Кыргыз Республикасынын
Улуттук банк Башкармасынын
2024-жылдын 11-декабрындагы
№ 2024-П-12/66-1-(НПА)
Токтому
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын
2014-жылдын 30-майындагы №24/11 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча операцияларды жүзөгө ашырган микрофинансылык уюмдардын ишин жөнгө салуу эрежелерин» бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү
киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 30-майындагы №24/11 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча операцияларды жүзөгө ашырган микрофинансылык уюмдардын ишин жөнгө салуу эрежелерин» бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөр киргизилсин (кошо тиркелет).
2. Токтом расмий жарыяланган күндөн 15 (он беш) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
3. Юридика башкармалыгы:
- тиешелүү документтер келип түшкөн күндөн кийинки 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтомдун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;
- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
4. Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгы расмий жарыялангандан кийинки 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен «Микрофинансы уюмдарынын ассоциациясы» юридикалык жактар бирикмесин жана микрофинансылык уюмдарды тааныштырсын.
5. Башкарманын катчылыгы бөлүмү 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Банк эмес уюмдарды көзөмөлдөө башкармалыгын, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.
6. Токтомдун аткарылышын контролдоо Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.
Төрага М. Тургунбаев
Кыргыз Республикасынын
Улуттук банк Башкармасынын
2024-жылдын 11-декабрындагы
№ 2024-П-12/66-1-(НПА)
токтомуна карата тиркеме
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын
2014-жылдын 30-майындагы №24/11 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча операцияларды жүзөгө ашырган микрофинансылык уюмдардын
ишин жөнгө салуу эрежелерин» бекитүү тууралуу» токтомуна
өзгөртүүлөр
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 30-майындагы №24/11 «Ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча операцияларды жүзөгө ашырган микрофинансылык уюмдардын ишин жөнгө салуу эрежелерин» бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча операцияларды жүзөгө ашырган микрофинансылык уюмдардын ишин жөнгө салуу эрежелеринин:
биринчи главасынын:
- 1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
«1. Бул Эрежелер Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан лицензиялануучу жана иши жөнгө салынуучу ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча операцияларды жүзөгө ашырган микрофинансылык уюмдардын (мындан ары – Эрежелер), анын ичинде «ислам терезесине» ээ микрофинансылык уюмдардын (мындан ары – МФУ) ишин жөнгө салат.»;
- 3-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
«3. МФУ Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларында МФУ үчүн белгиленген маанилерди бузбастан, тобокелдиктерди тескөө боюнча өзүнүн ички саясатына ылайык экономикалык ченемдер боюнча кыйла жогору талаптарды белгилей алат.»;
- 6-пунктундагы «Микрофинансылык уюмдар» деген сөздөр «МФУ» дегенге алмаштырылсын;
- 8-2-пункттун экинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
«Дүңүнөн каржылоо ишин жүзөгө ашырган МФУ дегенден улам дүңүнөн каржылоо үлүшү анын каржылоо боюнча портфелинин 70 (жетимиш) пайызынан ашыгын түзгөн МФУну түшүнүү зарыл.»;
экинчи главанын:
- аталышындагы «акча каражаттарын тартпаган» деген сөздөр «аманаттарды кабыл албаган» дегенге алмаштырылсын;
- 9-пунктунун бешинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
«- ошол эле кардарга же байланыштуу жактар тобуна жаңыдан түзүлгөн МФКлар үчүн (жеке адамдардан жана юридикалык жактардан мөөнөттүү аманаттарды тартпаган) белгиленген уставдык капиталдын минималдуу өлчөмүнүн 3 (үч) пайызынан ашпаган өлчөмдө сунушталуучу каржылоонун максималдуу чогуу алгандагы өлчөмү;»;
- 12-пунктунун тогузунчу абзацы күчүн жоготкон катары таанылсын;
- глава төмөнкү мазмундагы 12-1-пункт менен толукталсын:
«12-1. Өздүк капиталдын минималдуу өлчөмүнүн ченеминин маанисин уставдык капиталдын минималдуу өлчөмүнүн 100 (жүз) пайызынан кем эмес деңгээлде колдоого алуу зарыл.
