коюлган келишим боюнча 200 000 сомдон (чет өлкө валютасындагы эквиваленти) жана күчөтүлгөн электрондук кол тамга коюлган келишимдер боюнча 300 000 сомдон (чет өлкө валютасындагы эквиваленти) ашпоого тийиш.  

Обочо туруп/аралыктан тейлөө каналы аркылуу келишимге электрондук кол тамга коюу жолу менен берилүүчү, кредиттик тобокелдикти камтыган активдер үчүн төмөнкү минималдуу токтотуп туруу мезгили белгиленет, бул мезгил аралыгында банк кардарга/өнөктөшкө акча каражаттарын которо албайт: 

- кредиттик тобокелдикти камтыган 15 000 сомдон 50 000 сомго чейинки активдер үчүн 3 саат; 

- кредиттик тобокелдикти камтыган 50 000 сомдон 100 000 сомго чейинки активдер үчүн 6 саат; 

- кредиттик тобокелдикти камтыган 100 000 сомдон жогору активдер үчүн 24 саат. 

Мында, банк жогоруда көрсөтүлгөн токтотуп туруу мезгили ичинде банктын антифрод-системалары боюнча ички саясатына ылайык, кардардын тобокелдигинин профилин эске алуу менен, кредиттик тобокелдикти камтыган активди тариздөөгө кардардын/өнөктөштүн тастыктоосун алуу үчүн 100 000 сомдон жогору обочо туруп/аралыктан тейлөө каналы аркылуу берилүүчү кредиттик тобокелдикти камтыган актив үчүн контролдук чалуу жол-жобосун кошумча жүргүзүүгө тийиш. 

Аралыктан идентификацияланган кардарлар үчүн өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдердин суммасы Улуттук банк Башкармасынын 2020-жылдын 13-майындагы № 2020-П-12\27-1-(НПА) токтому менен бекитилген Кардарларды аралыктан тейлөө режиминде идентификациялоо жана верификациялоо тартибинде аныкталган.»; 

3) 39-пунктунун экинчи абзацындагы «мүмкүн» деген сөз «зарыл» деген сөзгө алмаштырылсын; 

4) Жобонун 1-тиркемеси төмөнкү мазмундагы 16-1-пункту менен толукталсын: 

«16-1. Обочо туруп/аралыктан тейлөө каналы аркылуу, өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активди алган кардардын/өнөктөштүн электрондук таржымалында ушул Жобонун 38-3-пунктунун талаптарына ылайык кардар/өнөктөш менен контролдук чалуунун жазуусу сакталууга тийиш.». 

 

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 25-сентябрындагы № 35/14 «Аманаттарды (депозиттерди) тартпаган микрофинансылык уюмдарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:  

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Аманаттарды (депозиттерди) тартуу менен иш алып барбаган микрофинансылык уюмдарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобонун: 

1) 5-пункту төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: 

«- Токтотуп туруу мезгили бул, кредиттик келишимге кол коюлгандан кийинки мезгил аралыгы, анын ичинде МФУ карыз алуучуга акча каражаттарын которбойт. Карыз алуучу ушул мезгил аралыгында кредит алуудан баш тартууга укуктуу.»; 

2) 10-1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин: 

«10-1. МФУ Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15-апрелиндеги № 22/3 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында обочо туруп/аралыктан тейлөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жободо, Улуттук банктын башка ченемдик укуктук актыларында көрсөтүлгөн талаптар сакталган шартта жана МФУнун ички саясатына жана жол-жоболоруна ылайык, обочо туруп/аралыктан тейлөө каналдары аркылуу кредиттерди берүүгө укуктуу. 

Обочо туруп/аралыктан тейлөө каналдары аркылуу берилүүчү кредиттердин суммасы жөнөкөй электрондук кол тамга коюлган келишимдер боюнча 15 000 сомдон (чет өлкө валютасындагы эквиваленти) жана күчөтүлгөн, квалификацияланбаган электрондук кол тамга коюлган келишимдер боюнча 150 000 сомдон (чет өлкө валютасындагы эквиваленти) ашпоого тийиш. 

Кредиттик келишимге электрондук кол тамга коюу жолу менен обочо туруп/аралыктан тейлөө каналы аркылуу берилүүчү кредиттер үчүн төмөнкү минималдуу токтотуп туруу мезгили белгиленет, бул мезгил аралыгында МФУ карыз алуучуга акча каражаттарын которо албайт: 

- 15 000 сомдон 50 000 сомго чейинки кредиттер үчүн 3 саат; 

- 50 000 сомдон 100 000 сомго чейинки кредиттер үчүн 6 саат; 

- 100 000 сомдон жогору кредиттер үчүн 24 саат. 

Мында МФУ жогоруда көрсөтүлгөн токтотуп туруу мезгили ичинде 100 000 сомдон жогору кредиттер үчүн кардардын обочо туруп/аралыктан тейлөө каналы аркылуу берилүүчү кредитти тариздөөгө тастыктамасын алуу үчүн контролдук чалуу жол-жобосун кошумча жүргүзүүгө тийиш.»; 

3) 38-пунктунун үчүнчү абзацындагы «мүмкүн» деген сөз «зарыл» деген сөзгө алмаштырылсын; 

4) Жобонун 1-тиркемеси төмөнкү редакциядагы 13-1-пункту менен толукталсын: 

«13-1. Обочо туруп/аралыктан тейлөө каналы аркылуу кредит алган карыз алуучунун электрондук кредиттик таржымалында ушул Жобонун 10-1-пунктунун талаптарына ылайык кардар менен контролдук чалуунун жазуусу сакталууга тийиш.».