Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2024-жылдын 22-ноябрындагы  

№ 2024-П-14/61-1-(ПС) 

Токтому 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын  

айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө  

 

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна өзгөртүүлөр киргизилсин (кошо тиркелет):   

- 2015-жылдын 9-декабрындагы №76/8 «Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»;  

- 2015-жылдын 9-декабрындагы №76/9 «Микрокредиттик компанияларды жана микрокредиттик агенттиктерди түзүү жана алардын иши жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу»; 

- 2015-жылдын 23-декабрындагы №78/26 «Микрофинансылык компаниялардын ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу». 

 

2. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15 (он беш) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.  

 

3. Юридика башкармалыгы:  

- тиешелүү документтерди алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде токтомду Улуттук банктын расмий интернет-сайтына жарыяласын;  

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.  

 

4. Төлөм системалары методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы расмий жарыяланган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин, «Микрофинансы уюмдарынын ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин, коммерциялык банктарды, «Банктар аралык процессинг борбору» ЖАКты, микрофинансылык жана микрокредиттик компанияларды тааныштырсын.  

 

5. Башкарманын катчылыгы бөлүмү 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төлөм системалары методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгын, Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгын, Банк эмес уюмдарды көзөмөлдөө башкармалыгын, Юридика башкармалыгын, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын. 

 

6. Токтомдун аткарылышын контролдоо Төлөм системалары методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн. 

 

 

Төрага                                                                                                                                                                                                                                                                                 М. Тургунбаев 

 

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 

2024-жылдын 22-ноябрындагы  

№ 2024-П-14/61-1-(ПС) 

токтомуна карата тиркеме 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым 

ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр 

 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын  

9-декабрындагы № 76/8 «Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттар жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттар жөнүндө» жобонун: 

1) 2-пунктундагы «банк иштери жөнүндө» деген сөздөрдөн кийин «Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө» деген сөздөр менен толукталсын;  

2) 5-пунктунун: 

а) он бешинчи абзацындагы «банктын кардары» деген сөздөр алынып салынсын; 

б) жыйырма экинчи абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын: 

«МФК/МККнын кредиттик карты овердрафтты кошпогондо, террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдардын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын сактоо менен кредиттерди/каржылоону накталай эмес формада, улуттук валютада берүү үчүн микрофинансылык компания жана микрокредиттик компания тарабынан чыгарылган, улуттук төлөм системасынын алдын ала чыгарылган кредиттик карты.»; 

в) отуз жетинчи абзацтагы: 

- «БФКУ» деген аббревиатура «МФК/МКК» деген аббревиатурага алмаштырылсын; 

г) отуз тогузунчу абзац төмөнкү редакцияда баяндалсын: 

«Алдын ала чыгарылган карта банктын/МФК/МККнын бөлүмүндө (МФК/МККнын кредиттик карттары) карттын бетинде карт ээсинин/пайдалануучунун аты-жөнүн көрсөтүүсүз жана 3 (үч) жылдан ашпаган мөөнөткө, ушул Жобонун жана террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча мыйзам талаптарына ылайык дароо берилүүчү карта.»; 

д) элүү сегизинчи абзацтагы «банктын» деген сөз «эмитенттин» дегенге алмаштырылсын; 

е) элүү тогузунчу абзацтагы «банк» деген сөздөн кийин «же МФК/МКК» деген сөздөр менен толукталсын; 

3) 13-пунктунун экинчи абзацындагы «банк-эмитентте/БФКУда» деген сөздөр «эмитент тарабынан» дегенге алмаштырылсын; 

4) 14-пунктунун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын: 

«Кардарды Кыргыз Республикасынын террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча мыйзам талаптарына ылайык талаптагыдай текшерүү чаралары сакталган шартта, чогуу алганда карыздын суммасынан ашпаган суммада кредит боюнча карызды төлөө максатында гана накталай жана накталай эмес акча каражаттар түрүндө, анын ичинде эсеп ачуусуз акча которуу системасы боюнча, ошондой эле МФК/МКК/банктардын кассалары, төлөм терминалдары, банкоматтары аркылуу жана башка ыкмаларда МФК/МККнын кредиттик картын толуктоого уруксат берилет. МФК/МККнын кредиттик картын кредиттик келишимде каралгандан башка максаттарда толуктоого жол берилбейт.»; 