Өздүк капиталдын минималдуу өлчөмүнүн ченеми төмөнкү формула боюнча аныкталат:
СК / УК * 100%, мында:
СК – баалоо күнүнө карата МФКнын өздүк капиталы (ушул Эрежелердин 12-пунктуна ылайык);
УК – Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 5-октябрындагы №2022-П-33/61-2-(НФКУ) «Банк эмес финансы-кредит уюмдарынын уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү жөнүндө» токтомунда белгиленген, аманаттарды кабыл албаган, жаңыдан түзүлүп жаткан МФКлар үчүн минималдуу уставдык капитал.»;
- 13-пунктундагы «бүтүмү» деген сөз «келишими» дегенге алмаштырылсын;
- глава төмөнкү мазмундагы 13-4-пункт менен толукталсын:
«13-4. Мүлккө (негизги каражаттарга) инвестициялардын максималдуу өлчөмү МФКнын өздүк капиталынын өлчөмүнүн 80 (сексен) пайызынан ашпоого тийиш.
Мүлк дегенден улам, МФКга таандык же ижара келишими боюнча МФКнын карамагында турган жана/же негизги каражат катары колдонулуп жаткан/колдонула турган мүлктү (анын ичинде курулуп жаткан/курулуучу кыймылсыз мүлк, транспорт каражаттары ж.б.) түшүнүүгө болот.»;
- 15-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
«15. Аманаттарды кабыл албаган МФКлар каражаттарды МФКны уюштуруучулар (акционерлер) – юридикалык жактардан жана жеке адамдардан, ошондой эле юридикалык жактардан карызга алууга укуктуу.
Уюштуруучулардан (акционерлерден) карызга алынган каражаттар боюнча үстөк баа/кирешелүүлүк чени Улуттук банктын эсептик ченинен 5 (беш) пайыздык пункттан ашпоого тийиш.»;
- глава төмөнкү мазмундагы 15-2-пункт менен толукталсын:
«15-2. Финансылык отчеттуулуктун формаларына жана инвестициялар, уюштуруучулардан карыз алуулар жөнүндө маалыматтарга МФКнын башкармасынын төрагасы же биринчи кол коюуга расмий укугу бар башка адам, ошондой эле маалыматтарды даярдоо жана берүү үчүн жооптуу башка адам кол коюуга тийиш.»;
төртүнчү главанын:
- аталышындагы «акча каражаттарын тарткан» деген сөздөр «аманаттарды кабыл алган» дегенге алмаштырылсын;
- 22-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
«22. Аманаттарды кабыл алуу операцияларын жүзөгө ашырган МФКлар Улуттук банк тарабынан белгиленген экономикалык ченемдерди, анын ичинде төмөнкүлөрдү сактоого милдеттүү:
- төлөнгөн уставдык капиталдын минималдуу өлчөмүн;
- өздүк капиталдын минималдуу өлчөмүн (М1);
- капиталдын жетиштүүлүк (шайкештик) ченеми (М2);
- бир кардарга карата тобокелдиктин максималдуу өлчөмүн (М3);
- ликвиддүүлүк ченемин (М4);
- аманаттарды кайтаруу боюнча тобокелдикти чектөө ченемин (М5);
- МФК менен аффилирленген жана байланыштуу жактар менен операциялар боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмүн;
- МФКнын бир кызматкеринин компания тарабынан сунушталган каржылоо боюнча чогуу алгандагы максималдуу карызын;
- МФУ, лизингдик компанияларга жана банктарга инвестициялардын чогуу алгандагы максималдуу өлчөмүн;
- мамлекеттик эмес карыздык баалуу кагаздарга инвестициялардын өлчөмүн;
- мүлккө (негизги каражаттарга) инвестициялардын максималдуу өлчөмүн.»;
- глава төмөнкү мазмундагы 22-1-пункт менен толукталсын:
«22-1. МФКлар жеке адамдардан жана юридикалык жактардан кеминде 30 күндүк мөөнөткө мөөнөттүү аманаттарды гана тартууга укуктуу.»;
- 23-пункттун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
«23. Аманаттарды кабыл алуу операцияларын жүзөгө ашырган МФКлар төмөнкү укуктарга ээ эмес:»;
бешинчи главанын:
- аталышындагы «акча каражаттарын тартуу» деген сөздөр «аманаттарды кабыл алуу» дегенге алмаштырылсын;
- 24-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
«24. Мөөнөттүү аманаттарды кабыл алуу боюнча операцияларды жүзөгө ашырган МФКлардын уставдык капиталына карата талаптар Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 5-октябрындагы №2022-П-33/61-2-(НФКУ) «Банк эмес финансы-кредит уюмдарынын уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү жөнүндө» токтомунда белгиленген»;
- 25-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
«Минималдуу өздүк капиталдын (М1) ченеминин мааниси уставдык капиталдын минималдуу өлчөмүнүн 100 (жүз) пайызынан кем эмес деңгээлде колдоо зарыл.
