Кыргыз Республикасынын
Улуттук банк Башкармасынын
2024-жылдын 4-декабрындагы
№ 2024-П-14/64-1-(ПС)
Токтому
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын
айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна өзгөртүүлөр киргизилсин (кошо тиркелет):
- 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 2019-П-14/50-2-(ПС) «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин жөнгө салуу жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу;
- 2022-жылдын 20-апрелиндеги № 2022-П-14/25-3-(ПС) «Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу.
2. Токтом, ушул токтомдун тиркемесинин 1-пунктунун 6-пунктчасын эсепке албаганда, расмий жарыяланган күндөн тартып 15 (он беш) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Токтомдун тиркемесинин 1-пунктунун 6-пунктчасы 2025-жылдын 1-мартынан тартып күчүнө кирет.
3. «Башкарманын катчылыгы» бөлүмү 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.
4. Юридика башкармалыгы:
- тиешелүү документтерди алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде токтомду Улуттук банктын расмий интернет-сайтына жарыяласын;
- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
5. Төлөм системалары методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы расмий жарыяланган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен «Кыргызстан банктарынын союзу» юридикалык жактар бирикмесин, «Төлөм системаларынын операторлорунун ассоциациясы KG (КЕЙ-ДЖИ)» юридикалык жактар бирикмесин, коммерциялык банктарды, төлөм системаларынын операторлорун жана төлөм уюмдарын тааныштырсын.
6. Токтомдун аткарылышын контролдоо Төлөм системалары методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.
Төрага М. Тургунбаев
Кыргыз Республикасынын
Улуттук банк Башкармасынын
2024-жылдын 4-декабрындагы
№ 2024-П-14/64-1-(ПС)
токтомуна карата тиркеме
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын
айрым ченемдик укуктук актыларына
өзгөртүүлөр
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 2019-П-14/50-2-(ПС) «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин жөнгө салуу жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин жөнгө салуу жөнүндө» жобонун:
1) 6-пункту төмөнкү мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
«Өнөктөш банк – агенттердин мобилдик тиркемелерин пайдалануучуларын террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү (мындан ары - ТИК/ККЛК) боюнча мыйзамдарга ылайык идентификациялоо жана верификациялоо жол-жоболорун жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу банк.»;
2) 6-пунктунун он алтынчы абзацындагы «юридикалык жак же» деген сөздөр алып салынсын;
3) 45-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
«45. Эгерде төлөм уюму өз алдынча же өз агенттери аркылуу ошол эле учурда төлөм уюмунун агенти болуп саналган товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочуда ачылган кардардын өздүк эсебине мурда салынган акча каражаттардын эсебинен ага кайтарылып берилүүчү акча каражаттарды, аванстык акча каражаттарды/алдын ала төлөм каражаттарын же алардын бөлүктөрүн колдонуу менен агенттердин мобилдик тиркемелери аркылуу төлөмдөрдү өткөрүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү жүзөгө ашырса, анда төлөм уюму жана агент ушул Жобонун 2-тиркемесинде белгиленген Төлөм уюмдарынын товарларга/кызмат көрсөтүүлөргө төлөө үчүн агенттердин мобилдик тиркемелерин пайдаланган кардарларын идентификациялоо жана верификациялоо тартибин сактоого тийиш.
Төлөм уюму Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 606 токтому менен бекитилген «Кардарга талаптагыдай текшерүү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» жобого ылайык үчүнчү тарапка ишенимдин алкагында агенттердин мобилдик тиркемелерин пайдалануучуларды идентификациялоо жана верификациялоо боюнча агент катары Кыргыз Республикасынын ТИК/ККЛК чөйрөсүндө мыйзамдарынын талаптарына ылайык келген финансылык мекемени ишке тартышы мүмкүн. Агенттердин мобилдик тиркемелерин пайдалануучуларды идентификациялоо жана верификациялоо финансылык мекеменин ыйгарым укуктуу кызматкери тарабынан жүргүзүлөт.»;
4) 46-пунктунун алтынчы абзацы күчүн жоготкон катары таанылсын;
5) Жобо төмөнкү мазмундагы 45-1-пункт менен толукталсын:
«45-1. Товарларга/кызмат көрсөтүүлөргө төлөө үчүн агенттердин мобилдик тиркемелерин пайдалануу аркылуу кардарларга кызмат көрсөтүүдө төлөм уюму ушул Жобонун талаптарын сактоо максатында, кардарды каттоо, идентификациялоо жана верификациялоо жол-жоболорун жүргүзүүдө, ошондой эле кардар тарабынан ишке ашырылган операцияларга андан ары мониторинг жүргүзүүдө агенттердин мобилдик тиркемелерин пайдалануучуларды түрлөрү боюнча жеке адамдарга жана жеке ишкерлерге бөлүүгө тийиш.