5) Жобо төмөнкү мазмундагы 15-2-пункт менен толукталсын: 

«15-2. МФК/МККнын кредиттик картын пайдалануучу төмөнкү операцияларды гана жүзөгө ашырууга укуктуу: 

- кредиттик лимиттин чегинде соода-тейлөө ишканаларында сатып алынган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр, интернет-сатып алуулар үчүн төлөө

- кредиттик лимиттин чегинде банкоматтар/терминалдар-НБП аркылуу жана банктардын агенттеринен накталай акча каражаттарын алуу; 

- МФК/МККнын, банктардын, банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрдүн кеңири түрүн сунуштаган агенттердин кассалары, төлөм терминалдары, банкоматтар, акча которуу системалары жана электрондук капчыктар аркылуу кредитти төлөө үчүн кредиттик карттарын толуктоо.»; 

6) Жобо төмөнкү мазмундагы 15-3-пункт менен толукталсын: 

«15-3. МФК/МККнын кредиттик карты аркылуу картаны пайдалануучу төмөнкү шарттарда картанын кредиттик лимитин пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот:  

- карттар боюнча дебеттик (чыгыштоо) операциялар белгиленген кредиттик лимиттин чегинде жүргүзүлүшү мүмкүн; 

- кредиттик (кириштөө) операциялар кредит боюнча учурдагы жана/же келечектеги төлөмдөрдү төлөө эсебинен гана жүргүзүлүшү мүмкүн;  

- кредитти толугу менен төлөөдө ашыкча төлөнгөн сумма келип чыккан учурдан тартып 10 (он) жумуш күнү ичинде картты пайдалануучунун тандоосу боюнча төмөнкү ыкмалардын бири аркылуу кардарга төлөнүүгө (берилүүгө) тийиш: 

1) МФКнын жана МККнын кассасы аркылуу - накталай формада; 

2) пайдалануучу тарабынан кредиттик келишимде көрсөтүлгөн банктык эсепке - накталай эмес формада;  

3) пайдалануучунун электрондук капчыгы; 

4) пайдалануучунун телефон номеринин өздүк эсебине (балансына) (10 (он) эсептик көрсөткүчтөн ашпаган суммада гана). 

Мында карттагы оң калдыкты контролдоо жана жөнгө салуу МФК/МККнын системасы аркылуу камсыз кылынууга тийиш. 

Кредиттин ордун жабуу МФК/МКК жана карыз алуучу ортосунда түзүлгөн кредиттик келишимге ылайык накталай же накталай эмес формада жүзөгө ашырылат.»;  

7) Жобо төмөнкү мазмундагы 15-4-пункт менен толукталсын: 

«15-4. МФК/МКК Улуттук банктын кредиттик каражаттарды пайдалануу боюнча ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык, ишке ашырылган төлөмдөрдү талдоо болжолдонгон төлөм мониторингин/кредиттин максаттуу пайдаланылышына мониторинг жүргүзөт.»; 

8) 19-пунктундагы: 

а) «БФКУ» деген аббревиатура «МФК/МКК» деген аббревиатурага алмаштырылсын; 

б) үчүнчү сүйлөмдө «эмитент жана БФКУ жана пайдалануучулар» деген сөздөр «эмитент жана пайдалануучулар» дегенге алмаштырылсын; 

9) 21-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын: 

«21. Банк болуп саналган эмитент кардарлардын жана банк-корреспонденттердин тапшыруусу боюнча эсептешүүлөрдү жүргүзүү жана аларды кассалык тейлөө укугуна Улуттук банк тарабынан берилген банктык лицензиясы болгон шартта гана карттарды чыгарууну жана жайылтууну, ошондой эле кредиттик жана төлөм карттарын кошо алганда, төлөм документтерин чыгарууну, сатып алууну, төлөөнү, кабыл алууну, сактоону жана тастыктоону жүзөгө ашыра алат.  

МФК/МКК болуп саналган эмитент Улуттук банк тарабынан микрофинансылык компанияларды лицензиялоо тартибине ылайык берилген лицензияда тиешелүү операциялар көрсөтүлгөн шартта гана МФК/МККнын кредиттик карттарын чыгарууну жана жайылтууну жүзөгө ашыра алат.  