МФКнын минималдуу өздүк капиталынын (М1) ченеми төмөнкү формула боюнча аныкталат:
М1 = СК / УК Ч 100%, мында:
СК – баалоо күнүнө карата МФКнын өздүк капиталы (ушул Эрежелердин 12-пункту);
УК – Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 5-октябрындагы №2022-П-33/61-2-(НФКУ) «Банк эмес финансы-кредит уюмдарынын уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү жөнүндө» токтомунда белгиленген, аманаттарды кабыл алган, жаңыдан түзүлүп жаткан МФКлар үчүн минималдуу уставдык капитал.»;
- 27-пунктунун:
төртүнчү абзацындагы «бүтүмү» деген сөз «келишими» дегенге алмаштырылсын;
он биринчи абзацтагы расмий тилинде «одни» деген сөз «один» дегенге алмаштырылсын;
- 28-пунктунун:
экинчи абзацындагы «акча каражаттары» деген сөздөр «аманаттар» дегенге алмаштырылсын;
- бешинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
«ОБ – МФКнын милдеттенмелери, анын ичинде алар боюнча эсептешүүлөр баалоо учурунан тартып 30 күн ичинде баштала турган тартылган аманаттар.»;
- сегизинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
«- депозиттик базанын түзүмүн жана туруктуулугун (аманаттарды кайтаруу мөөнөттөрүн, булактардын топтолушун, кирешелүүлүк ченеминин чоңдугун аныктоо саясатын);»;
- 29-пунктунун:
биринчи абзацындагы «акча каражаттарын» деген сөздөр «аманаттарды» дегенге алмаштырылсын;
төртүнчү абзацындагы «акча каражаттарынын» деген сөздөр «аманаттардын» дегенге алмаштырылсын;
- 30-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
«30. Депозиттерди тартуу менен иш алып барган МФКлар, МФКлар менен аффилирленген жана байланыштуу жактар менен операцияларды Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы №2017-П-12/25-6-(НПА) токтому менен бекитилген «Депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компаниялардын, турак жай-сактык кредиттик компаниялардын аффилирленген жана байланыштуу жактар менен операцияларына карата талаптар жөнүндө» нускоого ылайык жүзөгө ашырууга тийиш. МФКлар менен аффилирленген жана байланыштуу жактардын МФК алдында карызынын чогуу алгандагы өлчөмү катары туюндурулган МФКлар менен аффилирленген жана байланыштуу жактар менен операциялар боюнча тобокелдиктин максималдуу чогуу алгандагы өлчөмү МФКнын өздүк капиталынын 60 (алтымыш) пайызынан ашпоого тийиш.
МФК ага каржылоо берген МФКнын бир кызматкеринин чогуу алгандагы карызы МФКнын өздүк капиталынын өлчөмүнүн 5 (беш) пайызынан ашпоого тийиш жана ал төмөнкү формула боюнча аныкталат:
СЗС / СК * 100% ≤ 5%, мында:
СЗС – баалоо күнүнө карата МФК ага каржылоо берген МФКнын бир кызматкеринин чогуу алгандагы карызы;
СК – МФКнын баалоо күнүнө карата өздүк капиталы.
Бардык аффилирленген жана/же МФК менен байланыштуу жактарга берилген бардык каржылоонун жана аларды алмаштыруучулардын жалпы суммасы МФКнын өздүк капиталынын 60 (алтымыш) пайызынан ашса, МФК аффилирленген жана ал менен байланыштуу жактарга каржылоо берүүгө укугу жок.