Кардар экономикалык ишкердикти, анын ичинде уруксат берүүчү документтерсиз ишкердикти жүргүзгөндүгү аныкталса жана ал тастыкталса, төлөм уюму кардарга кызмат көрсөтүүнү токтотууга жана келишимди бузууга тийиш. Агенттердин мобилдик тиркемелерин пайдалануучу категориясы боюнча агенттин мобилдик тиркемесин талаптагыдай пайдалануу жөнүндө талаптар, келишимди токтотуу жана агенттердин мобилдик тиркемелери аркылуу кызмат көрсөтүүнү токтотуу шарттары жана башка кошумча шарттар ачык офертада жөнгө салынууга жана агенттердин мобилдик тиркемелеринин ар бир пайдалануучусуна маалымдалууга тийиш.
Төлөм уюму агенттердин мобилдик тиркемелерин пайдалануучу – жеке ишкерлерден алар жүзөгө ашырып жаткан ишкердиктин алкагында тиешелүү мамлекеттик органдардан алынган колдонуудагы уруксат берүүчү документтерди (патент/күбөлүк) талап кылууга тийиш.»;
6) Жобо төмөнкү мазмундагы 45-2-пункт менен толукталсын:
«45-2. Төлөм уюму агенттердин мобилдик тиркемелерин пайдалануучу бир кардарга календардык ай ичинде тобокелдик даражасын (деңгээлин) баалоо критерийлерин эске алуу менен ушул Жобонун 52 жана 53-пункттарына ылайык, агенттердин мобилдик тиркемелерин пайдалануучу бир кардар үчүн белгиленген лимиттерди сактоо менен бир эле учурда бир нече агенттердин мобилдик тиркемелерин пайдалануу мүмкүнчүлүгүн бериши мүмкүн. Төлөм уюму тарабынан ушул Жобого ылайык агенттердин мобилдик тиркемелерин пайдалануучу бир кардар үчүн белгиленген лимит кардар бир төлөм уюмунун алкагында колдонгон бардык агенттердин мобилдик тиркемелерине карата жалпы (суммардык) колдонулат.
Төлөм уюму ушул пункттун талаптарын сактоо максатында, агенттердин мобилдик тиркемелерин пайдалануучу ар бир кардардын төлөмдөрүнүн ушул Жобого ылайык төлөм уюму тарабынан белгиленген лимиттерге ылайык келүүсүнө үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзөт. Мониторинг агенттердин мобилдик тиркемелерин пайдалануучу кардардын идентификациялык салык номеринин негизинде жүргүзүлөт»;
7) Жобо төмөнкү мазмундагы 46-1-пункт менен толукталсын:
«46-1. Төлөм уюму жана товарларды/кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочу болуп саналган жана агенттердин мобилдик тиркемелери аркылуу төлөмдөрдү жүргүзүү боюнча кызматтарды көрсөткөн анын агенти ортосунда түзүлгөн келишимде төмөнкү шарттардын биринин тобокелдиктерин баалоону эске алуу менен агент төлөм уюмуна төмөнкүлөрдү сунуштоосу жөнүндө милдеттүү шарттар камтылууга тийиш:
- төлөм уюмунун төлөм системасы аркылуу келечектеги төлөмдөрдүн эсебинен алдын ала төлөм/аванстык төлөм;
- банктык гарантия;
- камсыздандыруу депозити.»;
8) 49-пунктунун үчүнчү абзацындагы «террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого)» деген сөздөр «ТИК/ККЛК» деген аббревиатурага алмаштырылсын;
9) 51-1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
«51-1. Агенттердин мобилдик тиркемелерин пайдалануучуларды идентификациялоо жана верификациялоо төлөм уюму жана/же төлөм уюмунун агенти тарабынан Төлөм уюмдарынын товарларга/кызмат көрсөтүүлөргө төлөө үчүн агенттердин мобилдик тиркемелерин пайдаланган кардарларын идентификациялоо жана верификациялоо тартибине ылайык (ушул Жобого карата 2-тиркеме) же болбосо төлөм уюму менен түзүлгөн келишимдин негизинде Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына ылайык өнөктөш банк тарабынан жүргүзүлүшү мүмкүн.