Эмитент тиешелүү төлөм системасы жана анын оператору менен системага катышуу жөнүндө келишим түзүүгө жана бул операцияны аткарууга төлөм системасынын уруксатын алууга тийиш (бир эмитенттүү ички банктык системалардан тышкары).  

МФК/МККнын кредиттик карттары улуттук төлөм системасынын оператору менен түзүлгөн келишимге ылайык, банктык төлөм карттар менен эсептешүүлөр боюнча улуттук төлөм системасынын алкагында гана чыгарылышы мүмкүн.»; 

10) 22-пункттагы «Банк» деген сөз «Эмитент» дегенге алмаштырылсын; 

11) 23-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын : 

«23. Эмитент, ушул Жободо каралган учурларды эске албаганда, эмитирленген карттардын түрлөрүн (локалдык, улуттук, эл аралык), ошол карттарды пайдалануу менен сунушталган кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмегин жана тиешелүү төлөм системасынын регламентинин жана иш тартибинин негизинде аларды кардарларга сунуштоо шарттарын өз алдынча аныктайт.»; 

12) 25-пункттун экинчи абзацы күчүн жоготкон катары таанылсын; 

13) 27-пункттагы «Банк» деген сөз «Эмитент» дегенге алмаштырылсын; 

14) 4-глава төмөнкү мазмундагы 28-1, 28-2, 28-3, 28-4, 28-5 жана 28-6-пункттар менен толукталсын: 

«28-1. МФК/МККнын баштапкы пайдаланууда кредиттик карты анда кредиттик лимит белгиленген учурга чейин активдүү болбоого тийиш. 

28-2. МФК/МККнын кредиттик картынын балансы, белгиленген кредиттик лимиттин алкагында картты пайдалануучу тарабынан чыгыштоо операцияларын жүргүзүүдө терс баланстын келип чыгышы менен шарттуу түрдө нөлгө барабар болууга тийиш. 

28-3. Бир карт боюнча кредиттик лимиттин өлчөмү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген ички ченемдик документтерге ылайык тобокелдик даражасын (деңгээлин) баалоо критерийлерин эске алуу менен МФК/МКК тарабынан белгиленет.  

28-4. МФК/МКК кардарга кредитти накталай эмес формада алуу үчүн бир гана кредиттик картты берүүгө укуктуу. Кредиттик карта мурда берилген кредит толугу менен төлөнгөндөн кийин гана башка кредитти накталай эмес түрдө берүү үчүн колдонулушу мүмкүн. 

28-5. Кредиттик карт боюнча операцияларды МФК/МКК Улуттук банктын микрофинансылык жана микрокредиттик компаниялардын ишин жөнгө салган ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык, өзүнүн автоматташтырылган системасында эсепке алат. 

28-6. МФК/МКК кредиттик карт аркылуу берилген кредиттик каражаттардын жалпы суммасынын МФК/МККнын коммерциялык банктагы эсебиндеги өз ара эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу үчүн каралган каражаттардын суммасынан ашып кетишине жол бербөө үчүн тиешелүү мониторингди камсыз кылууга тийиш.»; 

15) 29-пункттун: 

а) экинчи абзацындагы «банк» деген сөз «эмитент» дегенге алмаштырылсын; 

б) төртүнчү абзац күчүн жоготкон катары таанылсын; 

16) 31-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын: 

«31. Келишим түзүүдө жана банктык эсеп ачууда эмитент карт ээлерин Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 31-октябрындагы № 41/12 токтому менен бекитилген "Банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу жөнүндө" нускоонун 1-тиркемесинде жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 13-июнундагы № 2019-П-12/31-2-(НПА) токтому менен бекитилген "Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык ачылган банктык эсептер, банктык аманаттар (депозиттер) боюнча эсептер менен иш алып баруу жөнүндө" нускоонун 1-тиркемесинде белгиленген "өз кардарыңды бил" саясатынын талаптарына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык идентификациялоого милдеттүү.»; 

17) 31-1-пункту күчүн жоготкон катары таанылсын; 

18) 32-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын : 

«32. Эмитент картты берүү жөнүндө өтүнүч катка кол койгонго жана келишим түзгөнгө чейин карт ээсин/кредиттик карттарды пайдалануучуну төмөнкүлөр менен тааныштырууга милдеттүү

- келишим шарттары менен;  

- картты коопсуз пайдалануу эрежелери менен;  