МФКнын кызмат адамдарына жана кызматкерлерине каржылоо берүү операциялары Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы №2017-П-12/25-6-(НПА) токтому менен бекитилген «Депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компаниялардын, турак жай-сактык кредиттик компаниялардын аффилирленген жана байланыштуу жактар менен операцияларына карата талаптар жөнүндө» нускоодо көрсөтүлгөн талаптар сакталган шартта гана жүзөгө ашырылышы мүмкүн.»;
- 31-пунктунун:
биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
«31. Микрофинансылык уюмдарга, лизингдик компанияларга жана банктарга инвестициалардын чогуу алгандагы өлчөмү боюнча төмөнкү талаптар белгиленет:»;
2-пунктчадагы «бүтүмү» деген сөз «келишими» дегенге алмаштырылсын;
- глава төмөнкү мазмундагы 32-1-пункт менен толукталсын:
«32-1. Аманаттарды кабыл алган МФКлар үчүн мүлккө (негизги каражаттарга) инвестициялардын максималдуу өлчөмү.
Мүлккө (негизги каражаттарга) инвестициялардын максималдуу өлчөмү МФКнын өздүк капиталынын өлчөмүнүн 20 (жыйырма) пайызынан ашпоого тийиш.
Мүлк дегенден улам МФКга таандык же ижара келишими боюнча МФКнын карамагында турган жана/же негизги каражат катары колдонулуп жаткан/колдонула турган мүлктү (анын ичинде курулуп жаткан/курулуучу кыймылсыз мүлк, транспорт каражаттары ж.б.) түшүнүүгө болот»;
- глава төмөнкү мазмундагы 32-2-пункт менен толукталсын:
«32-2. Аманаттарды тартуу менен иш алып барган МФК каражаттарды МФКны уюштуруучулар (акционерлер) – юридикалык жактардан жана жеке адамдардан, ошондой эле юридикалык жактардан карыз алууга укуктуу.
Уюштуруучулардан (акционерлерден) карызга алынган каражаттар боюнча үстөк баа/кирешелүүлүк чени Улуттук банктын эсептик ченинен 5 (беш) пайыздык пункттан ашпоого тийиш.»;
алтынчы главанын:
- аталышы төмөнкү редакцияда берилсин:
«6-глава. МФКнын экономикалык ченемдерди жана талаптарды сактоо, ошондой эле алардын Улуттук банкка маалымат берүү тартиби»;
- 35-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
«35. МФКлар мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчеттун алкагында белгиленген талаптарга жана мөөнөттөргө ылайык экономикалык ченемдердин аткарылышы боюнча маалыматтарды Улуттук банкка берип турууга тийиш.»;
- глава төмөнкү мазмундагы 35-1-пункт менен толукталсын:
«35-1. Жыл сайын, көз карандысыз тышкы аудиторлордун күчү менен көз карандысыз тышкы аудит жүргүзүлгөндөн кийин, МФК Улуттук банкка тышкы аудитордун өзгөртүү киргизилбеген толук отчетунун бир нускасын (көчүрмөсүн), анын ичинде жетекчиликке катты МФКнын тышкы аудитору отчетту берген учурдан кийинки 30 (отуз) күндүн ичинде берүүгө милдеттүү.»;
- глава төмөнкү мазмундагы 38-1-пункт менен толукталсын:
«38-1. МФК финансылык отчет жарыяланган МФКнын расмий интернет-сайтына шилтеме (маалымат агенттигинин порталын) келтирип, басылманын көчүрмөсүн тиркөө менен ал жарыялангандан кийинки 5 (беш) жумуш күнү ичинде 1 (бир) нускасын (көчүрмөсүн) кошо тиркөө менен Улуттук банкка берүүгө тийиш. Маалымат агенттигинин расмий интернет сайтына/порталына шилтеме электрондук почта аркылуу Улуттук банктын ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмүнө жөнөтүлүүгө тийиш.»;
- глава төмөнкү мазмундагы 38-2-пункт менен толукталсын:
«38-2. Эгерде МФКнын үчүнчү жактар алдында милдеттенмелери болсо, ошондой эле МФКнын ишинин туруктуулугуна коркунуч жараткан төмөнкү учурлардын бири орун алса, Улуттук банк МФКга дивиденддерди төлөөгө чектөө киргизиши мүмкүн, эгерде:
1) бул Улуттук банк тарабынан белгиленген экономикалык ченемдердин бузулушуна алып келсе;
2) Улуттук банк тарабынан белгиленген, уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү жана/же өздүк (жөнгө салуучу) капиталдын минималдуу өлчөмү камсыз кылынбаса;
3) өткөн жылдардын чыгашалары болсо, ошондой эле Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптар актарылбаса.