Өнөктөш банк (үчүнчү жак тарабынан ыйгарым укук берилген) агенттердин мобилдик тиркемелерин пайдалануучуларды идентификациялоодо жана верификациялоодо, өнөктөш банк төлөм уюмуна кардар/пайдалануучу жана анын бенефициардык ээси жөнүндө зарыл маалыматтарды, кардардын жана бенефициардык ээсинин анкеталарынын көчүрмөлөрүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ТИК/ККЛК чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык кардарды талаптагыдай текшерүүнүн натыйжасында алынган башка документтердин көчүрмөлөрүн берүүгө тийиш.»;
10) 52-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
«52. Төлөм уюмдарынын товарларга/кызмат көрсөтүүлөргө төлөө үчүн агенттердин мобилдик тиркемелерин пайдаланган кардарларын идентификациялоо жана верификациялоо тартибине ылайык (ушул Жобого карата 2-тиркеме) же Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарына ылайык өнөктөш банк тарабынан аралыктан идентификациялоодон жана верификациялоодон өткөрүлгөн агенттердин мобилдик тиркемелерин пайдалануучуларга Төлөм уюмдарынын товарларга/кызмат көрсөтүүлөргө төлөө үчүн агенттердин мобилдик тиркемелерин пайдаланган кардарларын идентификациялоо жана верификациялоо тартибинин 2-тиркемесине ылайык, агенттердин мобилдик тиркемелеринде жеткиликтүү болгон төмөн тобокелдүү операцияларды гана жүргүзүүгө уруксат берилет.
Бул пайдалануучулар үчүн төлөм уюму ички ченемдик документтерге ылайык жана лимиттердин төмөнкү чектүү маанилерин сактоо менен тобокелдик даражасын (деңгээлин) баалоо критерийлерин эске алуу менен чектөөлөрдү белгилөөгө тийиш:
Аралыктан идентифи-кациялоо түрү |
Пайдалануучунун/абоненттин өздүк эсебинен кайтарылуучу аванстык акча каражаттарын/алдын ала төлөнгөн каражаттарды же алардын бөлүктөрүн пайдалануу менен бир жолку төлөмдүн же которуунун (операциянын) өлчөмү |
Мамлекеттик баалуу кагаздарды сатып алуу боюнча операцияларды кошпогондо, пайдалануучунун/абоненттин өздүк эсебинен кайтарылуучу аванстык акча каражаттарын/алдын ала төлөнгөн каражаттарды же алардын бөлүктөрүн пайдалануу менен агенттердин мобилдик тиркемелерин пайдалануучуларынын бири үчүн чыккан төлөмдөрдүн жана которуулардын ар айлык көлөмүнө лимит |
Мамлекеттик баалуу кагаздарды сатып алуу боюнча бир жолку төлөм жүргүзүүгө лимит |
Мамлекеттик баалуу кагаздарды сатып алуу операциялары боюнча пайдалануучунун/ абоненттин өздүк эсебинен кайтарылуучу аванстык акча каражаттарын/алдын ала төлөнгөн каражаттарды же алардын бөлүктөрүн пайдалануу менен агенттердин мобилдик тиркемелерин пайдалануучуларынын бири үчүн чыккан төлөмдөрдүн жана которуулардын ар айлык көлөмүнө лимит |
Сүрөттү салыштыруу аркылуу |
300 (үч жүз) эсептик көрсөткүчтөн ашпаган |
600 (алты жүз) эсептик көрсөткүчтөн ашпаган |
Чектөөсүз |
Чектөөсүз |
Видео байланыш өткөрүү аркылуу |
300 (үч жүз) эсептик көрсөткүчтөн ашпаган |
2 000 (эки миң) эсептик көрсөткүчтөн ашпаган |
Агенттердин мобилдик тиркемелерин пайдалануучуларга, анын ичинде агенттердин мобилдик тиркемелерин пайдалануучу бир кардарга карата лимиттердин өлчөмү жана чектөөлөрдүн тизмеси, төлөм уюмунун ички контролдук программасына ылайык жана ушул Жобонун талаптарына ылайык, кардарга карата тобокелдик даражасын (деңгээлин) баалоо критерийлерин эске алуу менен төлөм уюмунун ички эрежелеринде жана жол-жоболорунда белгиленүүгө тийиш.
Пайдалануучулардын бул категориясы үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 606 токтому менен бекитилген «Кардарды талаптагыдай текшерүүнү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» жобонун 11-пунктуна ылайык, ыйгарым укуктуу орган тарабынан ТИК/ККЛК чөйрөсүндө аныкталган жогору тобокелдүү операцияларды жүргүзүүгө тыюу салынат.»;.
11) 53-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
«53. Төлөм уюму, эгерде төлөм уюмунун кардары - агенттердин мобилдик тиркемелерин пайдалануучу төлөм уюмунда/же ушул Жобонун 45-пунктуна ылайык төлөм уюмунун агентинде жеке катышуу менен Төлөм уюмдарынын товарларга/кызмат көрсөтүүлөргө төлөө үчүн агенттердин мобилдик тиркемелерин пайдаланган кардарларын идентификациялоо жана верификациялоо тартибинин (ушул Жобого карата 2-тиркеме) 6-главасына ылайык же Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарына ылайык өнөктөш банкта идентификациялоодон жана верификациялоодон өтсө, агенттердин мобилдик тиркемелеринде жеткиликтүү болгон кызмат көрсөтүүлөрдүн толук түрүнөн пайдаланууга мүмкүнчүлүк берет.