- сунушталган кызмат көрсөтүүлөргө тарифтер менен;  

- карт ээси МФК/МККнын кредиттик картын пайдалануучуну эске албаганда, анын банктык эсебинин валютасынан айырмаланган валютада операцияларды жүргүзүүдө конвертациялоонун ар кандай варианттары каралган бир валютадан башка валютага конвертациялоо схемасы менен; 

- ар бир ишке ашырылган транзакция жөнүндө маалымат алуу, кардардын эсебинен санкциясыз пайдаланууга жол бербөө максатында карттарды блокировкалоо ыкмалары менен;  

- иш убактысынан тышкары жана дем алыш күндөрү (майрам күндөрү) картты чыгарган эмитент менен байланышуу үчүн байланыш маалыматтары менен;  

- кредиттик карттарына, анын ичинде МФКнын/МККнын кредиттик карттарына акча каражаттарын чегерүү мөөнөтү жана пайыздарды чегерүү учуру менен (акча каражаттары түшкөн күндөн тартып/карттан акча каражаттарын чыгарган күндөн тартып/товарларды же кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга багытталган акча каражаттарын которгон күндөн тартып ж.б.);  

- кредит дем алыш же майрам күндөрү накталай эмес формада төлөнө турган болсо, кредитти төлөө тартиби менен;  

- карт жоголгон учурда, банктын/МФКнын/МККнын кассасынан акча каражаттарын берүү тартиби менен.  

Банктын/МФКнын/МККнын кардары жазуу жүзүндө же аралыктан банктык тейлөөнү колдонуу менен көрсөтүлгөн маалыматты алгандыгын тастыктайт. Картты коопсуз пайдалануу эрежелери келишимде каралууга же ага кошо тиркелүүгө тийиш.»; 

19) 33-пункттун биринчи абзацындагы «картты берүү учурунда» деген сөздөрдөн кийин «банк тарабынан» деген сөздөр менен толукталсын; 

20) 33-1-пунктундагы:  

а) «БФКУ» деген аббревиатура «МФК/МКК» дегенге алмаштырылсын; 

б) 3-1-пунктча күчүн жоготкон катары таанылсын; 

21) 35-1-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын: 

«35-1. МФК/МККнын кредиттик картын берүүдө акча каражаттары (кредит) өз ара эсептешүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө келишимдин шарттарына ылайык МФК/МККнын банкта ачылган эсептешүү (ссуда боюнча) эсебинен каражаттарды дебеттөө аркылуу берилет. 

МФК/МККнын кредиттик картын пайдалануучунун банктык эсебине акча каражаттарын чегерүүсүз, МФК/МККнын кредиттик картына кредит түшкөндүгүнүн тастыктоосу катары МФК/МККнын жактырылган кредиттин суммасына кредиттик лимит ачкандыгы саналат. 

Кредитти чегерүү, кредиттик лимитти ачуу жана ордун жабуу тартиби/мөөнөтү МФК/МКК жана анын кардары ортосунда түзүлгөн кредиттик келишимге ылайык ишке ашырылат.  

Транзакцияларды аралыкта орнотулган жабдуулар жана төлөм системаларынын катышуучуларынын мобилдик тиркемелери аркылуу МФК/МККнын кредиттик картын пайдалануу менен өткөрүү PIN-кодду, паролдорду же аутентификациялоонун башка ыкмаларын колдонуу менен жүзөгө ашырылат.  

МФК/МККнын кредиттик карттарын пайдалануучу төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү алынган кредиттин максаттуу багытына ылайык жүргүзүүгө укуктуу.»; 

22) 40-пункттун: 

а) 1-пунктчасы төмөнкү редакцияда баяндалсын: 

«МФК/МККнын карт ээси/кредиттик картын пайдалануучусу келишимде каралган милдеттенмелерин аткарбаса»; 

б) 5-пунктчасынын экинчи абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын: 

«Картты тейлөө бир тараптуу тартипте токтотулган учурда, эмитент бул тууралуу келишимде каралган тартипте МФК/МККнын карт ээсине/кредиттик картты пайдалануучусуна маалымдоого тийиш.»; 

23) 41-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын: 