Эскертүү: Үчүнчү жактар алдында милдеттенмелер дегенден улам МФК менен байланышы жок юридикалык жактардан жана жеке адамдардан тартылган жана МФКнын негизги ишине багытталган акча каражаттарын түшүнүүгө болот.»;
жетинчи главанын:
39-пунктундагы «бүтүмдөрүн» деген сөз «келишимдерин» дегенге алмаштырылсын;
- 40-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
«40. МКК тарабынан ошол эле адамга же байланыштуу жактар тобуна берилүүчү каржылоонун чогуу алгандагы максималдуу өлчөмү Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 5-октябрындагы №2022-П-33/61-2-(НФКУ) «Банк эмес финансы-кредит уюмдарынын уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү жөнүндө» токтомунда белгиленген, жаңыдан түзүлүп жаткан МККлар үчүн уставдык капиталдын минималдуу өлчөмүнүн 10 (он) пайызынан ашпаган өлчөмдө аныкталууга тийиш.»;
- 42-1-пунктунун:
биринчи абзацындагы «бүтүмү» деген сөз «келишими» дегенге алмаштырылсын;
3-пунктчадагы «бүтүмү» деген сөз «келишими» деген сөзгө алмаштырылсын;
- глава төмөнкү мазмундагы 43-1-пункт менен толукталсын:
«43-1. МКК, анын ичинде дүң каржылоону ишке ашырган МККнын уюштуруучулары (акционерлери) - юридикалык жактардан жана жеке адамдардан жана юридикалык жактардан каражаттарды карызга алууга укуктуу.
Уюштуруучулардан (акционерлерден) карызга алынган каражаттар боюнча үстөк баа/кирешелүүлүк чени Улуттук банктын эсептик ченинен 5 (беш) пайыздык пункттан ашпоого тийиш.»;
- 44-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
«44. Дүңүнөн каржылоо менен иш алып барган жана кредиторлор (анын ичинде ФКУ) алдында милдеттенмелерге ээ МККлар капиталдын жетиштүүлүк (шайкештик) ченемин сактоого тийиш.
Капиталдын жетиштүүлүк (шайкештик) ченеминин (М2) маанисин 15 (он беш) пайыздан кем эмес деңгээлде колдоо зарыл.
Капиталдын жетиштүүлүк (шайкештик) ченеми төмөнкү формула боюнча аныкталат:
M2 = СК / СА * 100%, мында:
СК – баалоо күнүнө карата МККнын өздүк капиталы;
СА – валюталык тобокелдиктерди хеджирлөө максатында, улуттук валютадагы аманаттарга тартылган каражаттар суммасынын өлчөмүндө ФКУда күрөө катары жайгаштырылган, кардарлардын депозиттеринин суммасын минуска чыгаруу менен баа берүү күнүнө карата баланстык активдердин суммасы.»;
- глава төмөнкү мазмундагы 45-1-пункт менен толукталсын:
«45-1. Өздүк капиталдын минималдуу өлчөмүнүн ченеминин маанисин уставдык капиталдын минималдуу өлчөмүн кеминде 100 (жүз) пайыз деңгээлинде колдоо зарыл.
МККнын өздүк капиталынын минималдуу өлчөмүнүн ченеми төмөнкү формула боюнча аныкталат:
СК / УК * 100%, мында:
СК – ушул Эрежелердин 45-пунктуна ылайык баалоо күнүнө карата МККнын өздүк капиталы;
УК – Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 5-октябрындагы №2022-П-33/61-2-(НФКУ) «Банк эмес финансы-кредит уюмдарынын уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү жөнүндө» токтомунда белгиленген, жаңыдан түзүлүп жаткан МККлар үчүн минималдуу уставдык капитал.»;
- глава төмөнкү мазмундагы 45-2-пункт менен толукталсын:
«45-2. Эгерде МККнын үчүнчү жактар алдында милдеттенмелери болсо, ошондой эле МККнын ишинин туруктуулугуна коркунуч жараткан төмөнкү учурлардын бири орун алса, Улуттук банк МККга дивиденддерди төлөөгө/пайданы бөлүштүрүүгө чектөө киргизиши мүмкүн, эгерде:
1) бул Улуттук банк тарабынан белгиленген экономикалык ченемдердин бузулушуна алып келсе;
2) Улуттук банк тарабынан белгиленген, уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү жана/же өздүк (жөнгө салуучу) капиталдын минималдуу өлчөмү камсыз кылынбаса;
3) өткөн жылдардын чыгашалары болсо, ошондой эле Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптар аткарылбаса.