Агенттердин мобилдик тиркемелери аркылуу операциялар боюнча тобокелдиктерди төмөндөтүү үчүн төлөм уюму жеке катышуу менен идентификациялоодон жана верификациялоодон өткөн агенттердин мобилдик тиркемелерин пайдалануучуларга ушул пунктта белгиленген лимиттердин чектүү өлчөмдөрүн эске алуу менен лимиттерди өз алдынча белгилөөгө тийиш:
Лимиттер |
Агенттердин мобилдик тиркемелерин пайдалануучунун категориясы |
|
Жеке адам |
Жеке ишкер |
|
Мамлекеттик баалуу кагаздарды сатып алуу жана мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөргө төлөө боюнча операцияларды кошпогондо, пайдалануучунун/абоненттин өздүк эсебинен кайтарылуучу аванстык акча каражаттарын/алдын ала төлөнгөн каражаттарды же алардын бөлүктөрүн пайдалануу менен бир жолку төлөмдү же которууну (операцияны) жүргүзүүгө лимит |
300 (үч жүз) эсептик көрсөткүчтөн ашпаган өлчөмдө |
500 (беш жүз) эсептик көрсөткүчтөн ашпаган өлчөмдө |
Мамлекеттик баалуу кагаздарды сатып алуу жана мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөргө төлөө боюнча операцияларды кошпогондо, пайдалануучунун/абоненттин өздүк эсебинен кайтарылуучу аванстык акча каражаттарын/алдын ала төлөнгөн каражаттарды же алардын бөлүктөрүн пайдалануу менен агенттердин мобилдик тиркемелерин пайдалануучуларынын бири үчүн чыккан төлөмдөрдүн жана которуулардын ар айлык көлөмүнө лимит |
3 000 (үч миң) эсептик көрсөткүчтөн ашпаган өлчөмдө |
4 500 (төрт миң беш жүз) эсептик көрсөткүчтөн ашпаган өлчөмдө |
Мамлекеттик баалуу кагаздарды сатып алуу боюнча бир жолку операцияларды жүргүзүүгө лимит |
Чектөөсүз |
|
Мамлекеттик баалуу кагаздарды сатып алуу операциялары боюнча пайдалануучунун/абоненттин өздүк эсебинен кайтарылуучу аванстык акча каражаттарын/алдын ала төлөнгөн каражаттарды же алардын бөлүктөрүн пайдалануу менен агенттердин мобилдик тиркемелерин пайдалануучуларынын бири үчүн чыккан төлөмдөрдүн жана которуулардын ар айлык көлөмүнө лимит |
Чектөөсүз |
|
Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн бир жолку төлөмдөрдү (операцияларды) жүргүзүүгө лимит |
1 500 (бир миң беш жүз) эсептик көрсөткүчтөн ашпаган өлчөмдө |
|
Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөө боюнча пайдалануучунун/абоненттин өздүк эсебинен кайтарылуучу аванстык акча каражаттарын/алдын ала төлөнгөн каражаттарды же алардын бөлүктөрүн пайдалануу менен агенттердин мобилдик тиркемелерин пайдалануучуларынын бири үчүн чыккан төлөмдөрдүн жана которуулардын ар айлык көлөмүнө лимит |
5 000 (беш миң) эсептик көрсөткүчтөн ашпаган өлчөмдө |
Агенттердин мобилдик тиркемелерин пайдалануучуларга, анын ичинде агенттердин мобилдик тиркемелерин пайдалануучу бир кардарга карата лимиттердин өлчөмү жана чектөөлөрдүн тизмеси, төлөм уюмунун ички контролдук программасына ылайык жана ушул Жобонун талаптарына ылайык, кардарга карата тобокелдик даражасын (деңгээлин) баалоо критерийлерин эске алуу менен төлөм уюмунун ички эрежелеринде жана жол-жоболорунда белгиленүүгө тийиш.»;
12) Жобо төмөнкү мазмундагы 93-1-пункт менен толукталсын:
«93-1. Агенттердин мобилдик тиркемелерин пайдалануу аркылуу кардарларга кызмат көрсөтүүчү төлөм уюмдарынын маалымат системаларына тышкы аудит жүргүзүлүүгө тийиш. Маалымат системаларына аудит жүргүзүүдө агенттердин мобилдик тиркемелерин пайдалануучуларды аралыктан идентификациялоодо жана верификациялоодо биометрикалык маалыматтарды иштеп чыгуу системасына баа берилүүгө тийиш. Тышкы аудит ошондой эле төлөм уюму менен түзүлгөн келишимдин негизинде агенттердин мобилдик тиркемелерин пайдалануучуларды идентификациялоо жана верификациялоо боюнча кызмат көрсөткөн төлөм уюмунун агенттеринин маалымат системаларына да жүргүзүлүүгө тийиш.