«41. Карт ээсинен картаны жоготкондугу, уурдалгандыгы же санкциясыз пайдаланылгандыгы тууралуу билдирүү же өтүнүч кат келип түшкөн шартта, эмитент карттын реквизиттерин системанын стоп-баракчасына каттоого тийиш. Карт ээсинен банкомат картты алып койгондугу жөнүндө билдирүү түшкөн учурда, эмитент/процессинг борбору МФК/МККнын карт ээси/кредиттик картын колдонуучусу келишимдин шарттарына жана төлөм системасынын эрежелерине ылайык, карттын реквизиттерин стоп-баракчага киргизет же картты кайтарып берүү тууралуу өтүнүч кат бергенге чейин убактылуу блокко коёт.»; 

24) 42-пунктта: 

а) «эмитентке» деген сөздөн кийин «БФКУга» деген сөз алынып салынсын;  

б) «БФКУ» деген аббревиатура «МФК/МКК» дегенге алмаштырылсын; 

25) 43-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын: 

«43. Эмитент төмөнкү учурларда МФК/МККнын карт ээси/кредиттик картын пайдалануучусу алдында жоопкерчилик тартпайт:  

- эгерде МФК/МККнын карт ээси/кредиттик картын пайдалануучу алар ортосунда түзүлгөн келишимдерде каралган картты жана PIN-кодду пайдалануу эрежелерин жана жол-жоболорун бузууга жол берсе;  

- МФК/МККнын карт ээси/кредиттик картын пайдалануучу тарабынан укукка жатпаган иш-аракеттерге жол берилген учурда.  

Кандай болбосун талаш жагдайларда эмитент МФК/МККнын карт ээсинин/кредиттик картын пайдалануучунун талабы боюнча, төлөм системасынын процессинг борборун кошо алганда, карт ээсинин эсебинен акча каражаттарынын чыгарылгандыгынын укук ченемдүүлүгүн тастыктоо үчүн ишке ашырылган транзакциялар боюнча толук маалыматты сунуштоого тийиш.  

Бул талап карттын магнит тилкеси аркылуу ишке ашырылган операцияларга жана көп факторлуу аутентификация менен корголбогон электрондук коммерция боюнча операцияларга таркатылбайт.»; 

26) 44-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын: 

«44. Улуттук банктан тиешелүү банктык операцияларды жүргүзүү укугуна лицензия алган учурда гана эквайер банктык төлөм карттарынын эквайрингин жүзөгө ашырышы мүмкүн. Эквайер тиешелүү төлөм системасы жана анын оператору менен системага катышуу жана ошол операцияны аткарууга уруксат алууга келишим түзүүгө тийиш.»; 

27) 45-пункттагы «Банк» деген сөз «Эквайер» дегенге алмаштырылсын;  

28) 46-пункттагы «Банк» деген сөз «Эквайер» дегенге алмаштырылсын;  

29) 50-пункттагы «коммерциялык банктардын» деген сөз «эмитенттердин» ге алмаштырылсын; 

30) 52-пункттагы «банктын» деген сөз «эквайердин» дегенге алмаштырылсын;  

31) 53-пункттун жыйырманчы абзацы күчүн жоготкон катары таанылсын; 

32) 54-пункттагы «банк» деген түрдүү жөндөмөдөгү сөз тиешелүү жөндөмөдөгү «эквайер» дегенге алмаштырылсын; 

33) Жобо төмөнкү мазмундагы 58-1-пункт менен толукталсын: 

«58-1. МФК/МКК тарабынан сунушталган эквайринг кызмат көрсөтүүлөрү боюнча акыркы өз ара эсептешүүлөр жана милдеттенмелерди эсепке алуу (кабыл алынган төлөмдөр боюнча ордун толтуруу) МФК/МККнын банкта ачылган банктык эсептери жана соода-тейлөө ишканаларынын тиешелүү банктык эсептери аркылуу, же болбосо эквайринг кызматтарын көрсөтүү жөнүндө келишимде каралган тартипте электрондук капчыктар аркылуу жүргүзүлөт.»; 

34) 96-пункттагы «Банктар» деген сөздөн кийин «жана МФК/МКК» деген сөздөр менен толукталсын; 

35) 97-пункттагы «Банктар» деген сөздөн кийин «жана МФК/МКК» деген сөздөр менен толукталсын; 

36) Жобого карата 1-тиркеменин преамбуласындагы «банктын толук аталышы» деген сөздөр «эмитенттин толук аталышы» дегенге алмаштырылсын; 

37) Жобого карата 2-тиркеменин преамбуласындагы «банктын толук аталышы» деген сөздөр «эквайердин толук аталышы» дегенге алмаштырылсын; 

38) Жобого карата 3-тиркеменин: 

а) «Аралыкта жайгаштырылган жабдуулар реестри жөнүндө отчет» бөлүгүндө «банктын» деген сөздөр «эквайердин» дегенге алмаштырылсын; 

б) 12-пунктунун үчүнчү абзацындагы «коммерциялык банктар» деген сөздөр «эквайер» дегенге алмаштырылсын. 

