Кыргыз Республикасынын
Улуттук банк Башкармасынын
2024-жылдын 4-декабрындагы
№ 2024-П-17/64-5-(БС)
Токтому
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын
2003-жылдын 16-апрелиндеги № 13/2 «Оффшордук аймактардын субъектилерин жана алардын тизмеcин аныктоо боюнча талаптарды белгилөө тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2003-жылдын 16-апрелиндеги № 13/2 «Оффшордук аймактардын субъектилерин жана алардын тизмеcин аныктоо боюнча талаптарды белгилөө тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жеңилдетилген салыктык режим колдонулган жана (же) банктык көзөмөл органдарына маалыматтардын ачык-айкын көрсөтүлүшү жана (же) алардын берилип турушу каралбаган мамлекеттердин жана аймактардын (оффшордук аймактардын) тизмесинин:
- 8-пункту күчүн жоготкон катары таанылсын;
- 9-пункту күчүн жоготкон катары таанылсын.
2. Токтом расмий жарыялангандан 15 (он беш) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
3. Юридика башкармалыгы тиешелүү документтерди алгандан кийин 3 (үч) жумуш күнү ичинде:
- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;
- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
4. Лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, «Кредиттик союздардын каржы компаниясы» ААКты, «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкын жана Улуттук банктын көзөмөлүнө алынган башка юридикалык жактарды 3 (үч) жумуш күнү ичинде тааныштырсын.
5. Башкарманын катчылыгы бөлүмү 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.
6. Токтомдун аткарылышын контролдоо көзөмөл блогунун ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.
Төрага М. Тургунбаев