Тышкы аудит жүргүзүү мезгил аралыгы ушул Жобонун 91 жана 92-пункттарынын талаптарын эске алуу менен аныкталат.»;
13) «Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин жөнгө салуу жөнүндө» жобонун 2-тиркемесинде (Төлөм уюмдарынын товарларга/кызмат көрсөтүүлөргө төлөө үчүн агенттердин мобилдик тиркемелерин пайдаланган кардарларын идентификациялоо жана верификациялоо тартиби):
а) 1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
«1. Бул Төлөм уюмдарынын товарларга/кызмат көрсөтүүлөргө төлөө үчүн агенттердин мобилдик тиркемелерин пайдаланган кардарларын идентификациялоо жана верификациялоо тартиби (мындан ары - Тартип) кызмат көрсөтүүлөрүн мобилдик тиркемелер аркылуу сунуштаган төлөм уюмдарынын агенттеринин кызмат көрсөтүүлөрүн пайдалануучу болуп саналган төлөм уюмдарынын кардарларын идентификациялоо жана верификациялоо максатында иштелип чыккан.
Агенттердин мобилдик тиркемелерин пайдалануучуларды идентификациялоо жана верификациялоо ушул Тартипте көрсөтүлгөн эрежелер жана жол-жоболор боюнча төлөм уюму жана/же төлөм уюмунун агенти тарабынан же төлөм уюму менен түзүлгөн келишимдин негизинде Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына ылайык өнөктөш банк тарабынан жүзөгө ашырылат.
Төлөм уюму Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 606 токтому менен бекитилген «Кардарга талаптагыдай текшерүү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» жобого ылайык үчүнчү тарапка ишенимдин алкагында агенттердин мобилдик тиркемелерин пайдалануучуларды идентификациялоо жана верификациялоо боюнча агент катары Кыргыз Республикасынын ТИК/ККЛК чөйрөсүндө мыйзамдарынын талаптарына ылайык келген финансылык мекемени ишке тартышы мүмкүн. Агенттердин мобилдик тиркемелерин пайдалануучуларды идентификациялоо жана верификациялоо финансылык мекеменин ыйгарым укуктуу кызматкери тарабынан жүргүзүлөт.
Кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө төлөм уюму ТИК/ККЛК чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген тартипте, агенттердин мобилдик тиркемелерин пайдалануучу кардарларынын маалыматтарын жаңыртып турат.»;
б) 4-пункт күчүн жоготкон катары таанылсын;
в) 7-пунктунун 8-пунктчасындагы «, агенттердин мобилдик тиркемелеринин кызмат көрсөтүүлөрүн сунушташкан» деген сөздөр алынып салынсын;
г) 10-пунктунун 3-пунктчасындагы экинчи сүйлөм алынып салынсын;
д) 6-главанын аталышындагы «- жеке адамдын» деген сөздөр алынып салынсын;
е) 15-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
«15. Агенттердин мобилдик тиркемелерин пайдалануучунун жеке катышуусунда аны идентификациялоо максатында төлөм уюму жана/же ушул Жобонун 45-пунктуна ылайык келген агент, ушул Тартипке карата 1-тиркемеде белгиленген «өз кардарыңды бил» принцибине ылайык, пайдалануучунун идентификациялык маалыматтарын топтоого жана пайдалануучунун толтурулган анкетасынын болушун камсыз кылууга тийиш.»;
ж) 16-пункттагы «- жеке адамдарга» деген сөздөр алынып салынсын;
з) 17-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
«17. Төлөм уюму жана/же агент анык булактардан алынган маалыматтарды жана документтерди пайдалануу менен идентификациялоо процессинде берилген жана анкетада көрсөтүлгөн маалыматтардын аныктыгын текшерүү аркылуу пайдалануучунун идентификациялык маалыматтарын верификациялоого тийиш (жеке адам - жеке адамдын инсандыгын ырастоочу документтин негизинде, жеке ишкер – тиешелүү мамлекеттик органдардан (патент/күбөлүк) жана жеке ишкердин инсандыгын ырастоочу документтин негизинде)»;
и) 7-главанын аталышындагы «- жеке адамды» деген сөздөр алынып салынсын;
к) 19-пункттун биринчи абзацындагы «- жеке жактардын» деген сөздөр алып салынсын;
л) 20-пункттагы «- жеке адамдарга» деген сөздөр алып салынсын;
м) 22-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
«22. Агенттердин мобилдик тиркемелерин пайдалануучуларды аралыктан идентификациялоо жана верификациялоо үчүн төлөм уюмдары/ушул Жобонун 45-пунктуна ылайык келген агенттер төмөнкү шарттардын аткарылышын камсыз кылууга тийиш:
- ички контролдоонун шайкеш системасын камсыз кылууга, анын ичинде жаңы технологияларды (программалык чечимдерди) колдонууга байланыштуу жана кардардын/пайдалануучунун жеке катышуусуз идентификациялоо жана верфикациялоо каралган жол-жоболорду чагылдыруу, тобокелдиктерди тескөө боюнча, анын ичинде операциялык тобокелдикти, кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) тобокелдиктерин, террористтик ишти каржылоо, массалык кыргын салуучу куралды таратууну каржылоо тобокелдиктерин, ошондой эле комплаенс-тобокелдигин жөнгө салуу чаралары боюнча ички ченемдик документтердин болушун камсыз кылууга;
- кардарларды/пайдалануучуларды идентификациялоо жана верификациялоо, террористтик ишти каржылоо, кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо), ошондой эле массалык кыргын салуучу куралды таратууну каржылоо тобокелдиктерин текшерүү, мониторинг жүргүзүү жана тескөө процессин контролдоо үчүн жооптуу персоналды жогоруда аталган жол-жоболорго жана ушул Тартипти талаптагыдай колдонууга окутууга;
- ушул Тартиптин талаптарына дал келген маалымат системаларын, программалык камсыздоону пайдаланууга;
- аралыктан идентификациялоо жана верификациялоо жол-жоболорунан өтүү шарттары жана талаптары тууралуу маалыматты (өзүнүн расмий интернет-сайтында, ошондой эле агенттердин мобилдик тиркемелери аркылуу колдонулуп жаткан программалык камсыздоо аркылуу) ачып көрсөтүүгө;
- Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик каттоо системаларынан алынган маалыматтарды колдонуу менен кардар боюнча маалыматтарды верификациялоого. Салык кызматынын тиешелүү маалымат системасынан маалыматтарды талап кылуу жана/же текшерүү аркылуу жеке ишкердин салыктык каттоо жөнүндө маалыматтарын верификациялоого;
- ушул Тартипте каралган лимиттерге жана чектөөлөргө ылайык аралыктан идентификацияланган агенттердин мобилдик тиркемелерин пайдалануучулар боюнча террористтик ишти каржылоо, кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо), ошондой эле массалык кыргын салуучу куралды таратууну каржылоого каршы тобокелдиктерди чектөө чараларын көрүүгө;
- кардарды аралыктан идентификациялоо жана верификациялоо жыйынтыктарынын, пайдалануучуну идентификациялоо жана верификациялоо жүргүзүлгөн так күндүн, ошондой эле туруктуу негизде мониторинг жүргүзүү жол-жоболорунун жана Кыргыз Республикасынын ТИК/ККЛК чөйрөсүндө мыйзамдарында каралган башка жол-жоболордун белгиленишин жана сакталышын камсыз кылууга;
- аралыктан идентификациялоодон жана верификациялоодон өткөн кардарлардын өзүнчө реестрин жүргүзүүгө;
- аралыктан идентификациялоо жана верификациялоо жол-жоболору башталганга чейин террористтик ишти каржылоо, кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо), ошондой эле массалык кыргын салуучу куралды таратууну каржылоого каршы тобокелдиктерди аныктоо жана документтештирүү. Төлөм уюмдары ушул Тартиптеги талаптарга таянуу менен тобокелдиктерди чектөөнүн кошумча критерийлерин киргизүүгө укуктуу.»;
н) 33-пункту төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
«Агенттердин мобилдик тиркемелерин пайдалануучу кардарды видеобайланыш сеансы аркылуу идентификациялоо же верификациялоо маалымат системаларын, технологияларды, алгоритмдерди, программалык камсыздоону пайдалануу менен төлөм уюмунун кызматкерин катыштыруусуз жүргүзүлүшү мүмкүн. Кардар программалык камсыздоодо камтылган алгоритмге ылайык иш-аракеттерди аткарууга тийиш.»;
о) 39-пункт төмөнкү мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын:
«Жеке ишкер салыктык каттоодон өткөндүгү жөнүндө маалыматтарды верификациялоо салык кызматынын тиешелүү маалыматтык системасынан маалыматтарды талап кылуу жана/же текшерүү жолу менен ишке ашырылат.»;
п) төмөнкү мазмундагы 41-1 – 41-7-пункттар менен толукталсын:
«41-1. Жасалма интеллектти, машинаны үйрөтүү же биометрикалык маалыматтарды толук же бир бөлүгүн иштеп чыгуунун болжолдуу алгоритмдеринин башка формаларын колдонуу менен кардардын инсандыгын текшерүүдө, төлөм уюму/ушул Жобонун 45-пунктуна ылайык келген агент ушул Тартиптин талаптарына ылайык келген кардарды идентификациялоонун жана верификациялоонун анык жана жасалма учурларынын так аныкталышын камсыз кылууга тийиш.