Эскертүү: Үчүнчү жактар алдында милдеттенмелер дегенден улам МКК менен байланышы жок юридикалык жактардан жана жеке адамдардан тартылган жана МККнын негизги ишине багытталган акча каражаттарын түшүнүүгө болот.»;
- 47-пунктундагы «бүтүмү» деген сөз «келишими» дегенге алмаштырылсын;
- глава төмөнкү мазмундагы 47-пункт менен толукталсын:
«47-1. Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө» Мыйзамынын 2-беренесинин максаттарын эске алуу менен МКАнын ошол эле бир карыз алуучусуна же байланыштуу адамдар тобуна ушул Эрежелердин
47-пунктунда белгиленген каржылоонун максималдуу өлчөмүнөн жогору өлчөмдө, анын ичинде иджара мунтахийя биттамлик келишими боюнча берилүүчү каржылоону төмөнкү максаттарга МКАнын өздүк капиталынын (капиталдын баланстык наркы)
2 (эки) пайызынан ашпаган өлчөмдө сунуштоого жол берилет:
а) бизнести (ишкердик ишин уюштуруу үчүн негизги жана жүгүртүү каражаттарын сатып алуу) же жаңы ишкердик багытын түзүү;
б) төмөнкү маселелердин бири аткарылган учурда, иштеп жаткан бизнести/ишкердикти кеңейтүү жана өнүктүрүү:
- технологияны жаңыртууга багытталган жаңы технологияларды ишке киргизүү, инновациялык жабдууларды жана техниканы ишке киргизүү;
- бизнес-процесстерди автоматташтыруу;
- кошумча жумуш орундарын түзүү;
- өндүрүштүн масштабын кеңейтүү.
МКА ушул пункттун биринчи абзацында көрсөтүлгөн, анын ичинде иджара мунтахийя биттамлик келишими боюнча каржылоону берүүдө, төмөнкү шарттарды аткарууга тийиш:
1) МКАда продукттардын белгилүү бир түрүн жана сунушталып жаткан каржылоонун максаттуу пайдаланылышына мониторинг жүргүзүү тартибин аныктоо менен МКАнын максаттарына жана милдеттерине ылайык иштелип чыккан каржылоо саясатынын болушу;
2) иштеп жаткан кредиттик бюролордо кардар тууралуу маалыматтын (кредиттик отчет) жана МКАнын каалоосу боюнча кардар менен байланыштуу жактар (Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алардын макулдугу болгон шартта) тууралуу маалыматтын болушу;
3) өтүнүч ээсинин төлөө жөндөмдүүлүгүн тастыктаган документтин болушу (өтүнүч ээсинин киреше алып келүүчү активдерге ээлик кылуу укугу, иштеген жеринен эмгек акысы тууралуу маалымкат, патент же өзгөчө режимдеги соода аймагында салык төлөөнү колдонуу/колдонуудан баш тартуу жөнүндө салык кызматы органынын чечими же күбөлүгү ж.б.), ошондой эле өтүнүч ээсинин төлөө жөндөмдүүлүгүнө баа берилип, ал МКАнын каржылоо саясатына жана/же башка ички документтерине ылайык, жооптуу каржылоо менен иш алып барган адисинин же кызматкеринин корутундусу менен тастыкталышы зарыл;
4) өтүнүч ээси каржылоо алуу үчүн бизнес-пландын болушу, бизнес-планда тиешелүү эсептөөлөр жана болжолдоолор менен бирге каржылоону пайдалануунун максаттарын көрсөтүү зарыл.
Эгерде МКАнын каржылоо портфелинде жогоруда көрсөтүлгөн каржылоонун үлүшү 70 (жетимиш) же андан көп пайызды ээлесе, анда 47-пунктта көрсөтүлгөн чектөөлөр бул МКАга таркатылбайт.
Эгерде МКАнын каржылоо портфелинде жогоруда көрсөтүлгөн каржылоонун үлүшү 70 (жетимиш) пайыздан азды түзсө, анда 100 (жүз) миң сомго чейинки өлчөмдөгү каржылоо МКАнын жалпы каржылоо портфелинин 20 (жыйырма) же андан көбүрөөк пайызын түзүүгө тийиш.».