 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын  

9-декабрындагы № 76/9 «Микрокредиттик компанияларды жана микрокредиттик агенттиктерди түзүү жана алардын иши жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Микрокредиттик компанияларды жана микрокредиттик агенттиктерди түзүү жана алардын иши жөнүндө» жобонун: 

1) 77-пункту төмөнкү мазмундагы «г» жана «д» пунктчалары менен толукталсын: 

«г) овердрафтты кошпогондо, террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдардын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын сактоо менен накталай эмес формада кредиттерди берүү/каржылоо үчүн улуттук төлөм системасынын алдын ала чыгарылган кредиттик карттарын чыгаруу; 

д) Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык, бул операция лицензияда көрсөтүлгөн шартта, Кыргыз Республикасынын аймагында чыгарылган төлөм карттарынын, ошондой эле электрондук акчанын, эки өлчөмдүү штрих код белгилеринин (QR-код) жана башка төлөм инструменттеринин эквайринги.». 

 

3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын  

23-декабрындагы № 78/26 «Микрофинансылык компаниялардын ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 

жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Микрофинансылык компаниялардын ишин лицензиялоо жөнүндө» жобонун: 

1) 8-пункту төмөнкү мазмундагы 7 жана 8 -пунктчалары менен толукталсын: 

«7) овердрафтты кошпогондо, террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдардын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын сактоо менен, накталай эмес формада кредиттерди берүү үчүн улуттук төлөм системасынын алдын ала чыгарылган кредиттик карттарын чыгаруу. 

8) Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык, бул операция лицензияда көрсөтүлгөн шартта, Кыргыз Республикасынын аймагында чыгарылган төлөм карттарынын, ошондой эле электрондук акчанын, эки өлчөмдүү штрих код белгилеринин (QR-код) жана башка төлөм инструменттеринин эквайринги.»; 

2) 9-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 6) жана 7) пунктчалар менен толукталсын; 

«6) овердрафтты кошпогондо, террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдардын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын сактоо менен, накталай эмес формада каржылоону берүү үчүн улуттук төлөм системасынын алдын ала чыгарылган кредиттик карттарын чыгаруу. 

7) Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык, бул операция лицензияда көрсөтүлгөн шартта, микрофинансылык компания төлөм карттарынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында чыгарылган электрондук акчалардын, эки өлчөмдүү штрих код белгилеринин (QR-код) жана башка төлөм инструменттеринин эквайрингин жүзөгө ашыра алат.»; 

3) Жобого карата 7-тиркеменин 1-пункту төмөнкү мазмундагы 6 жана 7- пунктчалар менен толукталсын: 

«6) овердрафтты эске албаганда, кредитти накталай эмес формада берүү үчүн улуттук төлөм системасынын алдын ала чыгарылган кредиттик карттарын чыгаруу; 

7) Кыргыз Республикасынын аймагында чыгарылган төлөм карттарынын, ошондой эле электрондук акчанын, эки өлчөмдүү штрих код белгилеринин 

(QR-код) жана башка төлөм инструменттеринин эквайринги.»; 

4) Жобого карата 8-тиркеменин: 

а) төмөнкү мазмундагы 5 жана 6-пункттар менен толукталсын: 

«5) овердрафтты эске албаганда, каржылоону накталай эмес формада берүү үчүн улуттук төлөм системасынын алдын ала чыгарылган кредиттик карттарын чыгаруу; 

6) төлөм карттарынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында чыгарылган электрондук акчалардын, эки өлчөмдүү штрих код белгилеринин (QR-код) жана башка төлөм инструменттеринин эквайринги; 

б) чектөө барагы таблицасы 6-сап менен толукталсын».