41-2. Кардарларды идентификациялоо боюнча программалык камсыздоо же маалымат системалары, тиешелүү технологиялар, кардарды идентификациялоо алгоритмдери кардардын инсандыгын тастыктоочу документтердеги, анын ичинде Элекрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы же “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу алынган санарип форматтагы документте жана мамлекеттик маалымат базаларындагы буга чейин белгилүү болгон сүрөттөр менен видео агымдагы сүрөттү салыштыруу үчүн «бирге бир» идентификациялоо алгоритмин камтууга тийиш. Видео агымдан алынган кардардын сүрөттөрү айрым фрагменттердин окшоштугун аныктоочу каражаттарды, кардардын инсандыгын тастыктоочу документтериндеги жүзүнүн сүрөтүнүн элементтерин уникалдуу параметрлери менен, анын ичинде мамлекеттик маалымат базаларынан алынгандарды колдонуу менен салыштырылууга тийиш. Идентификациялоо алгоритмдеринде видео агымдын жасалмалуулугун жокко чыгаруу менен андагы кардардын элесинин жандуу экендигин текшерүү мүмкүнчүлүгү эске алынууга тийиш.
41-3. Кардарларды идентификациялоо боюнча программалык камсыздоонун колдонууга киргизилиши анда колдонулган алгоритмдердин тактык деңгээлин аныктоону, биометрикалык маалыматтарды иштеп чыгууну тестирлөө менен коштолууга тийиш.
41-4. Кардарларды аралыктан идентификациялоо жана верификациялоо үчүн программалык камсыздоону колдонууда, төлөм уюму/агент кардарларды туура эмес идентификациялоого жана верификациялоого байланыштуу тобокелдиктерге шайкеш келген деңгээлде кардардын инсандыгын текшерүү боюнча чараларды белгилөөдө аутентификация факторлорунун тиешелүү комбинациясын колдонууга тийиш. Биометрикалык маалыматтарды иштеп чыгуу үчүн колдонулган алгоритмдердин тактыгынын жол берилген деңгээли төлөм уюму тарабынан террористтик ишти каржылоо, кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо), ошондой эле массалык кыргын салуучу куралды таратууну каржылоого каршы тобокелдиктерге жана операциялар боюнча ички чектөөлөргө ылайык аныкталат.
41-5. Төлөм уюмунун/ушул Жобонун 45-пунктуна ылайык келген агенттин биометрикалык маалыматтарды иштеп чыгуу боюнча программалык камсыздоону пайдалануу менен кардарларды аралыктан идентификациялоону жана верификациялоону колдонуу боюнча тобокелдик чектери жана тактык деңгээли каралган ички ченемдик документ төлөм уюмунун башкармасы тарабынан жактырылууга тийиш.
41-6. Төлөм уюмунун/ушул Жобонун 45-пунктуна ылайык келген агенттин кардарларды аралыктан идентификациялоо жана верификациялоо үчүн колдонулган биометрикалык маалыматтарды иштеп чыгуу боюнча программалык камсыздоосу төлөм уюму тарабынан биометрикалык маалыматтарды иштеп чыгууда колдонулуучу алгоритмдердин тактыгынын жол берилген деңгээлин колдоосу жагынан кеминде жарым жылда бир жолу текшерилип турууга тийиш. Ал эми биометрикалык маалыматтарды иштеп чыгуу системасын баалоонун натыйжасы төлөм уюмунун маалымат системасына мезгил-мезгили менен жүргүзүлгөн тышкы аудиттин алкагында тастыкталуусу зарыл.
41-7. Биометрикалык маалыматтарды иштеп чыгуу боюнча программалык камсыздоону пайдаланууда, кардарлардын биометрикалык маалыматтарын мамлекеттик органдардын маалымат базалары менен текшерүү, ошондой эле алдамчылыкты аныктоо механизмдеринин (биометрикалык маалыматтарды алмаштыруу) болушу камсыз кылынууга тийиш.»;
14) Төлөм уюмдарынын товарларга/кызмат көрсөтүүлөргө төлөө үчүн агенттердин мобилдик тиркемелерин пайдаланган кардарларын идентификациялоо жана верификациялоо тартибине карата 2-тиркеменин (агенттердин мобилдик тиркемелерин пайдалануучулар үчүн тобокелдиги төмөн операциялардын тизме):
а) 2-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
«2. Банктык эсептерди, Кыргыз Республикасынын аймагында чыгарылган электрондук акчалардын локалдык системаларынын электрондук капчыктарын толуктоо.»;
б) төмөнкү мазмундагы 12-пункт менен толукталсын:
«12. Кыргыз фондулук биржасы» жабык акционердик коому аркылуу сатылуучу мамлекеттик баалуу кагаздарды сатып алуу үчүн төлөм.».
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 20-апрелиндеги № 2022-П-14/25-3-(ПС) «Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө» жобонун:
1) 12-пункту:
а) төмөнкү мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
«- агенттердин мобилдик тиркемелеринин идентификацияланган пайдалануучусунун өздүк эсебинен (балансынан).»;
б) сегизинчи абзац төмөнкү мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын:
«Бул абзацтын талаптары агенттердин мобилдик тиркемелеринин идентификацияланган пайдалануучусунун өздүк эсебинен (балансынан) карта ээсинин электрондук капчыгын, алдын ала төлөнгөн картасын жана/же алдын ала төлөнгөн виртуалдык картасын толуктоо учурларына таркатылбайт.»;
в) онунчу абзац төмөнкү мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын:
«Бул абзацтын талаптары агенттердин мобилдик тиркемелеринин идентификацияланган пайдалануучусунун өздүк эсебинен (балансынан) карта ээсинин электрондук капчыгын, алдын ала төлөнгөн картасын жана/же алдын ала төлөнгөн виртуалдык картасын толуктоо учурларына таркатылбайт.»;
2) Жобо төмөнкү мазмундагы 12-1 жана 12-2-пункттар менен толукталсын:
«12-1. Агенттердин мобилдик тиркемелеринин идентификацияланган пайдалануучусунун өздүк эсебинен (балансынан) карта ээсинин электрондук капчыгын, алдын ала төлөнгөн картасын жана/же алдын ала төлөнгөн виртуалдык картасын толуктоо боюнча операциялар локалдык электрондук акча системалары тарабынан эмиссияланган электрондук капчык, алдын ала төлөнгөн карта жана/же алдын ала төлөнгөн виртуалдык карта боюнча гана жүргүзүлүшү мүмкүн.
12-2. Агенттердин мобилдик тиркемелеринин идентификацияланган пайдалануучусунун өздүк эсебинен (балансынан) карта ээсинин электрондук капчыгы, алдын ала төлөнгөн картасы жана/же алдын ала төлөнгөн виртуалдык картасын толуктоо өз агентинин мобилдик тиркемесин колдонуучу төлөм уюму жана эмитент банк ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде жүзөгө ашырылат.
Төлөм уюму жана эмитент банк ортосунда түзүлгөн келишимде төмөнкүлөр камтылууга тийиш:
- ушул электрондук акча системасынын карта ээсинин электрондук капчыктарын, алдын ала төлөнгөн карталарын жана/же алдын ала төлөнгөн виртуалдык карталарын толуктоого чектүү күнүмдүк/жумалык лимиттер;
- төлөм уюмунун электрондук акчалардын эмитент банкына карта ээсинин электрондук капчыктарын, алдын ала төлөнгөн карталарын жана/же алдын ала төлөнгөн виртуалдык карталарын онлайн режиминде толуктоону техникалык жактан токтото туруу мүмкүнчүлүгүн берүүсү;
- «агенттердин мобилдик тиркемелери аркылуу электрондук капчыкты толуктоо» кызматы боюнча Кыргыз Республикасынын бардык эмитент банктары - резиденттеринин электрондук капчыктарын толуктоодо аванстык финансылык өз ара мамилелер боюнча гана кызматташуу милдеттенмеси;
- келишимдин шарттарынан келип чыккан башка шарттар.»;
4) 33-пунктунун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
«- оператор банкта камсыздандыруу депозитин ачуусу же алардын ортосунда түзүлгөн келишимде аныкталган шарттарда, штаттан тышкаркы жагдайларды кошо алганда, мүмкүн болуучу тобокелдиктердин жана жоготуулардын ордун жабууга резерв катары каралган банктык гарантия болушу зарыл. Камсыздандыруу депозитинин өлчөмү тараптар ортосундагы келишимде аныкталат жана «электрондук капчыкты, алдын ала төлөнгөн картаны жана/же алдын ала төлөнгөн виртуалдык картаны агенттердин мобилдик тиркемелери аркылуу толуктоо» кызматы боюнча жүгүртүүнүн бир ай ичиндеги орточо маанисинен кем болбоого тийиш. Ай ичиндеги жүгүртүүнүн орточо мааниси оператор тарабынан өткөн айдагы маалыматтардын негизинде жана отчеттук айдан кийинки айдын 5ине чейин айына 1 (бир) жолу эсептелет. Тиешелүү маалымат отчеттук ай ичинде колдонуу үчүн андан ары эмитент банкка жөнөтүлөт.».